Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Айнур Сырдыбаева,
7-апрелде ок тийип, курман болгон Жалил Нургазиевдин жубайы:
"Жолдошум барып,
БТРден ок чыгарыптыр…"
Ала-Тоо койнун титиреткен каргашалуу 7-апрелде шейит кеткен баатырларды алардын жакындары менен биргеликте эскерип турууну уланта бермекчибиз. Деги эле, маркумдарды эстутумга салып, алардын арбагына багыштап куран окуп туруу мусулманчылыктын парзы эмеспи. Убагы келгенде гезит бетине жарык көргөн эскерүүлөр китеп болуп басыла тургандыгын дагы баса белгилей кетели. Бүгүн биз кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өз өмүрүн Бакиевдердин мөндүрдөй жааган огуна тосуп, 48 жаш курагында курман болгон Жалил Нургазиевди эскерүү ниетинде маркумдун жубайы Айнур Сырдыбаеваны маекке тарттык…

- Айнур эже, жолдошуңуз Жалил кандай адам эле?
- Кумурскага да зыяны жок жайдары мүнөз, ак көңүл адам болчу. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот деген чын экен, айттырбай келген ажал аны бизден эрте ажыратты. Ата үйдүн жарыгы тура, жолдошум жок үйүбүз караңгы тартып, түнөрүп калды. Канчалык аракет кылсаң да, атанын ордун толтура албайт экенсиң. Ошон үчүн кыргызда: "Баш кетпесин" - деген сөз бекеринен айтылган эмес тура. Дагы жакшы уул-кыздарым эс тартып, чоңоюп, ошолорго каниет кылып жашап жатам. Мына минтип жолдошумдан ажыраганыма бир жылга аяк басты. Бир жылдан бери ыйлап атып көздүн жашы соолуганы менен, жүрөктү куйкалаган жоготуу дартын басууга мүмкүн эмес экен. Жолдошумдун баскан-турганы, кыймыл- аракети көз алдыман кетпейт. Мурдагысындай эле күлүп-жайнап эшиктен кирип келчүдөй элестетем. Түшүмө кирет. Түш көргөн күнү кадимкидей жеңилдеп калам.
- Канча жыл бирге түтүн булаттыңыздар?
- 24 жыл бир чатырда баш калкалап, турмуштун арабасын бирге тарттык. 2 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрдүк. Башкалар сыяктуу эле турмуштун нечендеген сыноолоруна тушуктук. Шаарга келип туруктуу жашаганыбызга 10 жылдын жүзү болгон. Мурда жолдошумдун кичи мекени Кеминде жашачубуз. Техникага жакын болчу. Өмүр бою айдоочулук кесипти аркалады. Акыркы кездерде шаардагы 118- кичи автобуста айдоочу болуп иштечү.
- Каргашалуу 7-апрелге кантип аралашып калган?
- Электр жарыгына болгон баанын кескин кымбатташы, Акылбек Жапаровдун койлорго паспорт беребиз дегени, айтор, ушул сыяктуу кекиртектен алып муунткан Бакиевдин ыплас бийлиги көкөйүбүзгө көк таштай тийди. Ошондуктан карапайым эл көтөрүлүп чыгууга аргасыз болдук. Ошол элдин арасында өз турмушун өзү көрүп, нан таап үй-бүлөсүн багып аткан Афган согушунун ардагери жолдошум Жалил да бар эле. Ал күнү жолдошум түшкө чейин үйдө болду. Түштөн кийин эле "аянтта атышуу болуп жатат"- деп кызым коркуп келди. Ошондо эле Жалил "мен да барышым керек"-деп, кызым экөөбүз эки жагынан чыгып, барбачы деп жалооруп, суранганыбызга карабай, кошуна бала экөө аянтка кетип калышты. Ошону менен кечки саат 6ларда башынан ылдый сыгып алма суу болуп чылпылдап үйгө келди. Шаша-буша суу болгон кийимин которду дагы биздин тилибизди укпай документтеринин баарын алып, кайра кетип калды. Ошол боюнча кайтып келген жок.
- Ок кайсыл жерине тийиптир?
- Ок жүрөгүнө тийип, боорун тешип кетиптир. Көргөн балдардын айтымында, УКМКнын короосунан БТРди айдап чыгып, ата албай жатышканда жолдошум барып, БТРден ок чыгарыптыр. Ошол маалда ак үйдүн чатырчасында отурган көзгө атарлар жүрөккө атыптыр. Жанында турган Адилет Айылчиев деген маркум жолдошумду тургузам деп жатканда аны да башка атыптыр. Ошентип, экөө тең ооруканага жетпей үзүлүптүр.
- Эненин жүрөгү сезет деп коёт эмеспи, жамандык болорун сездиңиз беле?
- Бир орунга отура албай, эшикке кирип-чыгып, алдыда жамандык болорун жүрөгүм сезип жатты. Бир маалда эле түштө чогуу кеткен кошуна бала колуна ок тийип, кызыл-жаян кан болуп келди. Жалил кана? - деп андан сурасам, - Жалил байке экөөбүз бири-бирибизди таппай калдык"- деп ыйлап жиберди. Ошол мүнөттөрдөн тартып көзүм караңгылап, жанымды коёрго жер таппай калдым. Көп өтпөй эле балам жумуштан келди. Атамды издейм дегенде, атаңа сарсанаа болгонум аз келгенсип, сага да сарсанаа болоюнбу деп ыйлап атып жибербей койдум. Ошентип, түнкү саат 9да жолдошум жараат алып жерде жатканын сыналгыдан көрдүк. Ошол заматта балам ооруканаларды кыдырып атасын издеп жөнөдү. Түнү менен шаардагы болгон ооруканаларды кыдырып, таппай акыры моргдон таптык. Сөөгүн туулуп-өскөн Кемин районунун Төрт-Күл айылына жашырдык. Авганчылар союзу эстелигин тургузуп беришти. 73 жаштагы кайын энем бар. Энеге баланын жамандыгын көрсөтпөсүн. Жалил каза болгону оорукчан болуп калды. Кудайга шүгүр, кайын журтум нарктуу адамдар, колдон келген жардамдарын берип каралашып турушат. Башка түшкөн тагдырга баш ийип жашабаска арга жок экен, жолдошумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
- 7-апрелдеги соттук иштер кайрадан улантыла баштады. Акыры күнөөлүүлөр өз жазасын аларына ишенесизби?
- Күнөөлүүлөр өз жазасын аларына деле ишенбейм. Сот башында кандай башталса, азыр деле ошондой улантылып жатат. Күнөөлүү делген мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов качып жүрүп, кайра келди. Чогуу жүргөн достору Оксана Малеванная, Каныбек Жороевдердин "кайда экенин билбейм"- деп көрсөтмө берип жатат. Таң калам, кантип билбесин?! Укук коргоо органдары жакшылап такып сураса эле досторунун кайда экенин айтып бермек. Бул үч качкынды буга чейин УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев баш болуп ит менен издеп таппай келишкен. Көрсө, укук коргоо органдары издебей эле, бизди алдап, жоошутуп, эптеп күнөөлүүлөрдү актоонун амалы кылып, чубактын кунундай чубалган соттук иштерди атайын эле создуктуруп келишкен окшойт. Эгер соттон адилеттүү өкүм чыкпай, күнөөлүүлөр өз жазасын албаса, "Мекен шейиттери" коомдук кыймылы ар кандай кадамдарды жасап, Ак үйдүн алдына ачкачылык жарыялайбыз.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев