mainkaptal
Пользовательский поиск
  Эл аралык укуктарга урулган сокку

"Алдуу алсызды ар дайым
күнөөкөр кылабы?"

Геосаясаттын капшабыбы? Же демократиянын "таскагыбы", айтор, Ливияда дагы бийлик башындагы полковник Муаммара Каддафинин бийлигине каршы оппозициянын каршы акциясы 2011-жылдын 16-февралында башталып, Каддафи өз ыктыяры менен отставкага кетүүдөн баш тарткан эле. Анын режимине каршы көтөрүлгөндөр Улуттук убактылуу өткөөл Кеңешин түзүп, шашылыш түзүлгөн бул Өкмөттү Франция расмий түрдө тааныган. Кош бийликтин түзүлүшү жана ачык айтканда Евросоюздун жаңы бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдириши жарандык (граждандык) согуштун башталышына алып келди. Ошол эле учурда БУУнун коопсуздук Кеңеши Ливияга чет өлкөлүк аскер күчтөрүн киргизүү же киргизбөө маселесин карап, мандат берүүгө тийиш эле, бирок буга мандат берилгени же берилбегени дүйнөлүк коомчулукка расмий түрдө маалымат билдирген жок.
Эл аралык мамилелерде бир мамлекеттин экинчи бир мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүгө укугун чектеген жобо кабыл алынган, бирок XXI кылымдын башында бул мыйзам бурмаланганбы, же кайсы бир тамсилдегидей, "алдуулардын алсызды күнөөлүү кылууга" жол берилгенби, күчтүү державалардын чабал өлкөлөргө аскер күчтөрүн каалаганда киргизүү адатка айланып бара жаткандай таасир калтырат. Буга АКШнын аскер күчтөрүнүн Иракка, басып киргизилишин, Франциянын, Англиянын жана АКШнын авиабазаларынын Ливияны бомбалашын мисал катары көргөзсөк болот. Бул жерде мындай аракеттердин башталышы геосаясат менен тыгыз байланышта экендиги жана бул державалардын бул регионго өздөрү үчүн "элпек жана тил алган" бийликти орнотуу кызыкчылыктары менен коштолгон деген жыйынтык чыгарууга негиз түзүлөт, анткени жаңы бийликке келгендер бул мамлекеттердин "жакындан берген жардамы үчүн" арзан жана жеңилдетилген баада нефть жана газ алууга мүмкүнчүлүктөрдү алышына ыңгайлуу шарт түзүлмөк.
Дүйнөнүн коопсуздугун жана демократияны сактап калуу максаты бул күчтүү державалар үчүн жөн гана көшөгөнүн жана чүмбөттүн милдетин аткарат. Азыркы күндө араб өлкөлөрүнө каршы чабуул күчүнө киргенде, Израилдин кайрадан Газ секторуна кол салышы башкача өңүттө ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк бербей тургандыгын баса белгилесек болот.
Каддафинин Ливиядагы жеңиши - тышкы саясат майданындагы кыйроосу
Бийлик менен оппозициянын тирешүүсүндө алгач өзүн жоготуп койгон Каддафи тез эле эсине келди. Мансап кумары аны чыйралтты, же анын таламдаштары менен саясий технологдору күчтүү болдубу, жарандык катуу салгылашууда бийлик Рас-Лануф, Бин-Жавад жана Брег багытында көтөрүлүшчүлөрдүн каршылыгын кыйратып, ири нефти жүктөөчү портко көзөмөл жүргүзүүнү колго алышкан. Курал-жарактан артыкчылык, аскердик-согуштук жактан толук даярдыктан өткөн жана согуштук операцияларды жүргүзүүдөгү тактикалык жактан артыкчылык жана бекем аскердик тартип Каддафинин өнөктөштөрүнүн жеңишке ээ болушуна мүмкүнчүлүк берген. Көтөрүлүшчүлөр борбордон жүздөгөн километр чыгыштагы Адждабий шаарына чейин чегинүүгө мажбур болушкан. Жүз миңге жакын калк жашаган бул элдүү аймак көтөрүлүшчүлөрдүн "борбору - Бенгазиге" эки тараптан чечкиндүү аракет жасашы үчүн бекем плацдарм милдетин аткарарын, себеби 160 километрге созулган ээн талаа, эрме чөлдөгү жалгыз шоссе жол менен ушул шаарда бирикмек.
Шаар жана бул шоссе жол бийликтин колуна өткөн менен, бул аймактагы аскердик-согуштук кампалардагы курал-жарактар, ок-дарылар таланып-тонолуп, бул көтөрүлүшчүлөрдүн Ак-Забия шаарында Каддафинин аскерлерине эки жума каршылык көргөзүшүнө мүмкүнчүлүк берген, бирок ар тараптан терең даярдыктагы бийлик Ливияда чечкиндүү аракет жасап, бир кыйла жеңишке ээ болуу менен моралдык-психологиялык жактан чыйралып, кийинки жеңишке ишеним пайда болгон.
Ошондой болсо да бул жеңиш Каддафинин тышкы саясат майданында кыйроого алып келиши мүмкүн. Батыш Европада, Россияда жана Персид кысыгынын чөйрөсүндө араб өлкөлөрүнүн кызматташтык Кеңешинде бул бийликтин легитимдүүлүгүн жоготуп койгонун ачык белгилесек болот. Айрыкча, Каддафинин учурунда нефтинин төмөн сапатта болушуна нааразылык күч алып, ишенимдүү колдоочуларынан ажыраган, бул бийликтин кыйроосунун алгачкы кадамы катары эсептесек болот.
Кыйын кырдаалда державалар кантип пайдаланышты?
Ливияда жарандык согуш башталып, көтөрүлүшчүлөргө каршы Каддафи аскер күчтөрүн гана эмес, авиация менен бомбалоого өкүмүн чыгарды. Ал эми Бенгазиде көтөрүлүшчүлөрдөн тышкары миллионго жакын бейкүнөө эл бар экенин бийлик эске алган жок. Бул Евросоюзга мүчө болгон өлкөлөрдүн "гуманитардык жардам көргөзүү зонасы" шылтоосу менен Ливияны "окутуп коюуга" шылтоо болду, Франция, Англия жана АКШнын авиацияларын "согуш жарыялабай" бомбалоого авиациясын жөнөттү. Ошол эле учурда ушул жол менен эски бийлик кулатылган Египет төңкөрүшчүлөрү Ливияны аскер күчтөрү боюнча жардам көргөзбөгөндүгүнө айрым америкалык эксперттер "нааразычылыктарын" билдиришти. Ушундай "гуманитардык басып кирүү" жана "стабилдүүлүктү сактоо" чүмбөтү менен Сауд Аравиясы коңшусу Бахрейн мамлекетине өздөрүнүн аскер күчтөрүн киргизишти.
Дүйнө эли Орусияны ливиялык режимдин "актоочусу" (адвокаты) катары эсептешкен, бирок азыркы кырдаалга карата Кремль курал-жарактарын сатуу боюнча келишиминен баш тартты. Орусиянын бул санкциясынан кийин күтүүсүз жерден АКШнын вице-президенти бул өлкөгө визит жасап "ливиялык диктатордун күнү бүткөнүн" жар салды. Ошентип, Евросоюздун жана АКШнын авиациясы Ливияда эркин аракет "жасашына" жол ачып берди. Ошол эле учурда Франциянын тышкы иштер министринин өкүлү Бернар Балеро "Чоң сегиздиктердин" тышкы саясат ведомствосунун жолугушуусу алдында "тынч жашаган элди коргоого" Франция "бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно" тургандыгына күчтүү басым жасады. Бул маалыматтарды контекстке караганда, качан көтөрүлүшчүлөр үстөмдүк кылганда, "Чоң сегиздик" жана АКШ "ички иштерге кийлигишпеген" мамлекет катары "калыстыктан" тайышкан жок, бирок Каддафи сыяктуу Ливияны диктатор жеңишке жетише баштаганда бул чатактарга "кийлигишүү" башталды. Ушундан улам, "мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөсү" БУУ тарабынан деле кагаз жүзүндөгү гана жобо болуп калганбы, же Ливия "Чоң сегиздиктин" жана АКШнын расмий эмес бир бөлүгү болуп калганбы? - деген күмөн ойду гана жаратып отурат.
Калыс сөзүбүздү айталы, Каддафинин ар бир жеңиши анын толук талкалануусуна алып келсе, анда "мамлекеттердин бири-биринин ички иштерине кийлигишпөөсү" тууралуу жобо ойдон чыгарылган жомокко айланат. Демек, Ливиядагы окуялардагы "жеңиштен" кийин Каддафинин кыйроого учурашы чабал мамлекеттердин кубаттуу державалардын курмандыгына айланарын эми ачык айтууга туура келет. Ар бир мамлекетте бийлик менен оппозициянын тирешүүлөрү, натыйжада жарандык согушка чейин жеткен учурлар болуп келгенин тарых тандырбайт. Демек, ар кандай кырдаалда ага тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнө жол бербеши маанилүү. Абал оорлошсо, ООН тарабынан "тынчтыкты сактоо үчүн" эки тарапка калыс караган гана аскер күчтөрүн киргизүү, тынч жаткан элдин коопсуздугун сактоо максаты гана ишке ашырылышы керек. Эгерде Ливиядагыдай абалда үн-сөзсүз отуруп калган БУУнун дүйнө элине эмне кереги бар? Бардыгын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө бул эл аралык уюмдун кудурети бар эмеспи?..
Ливияга басып кирүү аракетинде пикир келишпестиктер
Мезгил өткөн сайын улам жаңы согуш очоктору түзүлүп жатат. Ар тараптан талдоо жүргүзүлсө, экономикалык жана аскердик-согуштук потенциалы начар өлкөлөргө күчтүү державалардын кысымы күн сайын күчөгөндөй таасир калтырат. Мындан тышкары илим жана техника өнүккөн сайын күйүүчү жана майлоочу каражаттардын таңкыстыгы нефть жана газ чыккан аймактарда коогалаңды күчөткөндөй. Бирок планетабыздагы коопсуздукту камсыз кылууга кызыкдар тарап ар бир маселеге аяр мамиле жасоого умтулууда.
Ливиядагы басып кирүүчү "Чоң сегиздиктин" бардыгы эле колдоого алган жок, буга Германия каршы пикирин айтса, ал эми Кытай, Орусия сыяктуу державалар "ички ишке кийлигишпөөгө" дүйнө элине чакырык таштады. Ал эми Америка материгинде өнүгүп келе жаткан өлкөлөр Франциянын, Англиянын жана АКШнын бул саясатын колдобой тургандыгын ачык белгилешти. Ошого карабастан, күчтүү үч держава аба жана ракета күчтөрү менен Ливиянын аймагындагы 20 түйүнгө сокку урууга даярдык көрүшүүдө. Ошол эле учурларда АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон АВС News маалымат агентчилигине берген маегинде Каддафинин Жакынкы Чыгыш, Европа, Түндүк Америка жана Африканын айрым өлкөлөрүнө кокус жеңилүүгө учураса, баш маанек сурап жаткандыгы тууралуу билдирүү жасоосу, ошол эле учурда Каддафинин булардын азыркы учурдагы аракети "тарыхтын таштандысына айландырат, алардын "кысымга каршы кресттик жүрүшү" экендигин белгилеши мунун "опурталдуу оюнга" айланганын айгинелеп тургансыйт.
АКШ, Франция жана Англия төбөлдөрү "Ливиянын ПВОсу" (аба мейкиндигин коргоосу) кыйратылганын 21-мартта белгилесек, Каддафи 23-мартта "Ливияны ПВОсу мыкты система" экендигин белгилейт. Ошол эле учурда тынч жашаган карапайым калк бейкүнөө кыргынга учуроодо. Ал эми БУУ бул маселени козгоого ыкшоолук кылса, анын коопсуздук Кеңеши регламентти одоно бузуп, Ливиянын өкүлчүлүгүн чакырбай, согуш аракеттерин токтотууга, эл аралык байкоочулар менен сүйлөшүүгө батылдык көргөзө албай отурушат.
Ушундан улам, Ливия тагдыры эртең чабал жана начар биздин Кыргызстанга түшпөйбү? - деген кооптонууну жаратып отурат. Ал гана эмес, диний көз караш тарабынан дүйнө элинин эки тараптуу тирешүүсү күч албайт деп ким кепилдик бере алат?
Европанын кыйроого учурашы боюнча миф чындыкка айланабы?
Адамзат ишеним менен жашайт. Акыр заман алдында көзү ачыктар көбөйөт - деген да кеп бар. Ал эми көзү ачыктардын дүйнөгө таанымал болгон Ванга 2016-жылы Европа толугу менен ээн талаа, эрме чөлгө айланарын белгилеген эле, анын айтуусунда буга себеп, өнөр жай таштандылардан тышкары бул аймактарда согушта химиялык куралдардын пайдаланылышы болору белгиленген. Бул маселе боюнча көптөгөн ММКлар кеңири кеп козгоодо.
Айрым маалыматтарга кайрылалык. Азыркы күндө Ливиядагы Сирт шаарында 10 тонна иприт сакталып турганын Батыштык коалиция (согуш жарыялабай басып кирген Франция, Англия, АКШ) дагы танбайт. Ливиянын мурдагы бийлигине каршы АКШнын аскердик-согуштук операциясынын башталышы менен Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин акыркы аргасы химиялык куралды колдонуу болуп калат деп кооптонушат. Ванганын адамзаттын башына эң оор коркунуч 2011-жылы башталары, согуш ислам динин кармаган бир өлкөгө багытталары, акырында ислам өлкөлөрү биригип, Европа 2016-жылы ээн талаага айланары божомолу чындыкка айланабы? Муаммар Каддафинин Ливиядагы окуядан кийин "Европа өз канына чөмүлөт" - деген убадасы да ушуга байланыштуу көрүнбөйбү?..
Эртабылды Аттокуров







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ