Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Какен Сатыбалдиев, ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка
каршы күрөшүүчү башкы башкармалыктын (ГУБОП) жетекчиси:
"Азыр издөөдө жүргөндөр
мурда ИИМ имаратына
ээн-эркин кирип-чыгып
жүрүшчү"
- Алгач, уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу жалпы маалымат берип кетсеңиз?
- Бул кампания башталгандан бери президент, премьер-министр, вице-премьер, министр, министрдин орун басары, ИИБ начальниктери криминалга каршы күрөш тууралуу теледен, гезит беттеринен сайрап эле келатат. Бирок криминал коомдун бардык тармактарына жуурулушуп кеткендиктен жана милиция өзү алар менен аралашып алгандыктан уюшкан кылмыштуулукка каршы баштаган күрөшүбүздүн жыйынтыгына калк ишенбегендей кейипте болуп атышкан. Бир жарым айдын ичиндеги биз кылган жумуштан улам, бизге болгон элдин ишеними эми гана аз-аздан кайта баштады. Кылмыштуу топтор тарабынан рейдерлик басып алуулар, салык салмай, талап-тономой сыяктуу иштер боюнча бизге эл эми гана арыздары менен кайрыла башташты. Анан, албетте, эл арасында "ушунча баштагандан кийин кайра артка кетпейсиңерби" деген санаркоолор болуп атат. Биз артка кайтпайбыз, биз акыр-аягына чейин күрөшөбүз. Анын үстүнө, президент баарыбыздын башыбызды бириктирип, бир муштумга түйүп койду десек болот. Прокуратура, сот, ГУИН, УКМК бардык структуралар бүгүн жуурулушуп, жогорку деңгээлде кызматташып, кандай гана маселелер болбосун тез, оперативдүү түрдө чечкенге шарт түзүлүп отурат. Мурда биздин кызматкерлер терин агызып жүгүрүп жүрүп, кармап келген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн эртеси сот актап жиберген учурлар көп эле болгон. Же узак жылга эркинен ажыратылгандар төрт-беш жылдан кийин бошонуп кетишкен. Эми бардык жагын көзөмөлгө алганга шарт түзүлүп отурат. Учурда жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандагы кубаттуу делинген төрт уюшкан кылмыштуу топтун 121 активдүү мүчөсү кармалып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 121 адамдын ичинен 18и кылмыш дүйнөсүндөгү "смотрящий", "положенец" деген жогорку статустарды алып жүрүшкөн.
- Чынында, силер жасап жаткан жумуш учурда өтө опурталдуу болуп турат. Анан жеке коопсуздугуңар үчүн кооптонуулар барбы?
- Эми бул жумуш бизге чоочун эмес. Ушул кызматка келип иштеп бербейсиңби деп мага былтыр 7-апрелден кийин кайрылышкан. Бирок мен каршы болуп, макулдугумду берген эмесмин. Келип иштеп беришке эмес, ушул кызматтын структурасына каршы болгом. Анан ИИМ жетекчилиги бул кызмат боюнча түшүнүгү кенен эксперттер менен кеңешип, абдан мыкты структураны түзүп беришти. Азыркы структура менен кылмыштуулукка каршы күрөшсө болот. Ошондон кийин макулдугумду берип, ушул кызматка жетекчи болуп келдим. Кызматка отурарда ИИМ жетекчилигине бир өтүнүч менен кайрылдым. Бардык эле тармактарда актуалдуу болуп турган кадр маселеси бар эмеспи. Жетекчиликтен ошол кадр маселесине эч кандай кийлигишпейсиңер десем, макул көрүштү. Мен кылмыш иликтөө кызматында мына 20 жылга жакын убакыттан бери иштеп келе жатам. Кайсы бала коркот, ким коркпойт, криминал менен буга чейин кимдер кандайча күрөшүп келген мен бардыгын жакшы билем.
Албетте, коркунуч бар. Жетекчилик кызматка отурарда менден сурашкан, "коркпойсуңбу, криминал менен күрөшкөнгө алың жетеби?"-деп. Мен дагы балдарды кызматка алаарда ошондой эле суроону берип, жалаң жүрөгүндө от ойногон жигиттерди чогулттук. Тааныш-билиштик аркылуу бирөөнү да кызматка алдырткан жокмун. Иштей алган, профессионал, кылмыш иликтөө кызматынын жалаң каймактары иштеп атышат бүгүнкү күндө.
- Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүчү бул кызмат мурдагы ГУБОПтон кандай айырмасы бар?
- Негизи Кыргызстан менен Орусиянын системасы бирдей. Орусияда да бир нече жыл мурун бул кызматты жоюп салышкан. Акыркы жылдары аларда уюшкан кылмыштуулуктун саны болуп көрбөгөндөй күчөп кеткен. Орусия да биздин катаны кайталаган. Азыр интернеттеги маалыматтарды карасак, Орусияда бул кызматты кайрадан калыбына келтирүү боюнча ойлор айтылып, аракеттер жүрө баштады. Негизи ар бир тармак өз жумушун аткарыш керек. Медицинада деле окулист көздү, лор кулакты текшерет го, ошол сыяктуу биздин структурада да ар ким өз иши менен алек болушу керек. Мисалы, буга чейин ГУБОП мал уурдагандарды, каракчылык кылгандарды, мушташкандарды деле териштирип иликтеп келишкен. Азыр бизге ошондой маалыматтар түшүп кала турган болсо, убакытты коротуп отурбай, андай материалдарды Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы (ГУУР) деген бар, түз эле ошого жиберебиз. Ал эми биздин түздөн-түз милдетибиз жалаң уюшкан кылмыштуулук менен байланышкан административдик мүнөздөгү материалдардан баштап адам өлтүрүүгө чейинки иштерди териштирүү.
- Мурунку бийлик криминал менен байланыш түзгөн, ошондуктан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшкөн бул кызматты жойдуруп салган деп айтылып келет. Буга кандай карайсыз?
- Эми байланышы болгонбу же жокпу, аны эл өзү деле эң жакшы билет. Бирок азыр издөөдө жүргөн кишилер ээн-эркин ИИМдин имаратына кирип-чыгып эле жүрүшчү. УКТдун түп-тамырына чейин изилдеп, аларды кылдат иликтөөгө алган ГУБОП болчу. Бул кызматты жоюп, беш жыл эркин коюп коюшту эле, эмне болду бүгүн? Тээ 90-жылдардын башында Орусияда "криминал бийликке умтулууда деп атышты эле, эми криминал бийликте"-деп калышты. Муну Орусия өзү мойнуна алып отурат. Бирок муну чечсек болот. Грузиянын мисалынан деле карап көрсөк, биз баштап жаткандай криминалга каршы күрөштү алар төрт жыл мурун башташкан эле, азыр аларда абал таптакыр башкача.
- Көлбаев, Анапияев сыяктуу УКТ (ОПГ) лидерлери Кыргызстандан чыгып кеткени айтылып келет. Айрым маалыматтарда Орусия, Казакстанда делинсе, айрымдарында Дубайда жүргөндөрү айтылып келет.
- Биздеги оперативдүү маалыматтар боюнча алар азыр Дубайда. Ал эми Орусия, Казакстан өңдүү КМШ өлкөлөрүнүн ичинде мамлекеттер аралык издөө жөнүндө келишимдер бар. Алар жөнүндөгү бардык маалыматтар КМШ өлкөлөрүнүн бардык аэропортторунда бар. Бирок мындай келишим Бириккен Араб Эмираты менен түзүлгөн эмес. Кылмыштуу топтун лидерлери муну жакшы билишет. Ошондуктан Дубайга жол тартышкан болуш керек. Жакында бул мамлекет менен ушул сыяктуу келишимге келсекпи деген максаттар болуп атат.
- "Жакында эле ири суммадагы акча менен Көлбаевдин жеке бухгалтери кармалды" - деген маалымат чыккан. Ушуга кененирээк токтоло кетпейсизби?
- Түрмөлөрдөн акча чогултуп, кайра аларга акча кийирип берип турган, абактагылар колго жасаган буюмдарды ("ширпотреб" деп коет) соодалап берчү казначей деп коебу, кассир деп коебу атайын ошондой бир кишини шайлап коюшат. Абак менен эркиндиктеги акча жүгүртүү иштерине ошол жооптуу болот. Оперативдүү маалыматтар боюнча ошондой адамды колго түшүрдүк. Үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, көп нерселер табылды. Арасында акча, курал-жарак, наркотик, "вор в законе" Камчыга деп атайын колго жасалган бир дагы мык колдонулбаган кресло ж.б көптөгөн тигилердин тили менен айтканда, "ширпотребдер" табылды. Мындан тышкары акчалар, "посылкалар" кимден жиберилгендиги жөнүндө жазылган каттар да табылды. Дегеле, "черныйлардын" "казначейлери" колго түштү деген биздин тарыхыбызда биринчи жолу болуп атат. Булар мындайды күткөн эмес. Ал адам учурда "ооба, бул общактыкы, зонадан алып чыкканбыз, кайра эле зонага алып кирип беребиз"-деп, көрсөтмө берип атат.
- Абак демекчи, түрмөлөрдө башаламандык уюштурулганы жатат деген маалымат таркады эле…
- Түрмөлөрдө бунт уюштурулганы жатат деген маалымат бизге бир эмес, эки-үч жолу келип түшкөн. Бирок биз Жазаларды өтөө боюнча башкы башкармалыктардын жетекчилери менен тыгыз кызматташып атабыз. Алар да андайга жол бербеш үчүн алдын ала иштерди алып барып жатышат. Буга чейин бунт болгон жок, мындан кийин да болбойт деп ойлойм.
- ГУБОПтун кайра түзүлүп иш алып бара баштаганына 1,5 айдын жүзү болуптур. Ошого чейинки Кыргызстандагы криминалдык кырдаал менен учурдагы кырдаалдын айырмасы кандай?
- Кыргызстан боюнча бизге көптөгөн бизнесмендер "эми кандай болот, бир аз эркин иштеп калдык, ушул бойдон бул ишиңер уланып кетеби, же бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра эле баягыдай болобу"-деп бир чети санааркап, бир чети кубанып бизге кайрылып атышат. Бир фактыны айта кетейин, жакында эле бир бизнесмен Таластагы облустук ГУБОПтун начальнигине "ар бир айдын онунда келип акча алып кетишчү эле, мында эмнегедир келбей калышты, кимге төлөйм"-деп, таң калып келиптир. Бул факт. Мына биздин иштин жыйынтыгы. Албетте, бардык эле бизнесмендер "отметка" кылбай калышты дегенден алысмын. Мурдагы көптөн бери калыптанып калган схема боюнча андай төлөмдөр дагы деле төлөнүүдө. Ошондуктан учурдан пайдаланып, "черныйларга" кошумча акы төлөп келишкен ишкерлерибизге "азыр заман башка, тигилердин заманы өттү, коркпой эле ишиңерди кылып, мамлекетке төлөчү салыгыңарды эле төлөп, тынч жашай бергиле"-деп кайрылып кетээр элем.
Кылмышкерлер акыркы жылдары өздөрүн аябай эле ээн-эркин сезип калышкан. Облустун, райондун, айыл өкмөтүнүн "смотрящийи" деп, булардын тамыры өлкөбүздүн булуң-бурчуна чейин жайылып кеткен. Ошолордун бардыгынын тамырын кыркып, Кудай буйруса, ар бир район, айылга чейин барып, ар бирине чейин жетели деп турабыз. Мындан тышкары Кылмыштуу топторго кокусунан аралашып калган кыргыздын кээ бир жигиттери менен маектешип, түшүндүрүп, туура жолго салалы деп атабыз. Биздин максат - аларды камап, түрмөгө тыгуу эмес. Эртең алар түрмөдөн жакшы адам болуп чыгышпайт. Ошону эске алышыбыз керек.
Маектешкен
Тиленбек АЗЫК