mainkaptal

Пользовательский поиск
  Кадам ушул...

МАКСИМДИН МАФИЯСЫ
ДАГЫ ДА ДААНАЛАНАТ
7-апрелде Бакиев Бишкектен куулуп, толгон кара жип машиналарына мүшөк-мүшөк акча жүктөй качып, туулган жери Тейитке баш кесерлери менен барып, анан ошол жердеги эл алдына чыгып: "Уулум Максим бизнес жасап келди, ал эч качан мыйзам бузган эмес, жасаган бизнеси таза…" сыяктуу актоолорду айтып, кыргызды кыргыз дебеген, ошол эл деп эсептебеген элинин акчасын бүтүндөй кириштеп алган айбан уулун жанда жок айкөл кылып көрсөтүүгө жандалбас урган эмеспи. Анын уулунун айбан экендигин, зөөкүр экендигин, кыргыздын нечен бир кырчындай жигиттерин эпчил еврейлерге тебелетип-тепсетип турганын эл небак билген.

Максим ата-патасы менен куулганда "сооп гана болду" деп сүйүнбөгөн кыргыз аз эле, эми ал "сооп" болбой эле Англияда билген намазын окуп жатат, бүтүндөй бир мамлекеттин акчасын каалагандай чачып. Максим сыяктуу эле анын достору да уурдай качкан акчаларынын үзүрүн кадимкидей эле көрүп жаткан кези. "Кудай көрсөтөт" дедик эле, ал дагы көрсөтпөй турат…
Ошентип, Максимдин эл аралык финансылык мафиясынын мүчөлөрү, арасында өзүбүздүн жарандар да бар, сот алдында жооп берип турушат. Жооп бергени да курусун, Бишкектеги Биринчи май райондук соту тарабынан каралып жаткан сот процессинде 32 адам жооп берип жатат. Жооп бергени ошол, бул жерде беш-алты эле адам калыптыр, калганынын баары чет элде жүрөт, бир тобу ошол чет элдин жарандары: Россиянын, Американын, Израилдин, Латвиянын атуулдары экен. Ошол сот бүтсө "кылмышкер" наамын алчулардын барандууларынын ысымдарын эскерте кетели: Максим Бакиев, Михаил Надель, Валерий Белоконь, Марат Алапаев, Алексей Елисеев, Евгений Гуревич, Айбек Алыбаев, Улан Мелисбек, Марат Бакиев, Ульяна Пак жана башкалардын бири да Кыргызстанда жок. Демек, күнөөсү далилденсе, алардын баары сыртынан кесилген болот.
Максим мафиясынын мүчөлөрүнүн ичинен Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары Кубанычбек Боконтаев, "КыргызКредитБанктын" төрагасы Юрий Пак, Борбор Азиялык фонду биржасынын президенти Алтынбек Алымкулов, "АзияУниверсалБанктын" вице-президенти Данияр Жапаров, "Актилек Инвестмент" ОсООсунун башдеректири Кубаныч уулу Мурат, Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Самат Конокбаевдер азыр үй камагында турушат.
Кылмышкерлер төрт банк аркылуу: "АзияУниверсалБанк", "Ысык-Көл" инвестбанкы, "КыргызКредитБанк", "МанасБанк" өздөрүнүн афералык иштерин жасашкан. Эми алардын кылмыш иштеринин схемасын жөнөкөй адамдар көп түшүнө албайт. Айтарыбыз, жанагы 32 адам элден уурдаган арам акчаларды адалдаштырышкан. Муну ар ким түшүнөт…
Бул сот, эгер таза өтсө, анда Максим Бакиевдин ажыдаардай кейпин дагы да даана көрөбүз.
Сот демекчи, 7-апрель окуясына байланыштуу сот процесси дагы да уланып жаткан учуру. Ал сот уланган сайын, убакыт өткөн сайын ушул соттон таза, чын, мыйзамдуу тыянак чыгарына күмөн санагандар көбөйдү. Мурун күнөөлүү сыяктанып турган күнөөкөр деп эсептелгендер эми баш көтөрүп, бой бербей бараткандай.
Оозуна келгенди оттогон кээ бир орус гезиттери 7-апрелде Ак үйдү камалаган адамдардын колундагы бирин-экин куралдардын сүрөтүн көрсөтүп, ошол куралдуу адамдарды күнөөлөп да жатышат. Элдин колундагы курал кайдан келген деген суроону коюп, ага чындык менен жооп берүү алардын оюна да келбейт. Ал куралды митингге чыккандар Бакиев бийлигин кан-жаны менен коргойбуз деп машина-машина болуп келген желдеттерден тартып алышкан, ал фактыны эч кайда жашыра албайбыз. Анан жаны ачып турган жигиттердин колуна курал тийсе бийлик тарапты атпай жөн калмакпы?!
Туура, катардагы милийсалар менен солдаттарда күнөө жок, алар ат десе атат. Ал эми аларга буйрук берген үлкөн чиндеги укук коргоо органдарынын адамдары эч кандай шылтоосуз соттолуп тынышы керек. Соттолчулардын ана башы Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Мурат Суталинов ж.б. качып кетишти. Биринчи иретте ошолор соттолуп, элдин демин суутуш керек эле. Кийинки бийликтин жумшактыгынын айынан алар качып кетип, ала качкан акчалардан бул жактагы куйруктарына ыргытып коюп, кийинки бийликке каршы тукуруп жатат. Ошонун айынан мамлекетибиздеги стабилдүүлүк кылтылдагансып турбайбы. Топчукебиз Тургуналиев айткандай, Бакиевди куурдан мурун чек араны бууп салыш керек эле.
Бул жөнүндө жазып жатып элди жадатып да алдык окшойт, бирок "күйгөндөн айтпадымбы, наалаттыныкы" болуп кете берет экен: бул жакта калган Бакиевдин адамдарын саясатка да, бийлик тарапка да жолотпош керек эле. Аны эсепке албаган Убактылуу Өкмөт, мына эми туруктуу өкмөт болгон кезде азабын тартып жатат. Парламентте, өкмөттө Бакиевдердин Курманбегине, Жанышына жана Максимине "итчесинен" берилген немелери аралашып жүрөт, жанагы, мамлекетибиздеги абалды дестабилдештирип жаткан да ошолор. Алар ойдогусун азырынча толугу менен аткарууга толук кирише элек…
Азыр башталып жаткан митингдер, пикеттер жана башка нааразычылык акциялары да ошол бакиевчилердин жүргүзүп жаткан контрреволюциялык саясатынын негизинде чыгып жатат. Өлкөдөгү кымбатчылыкты, криминалдык абалды, бийлик бутактарындагы пикир келишпөөчүлүк ж.б. аттиң көрүнүштөрдү ошол бакиевчилер жакшы пайдаланып жатышат. Кээде ойлоп да кетесиң, "ушу бакиевчилерге бийликти берип, тынч жашаганыбыз эптир" деп. Андай болгон күндө Бакиевдерден калган анча-мынча эл мүлкүн талап-тоноп, элди биротоло кул кылып, кул болбойм дегендерин аттырып, каматып, Бакиевдерди кайра алып келип… Кой, кой, балээңди, айткандан коркчу кеп бу!
Мына, президенттик ат салышка аз гана убакыт калды. Ошол мөөнөт жакындаган сайын жер-жерлерге бөлүнүү, уруу-урууга бөлүнүү, бири-бирине компромат издөө, акча жасоо жана акча чаччу кампаниялары старт алдында турат… Ошол шайлоого старт берилгенден кийин одоно айтканда "иттибай менен чоттубайлардын" баары "президенттикке ушул өзүм жарайм" деп мээси менен деңгээлине эмес, амбициясына, популистиги менен шылуундугуна жетелетип, элден жеген акчасына таянып турчу мезгил да жакын.
Биздин улуттук менталитетибизди жактырбай андай экен, мындай экен дегенди кийинчерээк көп айта баштадык. Мына ошол жактырбай жаткан менталитетибиз менен айтсак, чоң болом деген адамдар жалаң гана өз кызыкчылыгына багышталган арбайын согот экен: кыйын экенин, акылдуу экенин, абройлуу экенин көрсөтүү, элин башкарууга өзү гана жарамдуу экенин дагы да далилдөө, анан ошол кызматка туруп алса, өзүнүн материалдык жагын толтуруу, туугандарына, куда-сөөктөрүнө жардам берүү, бала-чакасын падышанын балдарындай жашатуу, Кембридж менен Оксфорддо окутуу ж.б. "Эгер ушул кызматка шайланып калсам, элимдин турмушун оңдогонго бүт күчүмдү жумшайм, өзүм ачка калсам мейли, асты элимдин курсагы ачпасын, мамлекетибиз ар тараптан өсүү жолунда болсун, кийинки мууну билимдүү, бейпил, жетиштүү жашасын, Ата Журтум оорубай мен ооруюн…" сыяктуу чын дилинен тилеген тилеги бар адамдар кыргызда аз болобу деп да калабыз. Барбы деги?!
Президенттик ат салышка бери дегенде ондон ашык адам аттанганы турат. Биздин ойдо азыр президент болууга Алмазбек Атамбаевден өтөрү жоктур. Анын жанына каалаган атуулуңарды койгула да салыштырып көргүлө…
Баратбай АРАКЕЕВ



кыргыз тилиндеги гезит "Форум" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика