mainkaptal

Пользовательский поиск
Ой, биздин бажы кызматыбыз укмуш…
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов ал кызмат түп тамырынан бери өзгөргөнсүп, "Эркин Тоо" гезитине маек бериптир. Эгерде бу мырзанын сөзүнө ишенсек, азыркы учурда ал тармакта иштегиси келгендерге жол ачык экендигин, бирок кесипкөйлүгү катуу сыдыргыдан өтөрүн айтат. Кудая тобоо, мындан ары бажы кызматына акча менен орношуу болбойт экен.
Кулматов мырза дагы бир кызык нерсени айткан: мурун бажы кызматындагы жооптуу кызматтарда иштегендерди оңбогондой акча берип кызматтан бошотуу фактылары да орун алчу экен. Эми ал дагы болбойт.
Сөз Кыргызстандын бажы кызматы жөнүндө болуп жатабы же Швеция менен Норвегия сыяктуу мамлекеттердин бажы кызматы жөнүндө болуп жатабы деп эки анжы боло калат экенсиң…ишене албай турбуз, элеңдеп…

Ар ким өзү үчүн жооп берсе…
Өткөндө Кеминдин Муздак суу аймагынан Камчы Көлбаевдин 16 жашар уулу Нурсултанды калкалап калган эл өкүлү Бахтияр Кадыровдун жоругу тууралуу маалыматтар ММК беттеринде, парламент ичинде кызуу талкууга алынууда. "Ар- Намыстын" депутаты Каныбек Иманалиев эл өкүлүнүн атактуу криминалдын баласы менен болгон байланышы жалпы парламенттин кадыр-баркына доо кетирип жатат-десе, убагында Бишкектин №29 мектебинде директор болуп иштеген Бахтияр Кадыров Нурсултан Асанбеков окуучусу болгонун, Камчы Көлбаевдин баласы экенин кийин билип атканын айтып, "криминал менен күрөшүш керек, бирок бул жерде жаш балдардын кандай күнөөсү бар?" - деп, өз чындыгын айтып калды. Чын-чынына келгенде Нурсултан Асанбеков "вор в законе" Камчынын уулу, Бахтияр Кадыров анын мектеп мугалими болуп калгандыгы үчүн күнөөлүү эмес да. Андыктан "бала баатыр" атасынын жолун жолдоп, кыңыр иштерге аралашпаса…

Парламенттик беш ыргай, кетип барат ыдырай…
Коалициялык өкмөттүн таш талканын чыгарабыз, ыдыратып кыйратабыз деп атышкан парламент өкүлдөрү күн өткөн сайын Ай, Ааламды чапчыган амбицияларын тыя албай, өздөрү ич ара ыдырап баратышкандай. Байкап көрсөк, ЖоКедеги беш фракциянын баарында тең эки-экиден тебишкен топтор пайда болуп, кош бийлик өкүм сүрүп баштады. Алсак, "Ата-Журтта" спикер Акматбек Келдибеков менен фракция лидери Камчыбек Ташиевдин, КСДПда Чыныбай Турсунбеков менен Дамира Ниязалиеванын, "Ата Мекенде" Өмүрбек Текебаев менен Карганбек Самаковдун, "Республикада" Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин, "Ар-Намыста" Феликс Кулов менен Акылбек Жапаровдун пикирлери эки ача кетип, депутаттары жаатташкан эки жакка бөлүнүп, бири-бирине тымызын да, ачык да тыңсынып, биринин сөзүн экинчиси укпай калган абалга жетип калышты. Алардын ичинен "Ата-Журт" менен "Ар-Намыстагы" жарака оркоюп ачык эле көрүнүп калды. Минтип отурушса, Өкмөттөн мурун өздөрү таркап кетишет окшойт.

Журналистти өлтүргөндөрдүн иши сотко ашты
2009-жылы декабрь айында Алматыда өлтүрүлгөн журналист Геннадий Павлюкту өлтүргөн Кыргызстандын коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов менен Казакстандын атуулу Шалкар Орозалиндин иши териштирилип бүтүп, жакында сотко ашканы турат. Сот Казакстанда болот.
Г.Павлюк "Ибрагим Рустамбек" деген псевдоним менен жазчу. Ал "Аргументы и факты" гезитинин Кыргызстандагы өкүлү, "Комсомольская правда в Кыргызстане" газетасынын кызматкери болуп иштеген. Кийин "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин ачмакчы болгон.
Айта кеткенибиз эптир, Павлюкту дайны жок эле асманга көтөрмөлөп салдык, эстелигин да тургузуп жибердик. Чындыктан тайбай айтсак, ал журналист Кыргызстан үчүн анча деле кызмат кылып жиберген эмес…
Жаткан жери жайлуу болсун.

Тил билбесең тим бол… пенсияны да ойлош керек
Билип турбуз, кадимки эле Феликс Кулов эми бир ирет премьер-министр болгусу келип, ага жараша аракеттерин көрүп келет. Жанагы "уялбагандан өзүң уял" деген кеп бар эмеспи, кээде туруп Куловдун жанагы тилегин укканда ырасында эле кулакка чейин кызарып уялып кетчү болдук. Бу Куловуң чоң-чоң кызматтардын баарында иштеп келген. Бирок ал кызматтардын биринде да, тарыхты кой, элинин эсинде элдир-селдир калчу дурус делчү иши калбады. Анан алтымыштан өткөндө элине кай кызматын көрсөтөт деп башыбыз маң…
Мурунку Конституциябызда мамлекет башчысы-президент улуттук тилди-кыргыз тилин билиш керек деп жазылган. Азыркы бийликте президенттин ыйгарым укуктары аябагандай азайып, премьер-министрдин укуктары көбөйдү. Демек, премьер-министр кыргыз тилин билген адам болушу керек, логика ушул бүтүмгө алып барат эмеспи. Анан кыргыз тилин билбеген адам кантип өкмөт башына келет?!
Баса, 2000-жылы ушул эле Кулов президенттик шайлоого барам дегенде "тил билбейт" деген аныктама алып жарабай калганы бар. Ал чечим ошонусунан жазбай ордунда турат. Кулов ошончолук эле премьер болгусу келсе, анда жогорудагы чечимди жокко чыгарсын, болбосо тилди үйрөнсүн… анан үчүнчү вариант- пенсия жагына оогону дурус го…

Башпрокурор Байболов бир гана иш бүтүрдүбү?
Кубат мырза 2008-жылдын 18-январында аялы Нуржамалга катталган "Оберон" ЖЧКсынын "Апельсин" ресторанын "Лента" ЖЧКсына (директору - Костырин Сергей Александрович - Максим Бакиевдин оң колу) 9.859.260 сомго сатат. Ошол эле күнү акчасы төлөнүп берилген экен. Арадан эки жарым жылдай убакыт өткөндөн кийин Кубат мырза Башпрокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Ошол замат Башкы прокуратура "Луанж Бар Баккардинин" имаратына арест коёт. Анан ары соттон адалдаштырып, баягы саткан мүлкүн кайра кайтарып алат. Биз билгенден бир гана байыркы кесип ээлери саткан товарын өздөрү алып калышчу эле. Бу заманда прокурорлор да аягы суюк айымдарга кайсы бир деңгээлде кесиптеш болуп калышкан окшобойбу.

Дал ушул жерден мындай бир суроо туулат. Урматтуу Кубат мырза, мүлктү го алыптырсыз, ал эми убагында тигилер төлөп берген 10 млн. сомдун тагдыры эмне болду? Дегеле, сиздин жубайыңыз абдан мыкты окшойт, акча жасоо жагынан. Москванын экс-мэри Ю.Лужковдун кемпири Е.Батуринадан кем калчу түрү жок го? - сыяктуу божомолдоп турсак, аңгыча эле ата мекенчи Ө.Текебаев НТС каналынын 7-апрелге чейинки кожоюндары байланышка чыкканын жана аларды коргой тургандыгын билдирип калды. Ал эми НТСтин эски кожоюну жогоруда биз сөз кылган Максимдин оң колу Сергей Костырин болуп жатпайбы. Костырин "Лента" ЖЧКсы менен жарнак рыногунда мүнөтүнө 150 доллардан таап турган.
Демек, ата макенчи учурда Максимдин адвокатына айланып олтурат десек болот.


Жаналгыч Жаныштан сактангыла!
Интернеттеги бир сайт жазат: Чет жерде ач бөрү кейпин кийип жойлоп жүргөн Жаныш Бакиев азыркы парламенттеги "Бригада" делген топтун мүчөлөрүнө кыжыры кайнап жаткан учуру экен. Анткени былтыр Жанышка жанашып көңүл айтып турчу немелер быйыл кызматтарга туруп, тоотпой, мурун жанын берчүдөй болгон ниеттери өзгөрүп, акасына артын салып калышканына жини келет да, Жаныш: "Бөлтүрүктөр бөрүгө айланган го, таамай аткан мергенчини унутушкан го, эми өздөрүнөн көрсүн" деп аябай кекенген имиш.
"Бригада" мүчөлөрү сак болсо экен деп бизде жан жок…



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
Яндекс.Метрика