mainkaptal
Пользовательский поиск
Парламент короосундагы жашыруун сырлар
Мандемдүү тандем кайрадан жанданганда
Мезгил бардык учурларда калыс тараза болот эмеспи. Эски бийликтин кулашы, коалициялык Өкмөттүн түзүлгөнүнө бир кыйла убакыт өтсө да, "папке талашы" жана "мансап талашы" бүтпөй, эң акыры эл ишеним көргөзгөн парламент да адаттагыдай "мандемдүү тандемдер" түзүлгөнүн акыры моюндарына алууга мажбур болушту көрүнүшөт.
Биздеги айыкпас илдеттердин бири качан шайлоо сыяктуу саясий оюндар башталган учурда алар "жалпы кыргыз элинин бейкапар жашоосу жана жыргалчылыгы үчүн" кызмат кылабыз дешет. Качан төө кыядан өткөндөн кийин, өз максаттарына жеткен соң салтанаттуу убадалар убаракерчиликке айланарын карапайым калк айттырбай эле түшүнүп калышканын "көзү бар, бирок көкүрөгү сокур саясатчылар" ушул мезгилге чейин билгиси да, түшүнгүсү да келбесин турмуш өзү тастыктап келет. Буга "парламенттин короосундагы жашыруун сырларын" ачыкка чыгарылышын мисал катары көргөзсөк болот. Алардын бул ач айкырык, куу сүрөөнү "чындык" болсо, аны ар тараптан талдоо жүргүзгөн журналисттердин "жашыруун сырды" ачыкка чыгарганы үчүн күч жана мыйзам структуралары тарабынан "тартипке чакырышы" жөн эле парадокс болорун ойлонгон "саясатчылар" бар болду бекен? Мындай маселеде гезит, же кабарчылар эмес, бийлик бутактарындагы "көмүскө сырларды" ааламга жар салган али "жетилип-бышпаган саясатчыларыбыз" эмне үчүн күнөөлөнбөгөндүгү "айран ичкен кутулуп, табагын жалаган адам тутулган" доордо жашап жаткандыгыбыз тууралуу аян берип жаткандай сезилет.
Элибиз эсинен али чыгара элек чыгар, 2005-жылдын 24-мартында акаевщиналардын бийлиги кулап, К.Бакиев менен Ф.Куловдун "мандемдүү тандеми" түзүлгөн. Анда да эки тараптын кол тамгасы коюлуп, мөөрү басылып, алардын "түбөлүктүү" келишимине нечендеген "саясатчылар" күбө болуп катышкан. Анын арты бул келишимдер "мыйзамсыз" аракет катары бааланганын кантип танабыз? Тилекке каршы, мындан саясатчыларыбыздын мыйзамдык жактан түркөйлүгүн, бийлик бар жерде, үстөмдүк жүргүзүлөрүн, ар түрдүү "мандемдүү тандемдер" мыйзамга карама-каршы болору аныкталган эле.
К.Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин оппозициялык күчтөрдүн бири-бирине "күндөштүк" психологиясынан улам коалициялык Өкмөт түзүлбөй калган. Бул үчүн "Ата-Журт" партиясынын кийинки топко кошулуп кеткенине айып коюу жөн эле нонсенс, же куру былжырак кеп болуп каларын ачык белгилесек болот.
"Патриоттордун бунту", үчилтиктин учкан куту
Бардыгын учур өзү аныктары далилдөөнү талап кылбайт, эски бийликтин алабармандыгы К.Ташиев айткандай, "патриоттордун бунтунун" чыгышына себепкер болгондугун да тануу мүмкүн эмес, бирок ушул "төңкөрүштү"токтотууга эмне үчүн ал эл алдында ачыкка чыгарбай жатышкандыгынын себебин жашырып отурат?
Ачык айталы, анын айтымында, "Ата-Журт" партиясы коалициядан чыгып кетиши мүмкүн экендигин А.Атамбаев билгенин, ал коалицияны сактап калууга сунуш менен кайрылгандыгынан улам, "туура чечим" чыгарып, убактылуу токтоткондугун К.Ташиев белгилейт да, ошол эле учурда үч тараптуу келишим коомчулуктан жана журналисттерден жашырылган сыр экендигин моюнга алат. Ошол эле учурда ал "Ата-Журт" партиясынын эртеңки күнгө жүзүнө көө жабуучу үч маселеге бул партиянын катышы жок экендиги тууралуу расмий маалыматты талап кылат.
Алып көрөлү. Азыркы күндөгү "МегаКом" компаниясынын айланасындагы ызы-чуу боюнча жумушчу группасынын тактамасы жана бул маселе боюнча жумушчу группасынын тиешелүү так маалыматын, биринчи премьер-министр Ө.Бабановдун буга катыштыгы жок экендигин тастыктаган тактаманы талап кылганын жана "Альфа Телеком" менен биринчи премьер-министри Ө.Бабановдун эч байланышы жоктугун далилдөө талабын коюп отурат. Ушул жерден бир суроо пайда болот, эмне үчүн ошол учурда "Ата-Журт" партиясы коалициялык Өкмөт түзүүгө аракет кылган "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго азыркы катуу талаптарды койгон жок жана ошол коалициялык Өкмөттүн курамына кирүүдөн радикалдуу мүнөздө баш тартышкан эмес. Логикалык жактан алганда да, ошол учурда "Ата-Журт" партиясына талаштагы "папке менен мансаптан" башка мамлекеттик башка маанилүү маселелер экинчи даражадагы маселе болуп калганы далилдөөнү талап кылбаган факты катары эмне үчүн көтөрүп чыгууга мүмкүнчүлүк бербесин?..
Келишимди жокко чыгарууга аракеттер
Жалпыга белгилүү, "Республика", КСДП жана "Ата-Журт" партияларынын фракциялары 2010-жылдын 13-декабрында "Биримдик жана өнүгүү" багытында фракциялардын коалициясын түзүү тууралуу келишими КРнын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышында өлкөнүн экономикасын көтөрүү, социалдык кыйынчылыктарды жоюу, мамлекеттин ички жана тышкы саясаты боюнча концепциясы каралып бекитилген. Адаттагыдай эле мансап жана папке талаш коалицияда ири келишпестикти пайда кылары шексиз болгон. Натыйжада жаңы Өкмөттүн ишмердүүлүгүнө бут тосуулар болорун билип, алар фракциялардын кеминде 2 жыл өтмөйүнчө коалициядан чыгып кетүү укугуна чек коюлган жана расмий түрдө жарыяланган.
Тилекке каршы, биздин саясатчылар да, бийлик бутактары да эч качан убадаларын аткарбай тургандыгын, коалициянын ээрге кыйшык отурганын учурунда белгилеген элек. "Ар-намысчыл" Ф.Кулов менен "ак жолчул" К.Бакиевдин "мандемдүү тандеми" менен үч фракциянын азыркы күндөгү өз ара тирешүүсү келишимди жокко чыгаруу аракети аныктап отурат. Бул жерден кечээги келишимин танып, "байкабай кол коюп алгандыгы" үчүн жетишилген макулдашууларды мыйзамсыз деп кыйкырып чыгары тажрыйбалык жактан такталып калганын кантип унутабыз? Бул өңүттөн карасак, ата-журтчулар, ата мекенчилер жана ар-намысчылар менен азыркы альянсты бузуп-жарууга жасаган аракеттери Коалициялык келишимдин укуктун талаасына туура келер бекен?
"Папке талашка" качан чек коюлат?
Кайрадан келишимге кайрылалы. Эгерде парламенттик көпчүлүк менен түзүлгөн коалициянын статусу күчүн жоготсо, анда коалициянын төрагасы, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр жана спикер отставкага кетүүгө тийиш. Бул ансыз да каржалып турган өлкөбүзгө көптөгөн кыйынчылыктарды алып келери шексиз. Айрыкча, чет элдин өнөктөштөр туруктуу Өкмөт кайрадан куралганга чейин ар түрдүү кредиттерди, гранттык каражаттарды, инвестициялоону токтотору шексиз.
Мансап ордуна жетпей калгандардын пикиринде Өкмөттүн тез-тез алмашып турушунда эч кандай кооптуу кырдаал түзүлбөйт деген кеби куру далбаса экендигин, орой айтканда, алардын саясатта мурдунун учунан алысты көрө албаган түркөйлүгүн көргөзүп жатпайбы? Алып көрөлү, азыркы коалициялык Өкмөт кулатылган соң, кайрадан коалиция түзүлүш керек. Ага канча убакыт кетет. Мейли, алар чукул арада коалиция түзгөнгө жетишкен күндө да, кайрадан майлуу-сүттүү кызматтарды бөлүштүрүү башталат, ар кими өз көмөчүнө күл тарткан сайын, ал коалиция да кыйроого дуушар болот. Алар папке менен мансап талашып, улам-улам алмашыла берсе, Өкмөт кайсы учурда иштейт?
Юридикалык жактан Өкмөт түзүлгөнүн эч кимибиз тана албаспыз, демек, коалициянын келишимдери мыйзамдык күчкө ээ, бирок "төө ашуудан өткөн соң" айрымдардын амбициясы ашынып, коалициялык келишим реалдуу күчкө ээ эместигин какшап, калкыбыздын кыжырлануусун күчөтүүгө далалат жасашууда. Бул калыстыкка жатпайт, тетирисинче, айрым саясатчылар өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын жогору коюп, элибиздин эртеңки келечегине, мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер мамиле жасап жаткандыгын дагы бир ирет белгилеп кетсек болот.
Мансапкордук илдет аларга тынчтык бербей жатат - деген карапайым калктын пикири - биздин саясатчылардын илдетинин так диагнозу.
Коалиция куласа, парламент таркатылышы керек
Биз демократиялык өлкөбүз деп өпкөбүздү өргө айдаганыбыз менен, анархиялык абалдан чыга элекпиз. Эгерде коалициялык Өкмөттүн келишимдери реалдуу күчкө ээ эместигин таанысак, анда азыркы парламенттин мыйзамдык жактан да, моралдык жактан да алганда жалпы кыргыз элинин атынан чыгууга укугу жок экендигин кантип тана алабыз? Нукура демократияда калктын шайлоодогу добушу 50+1 пайызды түзбөсө, шайлоо максатына жеткен жок деп эсептешет. Ал эми биздин 5 партия биригип, ушул чекке жетпегени баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушул чындыкты моюнга алып, өлкөгө саясий ызы-чуу салып жаткан парламентибиз өзүн-өзү таркатууга эрки жетер бекен?
Менимче, өлкөдөгү азыркы экономикалык жана саясий курч кризистин шартында коалициялык Өкмөттүн дагы 1-1,5 жыл иштешине мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Жаңыдан түптөлгөн аткаруу бийлиги эмнеге жөндөмдүү экендигин бир жылда баалоо да мүмкүн эмес.
Ал эми жаңы Өкмөттүн ишмердүүлүгүндө айрым аракеттери кандайдыр бир деңгээлде ишке ашырылып жатканын ачык белгилесек болот. Аткаруу бийлигин саясий оюндардын курмандыгынан сактоо зарыл, саясий оюндарда бутага айландырууну токтотуу учурдун актуалдуу зор талабы болуп саналат. Эгерде мындай "шоулар" улантыла берсе, бардыгын кайрадан башынан куруу зарылдыгы келип чыгат. Демек, анда элдин басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна ээ болбой, кокустуктан "шайланган" парламент таркатылбаса, калыстыктан тайган болобуз. "Парламент калктын 40 пайыздан ашыгыраак гана добуш алса, коалициялык Өкмөт 77 депутаттын колдоосуна ээ болуп, 65 пайызга жанын добушка ээ болуп отурбайбы? Демек, парламентке салыштырганда, коалициялык Өкмөттүн легитимдүү экендигин баса белгилесек болот. Бирок аткаруу бийлигин "алып түшүүгө" жасалган аракеттер "түлкү куумай" оюну болуп жатканын ачык айтсак болот.
Эртабылды Аттокуров







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ