mainkaptal
Пользовательский поиск
5-каналдын кожойкеси камалабы?
25-март күнү Башкы прокуратура 5-каналдын жана "Кыргызтелекомдун" жетекчилигине кылмыш ишин козгоду.
5-каналдын мурунку кожойкеси Оксана Малеванная менен азыркысы Елена Бердникова каналдын берүүлөрүн техникалык жактан камсыздап берүүчү "Кыргызтелекомдун" РПО РМТР деп аталган өндүрүштүк бирикмеси менен болгон келишимдеги айрым талаптарды аткарбастан, 2007-жылдан 2010-жылга чейин мамлекетке 26 миллион сомдон ашык зыян келтиргендиги Эсеп палатасынын 2011-жылдын 10-февралындагы аудиттик актысында так көрсөтүлүп, далилденгендигин Башкы прокуратура билдирет. Учурда 5-каналдагы "кымырбайларды" Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин иликтеген бөлүмү иликтеп баштады.


Азыркы "Кыргызнефтегаздын" жетекчиси кылмышкер…
Бирин-бири айыптап келатышкан Жогорку Кеңештин депутаттары "Ата Мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаев менен "Республика" фракциясынын мүчөсү И.Пирматовдун ортосундагы кайым айтышуу боюнча "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев 25-мартта пленардык жыйында билдирүү жасады.
Депутаттын айтымында, азыркы эки депутат Ө.Текебаев менен И.Пирматовдун ортосундагы сөздөрдүн бардыгы "Кыргызнефтегаздын" жетекчилиги туура эмес маалымат бергендиктен чыгып жатканын билдирип, "Мен расмий түрдө айтам. Азыркы "Кыргызнефтегаздын" жетекчиси кылмышкер" - деп атады. Азамат мырза сөзүн андан ары улантып, "Мен буга чейин айтып жаттым эле, мазутту коңшу Кытай мамлекетине арзан баада берип, өзүбүздүн кыргызстандык мекемелерге кымбат баада сатып жатат. Кечээ жакында эле дизелдик күйүүчү майын Ооганстанга 27 сомдон сатып, биздин Кыргызстандын жарандарына 38 сом деген бааны койду. Премьер-министр кечээ Россияга барып суранып жатып күйүүчү майга болгон экспорттук пошлиналарды жойдуруп салды. Дыйкандарга, элге арзанчылык, кененчилик болсун деп жатса, бизде душман чыгып жатат. "Кыргызнефтегаздын" жетекчиси биздин өкмөттүн жүргүзгөн саясатына каршы чыгып жаткан киши. Мен ушул учурдан пайдаланып, коопсуздук кызматынын жетекчисине кайрылып кетет элем" - деди. Кыскасы, туура маселе көтөрдү. Мындай шылуундук көз жаздымда калбашы зарыл. Андыктан өлкө башчысы менен өкмөт башчысы "Кыргызнефтегаздын" тегерегиндеги чырга кайдыгер карабашы зарыл.


Эл өкүлдөрү эрмектегенге иш табышты
ЖоКедеги эл өкүлдөрүбүз "Кылаарга иши жок, салаарга кушу жок" эригишкен окшойт, эми мамлекеттик желегибиз менен гимнибизге асылып, аны алмаштырабыз деп чыгышты. "Ар-Намыстын" буга чейин аты-жыты белгисиз Абдрахман Маматалиев деген депутаты чыгып, "желегибиз менен гимнибиз жакпай атат" - деп демилге көтөрө салса, калгандары байкап көрөлүк дешип атайын парламенттик комиссия түзүп жиберишти. Деги азыркы депутаттарыбыздын комиссия түзгөндөн башка бир жарытылуу ишин көралбаган көпчүлүктүн кыжырдануусу күн сайын ашып барат.


Каржы полициясы өкмөттүн алдында калды
25-марттагы өкмөттүн кезектеги жыйынында "Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Каржы полиция мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө өкмөттүн токтому каралып, Каржы полициясын жойбостон, бул органды калтыруу маселеси талкууланды. Жыйында Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов:
"Каржы полициясындагы карышкырларды кыскартыш керек. Эгерде ролун жогорулатуу керек болсо, Салык инспекциясын баш ийдирип, анын алдындагы органдарга айлантышыбыз керек" - деген демилге көтөрдү. Ал эми премьер-министр Алмазбек Атамбаев: "Каржы полициясы Максим Бакиев "фас" дегенде баса калган жазалоочу органга айланган орган болгон. Азырынча өкмөттүн алдында кала берсин, бирок келечекте Салык инспекциясынын алдын алып барыш керек. Бул мындан ары "кормушка" болбойт. Ар бир орган келип, ишкерлерди текшерүүнү токтотолук. Ишкерлерге убакыт бериш керек, аларды баса калып колун кайрыбай" - деп билдирди. Ошону менен Каржы полициясы азырынча өкмөттүн алдында эле калды.


Кыргызың "кыйын" болот
Афганистандын атайын кызматы жети террористти колго түшүргөн. Алардын төртөө Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү экен. Булардын баары кишмиш сатып, соодагер терисин жамынып жүрүшкөн тура. Жетөөнүн экөө Украинанын, бирөө Кыргызстандын атуулу экен.
Кыргызстандыктын улуту айтылбайт, аны мина жана башка жардыруучу заттарды жардыруу боюнча адис дешет. Ал Мазари-Шариф шаарына Иран аркылуу келиптир. Биздин да айрым "эр-жигиттер" Афганистан, Пакистандын талааларында террористтик иштерде такшалып, даярдалып жүрүшөт деп калышчу эле, ошолордун бири го. Деги сак бололукчу…


Шадиевдин Ширшов менен мамилеси барбы?
Кыргызстандын электр тармагын көмүскөдөн көзөмөлдөп, жеке менчиги катары пайдаланат делген Алексей Ширшовго 7-апрелден кийин кылмыш иши козголуп, бирок кайран эргулуң көптөн бири катары куйругун түйүп өлкөдөн чыга качкан. Эми ошол эргул Алматада туруп алып дагы деле Кыргызстандын электр тармагына көзөмөлдүк кылып жатканы туурасында ар түрдүү сөздөр айтыла баштады. Мындай сөздөр Аскар Шадиев Энергетика министри болуп келген учурдан баштап тарап жатат. Ошондон улам, коомчулукта Шадиевдин Ширшов менен мамилеси барбы деген бүдөмүк ойлор пайда болду. "Жел болбосо бактын башы кайдан кыймылдасын" дегендей, балким, мындай кептер жөн жеринен чыгып жатпагандыр. Анткени биздин коомдо имиш-имиштер акыры келип чындыкка айланып калган учурлар арбын учурайт… Андыктан эл арасында айтылып жаткан сөздөрдүн чын-төгүнүн Аскар мырза өзү аныктап бербесе, жок, андай эмес деп айтуу кыйын…


Сот өкүлү мыйзамга кызмат кылабы?

Азыркы күндө укук жана тартип сакчыларына элдин ишениминин төмөндөшүнө алардын кесиптик жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү гана эмес, алардын адамгерчиликсиз жана жоопкерчиликсиз мамилелери да себепкер болуп келет. Буга жакында Жалал-Абад облусунда Ички иштер министрлигинин айрым кызматкерлеринин үстүнөн каралуучу сот процесси айкын мисал боло алат.
Тартип сакчыларынын тартипсиздигиненби, же мыйзам биздин колубузда деген ишенимге алдырышканбы, айтор, өткөн жылда автокырсык жасаган деп айып коюлган айдоочу кармалат. Ишти иликтөө учурунда Жалал-Абад ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Марат Исманов, тартип коргоочулар Каныбек Эрмеков, Калык Турдакунов, Сейит Нурдинов айдоочуга "күнөөсүн моюнга алдыруу үчүн" күч колдонот. Коомчулукка бул окуя белгилүү болгондон кийин, тартип сакчыларына айыпталуучуга күч колдонгондугу (пытка) жана кызмат абалын кыянатчылык менен пайдаланган беренеси менен айып коюлган. Тергөө аяктап, бул иш 2011-жылдын 21-апрелинде соттук териштирүү башталмакчы.
Белгилей кетели, бул маселени соттук териштирүү бир нече ирет үзгүлтүккө учураткан көрүнөт, себеби айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин бири М.Исманов Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын начальниги Сталбек Бакировдун инилери имиш. Ошондон улам, сот системасындагылар бул ишти кароодон тайсалдашкан көрүнөт.
Сот процессинин жүрүшүндө сот Дамирбек Назаров ишти калыстык менен карайбы, же "карга карганын көзүн чокубайт" принцибин колдонобу? Буга жооп берүү кыйын, бирок кылмыш ишин караганда, соттун өкүмү кызмат абалына эмес, чындыктын үстөмдүгүнүн орношуна аракет жасайт деп ишене туралы…





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ