Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Калыбек Качкыналиев,
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары:
"Абактагыларга Камчы Көлбаев ачкачылык уюштуруп жатат"
Кыргызстандагы бир катар түрмөлөрүндө ачкачылык акциялары уланууда. Абактагылардын көбү түрмөлөрдө түзүлгөн шарттарга нааразылыгын билдиришип, берилген тамактан баш тартып жатат. Мындай нааразылык 25-мартта башталган эле. Ушул окуялардан улам Бишкектеги Жаза өтөө кызматына караштуу камакта отургандарын айрым жакындары нааразылык акциясын уюштурду. Алар камакта отурган жакындары тамак-аш менен толук камсыз болбой жатканын жана кармоочу жайдын начар абалда экендигин айтышууда. Мындан тышкары, камактагыларга зордук-зомбулук көрсөтпөөгө чакырууда. Мына ушул түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Жаза өтөө кызматынын жетекчисинин орун басары Калыбек Качкыналиевге кайрылып, бир нече сууроо узаттык.
- Абактагылардын массалык ачкачылык жарыялашы качан, эмнеден улам башталды?
- Абактагылардын ачкачылык жарыялашы 25-мартта №16 абактан башталган. Эч кандай талаптарды коюшкан эмес. Андан көп өтпөй эле Петровкадагы №8 абактагылар, Молдовановкадагы №1 ж.б. бир топ абактагылар ачкачылык кармашты. Эч бир талап, нааразычылыгы жок эле эртең мененки, түшкү, кечки тамакты ичишпей коюшту. Абактагы аялдар менен өспүрүм курактагы балдар, оорулуулардын баары тең тамак ичип жатышат.
- Учурда абакта ачкачылык кармагандар кандай талаптарды коюп жатышат?
- Биринчиси, уюшкан кылмыштуу топторду массалык түрдө кармоону токтотуу талабын коюшту. Мен дароо эле бул талапты чече албастыгымды айттым. Ал түгүл бул жөнүндө таптакыр сүйлөшүү болбойт дедим. Анткени алардын бул талабы мыйзамсыз. Экинчиси, тергөө учурундагы күч колдонууну, орган кызматкерлеринин пара алуусун токтотууну айтышты. Эми бул дагы курулай доомат. Биз калп айтып, же жашырып жаткан жокпуз. Керек болсо бул боюнча ОБСЕ "эки жылдан бери абактагылардын укугун бузуу болгон жок" деп билдирген. Ал эми ИИМде укук бузуулар болуп жатабы, жокпу мен аны билбейт экенмин. Үчүнчүсү, төмөнкү стандартка да жооп бербеген айыптууларды кармаган №21 СИЗОнун шартын жакшыртуу. Ооба, аталган СИЗОнун абалы талапка жооп бербегени чын. Эгерде мамлекет абак жайларын оңдоп-түзөөгө жетиштүү деңгээлде каражат бөлбөсө, кайдан талапка жооп берерлик болот. Буга миллиондогон каражат керек. Албетте, мындай көйгөйлөрдү чечүүгө көптөн бери эле аракет көрүп келебиз. Учурда №19 абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кармоо үчүн атайын комплекс куруп жатабыз, ошону бүтүрүп ала турган болсок, маселе чечилип калмак. Өкмөт быйыл ишти бүткөрүүгө каражат бөлүп беребиз деп жатышат. Эгер каражат бөлүнүп калса, эмдиги жылдын апрель айына чейин курулушту бүтүп калмак да, экинчи бул боюнча маселеге чекит коюлмак. Ошондуктан абактагылардын бул талабын бир күндө аткаруу мүмкүн эмес да. Төртүнчүсү, өмүр бою эркинен ажыратылгандардын кылмыш ишин кайра карап чыгуу. Мен бул талап туурасында даректүү арызыңарды жазгыла, облустук сот, Жогорку Сот карайт деп түшүндүрдүм. Бешинчиси, ИИМдин кадр саясатын жана жазык аткаруу органдарын жакшыртуу. Биз ИИМдин кадр саясатына кийлигише албайбыз. Ал эми жазык аткаруу боюнча биз өкмөткө 2011-2015-жылдарга "Үмүт 2" деген улуттук программа даярдап бердик.
- Азыркы учурда абакта канча сандагы адам ачкачылык кармап жатат?
- Ачкачылык жарыялаган ар бир абак боюнча 60-70 пайыздын тегерегиндеги адам ачкачылык кармап жатат.
- Ачкачылык кармагандардын туугандары эмне себептен митинг уюштуруп, ачкачылык кармап жатышат. Алар кандай талап коюшууда?
- Бул атайын пландалып уюштурулган акция. Керек болсо уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан акча төлөнүп жатат. Кечээ кечинде атайын иликтөө жүргүздүк. Бусиктер менен алып келип, кайра алып кетип ташып жүрүшөт. Ал эми абактагылардын чындап эле митинг, акцияларга чыгып айрым туугандары ошол оюн уюштуруп жатышкандардын куралы болуп жатышканын түшүнбөй жатышат. Биз СИЗО №1ден акцияга чыгышкан аялдар менен сүйлөштүк. Келгиле, сүйлөшүү жүргүзөлү, эмне талабыңар бар, абактагылардын абалы менен кирип таанышкыла, эмне жетишпей жатканын көргүлө десек да ишенишпейт. Биз абактагылардын болгон керектүү нерселерин камсыз кылганбыз. Алардын нааразы боло турган деле себептери жок.
- Сиз абактагылардын ачкачылык кармоосу Камчы Көлбаев тарабынан уюштурулуп жатат деген элеңиз…
- Андай болуп жатканына ишенем. Камчы Көлбаевге издөө жарыяланбады беле, ушул нерсени түрмөдөгүлөрдүн аркасы менен токтоткусу келип жатат окшойт. Ошол максат менен ачкачылык уюштурулуп жатат.
- Азис Батукаевдин мөөнөтүн бир жылга узартуу чечими чыккан эле. Ошол нерсе да себеп болушу мүмкүнбү?
- Батукаев отурган абактагылардын баарысы жакшынакай эле тамактарын ичип жатышат. Алар ачкачылык жарыялашкан абактагыларды колдошкон жок.
- Негизи абактагылардын жашоо шарты кандай?
- Күндүз ачкачылык жарыялап, түнкүсүн туугандары тарабынан киргизилген тамак-ашты жеп жатышат.
- Ачкачылык жарыялагандарды токтотуу боюнча кандай иш-чара көрүлүп жатат?
- Конституцияда жазылган мыйзамдын чегинде иш алып барып жатабыз.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу





Салыктан качкан чиновниктер…
Ысык-Көл районунун салык кызматынын маалыматына караганда, аталган салык инспекциясына Жогорку Кеңештин "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Игорь Гусарев 600 миң сомго жакын жана аталган фракциянын "шефтеринин" бири Акылбек Жапаровдун кызы Саадат 100 миң 500 сом төлөбөй "качып" жүрүшөт. Эл үчүн, жер үчүн жүрөктөрүн "садага чаап" бакылдап, улкунуп-жулкунуп сүйлөшсө тилинен чаң чыккан бул депутаттардын катарында "Ата-Журт" фракциясынын депутаты, "Курманжан датка" фондусунун жетекчиси Жылдыз Жолдошева дагы 604 миң сомдой жер салыгын жана айыл чарба багытындагы жердин чыгашасына 1млн, 200 миң сом төлөбөй, салыкчыларга "жеткизбей качып" жүрөт. Бул салык төлөгөндөн корккон жана битир депутаттардын катарында Республикалык архитектура жана курулуш агенттигинин директору Каныбек Нарбаев да бар. Бакиевдин ишенимдүү кадрларынын бири болгон Каныбек мырза да Ысык-Көл салык инспекциясына 100 миң 575 сом салык карыз экенин "кашайып, унутуп" калганы да айтылууда.
Ысык-Көл райондук бийлиги жогоруда аты аталган чиновниктердин салыкты төлөбөй жүргөндүгү жана Ысык-Көл жээгиндеги гектарлаган жерлер боюнча тиешелүү министрликтерге жана ЖКнын төрагасына расмий кайрылуу жолдогон. Келдибеков мырза болсо, ал катка бир айдан бери жооп бере элек, же салыктан качкан көпөстөрдү "көлөкөсүнө" коргоп жатабы?


Ышкырыгы таш жарган "көмүскөчүлөр"
Ээрге эми гана отура баштаган азыркы Өкмөттү ээрге башынан кыйшык отурду деп, акылдуу сөздөрүн Аликбек, Муктар баштагандар жаз келгени жаагы талыганча кыйкыра баштады. Экөөнөн башка эч кимиси жок, көмүскө өкмөтүнүн башчыларыбыз деп, эл чогулган жерге жетип барганды да адат кылып алышты. Кайсы бир жерде курултай өттү, додолонгон эл чогулуп, Жекшенкуловго беш ирет кол чабышты деп да айттырганга үлгүрүштү. Чынында эле экөөнү өздөрү ойлогондой эл колдоп, шатыра-шатман кол чапса, былтыр күзүндө беш пайыздык баскычтан өтүп, учурда парламентте бакыйып отурушпайт беле. Артынан эл ээрчиген улуттук лидерлер болсо көмүскөлөбөй эле отурушат эле го Ак үй менен Көк үйдө.






ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования