presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элдияр Желденбаев,
Ысык-Көл музыкалуу драмтеатрынын актеру:
"Үйүңдө наның жок болсо, кайдагы чыгармачылык…"
Адамдын жан дүйнөсүнө гүлазык, руханий баалуулук тартуулаган театр сферасында 17 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан белгилүү актер Элдияр Жентекбаев жана өмүрлүк жары, актриса Шекер Жамангулова эл аралык театр күнүнө утурлай борбор калаабызга 28-март күнү келишип, сыйлыктуу кайтышты. Алардын кубанычтарын тең бөлүшмөккө жана Ысык-Көл драмтеатрынын бүгүнкү абалын билүү максатында кош жылдыздар менен баарлаштык.

- Театрга кандайча келип калдыңыз эле?
- Бала кезден эле актер болсом деген тилегим аябай күч болчу. Ошол максатымды ишке ашыруу үчүн мектепти аяктагандан кийин борбордогу Улуттук академиялык кыргыз драмтеатрынын алдындагы 2 жылдык студияны бүтүрдүм. Студияны аяктаган жылы Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайга студенттерди кабыл алуу жүрүп калып, ага тапшырып өтүп кеттим. Аталган окуу жайды 1993-жылы бүтүп келип, кыргыз драмтеатрда иштеп баштадым. Ошол кезде Союз тараган мезгил эмес беле. Жер-жерлерде иштеген актер-актрисалар бүт борборго көчүшүп, облустардагы, райондордогу маданий имараттар дээрлик бош калган эле. Ошол имараттардын бири К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалуу драмтеатры болчу. Аталган театрда иштеген артисттер толугу менен Бишкекке сапар алышып, театр ээн калган экен. Ошондо белгилүү актер Акылбек Абдыкалыков агай кыргыз драмтеатрга келип: "Балдар, Ысык-Көл драмтеатры бош калды. Театрды сактап калалы. Ким Ысык-Көл драмтеатрына барат?"- деп бизге кайрылды. Агайдын сөзүн угуп, дароо эле макул болдум. Келинчегим да актриса. Экөөбүз, бизден башка жаңы Щепкинди бүтүп келген төрт артист, баарыбыз алтоо болуп аталган театрга кеттик. Ошол жылдан тартып Ысык-Көлдө иштеп калдык.
- Учурда Ысык-Көл драмтеатрынын абалы кандай? Спектаклдер байма-бай эле коюлуудабы?
- Биздин театрда иштеп жатканыбызга быйыл 17 жыл толду. Ошол 17 жылдын ичинде бир топ ийгиликтерге жетишип, мыкты ролдорду жаратып, спектаклдерди койдук. Бирок Ысык-Көл драмтеатрынын учурдагы абалы мыкты деп айтууга мүмкүн эмес. Анткени жыйырма жылдан бери театрларга көп көңүл бурулбай калбадыбы. Маданият арткы планда калып келе жатканы баарыбызга эле маалым. Аталган театр мамлекет тарабынан каржыланат. Каражат маселесин деле жакшы билсеңиздер керек. Андай деле чоң суммадагы каражат жок. Бирок ошого карабай биздин театрда иштеген чыгармачыл топ тынымсыз эмгектенип, бир топ спектаклдерди коюудабыз. Каражаттын тартыштыгы спектаклдерди сапаты жагынан аксатып коет экен. Костюмдарды өзүбүз эптеп таап жатабыз. Башка иштерге каражат жетишпей мыкты спектаклдер да начар болуп калууда.
- А театрга элдин келүүсү кандай?
- Эл таптакыр келбейт дегенден алысмын. Театрдын өзүнүн сүйүүчүлөрү бар. Албетте, Союз учурундагыдай эмес. Сөздүн чыны театрга эл мурдагыдай келбейт. Такыр театрга баш бакпаган өзүмдүн эле досторум көп. Мен аларга: "Ой, жок дегенде бир жолу театрга баш багып койгулачы. Мейли, спектакль көрбөсөңөр да, Элдияр эмне иш кылат экен деп кызыгып койгулачы. Келип көрүп кеткиле" - деп айтам. Бирок келишпейт. Анткени алар кызыкпайт. Анан да айылдын күнүмдүк көр тиричилиги театрга деле убакыт бербейт. Эртеден кечке түйшүк менен алпурушуп жатып, күндүн кандай батканын да билбей каласың. Бирок биз ушундай оор шартка карабай театрга жаштарды тартканга аракет кылып жатабыз. Мурда Марат Алышпаев жетекчи болуп турганда "Шанс" деген билет чыгарып, студенттерге 20 сомдон сатып, алар бир жыл театрга акысыз киришкен. Ошондо зал толуп турчу. Азыр зал жыкжыйма толбойт.
- 17 жыл театрда иштеп эмнеге жетише алдыңыз?
- 18 жылдын ичинде көп ролдорду ойноого жетиштим. Классикалык чыгармалардан тартып, өзүбүздүн драматургдардын жазган чыгармаларындагы каармандардын образдарын ачып бердим. Ал ролдорду канчалык деңгээлде ойнодум ага эл тараза. Бирок мен өзүмө дагы деле ыраазы болбой келем. Аткарган ролум купулума толуп, кубанган учурум боло элек. Дайым изденүүнүн үстүндө иштейм. Менин жараткан ролум элди таң калтырып, ыйлатып, кайгыртып, күлдүрсө, эл "Ой, азамат, сен мыкты актерсуң"- деп баасын бергенде гана ыраазы болсом керек. Азыр чоң ролдорду күтүүдөмүн. Мен жарата турган чоң роль алдыда го дейм.
- Борбордо иштеген артисттердин эмгеги облус, райондордо иштеген артисттерге караганда эртерээк бааланса керек. Сиз курактуу актерлордун сыйлык алып, наамга жетишип жатканын көргөндө Көлгө кетип калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Башында эмне үчүн баары эле наам деп наамга чуркашат деп таң калчумун. Көрсө, наам сенин жасаган эмгегиңдин акыбети экен. Аны эми түшүнүп жатам. Тынымсыз эмгектенип мээнетиң бааланбай, талантың көмүскөдө калганда, күйгөнүңөн "Ээ, кеттим театрдан"- деп басып кетет экенсиң. Албетте, өзүң теңдүү жаштардын наам алып, сыйлыктарга жетишип жатканын көргөндө "Аттиң! Мен дагы борбордо болсом, көп ийгиликтерге жетишмекмин"- деп ойлоп кетесиң. Анткени Бишкектеги театрда иш бир калыпка салынган, өз нугу менен жүрөт. А бизде, барып эле баягы бүтпөгөн көр тириликке аралашып кетесиң. Алган айлыгың 1800 сом. Бир мүшөк ун 1500 сом. Эми элестете бериңиз. Үйүңдө наның жок болсо, кайдагы чыгармачылык, кайдагы эргүү, кайдагы спектакль.
- Жубайыңыз да актриса экен кандайча таанышып калдыңыздар эле?
- Москвадагы театралдык окуу жайда чогуу окуганбыз. Бири-бирибизге көңүлүбүз түшүп, окууну аяктап жаткан жылы баш коштук. Ошондон бери эки бакыр, бир тукур болуп, түтүн булатып келе жатабыз. Учурда төрт баланын ата-энесибиз.
- Чыгармачылыктын түйшүгү оор эмеспи. Келинчегиңиздин кесибине каршы чыккан учуруңуз болду беле?
- Жок. Анткени мен чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсүн, каалоосун мыкты түшүнөм. Өзүм чыгармачыл адам болуп туруп, таланттуу адамдын талантына бут тосконум Кудайга да жакмак эмес. Ал роль ойногону кеткенде мен балдарды карайм. Мен иштеп жатканда ал балдарды карайт. Биз бири-бирибизди толуктап, колдоп турабыз.




Шекер Жоомартова, Даркүл Күйүкова
атындагы сыйлыктын лауреаты, актриса:
"Ысык-Көл драмтеатрында иштеп калганыма сыймыктанам…"

- Шекер эже, театр күнүндө алган белегиңиз кут болсун…
- Рахмат. Театрга жаңы кирген жылдары көбүнчө жаштардын ролун ойночумун. Бир жылдын ичинде көп эле роль ойноого жетиштим. Анан бир жылдан кийин "Жаштардын ролун мыкты аткарганы үчүн" деген диплом менен сыйландым. Мындан сырткары облустук деңгээлдеги бир топ сыйлыктарды алдым. Бирок эң олуттуу алган алгачкы сыйлыгым "Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты" болду. Биздин эмгекти баалап, берген сыйлыгына аябай ыраазымын.
- Кайсы ролуңузду мыкты деп эсептейсиз?
- Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты сыйлыгымды "Бурулча" ролум үчүн алдым. Менин оюмча, эң мыкты ролум Бурулча болду го деген ойдомун.
- Элдияр байкенинин театр сферасында иштеп жатканына 17 жыл толуптур. Театрга сиз сыяктуу эле эмгек сиңирип, сыйлыктан куру калдыбы?
- Ооба, Элдияр мага караганда театрда көп иштеди. Аял киши үй иштеринен бошобойт эмеспи. Мен бала менен үйдө отуруп калган кездерде "Мен наам албасам да мейли, сен ушунча жылдан бери тынымсыз иштеп жатасың. Наамга, сыйлыкка сен жетип калсаң экен"- деп айтчумун. Кечээ наам берип жатканда аябай кубанып, толкунданып сүйүндүм. Көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан жолдошумду да куру кол калтырышкан жок. Министрлик тарабынан Элдиярга "Ардак грамота" мага "Маданияттын мыкты кызматкери" деген сыйлыктар берилиптир. Ал сыйлыктар Ысык-Көл администрациясы тарабынан тапшырылат экен. Буйруса, көлгө барганда алабыз го. Элдияр ыр жагына да аябай шыктуу. Кечээ сахнада ырдап жатканда "Элдиярды режиссерлор көрүп калса экен. Кинолорго чакыруу беришсе экен"- деп ичимден тилек кылып отурдум. Анткени жолдошум Сүймөнкулга аябай окшош. Мыкты ролдорду жаратмак.
- Өзүңүз Ош жергесинен экенсиз. Элдин баары эле талантты түшүнүп, баалай бербейт эмеспи. Сиздин актриса экениңизди кайын журтуңуз кандай кабыл алды?
- Кайын журтум, менин чыгармачылыгымды баалап, түшүнүп, биз бошобой жаткан учурларда балдарды багып, бизге жакшы шарт түзүп берди. Аларга ыраазымын.
- Эки жердин салты эки башка эмеспи. Көлдүн салтына көнө албай кыйналган жоксузбу?
- Биз борбордо эле калабыз го деп ойлочумун. Тагдыр экен, Көлгө барып жашап калдык. Башында бир аз кыйналдым. Кийин көнүп калдым, бирок Ысык-Көл театрына барып иштеп калганыма өкүнбөйм. Тескерисинче, сыймыктанам. Анткени ал театрдын өзүнчө баскан жолу, улуу тарыхы бар.
Даярдаган
Жаркынай Кадыркулова






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??