Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Африкадан бакыт
издеген кыргыздар
Минтип, бир кездердеги "мекеним мейкин Кыргызстандан" жакшы жашоого орун жок, "артта калган, жапайы" деген Африкадан бакыт издеп калганыбыз эмне дегендик! Ооба, таң калбаңыз, океандын ары жагындагы Африкадан кыргыздар алданып кайтышты. Болгондо дагы эң кедей, аптабы мээни кайнаткан, бир кашык таза суу өмүргө тете болгон Анголанын Луанда деген шаарынан. Капырай, Луандага кантип кыргыздар барып калган дээрсиз. Моминтип эле, кара курсактын айынан...

Бишкeктин Ала-Тоо конушундагы Алымбай Нусупов деген адамга жалданып, анан алданган кыргыздар калган окуяны ыйлай-сыктай өздөрү айтып беришсин.

Гүлмира Ибраимова,
Талас шаарынын тургуну:
- 2009-жылы "Алымбай Анголага жумушчуларды топтоп атыптыр, айлыктары 2,5 миң доллардан экен" деген кабарды угуп бардым. Ашпозчу кылып алып кетмей болду. Өзүм дин жолундамын деп менден башкасынын баарын намаз окутту. Ошентип, 40 чакты адам Анголага учуп кеттик. Баш-аягы 24 там салыш керек экен. Чындыгында климаты оор экен, аптап мээни кайнатат, суу жок, инфекциянын очогу арбын, эли караңгы. Барар замат ич келте, безгек болуп оорудум. Температурам 40ка жетип, баспай калдым. Ошондо да 3 баламды эстеп, тиштенип иштедим. Убада кылынган акчанын ордуна 4 айга 2000 миң доллар берди. Өзү Анголанын Ак үйүндө иштеген кишидей басып жүрдү. Көп өтпөй бизди таштап Кыргызстанга кетип калды. Чынын айтсак, мусапырдын мусапыры болдук. Кайыр садака сурап күн өткөрдүк. Авинтон деген негр директор бала бар эле, ошол экөө кошулуп алышып биздин акчаларыбызды жешкен окшойт. Алымбай кетип калгандан кийин, негр директордон дооласак, "кимдин өлкөсүндө жүрөсүңөр, билесиңерби" - деп коркутканынан, "аман-эсен балдарыбызды көрсөк экен" - деп акча сурагандан да коркуп калдык. Кийин курулуштун эң чоң жетекчиси келгенде даттансак, ал биздин акчаларды эбак бергенин айтты. Ошентип, коркконубуздан бекер иштеп жүрө бердик. Акыры, Москвага чейин жол киребизди төлөп бергенине сүйүнүп, эптеп келдик. Келип эле баягы Алымбайдын эшигин жыртсак, "билген жагыңарга даттангыла" - деди.
Дүйшөнкул Жанузаков,
Ала-Тоо жаңы конушунун тургуну:
- 2009-жылы январь айында Ангола өлкөсүнүн Луанда шаарына иштегени бардык. Алымбай Нусупов, Канат Даникеев деген жердештерибиздин кол алдында күндүн ысыгында 12 сааттан иштеп, эч кандай эс алуу күнү жок мейманкана, котедж, жеке үйлөрдү курдук. Аба ырайына көнгүчө чиркейге таланып, бардыгыбыз безгек, ич келте менен оорудук. Бул жактан алып кетеринде ар бирибизге 2,5 миң АКШ доллары менен айлык берем деген. Алымбай үч айдан кийин 500 доллар төлөйм дегенге өттү. Ошонун баарына чыдап, 1 жыл 8 ай дегенде Кыргызстанга кайтып келдик. Алымбай экөөбүз Таластын Арал айылынан болобуз. Бишкекте Ала-Тоо жаңы конушунда да кошуна турабыз. Алымбайдагы калган аласамды сурап барсам, "20 миң кирпичи турат үйдө, ошону ал" - деди, жүктөйүн деп атсам, милицияны да күн мурунтан чакырып койгон экен, колу-бутумду кайрып, машинага салып кетишти. Көрсө, Алымбай Нусупов менин үстүмөн "бул рэкет, мени коркутуп оокатымды тартып алып жатат" - деп арыз жазып коюптур.

Тилек Токтосунов,
Бишкек шаарынан:
- Бизди, 8 баланы Алымбай Нусупов паспортторубузду бербей, талаага таштап кетти. Бирок биз өз алдыбызча иш издеп таап, бир жыл иштедик. Бишкекте окуп кеткен бир анголалык жигит паспортторубузду таап келип, андан паспортторубузду сатып алдык да Кыргызстанга келе бердик. Бул жерге келгенден кийин Алымбайдан биздин мээнетибизди кайтар десек, булар рэкеттик кылып жатышат деп милицияга арыз жазып, эми "уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат болуп" жүрөбүз.

Элиза Уракеева,
Арча-Бешик конушунун жашоочусу:
- Жолдошум Анголага акча таап келейин, оокатыбызды тыңдайлы деп кетти. Ыйлай-сыктай узаттык. Бир айдан соң 500 доллар салды. Ошо менен үзүл-кесил анча-мынча акча салып коет, баягы 2,5 миң долларың эмне болду десем, баары жакшы деп коет. Чынында, 1,5 жыл стресс болдум. Аял болгондон кийин ар кайсыны ойлойт экенсиң, "башка үй-бүлө таап алдыбы, 3 балам эмне болот" - деп да сарсанаа болуп жүрдүм. Көрсө, мени санаа тартпасын деп ит көрбөгөн кордугун айтпай жүрүптүр. Эми минтип Алымбай деген аферисттен акчабызды ала албай жүрөбүз.

Мухтарбек Өмүракунов,
Россия жана Казакстандагы кыргыз диаспоралары ассоциациясынын жетекчиси:
- Сырт жакта ишке орноштуруудан жапа чеккен жарандарыбыз күн санап өсүүдө. Анголадагы алданган кыргыздар - булар айсбергдин чекеси гана. Өткөн жылдын декабрь айында Россиянын Пермь шаарынан бир нече мигранттарды тосуп алганбыз. Аларды Бишкек шаарындагы калкты жумушка орноштуруу борбору жөнөткөн экен. Ошол эле жылы Ыраакы Чыгышка аттанган жумушчуларга эптеп мекенине келгенге көмөк көрсөттүк. "Замандашка" 3 айдын ичинде эле 80дей алданып калган жарандар кайрылышты. Бүгүн кулчулукка сатуу бизнеси дүйнөдө курал-жарак жана баңгизаттан кийинки эле 3-орунда турган эң кирешелүү тармактардын бири. Биздин Өкмөт, ИИМ, Миграция министрлиги, прокуратура, айтор, тиешелүү органдардын баары бул маселеге олуттуу көңүл бурбай атканы өкүнүчтүү. Чет өлкөдө легалдуу эмес ишке орноштуруу менен шугулданып жүргөн бир да кыргызстандык сот жообуна тартылган эмес, болгону 2-3 миң сом айып төлөп кутулуп кетишүүдө. Мамлекеттик структуралардын ишмердигин координациялап, мыйзамды күчөтүп, өз жарандарыбызды коргоп албасак болбойт.

Кошумча маалымат:
2010-жылдын 10-декабрында №18 "Москва-Бишкек" каттамы менен кыргызстандык 39 эмгек мигранты Россиянын Пермь шаарынан кайтып келишкен. Аларды Бишкек шаардык калкты жумушка орноштуруу борбору жөнөткөн эле. Натыйжада, бул жактан айткан шарттары дал келбей, кыштын ызгаарында эч кандай шарты жок, кароосуз имаратка жаткырып, тамак бербей, ал аз келгенсип жарытылуу айлык да төлөшкөн эмес. Айлалары кеткен жарандар "Замандаштын" жана Оренбургдагы кыргыз диаспорасынын жардамы менен кайтышкан.
2010-жылдын январында да Ош шаардык калкты жумушка орноштуруу борборунун жолдомосу менен Хабаровск шаарына барган 84 жараныбыз да дал ушундай жагдайга туш болушкан. Шаардын кыргыз диаспорасы менен "Замандаштын" аркасында мекендерине кайтышты.
Өткөн жумада Владивостоктон 9 жараныбыз кайтып келди. Дале болсо ушундай жагдайдан улам...
Кырдаалга Өкмөт качан көз салаар экен?..
Рахат ДОСАЛИЕВА