Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Асыкбек ОМОРОВ

УЛУУ ЭМИР ТИМУРДУН ИМПЕРИЯСЫ
...Тойдон кийин болгон курултайда Алтын ордого аскердик жүрүш жасоо жөнүндө Орус хандын чечими бир добуштан колдоого алынган.
Курултайдын батасын алгандан кийин Орус хан Туй-Ходжанын баласы Токтомушту кармап өлтүрүп салуу жөнүндө оюн жарыя кылат. Муну уккан Токтомуш 1376-Балык жылында Темирланды көздөй качат. Ошол кезде Кочкор өрөөнүндө жүргөн Темирлан Токтомушту чоң кубаныч менен тосуп алат. Мавераннахр мамлекетинин түндүктөгү коңшусу Орус хандын соңку активдүү аракеттери Темирландын да тынчын ала баштаган. Темирландын эмки милдети, биринчиден, Мавераннахр империясынын түндүк чек арасындагы көчмөн элдердин тагдырын биротоло чечүү эле, экинчиден, ошол жерлерди келечекте Алтын Ордо хандыгы менен Мавераннахрдын ортосунда эркин аймак катары кармагысы келген.
Чынгызхандын армиясы Чыгыш Европаны басып алып кыпчактар менен аралашып жашап калганда, европалыктар кыпчактарды "половцы", "варвары" деп атап келишсе, эми аларды "камандар" деп атап калышты. Жоочунун балдарына Батый ханды баш кылып Чыгыш Европаны Чынгыз хан өзү мурас калтырганынын да жөнү бар болчу, себеби монгол, кыргыздардын салтында улуу баласына эң ыраак мал жайыты берилет. Ошол себептен Чынгызхан көзүнүн тирүүсүндө Жоочунун балдарына Чыгыш Европаны, Чагатайдын балдарына Орто Азияны энчилеп, Өгөдөйдү Каракорум шаарына хан калтырып, Төлөйгө болсо бүт Монголияны берген эле.
Жоочу өлгөндө анын ордуна бийлик жүргүзгөн баласы Батый-хан Чынгызхандын урпактарынан эң кыйыны болуп чыга келди. Ал мурастап алган аймагын башкарып, сактап эле калбастан, ээлигин андан ары кеңейтип, түштүгү Жер Ортолук деңизинен баштап Европанын Вена шаарын, түндүктөгү немистерге чейин багынтууга жетишти. Европаны бүтүндөй жеңип алуу үчүн колдун алды Хорватияга жетип калган мезгилде Каракорум шаарынан Өгөдөй хан өлгөнү тууралуу кабар келет. Батый-хан ошондо Европага жортуулун токтотуп, өзүнүн Алтын Ордосуна кайтат. Батый-хан 52 жашында оорудан каза болгондо анын Беркенжардан кийинки иниси Берке-хан тактыга отуруп 1255-Коён жылынан 1266-Жолборс жылына чейин бийлик жүргүзгөн. Берке-хан Батый агасынын жолун жолдоп, Алтын Ордонун кубатын чыңдап, аны ошол кезде Евразиядагы эң чоң империяга айлантат. Алтын Ордодон кийинки империя болуп Ак Ордо эсептелген. Ак Ордонун түштүк чек ара аймагы Мавераннахр, Батыш жагы Эдил дайрасы, түндүгү Батыш-Шебер токою менен чектелген.
Берке-хан ошол кезде Монголия империясынын сол канатын башкарган Хулагы менен араздашып, Египеттин мамлюктары менен шериктеш болуп келишим түзүп Хулагунун бийлигин алсыратууга аракет кылган. Улуу монгол империясынын сол канатынын ээлиги болуп ал кезде Чыгышта Ооганстандан баштап Батышта Египетке чейинки, Түндүктө Мавераннахр империясынын чектери, Түштүгүндө Индокеан жээктерине чейин созулган зор аймак эсептелинчү.
Ислам динин бекем кармаган Берке-хан Батыйдын улуу баласы Сартак христиан дининде болгон үчүн аларга көзү түз болгон эмес. Берке-хан ислам дининде болгон үчүн аны менен мамлюктар кубанып келишим түзүшкөн. Берке-хандын мамлюктарды колго алуу менен келечекте Азербайжанды өзүнө каратып алуу жөнүндө ою болгон.
Тилекке каршы, 1347-Каман жылында Кытайдын түштүгүнөн чыккан кара тумоо Чыгыш Европа аймактарына жетет. Кара тумоодон көп эл кырылып калган. Кийин орус княздары, боярлары биригип түрк-монголдорго каршы Куликов талаасында кызыл-жаян кармашка чыгышат. Түрк-монголдор бул согушта жеңилип калат. Бул жыл 1371-Каман жылы эле. Токтомуш түрк-монголдордун жеңилерин алдын ала билген, ошон үчүн ал Темирланга келип кошулуп, күчтүү армия сурап, 1376-Балык жылында Саурандыны көздөй жылат. Ошол убакта бул багытка Орус-хандын баласы Кутлук-Бука да жыла баштайт. Кутлук-Бука менен беттешүүдө Токтомуш жеңилип калып, кайра Темирланга качып келет. Темирлан аны мурдагыдай аябай жакшы тосуп алат да кайрадан күчтүү армия курап берет. Токтомуш экинчи жолу Сауранга жортуулга чыгат. Анын бул сапар дагы жолу болбой, армиясы бүтүндөй талкаланат.
Токтомуш жеңилгенден кийин Орус-хан Темирланга элчилерди жиберип: "Менин бир тууганымды өлтүргөн душманымды мага бер. Эгер андай кыла албасаңар, анда биз силер менен согушабыз. Согуша турган жерди алдын ала айткыла, биз ал жерге согушуу үчүн аскерибиз менен келебиз",-деп айттырат.
Улуу эмир Темирлан Орус-ханга: "Ал мага баш калкалоо үчүн келди, мен аны силерге тирүү колуңарга салып бере албайм, эгер согуш ачам десеңер мен даярмын",-деп жооп жиберет.
1377-Жылан жылынын кыш мезгилинде Темирландын көп аскери түндүктү көздөй Ак Ордого аттанат. Жоочу улусунда Орус-хан да согушка камына баштайт. Темирлан Ак Ордого жетпей Сыгнакка барып токтойт. Ал жерде беттешүү болбой калат, анткени кокусунан катуу алай-дүлөй шамал болуп, жоокерлер катуу үшүп, курал-жарак кармаганга жарабай калышат.
Ошол жылы суук катуу болгондуктан үч ай ичинде касташкан тараптар майда кармашуулар менен гана чектелет. Орус-хан чыдабай согуштук лагерин таштай качат. Муну Темирлан билсе дагы чабуулга өтө алган эмес, себеби аттардын жем-чөбү түгөнүп, жүрбөй калган болот. Темирлан Самарканга чегинип барып, күч жыйнап кайра кайтып келет. Жайранкалыш деген жерде болгон салгылашууда Орус-хандын армиясы толугу менен жеңилет. Персия тарых булактарындагы маалыматтарга караганда, ошол согушта Орус-хан өлөт. Темирлан жеңишке жетип, көп олжого туйтунат. Орус-хандын миңдеген аттарын жана Саурандын көп байлыктарын тартып алат. Темирлан Ак Ордого башчы кылып Орус-хандын баласы Токтахияны калтырып кетет.
Токтахия хан болгону менен анын бийлиги Саурандан ары тараган эмес, ал жакты Орус-хандын улуу баласы көзөмөлгө алып турган. Токтахия Ак Ордого хан болуп эки ай гана бийлик жүргүзгөн. Ал катуу ооруп калып, көз жумат. Бийликке Орус-хандын кийинки баласы Темур-Малик келет. Темур-Малик мамлекеттин иштерин жүргүзбөй, ал арак ичип, шапар тээп жатып алат. Темирлан Темур-Маликти теске салуу үчүн Токтомушту баш кылып кошуун жиберет. Кандуу кармаш кайрадан Сыганактын жанында болот. Темур-Малик жан аябай салгылашат, бирок жоокерлери жеңилип, өзү туткунга алынат. Темирлан Токтомуштун жеңишин укканда сүйүнгөнүнөн Мавераннахрдын түрмөлөрүнөн көп адамдарды азаттыкка чыгарган.
1379-80 Кой, Маймыл жылдары кыш айларын өткөргөндөн кийин Темирлан Алтын Ордону көздөй жортуулга аттанат. Биринчи эле салгылашууда Темирлан жеңишке жетип, Токтомушту Алтын Ордого хан кылып бекитет. Алтын Ордо кайрадан Сыр дарыядан Днестрге чейинки аймакты ээлеген эң чоң империяга айланат.
Токтомуш-хан болгондон кийин бийлигин чыңдап, ээлигин кеңейтип Орусиянын Владимир, Юрьев, Можайск шаарларын каратып алат. 1382-Ит жылында Москва шаарын өрттөп, баш ийдирген. Андан кийин Литваны талкалаган.
Эми Токтомуш менен Улуу Эмирдин өз ара мамилелерине кайрылып көрөлү. Токтомуш Алтын Ордодон качып келгиче Темирлан Моголистан менен Хорезмди жеңди. Сарбадарлар мамлекетинин борбору болгон Сабзавар шаарын, күрддөрдүн Герат шаарын баш ийдирди. Далай жылдар моюн сунбай келаткан Мазандаран дубанын да чөгөлөттү.
Жаш Токтомуш Темирланга келип кошулганы ага көп жардам берди. Анын кызматы унутта калган жок, акыры ага Алтын Ордонун хан тактысын алып берди...





Еврейстанга саякат…
Израиль:
кечээ жана бүгүн…
(Башы өткөн санда)
Кнессеттин депутаты Роберт мырза пикир алмашуу учурунда бизден: "Силерде биздин улутка карата антисемитизм (жек көрүү) жокпу?"-деген суроону кабыргасынан койду. Мына, еврей депутаттардын кызыкканы! " Биздин элде антисемитизм еврей улутунун өзүнө жок. Бирок айрым шылуун, биздин президент сөрөйүбүз болгон К. Бакиевдин баласы Максимдин еврей улутундагы досторуна (Гуревич, Белоконь, Елисеев) албетте, антисемитизм бар"-деп сылык гана жооп узаттык. Бул жоопту уккан депутат мырза бир азга ойго бата түштү…

Израилдин өкмөтүнүн курамы туура 30 министрликтен турат. Таң калычтуусу 30 министрликтин үчөө портфели жок министр (министр без портфеля) деп аталат. Аталган министрликтин министри кадимкидей эле өкмөттүн жыйындарына катышып, ар кандай сунуштарды айтууга толук укуктуу. Бирок бул министрликтин өз алдынча иш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү өтө эле чектелүү жана жамааты да өтө аз. Жалпыга белгилүү болгондой, бул өлкө чакан экендигине карабастан, өзүн бир топ эле "кыйын" сезген өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет.
Чындыгында, Израилдин экономикасы күчтүү өлкөлөрдүн катарына кирерин жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттин бюджетинен эле билүүгө болот. Андан тышкары дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен бул кичинекей мамлекетке ар кандай жолдор менен "агып" кирип турат. Мунун себебин ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн. Бирок көпчүлүккө маалым болгондой, Америка, Россия баштаган кубаттуу өлкөлөрдүн кубатына кубат кошуп, ар кандай жооптуу кызматтарда (Израилдин кызыкчылыгын биринчиге койбосо да, эч унутпаган) иштешкен адамдардын бир тобу "таза кандуу" еврей экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ошондой эле дүйнөдө мен деген миллиардерлердин да көбү еврей улутундагы адамдар. Маселен, андай адамдардын катарына М. Ходорковский, Р. Абрамович, Б. Березовский, А. Машкеевич ж. б. Мына ушул сыяктуу капчыгы калың адамдар кичинекей Израилдин ансыз да күчтүү экономикасын ого бетер күчтөп турушат.
Белгилей кетчү нерсе, бул өлкөдө айрыкча техника болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Еврейлер биздин эле эмес цивилизациясы укмуш өнүккөн Европа мамлекеттерин да техника жана башка багыттардагы ачылыштары менен таң калтырып келет. Бул тууралуу төмөндө сөз кылабыз.

Суусу жок "кургак" өлкө, бирок…
Израиль айтылуу Жер Ортолук деңизинин жээгинен орун алганы менен, сууга өтө жарды өлкө. Көп жылдар бою суу негизги көйгөйдүн бири болуп келген. Өзгөчө акыркы 8 жылдан бери кургакчылык абдан байкалып келет. Бул өлкөгө жаан да жарытып жаабайт. Жааса да, декабрдан апрель айларынын ичинде болгону 30, 40 күнгө жакын (нөшөрлөгөн жаан эмес, кыска убакытка гана) жаайт. Ошентсе да амалдуу еврейлер бул көйгөйлүү маселени акылга салып чечип алышкан. Маселен, таза сууну жердин түбүнөн казып ичишсе, айыл чарба жана өндүрүшкө жумшала турган сууну такыр башка жолдор менен ойлоп таап колдонот десек болот.
Еврейлер өз өлкөсү колдонгон кадимки канализацияга чогулган сууну борбор шаары Тель-Авивден бир жарым саат алыстыкта жайгашкан бир шаарда атайы заводдон тазалашат. Заводдун аянтты 250 гектар. Ал заводдун атайы тосмолоруна (өлкө боюнча) канализациядан 140 млн. куб суу топтолот. Ар кандай акыр-чикир толгон бул сасык суу заводдон тазалана баштаганда: биринчи этабында желим бөтөлкө, памперс, чүпөрөк-чапырагынан арылат. Экинчисинде бозомтук болуп, тосмолордон тосмолорго шаркырап ага баштайт. Ал эми үчүнчүсүндө кадимки кумдан өтүп, кумда бир жылга жакын убакытка чейин тазаланып жатат экен. Бир жылдай кумда жаткан соң мөлтүрөгөн көк кашка сууга айланып, ал көк кашка сууга өрдөгү, чайкасы чурулдап конуп, өзүнчө эле шапар тээп баштайт. Бул эле эмес, бул "көк кашка сууну" медициналык жактан экспертизадан өткөрүшүп, адам иче турган деңгээлге чейин тазалашат экен. Муну аталган заводдун директору тастыктап айтып берип, ал тургай ичип да берүүнү убада кылган эле. Бирок биз: "кантип ичет" - деп таң калып жатканыбыз менен, "таза сууну тамшанып" ичишин талап кылбай, заводду кыдырып жүрүп унутуп калыптырбыз.
Еврейлер бул жасалма түрдө тазаланган "таза суунун" 75 пайызын арзан баада өлкөнүн айыл чарбасына, калган 25 пайызын өндүрүшкө сатышат экен. Мындан тышкары өздөрүнүн бул ыкмасын көптөгөн, айрыкча сууга жарды Африка өлкөлөрүнө да жайылтышкан.

Электр энергияны өндүрүүнүн жаңы ыкмасы
Еврейлер ойлоп табуу жагынан япондордон ашса ашар, бирок кем калышпастыгын жакшы эле билебиз. Еврей улутундагы адамдар өтө амалдуу жана акылдуу келишет. Мына ушундай сапаттарга ээ болгондугу үчүн кудай унутта калтырган шарты катаал чөлдүү жерди кадимкидей эле гүлзарга айлантып алышкандыгы буга толук далил болуп бере алат. Бул өлкө жаратылыш байлыгына жарды экенин жогоруда жазганбыз. Сөзүбүз кургак болбош үчүн бир катар мисалдарды келтирели.
Еврейлер нефтини чийки бойдон (сырье) нефтиге бай өлкөлөрдөн (көбүнчө Россия, Казакстан, Азербайжан) сатып келишет. Мисалы, 2008-жылы Россиядан 1 миллиард долларга чийки нефти продукциясын сатып алышкан. Сатылып келинген нефти продукцияларын өз өлкөсүндөгү жаңы технологиялар менен салынган нефти иштетүүчү заводдорунда иштетип, алгач өз өлкөсүн толук камсыздап, андан тышкары нефти продукциясына муктаж өлкөлөргө кымбат баада экспорттошот.
Биз Тель-Авивден анча алыс эмес жерде жайгашкан Ашдод шаарындагы нефти иштетүүчү заводдордун биринде болдук. Ал заводдун чоңдугун айт да, күжүлдөп иштегенин айт. Ошончо чоң заводдо болгону 385 адам эмгектенет экен. Адатта андай кубаттуу, чоң заводдордо, бери дегенде 3 миң адам (өзгөчө бизде) иштейт. Себеби еврейлерде бир нече адам аткара турган ишти бир эле компьютердик аппараттар аткарат экен.
Ал эми еврейлер учурда электр энергияны жаңы ыкмада өндүрүп ала баштады. Анысы мындай: кадимки эле автоунаалар тынбай өтүүчү асфальт жолдордун так ортосун ичке арыкча кылып (ар кайсы жеринен 20, 25 метрге чейин) казып, ал арыкчаларга атайы жасалган чакан генераторлорду бири-бирине туташтырып, ага кандайдыр бир ак түстөгү коюураак нерсени сүйкөп, анан көмүп коёт. Автоунаалар ал генераторлор көмүлгөн жолдун үстүнөн өткөн кезде, баягы жердин астындагы генераторлор автоунаадан чыгып, абага сиңип кетчү энергияларды өзүнө "соруп" алат. Натыйжада ал (ахалай-махалай болуп сыйкырланган жерден) 100 автоунаа өтсө, ал 100 автоунаанын жер астында "жашынып" жаткан генераторлорго берген электр энергиясы 500 квартираны бир сутка бою электр энергия менен камсыз кылат экен.
Еврейлердин эч бир мамлекетте жок бул ыкмасы учурда Европа өлкөлөрүнө тарай баштады. Бул ыкманы алгачкылардан болуп, Франция жана Италия мамлекеттери иш жүзүнө ашырганы турушат.

1 гектар жерден 7 тонна буудай…
Биз өз өлкөбүзгө кайтарыбызга бир күн калганда, 1200 саан уй багылган өлкө боюнча эң чоң уй фермасынын ишмердүүлүгү менен таанышып жана 950 гектар жерди иштетишкен адамдарга жолугуп, алардын жашоо-турмушу жана колдонгон ыкмасын да көрдүк.
Еврейлердин айыл чарбасы да укмуш өнүккөн. Жер иштетип, мал баккан адамдар борбордон алысыраак жерлерде жашашат. Андай адамдарды "кибуцник" деп аташат. Булар өздөрүнчө топ болушат. Дыйкан же чабан болгусу келген адамдар кибуцниктердин тобуна мүчөлүккө өткөндөн соң гана "кибуцник" болот алат. Кибуцник менен калктын 6 гана пайызы алектенет. Еврейлер учурда малдын түрүнөн көбүнчө уйга басым жасашат. Акыркы жылдары бир уйдан бир күндө 40 литрден кем эмес сүт алышып, дүйнө өлкөлөрү боюнча биринчи орунга чыгышты. Еврейлер жада калса ар бир саан уйларын бирден компьютерге "бекитип" койгон экен. Анын себеби мындай: ар бир уйдун организмин атайы компьютер тыкыр изилдеп турат. Эмнеси ооруйт? Организми кандай витаминдүү тамактарды талап кылат? Кибуцниктер мына ушулардын баарын компьютер аркылуу билишип, компьютердеги көрсөтмөнү так аткарып турушат. Эгер кайсы бир уй бир күндө 40 литрге жетпеген сүт берсе, анда акырындык менен ал уйдун "көзүн тазалап" коюшат экен. Кыскасы, еврейлердин уйлары бир күндө 40 литр сүт берүүгө милдеттүү.
Ал эми биз бир гектар жерге 250 киллограм буудай сээп, ал жерден жакшы болду дегенде 2, 5 тоннага чейин түшүм алсак, еврейлер бир гектар жерге 200 киллограмга чейин буудай сээп, ал жерден 7 тоннага чейин түшүм алышат. Ошондой эле пахтанын түшүмдүүлүгү (1 гектардан 3, 3 тонна алышат) боюнча да, дүйнөдө биринчи орунда турушат. Еврейлердин башка өсүмдүктөрү да түшүмдү укмуш берет. Маселен, башкасын айтпаганда да, сабизи 35 сантиметрден 50 сантиметрге чейин өссө, сабагы да жарым метрге жакын бийиктикте өсөт экен.
Ошондой эле еврейлер ар бир өсүмдүккө канча суу (окумуштуулары изилдеп чыгышкан) керектелсе, ошончо сууну атайы айыл чарба техникасы менен эч коромжу кылбай, (айдоо жерлеринин ар кайсы жеринде атайы жасалган көлмөлөрдөн алышат) тамчылатып гана сугарышат. Кибуцниктердин айлыгы (иштегенине жараша эсептелет) шаарда иштеген еврейлердин айлыгынан да бир нече эсе жогору.
Мына ушундайча айыл чарбасын гүлдөткөн еврейлер айыл чарба продукцияларын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө, анын ичинен буудай азыгы Кошмо штаттарга, Африка өлкөлөрүнө абдан көп өлчөмдө экспорттолот.

Еврейлер коргонууга көп акча коротушат…
Израиль согушчан өлкөлөрдүн катарын толуктаган өлкө болуп эсептелет. Кошуна өлкөлөрү менен мамилеси анча деле "ысык" эмес. Мына ушул себептенби, айтор коргонууга жана жаңы аскердик техникаларды ойлоп чыгарууга оңбогондой көп акча коротушат. Өлкөнүн бюджетинин жарымы армияга сарпталат, ушу себептен улам Израилдеги ар бир адам алган айлыгынын туура 50 пайызын ыйлай-сыктай салыкка төлөшөт. Маселен, 2009-жылы 13,3 млрд. доллар (бул сумма еврейлер үчүн азыркыга чейин рекорддук көрсөткүч болуп келатат) сарпташкан. Еврей жарандары армияга кызмат өтөөдөн үч эле себеп менен бошотулат. Биринчиси, динге берилген улан-кыздар, турмушка чыга турган кыздар (бул кыздар үчүн эле) ден соолугуна байланыштуу жана Израилге 26 жашка чыкканда кайтып келген еврейлер, баласы бар кыздар. Ал эми Израилдеги башка улуттагы (арабдар ж.б.) адамдар өз каалоосу менен кызмат өтөшөт. Еврейлердин армиясы 176 500 аскерден турат. Запастагы офицерлеринин саны 445 миң. Негизинен, аскери үч багытта өнүккөн: жөө аскерлеринде 125 миң, аба күчтөрүндө 35 миң жоокер кызмат өтөшөт. Еврейлердин аскеринин 3700 танкасы, 518 аскер учактары, 205 аскер тик учактары бар. Белгилей кетчү нерсе, еврейлер акыркы жылдары жаңы үлгүдөгү аскер техникаларын чыгаруу боюнча да алдыга чыкты. Ал жөнүндө жазып олтурса да, көп сөз…
Урматтуу окурман, Еврейстанга барып, көрүп, билип, угуп келгенибизди гезитибиздин өткөн санында жана жогоруда кыскача жаздык. Кийинки сандарда атактуу Иерусалим шаары жана еврейлердин окумуштуулары тууралуу да учкай жазмакчыбыз.
Айбек Шамшыкеев,
Бишкек - Израиль - Бишкек