Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

КУРСАК ТОЮНАР,
КИЙИМ БҮТӨЛӨР… МИТИНГДЕН
КУТУЛЧУ КҮН КЕЛЕБИ?..
Адамзатта, анын ичинде кыргыз деген улутта адат көп. Ушул азыр ошол адаттардын жакшысы жаманынан көп болуп кетип жатат. Ошол жаман адаттардын бири митингге чыгуу деген болуп калды. Мурун Совет доорунда жакшы иштерге реакция кылчу "Бардыгыңар БАМга!", "Космос биздики!" сыяктуу митингдер менен бирге "Анголадан колуңду тарт!", "Карваланды боштондукка!", "Анжела Девис, биз сени мененбиз!", "Империализмге Кубада орун жок!" сыяктуу митингдер өтүп турчу.

Азыр кыргыз турмушунда митингдер аябагандай көп, чоң саясий талаптар коюлган митингдер менен кошо бирөө бирөөнү тилдеп койсо, бирөөнүн ити экинчисинин огородун булгап койсо, базардагы албуут катын жанындагысынын бетин тытам десе, дагы бири алган акчасын кечиктирип жатса… айтор, түркүн аталыштагы жана багыттагы митингдер ичкен ашыбыз менен жуткан абабыздай эле "керек" болуп турат, турмуш реалдуулугунун бир өңүтүн түзүп да калды көрүнөт.
Жакынкы эле митингдер бандиттерден курман болгондордун, Ош базарындагы соодагерлердин мурунку жана эки күн мурунку митингдери, Ошто июнь окуясында каза болгондордун жакындарынын митинги, түрмөдө жаткандардын жакындарынын ж.б. митингдерден күн куру эмес.
Туура, митинг эркиндикке, теңдикке күрөшүүнүн Конституцияда жазылган бир түрү, бирок аны ыгы менен, орду менен, жосуну менен пайдалануу эптир. Азыр чындыкка, эркиндикке, демократияга жетүүнүн куралынын баркы да кетип баратат, дагы аз өтсө таптакыр эле шылдың түшүнүккө айланып калчу жолдо баратат. Үч-төрт киши бир жакка баратса, "эмне, силер митингге баратасыңарбы?"-деп кыйтыр жылмайгандар четтен чыгып жатат.
Жакшылык кууп аракеттенет деген митингдер эми башка түскө өтүп, мамлекеттеги абалды дестабилдештирүүгө, бир саясатчынын экинчи саясатчыдан өч алуусуна курал болуп, бийликке жетүү аракетин жасап, криминалды коргоп ж.б. үчүн уюшулуп жатат. Азыркы митингдердин көбү жамандыкты алып келчү, мамлекеттин биримдигине шек келтирчү курал болууга жол алып олтурат.
Көлбаевдин буйругу дейби, бакиевчилердин кылганы дейби, же түрмө кайтаргандардын өздөрү уюштурган дейби, айтор, түрмөдө жаткандарды коргойбуз деген митинг да болуп өтпөдүбү. Адегенде мончо-пончону оңдогула, сабап-этпегиле, ооругандарды жакшы дарылагыла сыяктуу талаптар коюлуп жатты эле, аяк жагында "Көлбаевди куугунтуктабагыла, Атамбаев уюшкан кылмыштуу топтун анабашылары менен сүйлөшсүн" деп аябай эле аша кеткен талаптар да коюлду. Уюшкан кылмыштуулукту түп тамырынан бери жоготобуз деп жаткан бийлик эми алардын астына түшүш керек экен да...
Ооба, түрмөдө да жакшы адамдар бар, кээси аз кылыгы үчүн кесилип кетишкендер. Бирок ошону менен бирге эле адам өлтүргөндөр, жаш балдар менен аялдарды зордуктап туруп өлтүргөндөр, акча үчүн адамды койчо мууздагандар ж.б. мыкаачылар да бар. Алардын укугун коргош керек дегендин өзү кылмыш деп билем. Гуммандуулук дегенди бир тараптуу түшүнүп тантырай бергендин кенедей да кереги жок! Жанагы баш кесерлерге дүйнө аңтарылып кеткени сонун, мамлекетте будуң-чаң түшкөнү сонун. Анан алардын тилегине тийип турган укук коргоочумун деген жүзүкаралар аябай көбөйдү! Аларды ордуна коюп турчу органдар онтойт эле онтойт… Онтоп жатып өлкөбүз ажаан катындардын ордосуна айланмай да болду окшойт.
Жанагы түрмөдөгүлөрдү коргоп Парламентти камалагандардын арасынан, айланайын, андан кудай сактасын, бир катын "Отунбаева чык, Атамбаев чык" деп айкырып жатат. Кебетеси аябай коркунучтуу. Эми ошол катын эне болду бекен, ошону бирөө саамайынан сылап сүйдү бекен?! Ай, ким билет, ким билет?! Аз өтсө назик делген аялдар "амазонкалардын" дагы да жапайыланган түрү болуп шорубузду кайнатпагай эле…
Ош окуясы боюнча үч миңдей кылмыш иши козголгон жана анын миңдейи кыскартылган экен. 95 адам кылмыш жообуна тартылган. Табылган 187 сөөктү ондон ашыгынын ким экендиги аныктала элек. Жалал-Абадда болсо 800 кылмыш иши козголуп 85 адам жоопко тартылган. Бул сандар Башкы прокуратуранын официалдуу билдирүүсүнөн, ал эми канча адам өлгөн жана дайынсыз болгонун эч ким билбейт.
Атамбаев Ош окуясы боюнча митингге чыккандарды кабыл алды, өлгөндөрдүн жакындарына миллион сомдон берүүгө маселе көтөрөрүн айтты. Чын-чынына келгенде митингге чыккандардын бир ниети - акча экендигин кантип тандык?! Экинчи жагынан аларды да, башкаларын да митингге чыккыла деп көкүтүп жаткан журтбузарлар бар. Баягы "үчүнчү күч" деген дүжүр былжыракты айтыштын кереги жок, алар парламентте, Өкмөт тарапта, коомдук уюмдарда. Сөз кыскасы, митингдердин баарын бакиевчилер жана криминал анабашылары уюштуруп жатканы белгилүү болуп турбайбы.
Ош окуясында курман болгондорго, террористтердин колунан каза тапкан милийсаларга "баатыр" деген наам бериш керек деп да чыгып жатышат. Бул уят иш. Террорист экенин билбей, майда-барат бандиттер деп куралы жок барып өлгөн милийсаларга эле "баатыр" наамын бере берсек, анда ал наамдын баркы болбос, башка элге шылдың болорбуз. Жаткан жерлери жайлуу болсун дечи, жанагы революцияда курман болгон 87 адамдын баары эле "баатыр" эместир, арасында башаламан болуп кетсе, бир нерсе колума тийип калар деген мародер жолундагылар деле бардыр…
Биздеги дагы бир жаман адат - кенедей эле кыйындык башка түшсө "мамлекет жетекчилери, Өкмөт күнөөлүү" деп чыкчу болдук. "Ошол иш үчүн менин да күнөөм бар" деп накта күнөөлүүнүн бирөө айткан жери жок, акчанын күчү менен митингдерге, пикеттерге чыгып же ачкачылык кармап жаткан саткындар эмне үчүн айтылбайт. Өкмөт болсо жаманбы, жакшыбы өз миссиясын аткара баштады: энергетикадагы финансылык жагдайды оңдоо менен элге электр энергиясын кымбаттаткан жок, Россия менен макулдашып, күйүүчү майды арзандатуу, ошол эле Россиядан үстөксүз кредит алуу, "МегаКомдун" жеп-ичкенин токтотуу ж.б.
Мына, мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирүүнү көздөгөндөрдүн жазы да келип калды. Алардын тилектери ташка тийсин дейли да ушул бийликти, ушул тынчтыкты коргоп турууга белсенели… дагы кандай жол болушу мүмкүн…
Буудай себиш керек…
Баратбай АРАКЕЕВ