Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Байболов кетмек эле…
Кандай гана мамлекет болбосун Башкы прокурор деген кызмат аябагандай абройлуу да, аябагандай жооптуу да кызмат. Бул кызматка барчу адам өзүнүн басып өткөн жолун аябай кылдат таразалап, "ушул кызматка татыктуумунбу, уят болуп калбаймынбы, басып өткөн жолум бул кызматта иштөөгө жол береби" сыяктуу толгон санаркоо менен барат. Бул башка мамлекеттерде болчу көрүнүш дейли.
Ал эми биздин мамлекетте болсо, арты булгангандын баары эле чоң-чоң кызматтарга улунуп-жулунуп турат…
Бакиев бийлиги кутуруп турганда аз-маз какыс-кукус кылынган Байболов ал көрүнүштү "мени атып жок кылганы жатат" дегенге чейин жеткизип, Америкага кире качкан. Бул жерде оппозиционерлердин башында тургандардын өмүрү коркунучта турганда, Байболов тиги Америкасынан ресторан сатып алып оокатын кылып жаткан. Анан революция болуп, Байболовуң жетип келди да аз өтпөй башкы прокурордук орунга уялбай эле баса олтурду. Ал ал болсун. Бирок бул орунда ал кээ бир келемиштерди "крышалап" жүргөн тура. Маселен, "МегаКомдогу" Максим Бакиевдин адамдарын колдогонун айталы… бекер эмес да анан…
Аталган иш аябагандай чоң чырга айланып баратканын билген президент Отунбаева 16-мартта Мамлекеттик коопсуздук кызматына аталган ишти тапшырат. Ал кызмат ишти изилдеп чыгып, Байболовдун аялы Байболовага "кылган кызматын" таап чыгат. Сөз кыскасы, кечээ Байболов мырза башкы прокурордук орунунан учуп түштү, болмок эле болду.
Байболовдун ордуна президенттин парламенттеги өкүлү Аида Салянова убактылуу шайланып олтурат. Биздин баамда Салянова ишин билген, анан да мыйзам аркалап иштеген адам.
Кыргыз тарыхында Салянова башкы прокурор болгон экинчи айым. Биринчиси Чолпон Баекова болчу. "Баекова баскан жолду баспасын, ал жасаган иштерди жасабасын, Конституцияны бузуп туруп Акаевди үчүнчү мөөнөткө шайлаткандай иштерди жасабасын, иши ийгиликтүү болсун!" - деп бата тартып жиберген аксакалдар да болуп жатат.


Масалиев президент болсо, казинолорго майрам…
Мамлекетти төңкөрмөкчү болгон акеси Үсөн Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын айткандарына "макул" дей берип сотко тутулуп, анан араң кутулган Исхак Масалиев бир гезитке маек берип, "президенттик шайлоого катышасызбы" - деген суроого: "Талапкер боломбу, же башка бир талапкердин штабында иштейминби, азырынча чечиле элек" - деген жообун берет.
Туура, ар ким мыйзам чегинде каалаганын кылат. Масалиевдин президенттикке барары же барбашы өзүнүн жеке иши. "Он жылдан бери саясатка аралашып келем"- деп мактаныч кылганы менен, ошол саясатта орчун кайсы ишти жасады? Санай албай турабыз. Ал эми кайсы казинодон канча уттурду дегенди көптөн бери талкууга алып келген "электораты" көп. Ошондон улам суроо туулат, эгерде Масалиев президентикке шайланып калса, мамлекетибизди кумар оюндарга аралаштырып жибербейби, же одоно айтсак мамлекетибизди уттуруп жибербейби?! Коркунучтуу суроо… Демек, анын президенттикке ат салышы дагы коркунучтуу го деп арсарсып-санааркап койсок болот.
Бакиев тушундагы парламенттик шайлоодо "Ата Мекендин" ордун уялбай эле ээлеп келгенин жана бакиевчилердин "Ак жол" партиясына гарнир болуп жүргөнүн эли унута элек. Жогорудагылардын баарын анализдегенде эле Масалиевдин кандай деңгээлдеги саясатчы экенин сыпаттап алат.


Оо-уу, 12 миң эле евро экен
Укмуштуудай ушак уктук. Айта кетсек, "Манас" аэропортунун мурунку алты директору чай үстүндө чардашып, бири-бирине белек тартуулашат имиш. Алардын бирөөсү экинчисине колундагы кол саатын белекке берет экен. Алтындан жасалган ал сааттын баасы араң эле 12 миң еврону басып жыгылыптыр. Айрымдардын айтымында, ал жердеги директорлордун бир күндүк кирешеси ошол сааттын баасына барат дешет. Демек, экс-директорлордун мындай белектери алар үчүн арзыбаган акча тура. Атаң гөрү, эмнеге эле аэропорт дегенде алаңдашат десек, акча дегениң ал жакта "море" турбайбы! Алтын сааттын эски ээсин да, жаңы ээсин да жакында кабарлайбыз.


Ачып-жапмайбы же акча тапмайбы?
Өткөн аптада Бабановго эрегишип калган Байболовдун Башкы прокуратурасы азыркы коалициянын төрагасы Канат Исаевге карата кылмыш иши кайрадан ачылгандыгын кабарлаган. Арадан апта айланбай жатып, Канат мырза Башкы прокуратураны, анын жетекчиси Байболовду ушундай "урдурду" дейсиң, Башкы прокуратура ачылган кылмыш иши алеки заматта жабылганын жар салышты. Ушундай укмуштарды көрүп-угуп жаткандан кийин, Атамбаевдин "булар крысаларга крыша болуп алышыптыр" кыязында айтканы чын окшобойбу.
Ал ортодо, "Садыркуловдун өлүмү боюнча иштин этегине чыкмайы бул жерден кетпейм" таризинде кесир сүйлөп алган Кубат мырза кечээ президенттин жарлыгы менен кызматынан оодарылды.


Нариман "үй-бүлө" сырын ачыктады
Минскидеги "атакесинин" баласы "Ата-Журттун" бакандай депутаты Нариман Түлеев кечээ ЖКнын кезектеги жыйынында Ош базарындагы соодагер-митингчилердин маселесин карап жатып "Муниципалдык базар курууга мэрияда азыр акча жок. 2008-2009-жылдары мен мэр болуп турганда Абдрахманов-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1,5 гектар жерге базар курууну көздөгөм, бирок ал жерди Максим Бакиев тартып алган. Ошол жерди мэрия Ош базарынан сүрүлүп калган соодагерлерге бериш керек"-деди. "Бул бирөөнүн менчиги да"-деп алакан жайган кесиптештерине, "үй бүлөнүн" жашыруун сырларын жакшы билген Нарикең "Ал жерлер Курманбек Бакиевдин экинчи аялынын менчиги"-деп укмуштуу жаңылыгын жар салды. Ошентип Маевка, Дордойго "айдалмакчы" болуп, айласы кетип аткандарга жакшы жол таап берди. Эл өкүлдөрүбүз эми Бакиевдин токолунун гектарлаган жерлерин кимдин пайдасына чечип беришээр экен?


Үчөө кармалды, экөө издөөдө
Саламаттыкты сактоо министрлиги Чым-Коргондон качкан беш адамдын үчөө кайтып келгенин билдирди. Маалыматка ылайык, эки оорулуу өз эрки менен келсе, бирөөсүн тартип коргоо кызматкерлери алып келген. Ушул тапта дагы эки оорулуу издөөдө жүрөт. Эске сала кетсек? 25-мартта Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы психикалык ооруканадан 5 адам медициналык кызматкерлерге кол салып, уюкфонун, акчасын тартып алып качып кетишкен. Бешөө тең соттолгон жана сот чечими менен "акыл-эси ордунда эмес" деп табылып, күчтөп дарылоого жөнөтүлгөн болчу.




Барктабасов бошосун, эртең кайра келүүгө…
"Эчки тууй албай жатып, койго арачы болот" деген макалды ушул жерге колдонсо болобу, же болбойбу так эрежесин билбей турабыз, бирок айтчу маселебизге анча-мынча тиешеси бар өңдөнөт. Мындай анан: Жогорку Кеңештин ынтымагы жакшы жагында даана болбой, коалиция бузулат-бузулбайт болуп, депутаттардын бири-бири менен болгон чабышуулары өкүм сүрүп турган убакта, ошол парламент кепилдикке өтүп камакта жаткан Урмат Барыктабасовду үйүнө чыгаруу маселесин көтөрүп жатат. Барыктабасов жакында эле бөйрөгүнөн таш алдырган.
Мамлекетти бир эмес, эки ирет басып алам дегенди деле, революциядан кийин контрреволюция жасоого аракет кылганды деле, миллиондогон акчаны жеп кеткенди деле, айтор, баарын-баарын бошото бериш керек. Анткени биздин өлкөдө мыйзам дегендин ордуна "гуммандуулук" дегениң үстөмдүк кылып турганда Барыктабасовду үй камагына эмес, биротоло бошотуп жиберүү керек.
Маселе ушул: анан бошотулгандын "взяткасын" ким алат?!


ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования