mainkaptal
Пользовательский поиск
Өмүрбек мырза өтө катуу кетти...
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өкмөттү оңду-солду сынамай ишин "ийгиликтүү" улантууда. ЖКнын 30-марттагы жыйынында Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Д. Нарынбаев: "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун алып чыкты эле, ата мекенчи Өмүрбек Абдырахманов: "Силер Бакиевден да жаман иш жасап жатасыңар. Бакиевщина да мындайды кылган эмес, эмне үчүн ушундай ачык-айкын түрдө Конституцияны бузуп жатасыңар. Ошондуктан кеч болуп кете электе ойлонгула. Ансыз деле өлкөдөгү бүт стратегиялык объекттерди сатканы жатасыңар"-деп ач айкырык салды. Бакиевдин тушунда ошол стратегиялык обьекттер катары менен сатылып жаткан кезде өзү кайда эле? Американын "окопунда" Кыргызстанды "дүрбү" менен карап жатпады беле. Мынча болду ошону да эскере кетсе болмок экен? Ушинтип өтө катуу кеткен Өмүрбек мырза муну менен эле токтолуп калбастан "өкмөттүн азыркы аткарып жаткан иштеринин бири калбай алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуу" - деп баа берди. Кыскасы, Абдырахмановдун ою боюнча азыркы өкмөттүн жакшы-жаман иштеринин (мугалимдердин көтөрүлгөн айлыгы дагы) бардыгы президенттик шайлоого байланып-чырмалып калган экен. Эгер алдыда президенттик шайлоо жок болсо, анда кайсы шылтоого жармаштырар эле? Анда да жоктон барды ойлоп чыгышмак да… Эми баары бүтүп, президенттик шайлоо шылтоосу "табылбай турган " нерсеге айланды. Жолуң болгурлар десе, саясат менен алектенбей иштеп жыйынтык көрсөтүшсө боло…


Апрель окуясында каза болгон 86 баатырдын бирөө тирүү…
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында "Республика" фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов апрель окуясында каза болгон 86 баатырдын бирөөсү тирүү экендигин билдирди. Депутат бул маалыматты гезиттердин биринен окуп, аны тактагандыгын белгиледи. Алтынбек мырза бул туурасында: "Гезитте бул адамдын аты-жөнү Максымбеков Маралбек экени айтылган. Ала-Бука жергесинин кулуну учурда тирүү, Россиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүргөнү жазылган. Өзгөн районуна чалып, тактаганымда, ал тирүү экени белгилүү болуп, Россияда иштеп жүргөнүн айтышты. Дароо эле Екатеринбургда иштеп жүргөн инилериме чалдым, алар М. Максымбеков ал жакта маршруттук такси айдарын айтышты" - деп маалымдады. Депутаттар бул жарандын коопсуздугу башкы маселе экендигин белгилеп, анын ордуна Ата-Бейитке кимдин сөөгү коюлгандыгын аныктоо зарылчылыгын белгилешти.


"Берген адамдардын бетине түкүргүң келет…"
Нарын облусунун губернатору Канат Муратбеков Нарын шаарынын эли менен жолугушуу учурунда: "Мындан 10 жыл мурунку Нарын шаары азыр таптакыр башка шаар болду. Эми ушундай иш кылсак шаар 10 жылда жоголуп кетиши мүмкүн. Мен шаарды жөө кыдырып чыктым. Стадиондун айланасын базарга айландырган, ошол жерлерди дүкөн салууга кесип берген адамдардын бетине түкүргүң келет. Кантип ушундай болсун?" - деп күйүп-бышкан сөзүн айтты эле, губернатордун мындай пикирине Шаардык кеңештин депутаты Арпачы Дүйшөналиев: "Сиз антип кекетпеңиз. Булардын колунан келбей жатат. Каражат жетпейт. Сиздер да жардам бергиле. Сүйлөгөндү мен деле билем. Мен деле сиздин ордуңузда болсом кекете алмакмын" - деп жооп иретинде күпүлдөп алды. Канат мырза, ал "акылдуу" депутатка: "Тескерисинче, сиз депутат болгондон кийин, ушул маселени көтөрүп чыксаңыз болмок. Антип ар кимибиз өз кызыкчылыгыбыз менен кетсек, анда шаар тазалыгы оңолбойт. Нарын эч качан шаар атка конбойт. Бири-бирибизди сындаганды токтотолу. Сынашып жатып ушул күнгө туш болдук. Андан көрө төртүнчү күндөн алтынчы күнгө чейин баарыбыз шаарыбызды тазалайлы, жалпылап биргелешип иштейли"- деп демилгелүү жооп кайтарды.
Губернатор Канат Камбарбекович бийлик анча көңүл бура бербеген нарындыктарга намыс үчүн иштеп берүүгө аракет кылып жатканы бир аз байкалгансыйт. Ал ортодо айтышкандар арбып, алаксып да жатат окшойт…


Интернет жагы өнүктү, кыргыз тиличи?
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны 2 миллиондон ашып, Орто Азия аймагындагы лидер өлкөгө айланды. Бирок өлкөбүздөгү интернет сайттардын болгону 5 гана пайызы мамлекеттик тилибизде иш алып барат. "Кыргызстандын интернет коомчулугу" деп аталган фонддун өкүлү Рахат Сабырбеков: "Кыргызстандыктар интернет колдонуу боюнча Орто Азиядагы алдыңкы өлкө. Кабелдик интернеттен тышкары уюлдук интернет бизде жакшы өнүккөн, бирок кыргыз тилиндеги сайттар өтө эле аз. Мыйзам боюнча мамлекеттик мекемелердин маалымат сайттары кыргыз тилинде жарыяланышы керек эле, бирок 2-3 гана сайт мамлекеттик тилде чыгат" - деген маалыматын жарыя кылды. Айтмакчы, өлкөбүздүн интернет айдыңында мындан туура бир жыл мурун жалаң кыргыз тилинде иш алып барган, кыргыз тилдүү интернет колдонуучуларынын эң сүйүктүү маалымат булагына айланган "barakelde.org" маалымат сайты иштей баштаган. Учурдан пайдаланып, "barakelde.org" сайтындагы кесиптештерибизди гезитибиздин жамаатынын атынан бүгүнкү туулган күнү менен кызуу куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалап кетмекчибиз.


Азамат айтты…
"Ата-Журт" партиясынын өкүлү Азамат Арапбаев мурдагы күнү "Манас" аба майданындагы америкалыктардын жүк ташуучу борборун Кыргызстандан чыгаруу керектигин жар салды. АКШнын "Манас" аэропортундагы бул борбору кыргыз жарандарын ишке албай, чек аралаш аймактардан жүк ташып келген тажиктерге көбүрөөк ыктап аткандыгына ыза болгон Арапбаев америкалыктар менен түзүлгөн келишимдерди кайра карап чыгыш керектигин кошумчалады. Азамат мырзанын айтканы, албетте, туура деңизчи, бирок тарых үчүн кайталап койбосок болбойт. Илгери мындан 1-2 жыл мурун Курманбек байкеси Ганси авиа базасын чыгарам, чыгарбайм деп ойноп атканда, дал ушул Азамат Арапбаевге окшогон ак жолчулар кандай чечим болсо да кош колдоп кубаттап келишкен. Эми минтип ээн-эркин сүйлөп атышат. Демократия дегениң ушу да!


Улуттук банктын төрагасын президент шайлайт, бирок …
Жогорку Кеңештин Фискалдык жана акча-насыялык саясат боюнча комитетинин 29-марттагы кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору Конституцияга шайкеш келтирүү максатын көздөгөн бир катар маселелер каралды. Мындай шайкеш келтирүүнү Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев демилгелеген. Мыйзам долбооруна ылайык, Улуттук банктын төрагасы КР президенти тарабынан шайланат жана Жогорку Кеңеш тарабынан бошотулат. Долбоорго ылайык, Улуттук банктын төрагасын кызматтан бошотуунун жолдору дагы белгиленген. Мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталды.


Укук коргоочуларбыз каяктын укугун коргойт?
7-апрелге чейин эл дүрбөсө кошо дүрбөп, Батыш жакка качып барып келген Качкын Булатов деген бар. Өзүн укук коргоочу атап жүргөн Качкын байкебиз мурдагы күнү атайын маалымат жыйын өткөрүп, коркунучтуу кабар таратты. Анын айтымында, эки ай мурунку Арашан айылындагы террористтер менен болгон кармашта каза тапкан Жеңишбек Бабараимов башка жактан өлтүрүлгөндүгүн, террорист деп шектелип камакта жаткан балдардын эч кандай күнөөсү жок экендигин жар салды. Бирок ошол Арашандагы операцияда "альфачы" Жеңишбек тез жардам автоунаасынан үзүлгөнүн, Качкын байкебиз апакай күнөөсү жок деп аткан Абдрахманов жубайы тарабынан тартылып алынган өздүк телефонундагы видеотасмада жардыруучу заттарды кантип даярдап, кандай курал-жарактары бар экенин мактанып атканын кайда жашырабыз. Укук коргоочумун дегендердин алдыңкы сабында жүргөн Токтайым Үмөталиева да өткөндө террористтерди актап-жактап чыкты эле, алардын огунан шейит кеткен милиция кызматкерлеринин туугандары укук коргоочу эжекебизге нааразычылыгын билдирип, катуу капа болушкан. Дегеле, Үмөталиева, Булатов өңдүү "бир короо" укук коргоочуларыбыз көп учурда теңирден тескери кептерин айтып, көпчүлүгүбүздү ар кандай шектүү ойлорго аргасыз түртүп келишет.


Жаштардын да жаны кашайды
Жакында 24.kg маалымат борборунда "Жаш саясатчылар мектеби", "Жалындуу жаштар", "Элдик кеңеш" жаштар уюмдарынын өкүлдөрү "Кыргызстанда элдик оппозиция жок!" - деп чыгышты. "Парламентте өздөрүн оппозициябыз деп айтып жаткан депутаттардын арасында мурдагы коррупционерлерди издебей табасың. Элдин атынан сүйлөй турган оппозиция эч качан ал фракциялардын арасынан чыкпайт"-деген пикирлерин билдиришкен кыргыз жаштары кыргыз саясатчыларынын өткөн кеткен ыплас иштерин бир-бирден баяндап, эл деп көкүрөк каккандары менен оппозиция лидерлерибиз өз чөнтөгү менен жеке кызыкчылыгынан алыс кете албастыгын бөркүндөй көрүшөрүн айтышты.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ