mainkaptal
Пользовательский поиск
Калк "каймактарына"
карап түздөнөбүз
Жүйөөсүз дооматтар
Коом өзгөрүлгөн сайын калктын жашоо-турмушунда оң жана терс жакка өзгөрүүлөр болушу мыйзамдуу көрүнүш. Бул өзгөрүүлөр ар бирибизге таасирин тийгизбей койбойт, айрыкча психологиялык, руханий-духовный дүйнөбүздүн бузулушуна же калыптанышына өбөлгө болот. Турмушубуздун бул чындыгын эч кимибиз төгүнгө чыгара албайбыз. Натыйжада, элибиздин "Эшегине жараша тушагы" - деген кебинин мааниси ушул өңүттө айтылганын белгилеп кетсек болот.
Акыркы мезгилдерде орчундуу маселелердин бири - массалык маалымат каражаттарына карата мансап ээлеринин жана окурмандардын көз карашындагы тенденциянын күч алышы менен байланышта болуп отурат. Анын ичинде айрыкча асылуулар кыргыз тилиндеги гезиттерге багытталышы "киргизчилер" же ошол гезиттер тарабынан катуу сынга дуушар болгондор тарабынан уюштурулуп жаткандай таасир калтырат.
Албетте, гезиттерде кемчиликтер жок деп айта албайм, кээде үстүртөн даярдалган материалдар, болбосо айрым маалыматтардагы фактылар такталбай калганы, чалкеш мүнөзгө ээ болгон учурлар да кездешет, ал эми "гезит окурмандарынын катындагы маалыматтарды текшербей жарыялагансыңар" - деген дооматтар да көп кездешет, бирок аны териштирүү редакциянын милдетине кирбейт. Жарыяланган бул каттагы маалыматтарды текшерүү бийлик бутактарынын, күч органдарынын колунда жана алар ошол каттагы маалыматтардын далилденгенин, ага кандай чара көрүлгөнүн, а кокус, андагы фактылар аныкталбаса, анын жалган маалымат экендигин редакцияга билдириши керек. Ал жооптор гезитке милдеттүү жарыяланып, чырылдаган чындык ошондо элге жетип турмак.

Кайсы ММК бийликке көз каранды
Жашырбай баса белгилейли, ири чиновниктерди "канатына калкалай турган" мамлекеттик басма сөз каражаттары бар, алар негизинен бюджеттин каражаты менен иш жүргүзүшөт, бирок ошол гезиттер менен УТРКнын кыргыз элине канча кадыр-баркы бар экенин эркин гезиттерди сындагандар эмне үчүн эске алышпайт? Алардын маалыматтарына таянсак, тээ эсил кайран СССР жетпей калган "коммунизмди" Кыргызстанга куруп коюшкансып, бүтүндөй министрликтерден тарта, айыл Өкмөттөрдү торгойду " кой үстүнө жумурткалатып" койгонун чындык дейбизби?
Кыргыз тилинде чыгарылган гезиттерде айрым такталбаган маалыматтар кетип жатат, бирок мунун түпкү себептери эмнеде экендигин билген, түшүнгөн адамдар сейрек. Керек десе жогорку билимге ээ болгон азыркы интеллигенттерибиздин көбү гезиттин функциясы эмнеде экендигин билеби? Ырас, сөз каражаттарын колдонууда чектен чыгып жатканын айтып сындашат, "ал эми ал сынга тушуккандардын "мансабына" жана байлыгына" чиренгендер экенин да унутпашыбыз керек.
Айрымдардын журналисттерди "ушакчы аялдарга" теңеши да, "интервью алып кел, акчасын кошо ала кел" - деп жөнөткөндүгүнө "көзү ачыктык" кылышууда. Булар өздөрү "сындаган" деңгээлден канчалык даражада бийик турат? - деген суроо пайда болот. Эгерде өздөрүнүн ушул пикири чындык болсо, ушул жол менен "жашоодо марып" жашап жаткан журналисттердин аты-жөнүн эмне үчүн ачык айтуудан тайсалдашат? Мындай пикирлер жалпы кыргыз ММКларынын бетине көө сыйпоого жатарын алар ойлонушпайбы?
"Досуңдун ким экенин айтсаң, сенин ким экениңди айтып берем?" - дегендей, алгач кайсы доордо жашап жатканын, бийлик бутактарындагылар менен карапайым калктын бир нук менен жүргөнгө канчалык мүмкүнчүлүгү бар экендигин эске алсак болмок. Ар бир гезиттин өзүнүн багыты болот, бири мамлекетке түп-тамыры менен көз каранды, алар эч качан калктын жашоо-деңгээли тууралуу курч маселе көтөрбөй, "эт менен челдин" ортосунда болуп келет, боло берет. Ал эми эркин газеталар салыштырмалуу түрдө алганда деле бул чынжырдын эркин болот. Натыйжада, эркин гезиттерде бийлик бутактарындагы ири чиновниктердин жүзүн ачкан курч материалдар үчүн соттошуулар дүйнөлүк масштабда көнүмүш көрүнүш экендигин белгилеп кетсек ашыкпас болбос.

Коомуң кандай болсо, элиң ошондой
Элибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта эркин гезиттер жаандан кийинки козу карындай көбөйгөнү жашыруун эмес, бирок жарыкка чыккан басма сөз каражаттарынын белгилүү өлчөмдө өз окурмандары болот. Ачык айталы, кыргыз тилдүү гезиттердин кабарчылары, айрыкча, эркин гезитте иштегендердин бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп сүйлөшүүсү сейрек. Себеби бийликкке сын айткан гезиттерге чиновник маалымат берсе, ал "куугунтукка жана кысымга алынбай" бирок "өз ыктыяры менен иштеп кетишине" негиз болорун кантип жашырабыз?
Мыйзамда мамлекеттик чиновник ММК кызматчыларынын суроолоруна жооп бербей, маалыматтарды берүүдөн баш тартса, сотко кайрылып чечип алышы мүмкүн, ал эми кабарчы тиешелүү маселелер боюнча "расмий түрдө кат менен кайрылууга укуктуу". "Кандай сонун мыйзам", мамлекеттик чиновник маалымат берүүдөн "баш тартпайт", бирок "маектешүүгө убактысы" болбой калат, же болбосо, "мамлекеттик маанилүү маселени чечүүгө" Ак үйгө же Көк үйгө зарыл жумуштар менен жөнөп кетет. Расмий катка жоопту бери дегенде эле 10-15 күндөн кийин аласың. Сот бул маселени 1 ай мөөнөттө карайт. Мезгил күтпөйт, козголуучу маселе бул мөөнөттө өзүнүн актуалдуулугун жоготот, экинчи жактан алганда алар менен "мыйзамдашууга" журналисттин убактысы да чектелүү. Оперативдүүлүгүн жоготкон материалдарды эч ким кызыгып окубайт. Ушундан улам, журналист маалыматтарды башка булактардан топтоого мажбур болот, а "чоң кызматтагылар" сатылма соттордун күчү менен так маалыматтарды да "ушак катары" көтөрүп чыгат. Ошол эле учурда биздин куу чирен чиновниктерибиздин кайсы, кимиси өз ишиндеги кемчиликти мойнуна алат? Мындай эрдикке баргандарды башкалар көрсө тастыктап берер, бирок мен андайларды али кездештире элекмин.

Жогорку Кеңешке карата түздөнөлү!
Кыргыз тилдүү гезиттерге колун кезегендердин көбү мансап ээлери, же алар менен бир акырдан жем жегендер десек болот. Алар ММК өкүлдөрүнөн сөз каражаттарын маданияттуу деңгээлде колдонушун талап кылышат, бирок коомуң кандай болсо, элиң да ошондой болорун билгиси да, уккусу да келбейт. Бул талапты коюуга ошол "чоңдорубуздун" моралдык укугу барбы? Бул суроо бекеринен коюлуп жаткан жок.
Буга айкын мисал келтирели. Мамлекетибиздин бийлик бутагынын бири болгон Жогорку Кеңештин депутаттарынын ич ара мамилелерин, руханий-духовный жактан деңгээлин, алардын "дем алган атмосферасын" карап көрөлү. Коалицияга сырттан бириккени менен, ич ара "иттей ыркырашып" турганын кимиси төгүндөй алат? Аларга карапайым калк зор ишеним көргөзүп, добуштарын беришкен "калкыбыздын каймактары" болуп саналышат да, туурабы? Бирок алардын сессия учурунда "эң аксакалы болгон" адамды кагып-силкип, одоно мамилесин кайсы критерий менен "жогорку маданияттуулук" деп эсептейбиз? Кеп-сөз талашуу бул өзүнчө, бири-бирине ызырынып, сөгүшкөнүн мындай коёлу, мушташканга чейин барышы алардын рухий дүйнөсүнүн жакырлыгын көргөзүп жатпасын? Мыйзам чыгаруучулардын жана эл өкүлдөрүнүн "ашынган мындай терс жоруктарына караганда, эл шайлабаган, бир чакан жамааттын макулдугу менен ишке алынган бир журналисттин одоно жазган макаласындагы "маданиятсыздыгы" шоона эшпей каларын баса белгилейли.
Жазмалардын стили да чөйрөгө көз каранды болору шексиз. Ошол эле учурда журналисттин "сатылып" кеткени үчүн күнөө коюудан мурда, анын ага барууга эмне себеп болду? "Жалданма журналисттердин" чыгышына ким күнөөлүү экенин "сокур сынчыларыбыз" ойлонушса, аларга мынчалык асылбас эле. Депуттардын кол тийбестиги бар, милицияларга каршылык кылсаң, мыйзам алдында жооп бересиң, алардын көрүнөө да, көмүскө да каражат булактары, бизнесмендердин көбүнүн "көмүскө экономикасы" түзүлгөн. Ал эми жарыбаган маяна алган журналист эмне кыла алат? Талаа-түзгө чыккан кезди мындай коёлу, кээде ишине келгенге жол кире таба албай, жөө-жалаң жүрөт, акырында "атайын заказ" менен материал даярдап берүүгө аргасыз болуп жүрбөсүн? Бирок мындай бирди-жарым "жалданмалар" үчүн бүтүндөй журналисттерди айыптоо "ушактын ашынган түрү болбосун? Ал үчүн кайсы гезит болсо да анын нускасына көңүл буруп көрүү керек, ачыгын айталы, кыргыз тилдүү гезиттердин көбү 2500-3000 нускада чыгат да, ал өзүнө кеткен чыгашасын жаба албай да калат. Ага мамлекет дотация төлөбөйт, анда иштеген кабарчылар жарыбаган маянасын да өз учурунда ала алышпайт.

"Сынчынын сыңар өтүгү майрыкпы?"
Башка ишке өтпөйбү? - дечүлөр да чыгат, бирок өнөр жайы жана айыл чарбасы кыйраган биздин өлкөдө жумуш табылабы? Анда неге кыргыздын ишке жарактуу, күч-кубаттуу улан-кыздары чет өлкөгө тентип кетип жатышат? Жалпы саны 5 миллионго араң жеткен өлкөбүздүн өлөсөлүү экономикалык деңгээлин сындабаганда, "жылуулугу жок тонуңду, тынчы жок мамлекетиңди урайын" - деп сөкпөгөндө, элибизди ач-жылаңач калтырган алабарман акылсыз "азаматтардан" айланайын! - деп жалынмак белек?
Дагы бир мисал келтирелик. Кыргыз тилдүү гезиттерди сөз каражаттарын колдоно билбегендиги, одоно жазылары үчүн күнөө тагуу - бул кайрадан цензураны киргизүү далалаты десек жарашат. Бирок орой мүнөздөгү макалалар, обу жок асылуулар бизде сейрек. Вульгардык сөз каражаттарын кимдер көп колдонорун эң алгач саясатчыларыбыздын кептери аркылуу талдап көрүшсө болмок. Бул багытта биздин "маданиятсыз" журналисттерибиз аларга чендебейт. Ал эми СССРдин учурунда социализмдин негиздөөчүсү болгон В.И.Лениндин саясий памфлеттерин же макалаларын окугандар биздин журналисттер вульгардык сөздү көп колдонбой тургандыгын да тастыктап бермек эмес.
Саясатчыларды, коомдук ишмерлерди жана бизнесмендерди сындоодо алардын керт башына асылууга, адамдык аброюна доо кетирген ачуу сөздөр арбын колдонулуп, ошондон улам, гезиттердин үстүнөн арыз түшүп жатканы - демек, биздин "калкыбыздын каймактарынын" психологиялык жактан сынга даяр эместигин айгинелеп жатпасын? "Соттошуп жаткан" "Дело"…", "Комсомольская правда" гезиттери болсо, жеме жеп жаткан кыргыз тилдүү гезиттеринин буга кандай тиешеси бар?
Айта турган арман көп, бирок алардын баарын ачыкка чыгарууга кагаз түтпөс. Ошондой болсо да, ММК кызматкерлеринин маданий деңгээлинен мурда, соттошуп жаткан депутаттар, коомдук ишмерлер өздөрүнөн ошол "асылууларга" "повод" берип койгон жокпу, ошону ойлонушса болмок. Анткени карапайым журналисттер да "ошол каймактарыбызга карап түздөнөрүн" унутушпаса болмок. Мындай учурду элибиз "кулагыңа күмүш сырга" деп койчу беле?..
Эртабылды АТТОКУРОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ