Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Зыйна Шерманбетова,
7-апрелде ок тийип, курман болгон Теңизбек Алтынбековдун апасы:
"Уулум көп өнөрдүн ээси болчу…"
Ала-Тоо койнун титиреткен каргашалуу 7-апрелде шейит кеткен 87 баатырыбыздын арасында Теңизбек Алтынбеков да бар. Теңизбек Нарын облусундагы Чет-Нура айылынын кулуну. Өзүнүн тайманбас эр жүрөктүгү менен Бакиевдердин мөндүрдөй жааган огуна төшүн тосуп курман болду. Эгер маркумдун көзү тирүү болгондо быйыл туура 30 жашка чыкмак. Бүгүн биз маркумду эскерүү ниетинде маркумдун апасы Зыйна Шерманбетова, бир туугандары Бегимай, Эмилбек Алтынбековдорду маекке тарттык…

- Зыйна эже, уулуңуз каза болгондон көп өтпөй эле жолдошуңуз да каза болуп калыптыр…
- Жараткан баланын жамандыгын ата-энеге көрсөтпөсүн. Каргашалуу 7- апрелде уулум Теңизбектен ажырап, жанып турган шамыбыз өчүп, кан жутуп кала бердик. Чолпондой баламдан айрыган Бакиевдерди кудайга койдум. Алар да мендей болуп сыздап калсын! Күйүт деген оор тура, уулум каза болгондон 4 ай өтпөй күйүттүн айынан абышкам Табалды 63 жашында каза болуп калды. Жашым 56да учурда Нарын облусунун Чет-Нура айылында улуу балам Айтбектин колунда турам. Кызым менен экинчи уулум Бишкекте жашашат. Башка түшкөн тагдырга баш ийип, жашабаска арга жок тура. Белимди бекем бууп, эптеп балдарыма тээк болуп жашап жатам.
- Уулуңуз кандай бала эле?
- Теңизбегим жаш болсо да турмушта көптү көргөн адамдардай жашоого болгон көз карашы терең болчу. Ыр жазчу, айылдаш агабыз Эсенгул Ибраевдин ырларын кайталап окугандан тажачу эмес. Ээр токум чаап, сүрөт тартып,аккордеон, гитара өңдүү ар кандай аспаптарда ойночу, айтор, уулум көп өнөрдүн ээси болчу. Мектепте окуп жүргөндө адабий ийримдерге катышып, алдыңкы орундарды алган. Кийин сүрөтчүнүн окуусун окуйм деп турмуш-шартка байланыштуу окуй албай калды. Иштейин десе иш жок, үй куруучу болуп иштеп жүрдү. Акыркы кездерде эжеси менен кийим тигүү цехинде бычмачы болуп иштеп жүргөн. Бакиевдин бийлигине нааразы болуп, Атамбаев, Сариев, Текебаевдер бийликке келмейин Кыргызстан өнүкпөйт деп калчу. Көпчүлүккө аралашып, эл менен болгонду жакшы көрчү. Бакиевге каршы уюштурулган пикеттерден такыр калчу эмес. 2005-жылдагы көтөрүлүштө башы жарылып, араңдан зорго дарыгерлердин күчү менен адам болгон. Ошентип жүрүп, акыры эл душманы болгон Бакиевдердин мөндүрдөй жааган огунан каза болбодубу.
- Теңизбек байке башка балдарыңыздан эмнеси менен айырмаланып турчу эле?
- Тамашакөйлүгү менен айырмаланып турчу. Жок жерден чукугандай сөз таап, баарыбызды күлдүрө берер эле. Убагында Нарын драмтеатрынын куудулдары менен дагы иштешип калды. Абдан эрке болчу. Мектепти бүткөнчө эле атасынын мойнуна минип эркелеп жүрдү. Абышкам каза болордон эки күн мурун уулубузга куран окуганы Ата-Бейит көрүстөнүнө барганбыз. Ошондо абышкам уулун жоктоп көзүнүн жашын көл талаа кылып, бышактап ыйлаган, эки күндөн кийин эле сопсоо туруп күйүттөн каза болуп калды. Оорудум деп бир тоголок дары ичип көргөн эмес. Өкүнүчтүүсү, уулумдун артында туяк калбады. Үйлөнгөнү менен аялы төрөбөдү. Экинчи уулум Эмилбек үйлөнө элек болчу. Уулум каза болгондон кийин келинимди кетирип жибергим келбей, кыргыздын эски салтын карманып, ошол уулума алып берип койдум. Азыр экөө бактылуу жубайлардан, келинимдин 4 айлык боюнда бар.
- 7-апрелдеги кандуу каргашага кантип аралашып калыптыр?
- Биз айылда болчубуз. Бишкектеги болгон окуяны абышкам экөөбүз сыналгыдан көрүп, Бакиевди каргап-шилеп отурганбыз. Аңгыча эле кошунабыз келип, "шаардагыларга чалып көргүлөчү аянтка чыкпады бекен?" - дегенинен кызыма чалсам үйдө элебиз деп койду. Пикеттен калчу эмес эле деп Теңизбекке чалсам, "жаңы эле жумуштан чыктым, үйгө баратам"- деди. Мага ишенбей атасы чалса аянтта жүрөм эч кандай ок атуу болгон жок салют атылып жатат деп койду. Ошондон эле жүрөгүм бир башкача болуп кайра чалсам үйгө баратам деп энтиге сүйлөп телефонун өчүрүп салды, көрсө ошондо ок тийген окшойт. Ошол менин акыркы сүйлөшүүм болду. Менин тилегеним - сот адилеттүү чечим чыгарып, күнөөлүүлөр өз жазасын алса болду.

Бегайым Алтынбекова,
маркумдун бир тууган эжеси:
- Алтынбек биз менен чогуу жашачу. Акыркы күндөрү жубайы экөө батирге чыгып жашап атышкан. Нооруз күнү бизди үйүнө чакырып, "Жаман түш көрдүм, атам экөөбүздүн бетибиз кызыл-жаян кан болуп, шейшеп жамынып аянтта жүрүптүрбүз" - деп түшүн айтып берип куран окуган. Мен анда көп деле маани берген эмесмин. Ошол күнү аянтка барып, сүрөткө түшүп келели дегенде да, болбой койгом. Көрсө, ошондо эле каза болорун билген тура. Ишемби күнү атайын мончого барып, "кокус өлүп калсам, тырмагын алганга жарабаптыр"- дебесин дегенде аялы чоочуп: "эмне деп эле оюңа келгенди оттоп, дөөрүп атасың" - деп урушуптур. Кыскасы, каза болорун алдын ала билиптир. Мектепте окуп жүргөндө күмбөздүн сүрөтүн тартып, "кийин менин күмбөзүм ушундай болот"- деп классташтарына көрсөтүптүр. Каза болгондо классташтары айтып эскеришти. Негизи тукумубуз менен кыргызчылыгыбыз бар. Мен деле түшүмдө көргөн нерсем турмушумда сөзсүз болот. Байкушум боорукер эле, бир сындырым нанды биз менен бөлүшүп жеп, бизден эч нерсесин аячу эмес. Оокат кылбайсың деп урушуп койсом, "урушпачы, баш аман болсо, оокат табылат - деп калчу. - Андан көрө жериңдин теңин бер үй салып алайын," - дегенинен жеримди бергем. Тилегине жетпей калды.
- Акыркы жолу иниңизге качан жолуктуңуз?
- Нооруз күнү жолуккан бойдон кайра жолуккан жокмун. 7-апрель күнү аялынын жанын койбой, "досума барып келем"- деп акча сурап алып кетиптир. Көрсө, досуна барбай түз эле аянтка барган өңдүү. Бир маалда эле келиним: "Теңизбек кой десем болбой досума барып келем деп кетип калды. Аянтка кетти окшойт, - деп ыйлап келгенинен телефон чалсам, - Бакиев элди кырып атса, мен кантип барам, өлсөм өлүп калармын"- деп телефонун өчүрүп койду. Ошентип, ал күнү таң атты. Эртеси шаардагы болгон ооруканаларды кыдырып, акыры сөөгүн моргдон таптык. Ок бетинен кирип, кекиртегин аралап, төшүнөн чыгыптыр.

Эмилбек Алтынбеков,
маркумдун бир тууган агасы:
- Экөөбүз удаалаш өсүп, бири-бирибизге абдан жакын болчубуз. Эмил: "Байке, сизге кантип жашашты үйрөтөм"- деп жаткан жеримен басып алып кытыгылай берер эле. Экөөбүз отуруп алып, кыйкырып ырдап, үйгө концерт койчубуз. Айтор, ушул күнгө чейин инимден көксөөм сууй элек. Келип калчудай боло берем. Инимди издеп моргго мен киргем. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Качан гана жерге бергенде чындап эле инимден ажыраганымды билдим. Күнөөлүүлөрдү кудай жазаласын! Инимдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
P.S.: Зыйна апа, уул-кызы үчөөнүн тең көздөрүнөн жаштары сызылып, адамдын зээнин кейитип ыйлап отурушту.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев