mainkaptal
Пользовательский поиск
Айбек Азыранкулов, Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу:
"Өлкөбүздө тынчтык болсо, жакында үй-бүлө күтөм"
"Жаз жарыш" демекчи, учурда дыйкандар жазгы талаа иштери менен кызуу алектенип жатышкан кези. Үрөн, солярка маселеси сыяктуу көйгөйлөрдөн дыйкандар кантип жатат, деги эле жазгы айдап-себүү иштери кандай жүрүп жатат, мына ушул багытта жана башка маселелердин тегерегинде, айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турган Чүй облусунун губернаторун сөзгө тарттык.

- Айбек мырза, жазгы талаа иштери башталып калды. Айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүү боюнча Чүй облусу алдыңкы орунда турат. Учурда айдап-себүү иштери кандай жүрүүдө?
- Чүй облусунун 416 миң гектар айдоо аянты бар болгондуктан, Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн, башкача айтканда, 37-38 пайызын камсыз кылат. Ушул 416 миң гектар жердин 320 миң гектар жери сугат, 96 миң гектар жери кайракы болуп саналат. Былтыр күздүк эгин 136 миң гектар жерге себилди. Мунун ичинен 126 миң гектар жерге буудай, 10 миң гектар жерине арпа айдалды. Жаздык болсо 180 миң гектар жерге айдалганы турат. Арпа 88 миң гектарга, 24 миң гектары жүгөрү, 10 миң гектар кант кызылчасы эгилет. Он жети миң гектар жери жер-жемиш болот.
Кайыңды кант заводунун дагы ишмердүүлүк багыты дыйкандарга ылайыкташтырылып жатат. Мурун заводдун жетекчилиги кант кызылчасын канттуулугу 14-15 пайыздан кем эмес болсун деп талап кылышкандыктан кант кызылчасынын аянты кыйла кыскарып кеткен. Былтыртан баштап биз Айыл чарба министрлиги жана Монополияга каршы агенттиги менен биргелешип иш жүргүзүп, дыйкандардын өндүргөн кант кызылчасынын канттуулугу 11,5 пайызды түзсө эч маселеси жок кабыл алышмай болушту. Быйыл буюрса, Кайыңды кант заводу толук кандуу иштейт. Кант кызылчасын Чүй облусу эле эмес, Талас облусунун дыйкандары дагы айдаганы жатышат.
- Солярка маселеси чечилди беле?
- Албетте, миңдеген гектар жерди айдап себүү үчүн үрөн, солярка керек. Өкмөт быйыл дыйкандарга жакшы шарт түзүп берели деп чечкиндүү кадамдарга барып, 1 миллиард сом бөлүп берди. Дыйкандар 9 пайыз менен насыя алып жазгы талаа иштерине пайдаланып жатышат. Бүгүнкү күндө 10 миңден ашык дыйкан насыя алышса, дагы 25 миң адам насыя алуу үчүн тизмеде турушат. Бирок насыя алуу үчүн күрөөгө койчу үйлөрүнүн, жерлеринин документтери туура эместигине байланыштуу жеңилдетилген насыяны ала алышпай жатышкан дыйкандар да арбын. Мына ушул маселени жеңилдетүү багытында Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип иш алып барып жатабыз.
Чүй облусуна быйыл жазгы талаа иштерине өкмөт тарабынан 25 сомдон 1345 тонна солярка бөлүнгөн. Ошонун 55 миң тоннасын алдык. Калганы ГАЗпром ишканасы аркылуу талон менен берилүүдө. Ошондой эле, ар бир дыйканга өз алдынча Казакстандан ар бир кишиге 500 литрден солярка алып келүүгө мүмкүндүк түзүп бердик. Ал эми үрөн жагынан маселе жок.
- Чүй облусунун аймагы менен Казакстан мамлекетинин бир топ чегин Чүй дарыясы бөлүп турат. Акыркы учурларда Казакстан тарап өз чегине тиешелүү дарыянын жээгин бекемдеп алышканына байланыштуу суунун нугу ичкери Кыргызстанды карай бурулуп, 360 гектар жерден айрылып калганыбыз айтылууда. Ушул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн кандай чара көрүп жатасыздар?
- Чүй дарыясы эки мамлекеттин чегин бөлүп агат. Казакстан тараптын каржылык мүмкүнчүлүгүнүн көптүгүнө байланыштуу алар өз тарабын бекемдеп алышты. Ошондон улам суунун нугу биздин аймакты карай агып, улам жээкти ээлеп отуруп, Казакстан тарапка 360 гектар жер өтүп кеткен. Бүгүнкү күндө бул маселелерди чечүү үчүн Өкмөткө, Жогорку Кеңешке кайрылып, тез арада Чүй дарыясын жээгин бекемдебесек чек ара маселесинде кооптуу жагдайлар жаралышы мүмкүндүгүн айтып кайрылдык. Анткени күн өткөн сайын суунун агымы Кыргызстан тарабындагы дарыянын жээгин жей берип, чек ара улам ичкери карай жыла берет. Анан талаш жагдайлар жаралат.
- Буга чейинки суу жеп Казакстанга өтүп кетти делген 360 гектар жер дарыянын аркы жээги катары коңшу мамлекеттин энчисинде кала береби?
- Суу жеген жер биротоло Казакстандын энчисинде калат дегенге болбойт. Анткени биз Кыргызстан тарабындагы дарыянын жээгин бекемдеп алсак, суу өзүнүн нугуна келип, чек ара маселеси өз ордуна келип калмак. Өкмөт быйыл дарыя жээктерин бекемдөөгө 100 миллион сом бөлүп жатат. Анын канча миллиону Чүй дарыясынын жээгине бөлүнөрү чечиле элек. Эгер каражат маселеси чечилсе эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте дарыя жээктерин бекемдөөгө киришебиз.
- Мына, 7-апрель элдик революциясына бир жыл толуп калды. Бул боюнча да кандай иш-аракеттерди жүргүзүп жатасыздарбы?
- 7-апрелде кайтыш болгондордун көбү Чүй облусунан болду. Июнь коогалаңында Чүйдөн барган укук коргоо органдарынан кайтыш болгондорду кошкондо жалпы 36 адамды түзсө, жаракат алгандар 172 адамга жетет. Жалпыга белгилүү болгондой, 7-апрелде шейит кеткендерге Өкмөт тарабынан 1 миллион сомдон жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары райондук, облустук бийлик биргелешип бир жыл бою колдон келген жардамдарды көрсөтүп келдик. Бизнесмендер, жеке ишкерлер, карапайым калк дагы колдон келген жардамдарын беришти. Маселен, Ысык-Ата районунун тургундары райондук жетекчилик менен биргелешип фонд түзүп, марафон уюштурушуп, Ысык-Ата районунан шейит кеткен үч баланын туугандарына Кант шаарынан бир бөлмөлүү үй алып беришти. Мындан сырткары аталган жаракат алган 33 балага 50 миң сомдон, шейит кеткендерге 80 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүштү. Сокулук району кайтыш болгон балдарга эстелик орнотуп жатышат. Буюрса, 5-апрелде бүтүп калат. Ошондой эле, Сокулук районунан кайтыш болгон 11 балага жана оор жарадар болгон 9 жигитке Ново-Павловка айылынан 20 участокко бөлүп бергенбиз. Бүгүнкү күндө жарым-жартылай дубалдары тургузулуп бүтүп калды. Жыл аягына чейин бүткөрүп берели деп турабыз. Кемин районунда 7-апрелге карата шейит кеткен балдардын эстелигин тургузуп жатабыз. Панфилов районунда 7-апрелде бир бала кайтыш болгон экен. Ошонун атындагы ипподром курулуп бүтүп калды, 7-апрелге карата ачылышы болот. Кыскасы, бардык райондордо 7-апрелде кайтыш болгондорго колдон келишинче ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп келатат. Учурда 7-апрелдин бир жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралар өтүүдө.
Албетте, Өкмөт ар дайым эле жардам көрсөтүп турууга мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Ошондуктан "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" кыймылдары менен кеңешип, жаракат алган балдарга Кайра бөлүштүрүү фондунан жеңилдетилген шартта ижарага жер иштетүүгө деп 96 гектар жер жана эки трактор бөлүп берип жатабыз. Өкмөт учурда үрөн маселесин чечип берди. Эми булар өздөрүнүн шарттарына ылайык биргелешип, иштетип кетишсе деген тилек.
- Эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекетибиздеги эң эле көйгөйлүү маселе тил маселеси экенин жакшы билесиз. Чүй облусунун администрациясы иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүү аракеттерин көрүп жатабы?
- Кыргыз тилин өнүктүрүү, деңгээлин көтөрүүгө эң биринчи жетекчилер көңүл бурушу зарыл. Ар бир тармакты жетектеген жетекчи тилге канчалык маани берсе, жыйынтыгы дагы ошого жараша болот. Андыктан кыргыз тилине биз дагы кайдыгер караган жерибиз жок. Чүй облусунда 70тен ашуун улуттун өкүлү жашайт. Ошого карабастан жергиликтүү айыл өкмөттөрүнөн тартып район жетекчилерине чейин иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүү далалаты жүрүп жатат. Албетте, баары кыргыз тилине өтүп жатат деп айткандан алысмын. Ошентсе да барып-барып акыры кыргыз тилине өтүшүбүз керек. Учурда Чүй облусунун администрациясы жыйындарды кыргыз тилинде жүргүзүүдөбүз. Өкмөттүк жыйындарга, Жогорку Кеңешке дагы отчетторду кыргыз тилинде даярдап, кыргыз тилинде доклад окуп жатабыз.
- Учурдагы Кыргызстандын экономикалык, саясий, социалдык абалына кандай баа бересиз?
- Жалпысынан экономикалык, саясий, социалдык кырдаал түздүк. Өкмөт бир топ чечкиндүү кадамдарга барды. Мугалимдердин, врачтардын, маданият ишмерлеринин маяналары май айынан баштап 2 жарым, 3 эсеге чейин көтөрүлгөнү турат. Кенже кызматкерлердин көмөкчү персоналдардын дагы айлыктары күздөн тартып көтөрүлөт. Пенсия дагы жаз, күз эки этап менен жогорулаганы жатат. Орусия күйүүчү майга пошлина кошпой бере турган болду. Айтор, бардык тармак боюнча ишти жакшырталы деген аракеттер жүрүп жатат. Ушунун баарын техникалык өкмөттүн башчысы Алмаз Шаршеновичтин чечкиндүү жүргүзүп жаткан саясаты десек болот. Өлкөбүздүн оңолушу үчүн ар бирибиз өзүбүзгө тиешелүү жумушту так аткарсак эле өнүгүп-өсүп алга жылабыз.
- Мурунку Жогорку Кеңештин депутаты катары азыркы парламенттин ишмердүүлүгүнө жекече пикириңиз?
- Башкы мыйзамга ылайык, шайлоодо утуп келишкен беш партия парламентте отурушат. Борбордук Азия менен КМШнын ичинен биздин мамлекет биринчилерден болуп парламенттик башкаруу системасына өттү. Мунун дагы өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Анткени бардык нерсе мурункудай болуп жаап-жашырылып, жеке адамдын кызыкчылыгы, үстөмдүгү болгон жок. Мамлекетибиздеги маалыматтардын терс жана жакшы жагы да элге тез жетип, ачык-айкындык өкүм сүрүүдө.
- Жеке өзүңүз тууралуу токтолуп кетпейсизби?
- Мен Панфилов районунун Чалдабар айылында 1979-жылы төрөлгөм. Беш бир тууганмын. Аталган айылда №3 мектепти бүтүргөм. Бишкек гуманитардык университетине тапшырып социалдык кызматкер адистигине ээ болгом. Андан кийин КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Мамлекеттик өзүн-өзү башкаруу адистиги боюнча магистратураны аяктадым.
2002-2005-жылга чейин чейин үч жыл Суу чарба ассоциациясын жетектедим. 2005-2007-жылга чейин Фрунзе айыл өкмөтүнүн төрагасы болуп иштедим. 2007-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке талапкер болуп, 2009-жылдан 2010-жылдын апрелине дейре парламентте депутат болуп эмгектендим. Ортодо 2007-2009-жылдар аралыгында Айылдык кеңеш кызматы деген эл аралык швейцариялык долбоор менен айыл чарбасы боюнча тренер-консультант болуп кызмат кылдым. 2010-жылдын декабрынан тартып Чүй облусунун губернатору кызматын аркалап жатам.
- Качан үй-бүлө күткөнү жатасыз?
- Убакыт ылдамдык менен өтөт тура. Үй-бүлө күтөлү деген ойлор болгон менен, иш менен алектенип жүрүп убакыттын кандай өткөнүн байкабай калат экенсиң. Эми буюрса, өлкөбүздө тынчтык болсо, жакында үй-бүлө күтөм.
Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ