mainkaptal
Пользовательский поиск
7-апрель Куловдун баасына муктаж эместир…
Ушул Кулов таптакыр эле эс албас болду. Бир жерден чыга калат да бир нерсе айткан болот, ал айткандарынын баа-баркы деле көрүнбөйт.
Кулов минтип атат: " 24-марттагы революцияда лидерлер бар болчу, ал эми 7-апрелде лидерлер болгон эмес" - деп.
"Кулов, - десе, - и" - дей берсин, а биз болсок минтебиз: 7-апрель окуясы жөндөн-жөн эле боло калган жок, оппозиция кыймылы ал окуяны-революцияны ишке ашырыш үчүн эмне деген гана иштерди кылбады. Анан ошол окуя бышып-жетилип калганда Бакиев лидерлердин көбүн каматып салган эмеспи.
А Кулов болсо, Бакиев айдап салгандан кийин эптеп ага жабышып, туулган күнүнө андан брондолгон жип минип, Чакан ГЭСтерди салам деп, анысынан майнап чыгара албай, жаш токолунун жанында жүргөн эмеспи… Революцияга сын-сыпат берүүгө анын эч акысы жок. Кай бийлик болбосун бир жерден тешик таап кирип кетмейди жакшы билген бу Куловуң эне тилинен эки ооз үйрөнүп албайт да турат…түшүнүктүүлөрдүн мазак кебине объект болуп…

Темир Сариев каржы жагын тейлейм дейби?
Парламенттин "короосуна" кире албай калып өкүттө калгандардын алдыңкы сабында жүргөн ак шумкарчы Темир Сариев коалициялык өкмөттү кулатып, жаңы өкмөт курабыз дегендердин бири. Өкмөттү таратуу боюнча активдүү иш жүргүзүп аткан "Ата Мекендин" бир депутаты өткөндө айтты эле "эгер жаңы өкмөт курап кала турган болсок, парламентке кирбей калган саясий күчтөрдү кошуу боюнча пландар иштелип чыккан"-деп. Укканыбызга караганда, ошол саясий күч Темир Сариев экен. Өлө элек аюунун терисин бөлүштүргөндө, тагыраагы, алардын планы боюнча түзүлмөкчү болгон жаңы Өкмөттүн курамынан Темикеңе Каржы министрлиги энчилениптир. Ошол себептен, эски креслосу көздөн учуп, "башкаруучу коалиция тарап кетсе, Кыргызстанда акыр заман болчудай трагедия жасабаш керек"-деп акылдуу сөздөрүн байма-бай айта баштады дешет. Албетте, коалиция таркаса, өлкөбүздө акыр заман болбойт, бирок бир топ эле кыйналып калабыз го. Муну мансап кумары тынчтык бербеген айрым саясатчыларыбыз эле түшүнгүсү келбесе, карапайым калкыбыз жакшы түшүнүп, билип турат. Бирок Темикебиз деле эсеп-чотту мыкты билген, эли-жерине кызмат кылып берчү жигиттерден. Балким, сабыр кылып күтө турса, кызмат тийип калаттыр.


Алымбеков мырза чыдап коюңузчу…
"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, депутат Эркинбек Алымбековдун айтымында: "Эгерде президент Роза Отунбаева саясий иштерди үстүнөн карап калыс болбой, ага аралашып кете берсе, анда ага импичмент жарыяланышы мүмкүн"-экен.
Башкасы билбесе да Алымбеков билет болушу керек: Отунбаева оппозиция Бакиевдин катуу куугунтугуна калган кезде анын башына келди, андан соң, тиги куулгандан кийин Убактылуу Өкмөттү башкарып берди, кийин элдин басымдуу көпчүлүгүнүн добушу менен президент болуп шайланды. Азыр ошол президенттигин ак дилден аркалап келет, кыргыз элинин бейпилдиги үчүн эмгегин өтөп жаткан кези.Парламент менен өкмөттүн иштеп жатышына президенттин эмгеги жок бекен?! Азыркы абалда аны сындап олтуруудан упай топтойм дегендер жаңылышканы ошол.
Отунбаеваны президенттиктен кетирүү, жок эле дегенде элге жаман көрсөтүү бир топ саясатчылардын тилеги, ага жараша аракети болуп жатат.
Отунбаева Акаев эмес, андан өткөн Бакиев эмес, сөз бергениндей президенттигин мөөнөтүндө тапшырат. Ал мөөнөткө аз эле убакыт калды. Мына ошол аз убакытка чыдабаган немелер энесинин ичинде кантип жатышкан, деги.
Отунбаеванын сындоонун ордуна парламенттеги "келе бакан, куу союлду…" кантип токтотуу керектигин ойлогонуңар дурус эмеспи, урматтуу Эркинбек Алымбеков мырза.

Ишенген кожосу Эшимканов болсо…
Эшимкановду жерге-сууга тийгизбей мактаган "alaman.kg" деген сайт бар. Аталган сайт кечээ күнү Эшимкановдун зоболосун көтөргөн макалалардын кезектеги "сериясын" шардана кылды. "Аламандын" кабарчыларынын Эшимкановдун үйүн "аңдып" туруп айткандарына ишенсек, ал ди-джей саясатчынын 12-кичирайондогу үйүнө белгилүү саясатчылар чогулган имиш. Албетте, алардын тобу азыркы бийликке ичи чыкпагандар экен. Тактап айтканда, Текебаев, Кулов, Сариев, Байболов, Байболова, Субаналиев, Алиевдер экен. Эшимканов бул жөнүндө өз сайтына биринчи "сүйүнчүлөгөнү" менен, ал саясатчылар менен кандай сөз болгонун, эмне маселени талкуулашканын адатынча кууланып айтпай, жөн гана "тамак ичип эле, жөнөп кетишти"-деп койгон экен. Ал эми Эшимкановдун "көлөкөсүндөгү" ал сайт "дем алыш күнү жөн чогулушпайт эле, булар бир нерсенин ичинен чыгышпагай эле, коалицияны уратышат го" - деп коңгуроо кагып жатып калды.
Эгер, бул маалымат чын болсо, Текебаев баш болуп, эски, эски досу Эшимкановду этектеп калса, анда кайран Мекеңдин күнү "алтын жумуртка тууй" баштаган го. Бирок Эшимканов эл кызыкчылыгын көздөгөн, элдик уул эмес экенин Эштекбайдын энөө баласы деле билет. Бакиевдин тушунда ага кыргыз эли бек ишенип жүрүп, аёосуз алданып калган жайы бар. Белгилей кетчү нерсе, тек гана анын "сыйкыры" жана "фантазиясы" өтө күчтүү. Балким, ошондон топтошкон саясатчылар тобу менен анын "сыйкырына" арбалып жатышкандыр…


Башкы прокурор стабилдүүлүк үчүн кызматтан алынды… Президент Роза Отунбаева кечээ Байболовдун өзүнүн дарегине карата айткан сөздөргө жооп узатты. "Башкы прокурордун позициясы менин карамагымдагы позиция. Мен сунуштайм парламентке, менин кол алдымда иштейт дегендей. Бул жерде башкы прокурор боюнча чечимди өзүм кабыл алдым. Дагы бир жолу айтып коеюн, чындыгында оор чечим болду. Биз көп эле бирге иштедик. Эми ызаланып турган кези, мен түшүнөм. Көп маселелери, ар бирибизге иши бар экен, топтолуптур. Мунун баары ызалангандын негизинде деп ойлойм. Байболов жарым жыл ичинде министр, башкы прокурор болду. Генералдык погонду дагы алды. Биз бул кишиге көп эле сый-урмат ишеничти арттык. Силердин репутацияңар суроо астында деп атат. Эми мен айтат элем, биз чынында эле катаны айтып бердик. Ошо өзү иликтеп жаткан компанияга кызыкчылыгы өтүп кеткени мына ачык-айкын. Башкы прокурорду кызматтан четтеткеним, стабилдүүлүк үчүн керек деп ойлойм. Анткени башкы прокурор бир топ каталарды кетирип жиберди". Ажо айым мындан тышкары жогорудагы маселе көпчүлүктүн коалициясынын кулашына алып келбестигин, бирок Байболовдун оюн, аны пайдаланам деген саясый күчтөр топтолуп, азыркы саясый структурага каршы чыгып, бул болсо коалиция болобу, оппозиция болобу - азыркы парламенттин түзүлүшүнө таасир эте турганы шексиз экендигин да кошумчалады.
Коомчулук Отунбаеванын Байболовдун сөздөрүнө жооп бергенин туура деп баалап жаткан учуру. Себеби, ажо айым чындыкты айтты…


Эл башчылары баатырларга таазим кылышты
Апрель окуяларынын бир жылдыгына карата 4-апрель күнү Өкмөттөн Өмүрбек Бабанов Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Транспорт министри Эркин Исаков, Жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Оморбай Нарбеков, Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков, Монополияга каршы агенттиктин башчысы Бабырбек Жээнбеков, анан да парламенттен жалгыз Болот Шер баштаган жоон топ эл башчылары былтыркы революциянын бешиги аталган Талас жергесине барып, эскерүү иш-чараларын өткөрүп келишти. Облустук борбордо шейит кеткен баатырларга арналып курулган аллеянын ачылышы болду. Бакиевдик режимге каршы күрөшүп курман болгон эр-азаматтарыбызга, анын ичинде таластык 8 жигитке арнап куран окутулду. Былтыр уюшулган "Баатырларга таазим" аттуу фондго вице-премьер Өмүрбек Бабанов 400 миң сом фондго которсо, калгандары да алды 100 миң сом, арты 10 миң сомдон өз чөнтөктөрүнөн накталай көмөк көрсөтүштү. Парламенттен Болот Шерден башка бирөө да басып барбаганын баса белгилеп кетмекчибиз.


Спикердин кабинети - Камчыкенин "рингиби"?
Укмушуң кургур, кыргыз парламентине чын эле чоң муштумдар чогулуп алган экен. Кечээки эле болуп өткөн Ташиев Сулайманов мушташын айтып бүткүчө, Камчыкенин дагы бир мушкердик таланты маалымат булактарына жайнап чыкты. Ал маалыматтарда "Ата-Журтка" жакында эле депутат болуп келген Бахадыр Сулайманов деген депутатты партиялашы Камчыбек Ташиев көгала койдой сабап, "оңкосунан сайып" ооруканага жаткырган экен. Ак үйдөгү өздүк булактарыбыздан алган маалыматка караганда бул окуя өткөн жуманын бейшембисинде Жогорку Кеңештин имаратында болгондо да ЖК спикери Акматбек Келдибековдун иш бөлмөсүндө болгон экен. Армиянын тили менен айтканда ошол күнү кечке жуук жаңы келген "дух" депутат Бахадыр Сулаймановду "деддер" Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдор спикердин кабинетине "тартып" барып, мандатыңды өз эркиң менен тапшыр деп коколошкон экен. Бул убакта Келдибеков билмексен болуп, кабинетинин эс алуучу бөлүгүнө кирип кетет. Тиги экөөнө моюн толгоп, макул болбой аткан Сулаймановду жини чукул Камчыкең ваза менен бир урса кайып кетет. Жанындагы Таланты колун кармап берип, "Ата-Журттун" фракция лидери Сулаймановду бетке-башка койгулап, бир топко чейин эрмектейт. Эси ооп жыгылып калганда, спикер чыгып арачалап, эл укпасын деп, бармак басты көз кысты кылганга аракет кылышат. Ошентип, Бахадыр Сулайманов бети-башы көгала болуп, учурда жан сакчыларынын катуу көзөмөлүнүн астында Республикалык кардиология борборунда дарыланып жаткан экен. ИИМге атайын арыз менен кайрылып, аягына чейин чыгам деп катуу "көгөрүп" аткан экен. Учурда бул ишти ИИМ министринин орун басары генерал-майор Мелис Турганбаев иликтеп жатыптыр. Жолдош генерал-майор Турганбаев мырзага байланышсак, Камчыбек Ташиев сабады деп Бахадыр Сулаймановдон арыз түшкөндүгүн, бирок окуянын чоо-жайын кийинчерээк маалымдаарын айтты.


Улуу Октябрь т.е. Апрель революциясы!
Парламенттеги аксакалдардын бири Исмаил Исаков өзүн темир тор артынан сууруп чыккан былтыркы апрель окуясын Улуу Апрель революциясы деп атоо сунушу менен кесиптештерине кайрылып, бул боюнча атайын мыйзам долбоорун да даярдап койгондугун кошумчалады. "Эмне үчүн Улуу Апрель революциясы? Анткени бул күн өз максатына жетип, мамлекеттик башкаруу түп тамырынан бери өзгөрдү"-деген Исмаил Исаков оппозициялык "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" партияларынын өкүлдөрүнө бул мыйзам долбоорун колдоп берүүсүн өтүндү.
Бирок Бакиевди этек-жеңден алып атакелеп артынан ээрчип жүргөн кесиптештери буга эмне дешээр экен?


Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы адабият жана тил институтунун директору, академик, филология илимдеринин доктору Акматалиев Абдылдажанга иниси
Болоттун
мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу
терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
"Фабула" гезитинин эмгек жамааты







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ