Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ит үрүп атат,
МегаКом жүрүп атат...
Мегаком компаниясынан көтөрүлгөн көк түтүн басаңдай элек. Атургай, Кыргызстандын чегинен чыгып эмнегедир Орусиянын айрым чөйрөлөрүн, басма сөздөрүн, интернет сайттарын да какатып-чаката баштады. Буга алардын тиешелери деле жок эле. Бирок эбак кайнаган, "жашылбайдын" жытына өздөрү эле жанталашып тумшугун тосо калып жатышпайбы. Тоскону курусун, кээде сырын айтпай, кантип чынын айтып жиберишкендиктерин байкабай да калышууда.
Жытыңдан секет МегаКом
Орусиялык www.ng.ru/cis/2011-03-29/ сайты аркылуу сагызгандай сайрап чыккан Валерий Крыловдун " Кыргызстандагы МегаКомдун айланасындагы чырда саясат көп, бизнес аз" деген макаласында минтип айтылат: "Мобилдик байланыш рыногунда абал эч качан туруктуу болбойт. Булар тармактын динамикалуу өнүгүшүнө жана ал рынокту өнүктүрүүгө катышкан оюнчулардын арбындыгына байланыштуу. Оюнчулар көп болгон жерде корпоративдик же башка кызыкчылыктардын кагылышы болбой койбойт. Анын үстүнө мындай көрүнүш саясый коньюктуралар тез өзгөргөн шарттарда боло кетүүчү окуя".
Макаласында талаш-тартыштуу жери көп болсо да В.Крылов ушу жерин туура айтыптыр. МегаКом Кыргызстандагы 2 млн.дон ашык абоненти бар, бюджетке 1 млрд.дан ашык салым кошуп келген, мобилдик байланыш рыногунда лидерлик кылган ири ишкана. Анан мындай миңдеген киши иштеген, абоненттеринин колу-бутун узарткан ишкананын айланасында, мынчалык чуунун чыгып кетишине эмне себеп, жайына эле койбойсуңарбы дегендер да чыгып жатат. Туура, жайына эле койсок болмок. Бирок В.Крылов айткандай, МегаКом төрөлгөндөн эле "жашылбай" жыттанып тургандыктан, анын бешигин терметкиси келгендер ушунчалык көп болуп кетти дейсиң, ар ким алдейлей берип, аягында "менин балам, сенин балам талашы" чыкпадыбы.
Кара кыздын кайгысы
Кептин баары ошол ак бешикке тийген кирдүү колдордо болуп жатпайбы. Башында БиМоКоМду туудурган өзүбүздүн эле кыргыз болчу. (Азыр да ошол БиМоКоМ боюнча эле келатат). Бул 1999-жыл эле. Анан мурдунда жыты бар кадимки эле Айдар Акаев бешиктен эле бек болорун тааный коюп, ыңаалатып ыйлатып туруп тартып алган. БиМоКоМ көзгө көрүнө баштагандан бери, аны талашкандар эмне деген гана кийимдерди ("Альфа-Телеком", "Мегаком") кийгизишпеди. Кимдер гана жетелебеди. Жалаң хандардын балдары эркелеткиси келип турбадыбы. Айдардан Максимге өтпөдүбү. Анан жогоруда В.Крылов айткандай, саясый коньюктура өзгөрүп кетип, М.Бакиев безип кеткен. Кыргызстандын 5 млн. элин ашып кетсе айдаган коюндай көргөн М.Бакиевдин түктүү колу тийген, карышкыр көзү түшкөн МегаКомду Кыргызстандын жаңы бийлиги чаңын күбүп, күнгө жайып, анын 100% акциясын мамлекеттештирип деле койсо болмок. Бирок МегаКомду ар кайсы убакта терметип калууга үлгүргөн жүндөрү апсыйган колдор, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан сунулуп, терметкен баянын термедей төгүп чыга келген. Алардын бири Penwell Business limited аталган компания болчу. Аны Eventis Telekom деген компания туудурган. ("Eventis" эң кур дегенде уруктун 51 пайызы меники, сен менин карачечекей кызымсың деп "Penwell Business Limited компаниясын көзгө сайып келет). Туудурганы ушул булар жер түгөнүп калгансып оффшордук аймак болгон Кипрге барып "чаңдашып", ошондо туулган эки компанияны , ошол жерге каттатып адалдап келишкен.
Максимдин максымы
2005-жылы Penwell Business Limited компаниясы кыдырып жүрүп Кыргызстанга токтоп, БиМоКоМдун 100 пайыз акциясын сатып алат. Алысты көксөгөн куу немелер кыргыздын кызарган жеринин баарына ач тырмагын салып турган М.Бакиевдин Forntek Enterprises Limited компаниясына БиМоКоМдун 49 пайызын тартуулай салат. Анткени МегаКомдон табаар пайдасына көздөрү жетип турган. Эң негизгиси оңбогондой акчаларды төркүндөрүнө (оффшордук аймактарга) жөнөтүп турмак. Атургай жөнөттү. Апрелден кийин эле 20 млн.дон ашык "жашылбайды" чыгарып кетишкен. Бул боюнча Каржы полициясы далилдүү фактыларды келтирип жатса да эмнегедир Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "андай эмес" деп оозду ачырган. Ошентип, булар М.Бакиев менен "максым" ичишкенин тана албайт.
Penwell Business Limited компаниясынын (ээси Орусиялык бизнесмен Олег Огнянников) МегаКом аркылуу күнү бүгүн байланышы бар экенинин дагы бир далили Максим заманынан бери эле МегаКомду терметкен чоң бешикчинин, (башкы директор) тагыраагы А.Силичтин азыр да иштеп жаткандыгы менен түшүндүрсөк болот. А.Силич, жан жөкөрү А.Бороздин экөө Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жүргөнүнө карабастан (каттоого турушкан эмес) Мегакомдо билген талкандарын чалышкан. Атургай, кыргыз өкмөтү А.Мурзалиевди тышкы башкаруучу катары киргизгенде түндүккө түйүлө секиришкен. Себеби алардын ашканасындагы "акча жуумай" операциясы ачылып калмак. Акыры ачылды. Буларга кылмыш иши козголду. Эми, алар өздөрүнүн куйругун түйүүгө аргасыз болушуп, Кыргызстандан качып кетишкен.
…Айланып келген А.Силич
Башкы прокуратуранын А.Силич и К командасынын МегаКомдон жогоруда айтылгандай акча чыгарып кеткенин "негизсиз, тастыкталган жок" деген билдирүүсү алардын кайтып келүүсүнө түрткү болгон. Бул жөнүндө В.Крылов жыландын башын кылтыйтып, аталган макаласында минтип жазат: "Революциядан кийинки башаламандыкта Огнянниковго МегаКомдогу активдүү башкарууга мүмкүнчүлүк ачылды. Буга республиканын Башкы прокурору К.Байболовдун көмөгү тийди".
Бир карасаң бир топ күдүк ойду туудурган маселе болуп турат бул. Ошентип, айланып тууруна конгон А.Силич келип эле А.Мурзалиевди орой түрдө айдап чыгып, оромпой тээп киришкен. Ушунун өзү эле 49 пайыз акциянын ээси кыргыз өкмөтүнө кыр көрсөтүүнүн анык өзү эле. Учурда А.Мурзалиев иштен кетип, ордунда А.Абеков иштеп жатат. МегаКомдогу чатактын көлөкөсү К.Байболовго да тийди. Кызматынан алынды. Ал аялы Н.Байболовага байланыштуу (400 миң доллар) "афераны" алынын келишинче эле коргоду. А.Силичтин айланып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түздү. Бул иштин чын-бышыгына сот эле чекит койбосо, тынчыбай калды окшойт. Демек, МегаКомдун айланасында болчу кызыктар али алдыда.
…Кремлге жамынгандар
Эсибизде бар, Орусиялык эки депутат (А.Островский,С.Багдасаров) жетелеше келип, кыргыз бийлигин бир жөөлөп алган. В.Крылов макаласында "Eventis" компаниясынын ээси Олег Огнянников, эски өнөктөшү, Орусиянын экс-байланыш министри Рейман ага анчалык жардам бере албай калгандан кийин, ушул эки депутатка күнү түшкөнүн айтат. Москванын колун ушул экөө аркылуу көрсөтүп коюуга ашыкты дейт. Кудай жалгап, кыргыз парламенти бул экөөнүн айткандарын официалдуу Кремлдин позициясы катары кабыл алган жок деп сүйүнүп жазат.
Бул депутаттардын ким экенин биз деле билгенбиз. Бирөө ЛДПРден болсо, бирөө "Справедливая Россия" партияларынан болушат. Эки партиянын саясый салмагы деле жакшы дайын. Анткен менен, Орусиялык эки депутатка жамынуу менен МегаКомдун 51 пайызын талашып жаткандар кыргыз бийлигине кысым жасагысы келгени айдан ачык. Анын үстүнө оффшордук аймактарда катталган компаниялардын ээлерин орус инвестору катары көрсөтүү өзүн эч качан актамак эмес.
Муну В.Крылов да минтип жазып жатпайбы. Аны эркинирээк которгондо мааниси бул: "…мындай топозчо жөөлөөнүн пайдасынан, зыяны көп. Талашып жаткан тараптар өздөрүнүн кызыкчылыктарын мыйзамдын чегинде - сот, басма сөз аркылуу такташкан оң. Буга "жогорку күчтөрдү" Кремлди, президенттерди, депутаттарды аралаштыруу аныгында эле орунсуз көрүнүш". Калыстык кеп айтыптыр.
…Балта саптар
Ошол эле учурда "балтанын сабындай болуп" майлуу жер МегаКомго кирип алган, А.Силичтин оң колу катары андагы шектүү "операцияларга" кол кабыш кылган, өзүбүздүн эле жарандарыбыз жок эмес. Алардын бири компаниядагы орус инвесторунун кызыкчылыгын коргоо тонун жамынып иштеп жүргөн Раушан Рыкунова. Бул сулууну кезегинде кыргыз телесинен көрүп калаар элек. Анда Роза Качиева эле болчу. Кайсы бир "махинациялары" үчүн качып кетиптир деп укчубуз. Эми кашына барсаң тааный албайсың. Мен Рыкуновамын деп ыргыштап турса жанына барыш кыйын. Ошол айым comment.kg сайтына төмөнкүчө арман кылыптыр:
"…Ушул компанияны түзгөн "Ивентис" болчу. Ал дайыма өзүнүн мүлкү үчүн күрөшүп келди. Буга көптөгөн эл аралык сотторго, коомчулукка кайрылып келгендиги күбө. Кыргызстанда Бакиев заманында чындыкты издөө мүмкүн эмес болчу. Апрель окуялары компаниянын акционерлерине бир кезде М.Бакиевге тарттырып ийген энчисин кайра кайрып алууга шарт түздү".
Раушан Рыкунова башкасын билбесе дагы өзү айткан "Ивентисчилер" МегаКомдун 49 пайызын М.Бакиевге бастырбай, кыстырбай эле бергенин билет болуш керек. Аны тана да албайт. А.Силичтин М.Бакиевдин кишиси экенин да билет. Анан бетти кызартпай туруп эле бир кезде Максим тартып алганды жобурай берсе эп болобу. Канчалык акчыланбасын булардын киндиктери туташ. Андыктан кыргыз бийлигинин алдында МегаКомго көз арткандардын (учурда талашып жаткан дагы экөө бар???) ким экенин тастыктап, түбүндө бул ишкананы сактап калуу, ишенимдүү инвесторго берүү милдети тургансыйт.
"Ивентисчилер" үркүтүп ийген жери жок, инвесторлор деле келип жатат. Орусия менен деле мамилебиз сууп кетпеди. Тескерисинче, ар тараптан өнүгүү жолуна түшкөнсүйт. Орус өкмөт башчысы В.В.Путин эки өлкөнүн ортосунда буга чейин жылына 1 млрд.дан ашык товар жүргүзүү болуп келсе, эми бул көрсөткүчтү дагы жогорулатсак деген ниетин айтты. Жакында А.Атамбаевдин Маскөөгө визитинде бир катар мамлекеттик маанилүү келишимдерге кол коюлду.
Ошентип, ит үрүп атат, "Ивентисчилер" жүрүп атат. МегаКомдун мүлкү арестте. Сырттан, ичтен чакырылган көз карандысыз аудиттер иштөөдө. Аныгына чыкса ошого жараша иш кылаарбыз. Бул сөздөрдү деле жазбай койсок болмок. Болбой эле тилден тартып, айттырып атышпайбы.
Асан Козиев