mainkaptal
Пользовательский поиск
Акундун былтыркы тамашасы
чындыкка айланабы?
Бир жыл илгери 1-апрель күнү "мен кызматтан кеттим"-деген Акыйкатчы институтунун башчысы Турсунбек Акундун тамашасы бир жылдан кийин чындыкка айланчудай болуп турат. 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин алдына азыркы Акыйкатчыдан "азап" тартышкан бир катар кызматкерлер чакан митинг уюштуруп, Турсунбек Акундун профессионалдуулугу чабал, юридикалык билими тийиштүү деңгээлде эмес, жөнөкөй жарандардын укугун коргогондун ордуна капчыктуулардын кызыкчылыктарын көбүрөөк жактап калгандыгын айтып чыгышты. Ал эми Турсунбек Акундун айыгышкан "душманы" Турсунбай Бакир уулу парламентте Байболов, Бабанов, Дүйшөбаевдердин "бал тилдүү" акыйнегине эргип кетишкен эл өкүлдөрүнө "Бүгүн, 1-апрель күлкү күнүндө биз регламент боюнча Турсунбек Акун деген "шуттун" маселесин карамак эмес белек"-деп эскертип, бир эсе кесиптештерин күлдүрсө, бир жагынан "эски досун" маашырлана мазактап алды. Көптөн бери чабышып келген Турсунбек менен Турсунбайдын ортосундагы кыл чайнаштын тараза ташы акыры келип "Ар- Намыстын" айтылуу депутатынын жеңиши менен аяктаганы калгандыгын эшиттик. Жакынкы күндөрү Турсунбек Акундун соодасы бүтөт деп Турсунбай Бакир уулунун маашырлана алаканын ушалап, кудуңдап жүргөн кези дешет…




Кожобек бизнесин коргодубу?
Ордо калаабыздын чок ортосундагы Ош базарынын "кебете-кешпирин" оңдомокчу болгон шаар мэри Иса Өмүркуловдун аракети азырынча токтолду. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары Ош базарын тазалоо ишин токтотуп туруу чечимин кабыл алышып, шаардык мэрияга кулак кагыш кылышты. Айтмакчы, Ош базарындагы соода түйүндөрүн алдырууга караманча каршылык көрсөтүп, "шаар мэри Иса Өмүркулов рейдерчилик кылып жатат" дегенге чейин барган "Ар-Намыстын" депутаты Кожобек Рыспаевдин ач айкырык салып жатканынын да жөнү бар экен. Бизге жеткен маалыматка караганда, Бишкек шаарынын булуң-бурчунда, анын ичинде Ош базарынын айланасында ар- намысчы Кожобек мырзанын үй-бүлөсүн багып аткан бир нече соода түйүндөрү бар имиш. Ар-намысчы депутат калк үчүн деп төшүн каккылап, өзүнүн бизнесин калкалап атат дегендер да болууда.


Ээн ооз Шадиев…
Энергетика министрлигинин креслосуна "тубаса энергетиктей" болуп олтурган экономист Аскар Шадиев деген ээн ооз эрен бар. Минтип бул министрдин бир нерсени тактап-тактабай эле, оңду-солду "шыбап" жатып калмайынан улам бул куш тилиндей кабарды жазууга мажбур болдук. Тактап айтсак, Аскар мырза өткөн жумада "bulak.kg" сайты аркылуу "Фабула" гезитинин журналисттери менден акча сурашты" деп апыртып, коомчулукка жар салып жибериптир. Аскар мырзадан биздин журналисттер акча сурабагандыгын анын пресс-катчысы аркылуу тактарыбыз менен, баягы сайтта дароо "Фабуланын" аты өчүрүлүп, "бир катар гезиттер" деп оңдолуп калыптыр. Мына Аскар мырзанын ээн ооздугу. Министрдин пресс-катчысы "тактоо киргизебиз…"-деп ишти "жайгарып" кеткени менен, кайра кайрылып келген жок. Ал эми биздин гезиттин аброюна шек келтирип, көө сүйкөгөн Аскар мырзанын бул эрдигин элге ачык айтып коюуну эп көрдүк. Муну менен биз Аскар мырзадан "Фабула" гезитинен коомчулук астында айткан сөздөрүн төгүндөп, кечирим сурашын талап кылабыз. Болбосо, кайсы журналист акча сурап, "шантаж" кылгысы келгенин далилдеп берсин!


Назарбаев дагы да президент
Казакстанды 20 жылдан бери башкарып келаткан Нурсултан Назарбаев эми бир ирет президенттикке шайланды, шайланганда да 7 жылга шайланды.
Шайланууга небак көнүп бүткөн жана да шайлоодо жеңерин мурунтан эле билчү Назарбаевге сөз берели: " Мен президенттикке талапкер катары жеңишке ээ болдум, бирок жеңишке бүткүл Казак мамлекети жетишти деп ойлойм… Бул жеңишим казак элинин менин жүргүзгөн саясатымды колдой тургандыгын көрсөттү, мен жүргүзүп жаткан реформалар, коомду модернизациялоо, казакстандыктардын турмушунун оңолушу жеңишке алып келди… Шайлоодо ошол шайлоо болгон күнү эле жеңбейт, мен алда-канча мурун, 20 жыл аралыгындагы ишим үчүн жеңдим… Мен жалпы казакстандыктарды мага көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылыгымды билдирем жана да бүт күчүмдү элимдин кызыкчылыгы үчүн жумшайм". Ушинтип төгүлүп турат Нурсултан Назарбаев.
Көңүлү көтөрүлүп турганда Каркырадагы жерди кайтарып алсакпы?!


Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн парламенттик комиссия карайт
Кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүү боюнча парламенттик комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына депутаттардан тышкары вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана башка тийиштүү ведомстволордун өкүлдөрү кирет. Комиссияга төраганын орун басары Бөдөш Мамырова жетекчилик кылат. Түзүлгөн комиссия Баткен облусунун Лейлек районундагы чек ара маселелерин иликтеп, ушул жылдын 10-апрелине чейин өз тыянагын чыгарат.


Чоң муштумдар чогулган ЖоКедеги жосунсуз жоруктар...
Иштей баштаганына аз гана убакыт өтсө да, азыркы парламентибиз тарыхта кала турган болду. Албетте, жакшы жагынан эмес.
Эски СССРдин аймагында, азыркы КМШда, парламенттик башкарууну алгачкылардан болуп баштап берип, эксперименттешип аткан Кыргызстан эмне болуп кетээр экен деп шыкаалап атышкан дос-душмандарыбызга 1-апрель күлкү күнүндө Жогорку Кеңештеги айрым эр өкүлдөрүбүздүн айынан чын эле күлкү болдук окшойт. Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулаймановдун ортосундагы кырчылдашкан кыл чайнашты коомчулукка анчейин маалымдабай, жакалашып жаатташып кетишти деген эки ооз сөз менен эле чектелишкени менен, чынында ал күнү Ак үйдө чыныгы "разборка" болду.
Сөздү башынан баштасак, ошол күнү кызматтан айдалып, парламентке акыркы арманын айтканы келген экс-Башпрокурор Кубатбек Байболов Дүйшебаев, Бабанов баш болгон бийликтеги кечээки кесиптештерин көрдөн алып жерге, жерден алып көргө чапкандан кийин "Ата-Журттун" "атаманы" Камчыбек Ташиев чыгып, баягы адатын карматып, "эгер Байболовдун Бабановго айткандары чын болсо, коалициядан чыгабыз"-деп догурунуп баштаганда, республикачы Алтынбек Сулайманов "чыксаң чыкпайсыңбы, чыгам дегениңе канча болду"-деп сөз ыргытат. Ал аңгыча танапис жарыяланып, эл өкүлдөрү өргүүгө чыгып баратканда Алтыкең Камчыкеге жанагы сөздөрүн дагы кайталайт. Өзүн чоң мушкер экенин ыңгайы келгенде айта калып жүргөн Ташиев тигини өспүрүмдөрдүн тили менен айтканда четке "тартып кеткенге" аракет кылат. Сулайманов да өзүн жөн эле жулкулдаттырып койчу эместерден экендигин көрсөтүп, тигини бет талаштыра бир коет. Экөөнүн ортосунда былчылдашкан мушташ башталып, бир заматта бети- баштары канга боелуп, ата-журтчу "атаманына" болушмакчы болуп, ортого түшкөн Садыр Жапаровдун да жүзү канга чыланат. Шагыраган жан жөкөрлөрүн жетелей жүргөн экөөнүн жигиттери карап турмак беле, алар да кожоюндарынын коргомокчу болуп мушташка түшөт. Ошентип, парламенттин жыйындар залы бир заматтын ичинде ач айкырык, куу сүрөөнгө толуп, эки фракциянын элдешкис душмандары "моменттен" пайдаланып, бири-бирин муштап калганга аракет кылышат. Мушташтан кийин Камчыбек Ташиев Марат Султанов менен экинчи кабаттагы дааратканага кирип кетишет. Бир канча минуттан кийин жарандык кийимчен УКМКнын 20дай кызматкери кирип келип, Кеңешбек Дүйшөбаевдин жеке буйругу менен Ак үйдүн 7-кабаты, короодогу дарбазалар тосмокко алынып, эч кимди киргизбей, эч кимди чыгарбай катуу текшерүүгө алат. Бизге жеткен маалыматтарда Ак үйгө ошол учурда криминалдык элементтер жойлоп киргендиги айтылган. Ак үйдөгү айрым кесиптештерибизден алган маалыматта бири-бирине катуу ызырынган эки депутат бүтүндөй "армиясын" "мобилизациялап", шаардын чет жакасына согуш талаасын белгилеп, ошол жерде "разборка" кылышмакчы болгон. УКМК кызматкерлери депутаттардын жан сакчыларындагы курал-жарактарды алып, Ак үйдүн айланасындагы спорттук дене түзүлүштөгү шектүү жаш жигиттерди текшерүүгө ала баштайт. Кечке жуук Камчыбек Ташиевдин кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгы кабарланып, эл өкүлдөрү акырындан тарай башташат.
ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков, социал-демократ Исмаил Исаков, республикачы Бакыт Төрөбаев, "Ата-Журттан" Надира Нарматова, Курмантай Абдиев, "Ар-Намыстан" Бөдөш Мамыровалар кечки саат тогуздар чамасында ортого түшүп, экөөнү элдештиришет. Ал эми ата мекенчилер "бириң терек бириң тал, бириң өлүп, бириң кал" дешкенби, айтор, башыбыз да оорубайт деп ошондо эле басып кетишкен экен. "Бул эки фракция ортосундагы эмес, эки адамдын ортосундагы пикир келишпестик. Экөө бири-бирин эркекче кечиришип, кол алышты, чатак жайгарылды"-деди 2-апрель күнү "Ата-Журттун" депутаты Курманбек Осмонов. Айтмакчы, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып аткан ЖоКедеги чоң жаңжал сыртка чыкпасын, эл укпасын деген эл өкүлдөрүбүз чекисттерибизге жакшы эле эпилдешкен окшойт, кызыктын баары камтылган видеотасмалар ошол замат "жок кылынып", УКМК алып кетти. Баса, НТС телеканалы тартып алган тасма Бакыт Төрөбаев тарабынан "конфискацияланып", ал дагы чекисттерге өткөрүлүп берилиптир.

Тиленбек АЗЫК



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"


ПОИСК ГАЗЕТЫ