Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Калыбек Сатывалдиев,
Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси:
"Көлбаев, Анапияевдерди кармоо үчүн
Интерпол менен иш алып баруудабыз…"
- Калыбек мырза, криминалга каршы күрөштүн жыйынтыгы кандай болуп жатат? Деги эле коом жана бийлик криминалдан тазалана турганбы?
- Криминалга каршы күрөш талапка ылайык жүрүп жатат. Колдон келишинче коомду криминалдан тазалоодобуз. Кээ бир адамдар: "жакшы иштебей жатышат, чабактарды кармашып, а киттери качып жүрөт, аларга издөө болбой жатат" - деген эпсиз кептерди да айтышууда. Бирок чын-чынында андай эмес. Бул көз караш туура эмес. Биз бардык криминалдардын мүчөлөрүнүн үстүнөн бирдей иш алып барып жатабыз. Адамдар кордолбошу керек, укук бузулбашы керек. Ким чектен чыкса, кандай гана болбосун андайларды мыйзамды сыйлоого алып барабыз. Бул биздин эң башкы милдетибиз.
Криминалдардын "киттерин" колго түшүрүү боюнча бир катар иштерди жүргүзүп жатабыз. Мисалга алсак, жакында эле Астанада ШОС болуп өттү. Биз Кытай, Россия, Казакстандын коопсуздук жетекчилери менен бир топ чоң маселелерди чечишкенге жетиштик. Айта кетчү нерсе, кылмышкерлердин чек арасы жок. Кылмышкерлер кайсы жак ыңгайлуу болсо, ошол жакка качып барат да, ошол жактан да кылмыш кылып жүрө беришет. Мисалы, Грузиядан куулган криминалдар Казакстандан кармалып жатышат. Ошондуктан биздин кылмыш дүйнөсүнүн "киттердин" жолун буу үчүн Кытай менен да бир катар маселелерди сүйлөштүк. Азыр биздин иштөө системабыз да мурункуга салыштырмалуу бир топ күчтөндү десек болот. ИИМ, УКМК, прокуратура, каржы полициясы, сот - мына ушул тармактар бир муштумда түйүлүп иш алып барууда. Ушунун негизинде акыркы айларда экономикалык, коррупциялык кылмыштардын бети байма-бай ачылууда.
Биздин маалыматта айтылып жаткандай, жыл башынан бери криминалдардын 150 мүчөсү колго түштү. Анын 8и соттолуп, эң азы 4 жыл, эң көбү 25 жыл мөөнөткө кесилди. Албетте, азыр криминалдарды 100 пайыз тазаладык деп айтуу эртелик кылат. Бирок мурункуга салыштырмалуу жыйынтыктар алда канча жакшы. Мисалга алсак, азыр мурункудай шаарыбыздын көчөлөрүндө 100 миң долларлык ок өтпөс машинелерди зуулдата айдап жүрүшкөн бир да криминал жок. Бул жакшы жыйынтыктардын бири.
Бул да болсо, биздин соттордун эркиндигинен, көз карансыздыгынан кабар берип турат. Азыр кесилген адамдарды мөөнөтү бүткөнчө текшерүүгө алып туруу жагы каралды. Кыскасы, мурункудай башаламандыкты акырындап жоюп жатабыз. Азыр бизге ишеним арткандардын катары арбып баратат. Мурун бизге кайрылбай, ишеним артпай жүргөндөр учурда бизге кайрылып: кимге эмнесин тарттырып жибергени тууралуу ж. б. маселелер менен кайрылып жатышат. Бул көрүнүш да бир топ нерседен кабар берет десек болот…
- Криминалдарды колго түшүрүүдө кандай кыйынчылыктар жаралууда… Силерде кызматкерлердин коопсуздук маселеси кандай каралган?
- Ар кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Кыйынчылык болбой койбойт. Бирок кандай кыйынчылык болсо да, биз ал кыйынчылыктарды жеңип жатабыз. Ал эми коопсуздук маселеси, бизде талапка ылайык каралган. Чынында, бизге ар кандай коркутуулар болот. Айрыкча, телефон аркылуу коркуткандар көп. Биздин башкармачылыкка эч нерседен коркпогон, жүрөгүндө жалыны бар балдар чогулган. Мен бул кызматка келгенде, менден да "коркпойсуңбу"-деп сурашкан. Албетте, кызматкерлерибизди 100 пайыз коркпогон жигиттер деп айтуу кыйын, арасында анча-мынча коркогу болушу мүмкүн. Бирок негизинен алганда, бул башкармачылыкка ИИМдин "каймактарын калпып" алып келгенбиз деп айтсам жаңылышпайм.
- Көлбаев менен Анапияевди кармоо аракетинен натыйжа чыкчудайбы? Же…
- Буйруса, натыйжа чыгат. Ал экөө тең Дубайда. КМШ менен кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү боюнча келишим бар. Тилекке каршы, биздин мамлекет менен Дубайдын ортосунда эч кандай келишим жок экен. Азыр мына ушул жагы тоскоол болуп турат. Бирок биз Интерпол менен иш алып барып жатабыз. Биз мыйзам чегинде, жай болсо да алдыга жылып баратабыз.
- Көлбаев менен Анапияев тууралуу ар кандай маалыматтар айтылып жүрөт. Айрымдары экөө бир команда дешсе, айрымдары экөө эки башка деп айтышууда…
- Биздин маалыматтар боюнча экөө бир эле команда.
- Криминалдар бийлик менен дале тыгыз байланышта иштеп жатышкандыгы айтылып келет. Ошондон улам сурайын дегеним, колго түшкөн криминалдарды бошотууга кайсы бир чиновниктерден сураныч, же буйруктар да байма-бай болуп турса керек… Жашырбай ачык айтсаңыз?
- Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Биз колдон келишинче ачык жана таза иш алып баруудабыз. Сиз айткандай, чынында эле айрым бир чиновниктердин "кызыктуу өтүнүчтөрү" болуп калган учурлар бар. Таптакыр жок деп да айтууга болбойт. Криминалдардын тамыры бардык жакка жайылган. Ошон үчүн мен Жогорку Кеңеш же аппарат деп бөлгүм келбейт. Керек болсо, бизден (ИИМден) баштап айыл өкмөттөрүнө чейин жайылган. Мына ушундай көрүнүштүн кесепетинен учурда акимдин да, прокуратуранын да да үстүнөн иш козгоп жатабыз. Кыскасы, таза эч ким жок.
Мен элге кайрылат элем, эл бизге жок дегенде кайсы бир адамдардын кылмышка тиешеси болсо, же пара алып, коррупция кылып атса жок дегенде жашыруун телефон чалып турушса жакшы болот эле. Себеп дегенде, бул да болсо ар кандай тескери иштин бетин колдон келишинче тез ачканга абдан жакшы жардам болот.
- Сиз жетектеген башкармачылыктын ахыбалы тууралуу айтып берсеңиз? Материалдык база, кадрлар, көйгөйлөр…
- Адистер жагынан канааттандырарлык деп айтсак болот. Себеби жогоруда бул башкармачылыкка ИИМдин жалаң "каймактары" чогулганын айтып өттүм. Укук жагынан алып караганда да, баары талапка ылайык, жогоруда айтылгандай бир муштумга түйүлүп иш алып барууда. Техникалык жагына үч айдын ичинде бир топ автонуаалар бөлүнүп берилди. Андан тышкары атайы жабдыктар менен, оргтехникалар менен камсыз болдук. Кыскасы, бардык көйгөйлөрүбүз четинен чечилип жатат. Бир сөз менен айтканда, өкмөт бул башкармачылыкка мурда болуп көрбөгөндөй чоң суммадагы каражат бөлүп берди. Бул тууралуу жакында толук угасыздар. Мурун кичине акча бөлүп коюп, анын кесепетинен чоң чыгашага кептелген учурлар болгон. Эми буйруса, андайларга жол берилбейт.
Учурда бул башкармачылыкта республика боюнча 260 кызматкер иштеп жатат.
Кызматкерлерибиздин айлыгы да жакынкы аралыкта көбөйтүлгөнү турат.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев




Оморов Самар,
Анголага барып иштеп келгендердин бири:
- 2009-жылы 11-апрелде Анголага барып иштеп калдым. Мен баргандан бир жума өтпөй эле, ошол жакта иштеп жаткан Жанузаков Дүйшөнкул түз Амильтон менен сүйлөшүүгө аракет жасап, өзүмчө иштейм деп далалат кыла баштады. Акыры ушул эле жылдын сентябрь айынан тартып, өз алдынча беш-алты бала менен Амильтон менен түзмө-түз иштешип, 1800 доллар айлык акысын Амильтондун өзүнөн алып баштаган. Ал жерде жөн иштебей, берки объектидеги балдарды Амильтонго жамандап, курулуш объектисиндеги курулуш материалдарын арматура, айнек, пластиковый эшик, генераторду уурдап сатып, анан билинип калып, Нусупов Алымбайга айтып, биздин объектиге көчүп келди. Анын азабынан аны менен бөлүнүп кетишкен балдар айлыктарын алышып, биз алалбай калдык. Буга чейин айлыгымды убагында алып турчумун. Жеке менин Нусупов Алымбайга эч кандай доом жок. Эс алган күндөрү океанга түшүп, токойго барып, цитрустардан жеп турчубуз. Ошол жерде 5 миллион кытай ынтымакта иштеп жүрүшөт. Ал эми Дүйшөнкулдун азабынан 20 кыргыз ал жерге батпай калдык.
Нусупов Алымбайды Анголага жиберип, калган айлыктарыбызды алышыбыз керек. Бирок буга Дүйшөнкул Жанузаковдор тоскоол болуп жатышат. Бул кишинин айткандарынын баарысы жалган. Эч бир чындыкка жатпайт.

Акматов Чыңгыз,
Анголага барып иштеп келгендердин бири:
- Мен 2009-жылдын сентябрь айында Багышов Камил, Кармышаков Нурболот үч бала Анголага кеткенбиз. Баргандан кийин Нурболот экөөбүздү Алымбай Нусупов Дүйшөнкулдун объектисине бөлдү. Баргандан жарым саат өтпөй Дүйшөнкул экөөбүз уруша кеттик. Ал мага: "Эмнеге келдиң. Сага эмне жетишпейт. Айлыгың канча" -деп кыйкырды, мен айлыгымдын эл катары айлык аларымды айттым. Бирок экөөбүздүн пикирибиз келишпей бир жума бою уруштук. Кийин мени башка объектиге алып кетишти.
Кийин Дүйшөнкул өз алдынча бөлүнүп иштеп кетип, ал жактан уурулук кылып, билинип калып, кайра бизге келгенден кийин дагы бизди негрге жамандап чагымчылык жүргүзө баштады. Ал түгүл бизди "атып салам" деп автомат менен коркутуп, "Кыргызстанга барганда рекет агам менен барып силер менен сүйлөшөм" деген сөздөрдү дагы айткан.
Дүйшөнкулдун бул жакта айткандарынын баары жалган. Атала ичкен эмеспиз. Жума сайын бир кой, ай сайын бир уйдан союп беришчү.
Менин Нусупов Алымбайга эч доом жок. кошумчалап кетчү нерсе Улуттук каналдагы "Чындык сааты" деген көрсөтүүсүндөгү балдардын паспортун алып, эшикке түртүп жибергени калп. Ал монтаждалган. Алымбай бизге катуу мамиле жасачу эмес. Менин айткандарымды ошол жакка барган 20 бала дагы тастыктап бере алат.
Даярдаган
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу