Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Ханстуциядан"-
Конституцияга
Негизги мыйзам калкка качан кызмат кылат?
Демократиялык түзүлүшкө умтулган кыргыз эли 1991-жылы эгемендүүлүкө ээ болуп, көз каранды эмес мамлекет экендиги жарыяланган. Экономикалык жана социалдык эң оор кыйынчылыктарга дуушар болсо да, өлкөдө стабилдүүлүк сакталып, эркиндикти коргоп калууга элибиз бекем принциптүүлүктү көргөзө алды. Узакка созулган мөөнөттө өз кесиптерин терең өздөштүргөн, учурдун талабына шайкеш аракет жасашкан, экономикалык, юридикалык жана жашообуздагы маанилүү бардык маселелерди терең түшүнүшкөн, өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга умтулушкан күчтүү кадрлар жана саясатчылар ар тараптан иштетилген Конституцияны бир жыл бою талкууга коюп, калктын 280ден ашык сунуш-талаптары менен айрым өзгөртүүлөр жасалган. Эң негизгиси, бийлик элиталарынын кызыкчылыгынан жалпы элдин кызыкчылыгы жогору коюлган бул Конституция Жогорку Кеңеш тарабынан 1993-жылы 5-майда кабыл алынган эле.
Тилекке каршы, бийлик бутактарынын өз алдынчалыгы мамлекет башчысына жаккан эмес. Бийликтин бөлүнүшү анын жеке кызматчылыгына туура келбегендиктен, өлкөдөгү экономикалык-социалдык оор кырдаалды шылтоо кылып, президенттин укуктарын кеңейтүүгө жана орус тилин расмий тил катары таанууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишип, бул анын жеке бийликке ээ болушуна, үй-бүлөлүк башкарууга өтүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. Айрыкча, 2003-жылы А. Акаев президенттик шайлоого үчүнчү ирет баруу үчүн одоно мыйзам бузууга барышы оппозиция нааразылыгын күчөтүп, натыйжада 2005-жылы бийликтен гана куулбастан, Москвага качууга мажбур болгон.
Оппозициянын күчү менен бийлике келген К. Бакиев өткөндөрдөн сабак алган жок. Өлкөдө эл күткөн реформа жасалбады. Ошентип, 2006-жылдын ноябрында элдин күчтүү толкунунан корккон бийлик "парламенттик" Конституцияны кабыл алды, бирок ушул негизги мыйзамды тааныган Жогорку Кеңеш декабрда кайра "президенттик" Конституцияны да кабыл алып жиберишти. Элдин нааразычылыгы күчөй баштады. Үй-бүлөлүк жана кландык башкарууну сактап калуу жана түбүн бекемдөө максатында экс-депутаттар К. Карабеков менен М. Эшимкановдун Конституциялык Сотко берген арызы канааттандырылды да, ноябрь-декабрь Конституциялары "мыйзамсыз" - деп чечим чыгарылып, 2007-жылдын октябрында К. Бакиевдин демилгеси менен референдум өткөрүлүп, жасалма "жеңишке жетишти" да, жеке бийлигин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алды. Ошону менен катар, криминалдык чөйрөнүн бийликке таасири күчөдү.
Албетте, кыргыз эли көтөрүмдүү экен. Акыры бийлик кемчилигин түшүнөр да, оңолуу жолуна түшөр деп үмүттө жашады. Ишеним акталган жок. Бийликтин зордук-зомбулугу күчөдү. Диктатордук режимди орнотууга багыт алды. Бул 2010-жылдын 7-апрелинде элдин көтөрүлүп чыгышына себепкер болду. Калктын нааразычылыгын күч менен басып салууга чечим кабыл алып, Ак үй алдында бийлик элди ок менен тосуп алды, 87 алмончоктой жигиттерибиз курман болуп, акырында К. Бакиев үй-бүлөсү менен гана эмес, бир туугандары менен качууга мажбур болгон эле.
"Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат",-дегендей, Убактыуу Өкмөт тарабынан жаңы негизги мыйзамды даярдоого Өмүрбек Текебаевге ишеним көргөзүлгөн. Шашылыш иштелип чыккан бул Конституцияда артыкчылыктар менен катар кемчиликтер бар экендиги талашсыз. Эң негизги маселе - ар кандай мыйзам ошол мамлекеттин элинин жашоо-турмушун оңдоого, экономикалык-социалдык мамилелерди чечүүгө мамлекеттин бардык тармакта кубаттуулугун көтөрүүгө багыттоо болуп саналат. Ал мыйзамдын толук кандуу иштеши үчүн калкыбыздын менталитети эске алынышы керек эле.
Айыкпас илдет - "эл аралык стандарттагы" мыйзамдар
Биздеги айыкпас илдеттин бири - "эл аралык стандарттагы мыйзамдардын" кабыл алынышы, бирок буга мактанган бийлик өкүлдөрү эмне үчүн эң алгач калктын жашоо деңгээлин ошол "Эл аралык стандартка" жеткирүүнүн жолун 20 жыл бою таба албай келет? Алгач элибиздин жашоо-шартын ошол деңгээлге көтөрүп, экономикабызды "эл аралык стандартка" жеткирбей туруп, "эл аралык стандарттагы" "укмуш" мыйзамдарды жазып киргизсе да, ал жөн гана "өлүк мыйзам" катары каларын ачык айтсак болот.
Кечээ эле мурдагы эки мамлекет башчыларына айтылган сын-пикирдин бири - бул орус тилинин расмий тил катарында киргизилиши болуп келген. Орустарга "тиш кайраган" Өмүрбек Текебаев түзгөн негизги мыйзамда деле орус тили расмий тил катары неге өз статусун сактап калды? Буга Өмүкең али жооп берген жок. Ачыгын айталы, "кыргыз тили - мамлекеттик тил" деп саналган менен, расмий тилдин (орус тилинин) тебелендисинде калып отурат. Эл аралык масштабдагы жолугушууларда сүйлөшүүлөр, ар түрдүү маселелерди чечүүдө документациялар мамлекеттик тилде эмес, расмий тилде жазылып, кабыл алынса, кыргыз тилин мамлекеттик тил деп айтуунун өзү эле эне тилибизди кордоого жатарын биздин көшөкөр кошоматчы мыйзамчылар ойлонуп коюшат бекен? Менимче, орус тили - расмий тил болсо, анда кыргыз тили - мамлекеттик тил статусунан ажыратылышы, болбосо, эне тилибиз мамлекеттик тил болуп, бүтүндөй расмий документтер кыргыз тилине өткөрүлүп, орус тили - расмий тил статусунан ажыратылышы керек. Бул башка тилди кордоо эмес, эне тилди коргоого жатат.
Аракеттеги Конституциядагы депуттаттардын санынын 120 адамга жеткирилиши алакандай Кыргызстанда, жалпы 5 миллиондон жаңы ашкан өлкөбүз үчүн жөн эле маскарачылык, же маскарапоздук катары санасак болот. Бул дүйнөдө калкынын тең жарымына жакынын түзгөн Кытайга, экономикалык жана аскердик күчтөрү менен дүйнөнү титиреткен АКШга, алар менен тең тайлашкан Орусияга ылайык келер. Ансыз да өнөр жайы кыйраган, айыл чарбасы аңтарылган Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны азайтылышы, тактап айтканда, 30-35 адамдан ашпоосу зарыл. Депутаттардын сессия учурунда чет маллекеттерге "айылдап" кетишине, заседаниеге жана сессияга катышпай койгондорду мандатынан ажыратууга чейин катаал тартип киргизилиши маанилүү. Айылдашмак "оюндарын" ансыз деле ала турган "каникулдарда" аткарыш керек.
Демократиядан партократияга кадам - коррупцияны күчөтөт
Партиялык тизме менен кандидатураны көргөзүү 2010-жылдын 27-июнунда референдум жолу менен жаңы Конституцияга киргизилди. Ачык айталы, драматизмдик кырдаал түзүлүп, убакыт чектеген бул шартта альтернативасыз Негизги мыйзам элибиздин кеңири талкуусунан өткөрүлгөн жок. Эл Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү үчүн стабилдүүлүктү сактоого салым кошуп, парламенттик башкарууга өз добуштарын беришти.
"Таяктын да эки учу бар" эмеспи. Кандай башкаруу жолун тандап алсак да, анын да терс жактары болору, бийликти жалаң эле "периштелер" эмес, пенде жүргүзөрү белгилүү эмеспи. Парламенттик башкарууга өткөн шартта да кыргыз элинин уруулук байланышы, региондук бөлүнүүлөрү бизде демократиянын жогорку тепкичине көтөрүлүп чыгышыбызга тоскоол болору эске алынган эмес. Бул шайлоонун алгачкы жүрүшүндө эле ачык билинип калгандыгын кантип тана алабыз?
Шайлоого бир канча партиялар катышканы менен, ошол партиялык тизмеге кирген талапкерлер кайсы региондон болсо, ошол жакта үгүт иштерин жүргүзгөнүн кимиси төгүндөй алат? Макул дейли, шайлоого 20 партия катышсын, ар бир партиянын мүчөлөрүнүн саны орто эсеп менен 10 миң адамдан болсо, 5 миллион калктын ичинен шайлануу укугуна 200 миң адам гана ээ болушун "чыныгы демократия" дегенибиз популисттик болбос бекен? Бул Конституцияга салыштырганда, "легендарлуу парламент" кабыл алган биринчи Негизги мыйзам калкыбыздын менталитетине да, ишенимине да туура келип, акыл калчап даярдалганын жана демократиялык маанайга ээ болгонун азыркы күндө калктын көпчүлүгү белгилеп турат.
Бизге кайсы Конституция ылайык?
Бул жаңы Негизги мыйзамда мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын милдеттери жана укуктары аныкталган, бирок кызмат орундарына ишмердик жөндөмдүүлүгүнө эмес, шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүүдө көргөзгөн эмгеги боюнча жайгаштыруу адатка айланып бараткандай таасир калтырат. Мындай маселеге логикалык жактан ой жүгүртсөк, коррупцияны ооздуктайбыз дегенибиз куру кыял болуп калары анык. Маселени партиянын бир ууч лидерлери гана чечкендиктен, партиялык уюшкан мафиялык топтордун гана үстөмдүгү орнойт. Бул жерде партияга мүчө болбогон төрт миллион адамдар бар болгону добуш берүүгө гана укук алышат, алар шайлануу укуктарынан ажыратылган. Жаңы Конституциянын мындай "демократиясына" "бали-и" дегенден башка эмнени айта аласың?
Биз "укуктук талаа" деп кыйкырабыз, бирок бир ууч партиялык топтордун укуктарын көтөрүп, калктын калың катмарынын укуктарын басмырлап жатабыз. Бул пикирди кайсы кими жокко чыгара алат? Өмүрбек Текебаевдин: "Конституция - укмуштуу аракеттеги көрүнүш эмес, ал адамдардын бири-бирине үстөмдүк жүргүзүүсүнө жол бербейт, ар ким өз укугун коргоого мүмкүнчүлүк алат" - деген сулуу сөзүн партиялык тизме аркылуу шайлоону киргизүү менен өзү төгүнгө чыгарып койбодубу? Ошол эле учурда бир ууч партия мүчөлөрүнүн диктатурасы гана орногонун кантип төгүндөй алат?
Менимче, элге жакын жана жаккан 1993-жылдагы биринчи Конституцияны пайдаланып, ага парламенттик башкаруу системасын кошумчалоо керек. Депутаттардын төрттөн бири (30 депутат) калтырып, талапкерлердин үчтөн бири партия мүчөлөрүнөн, дагы үчтөн бир бөлүгү коомдук уюмдардан, калган 10 талапкер партияда жоктор тарабынан тандалып көрсөтүлүшү калыстык болмок. Ошону менен катар депутаттык мандатка ээ болгондор мөөнөтү бүткөнчө мамлекеттик ишке которулбашын, эгер бир нерсеге күнөөлүү катары мандатынан ажыратылса, белгилүү мөөнөткө жооптуу кызматка алынбашын камсыз кылуу зарыл. Алгачкы Конституциядагы бийликти узурпациялоого умтулгандар, же бул максатты ишке ашыргандар аёосуз жазага кириптер болору Негизги мыйзамга кайрадан киргизилиши маанилүү. Мында тарых соту күнөөлөрдү "өз ордуларына" коймок да, бийликтин үстүнөн мыйзамдын үстөмдүгү орномок. Ал эми эне тилибизди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик тил да, расмий тил да кыргыз тили болорун так белгилөө зарыл. Акырында айтарыбыз, Кыргыз Республикасында 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган алгачкы Конституция көп артыкчылыктарга ээ экендигин, кийинки учурдагы Негизги мыйзамдар кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгын коргоого багытталганын, шашылыш кабыл алынган 2010-жылдын 31-августтагы Конституциядагы биз сынга алган кемчиликтерин эске алсак, биздин мамлекетибиз жана элибиз 5-майды - Конституция күнү катары баалашы - бул тарыхый жактан да, юридикалык жактан да туура чечилген кадам болуп саналат...
Эртабылды Аттокуров