presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Болот
Миңжылкиев -
миң жылда бир келүүчү улуу талант!
Дүйнөгө опералык ырчы катары атагы чыккан, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин 70 жылдыгы анын туулуп өскөн айылы Тору-Айгыр айылында белгиленди. Айылдын маданият үйүнүн алдына эстелиги коюлуп (бюсту эле) Миңжылкиевдин ысымын Улуттук консерваторияга ыйгаруу маселеси көтөрүлдү. Мындай демилгени борбордон келген аткаруу бийлигинин өкүлдөрү колдоорун белгиледи.

Б. Миңжылкиевдин 70 жылдыгын белгилөөнү "Тору-Айгыр коомдук уюму" көтөрүп чыгып, бир жума мурун Ысык-Көл облусу боюнча марафон уюштурган эле. Андан 300 миң сом чогулуп, ага кошумча облустук администрация да 300 миң сом бөлгөн. Мындай иш-чара акча каражатысыз болбосо кайдан өтмөк эле деген жүйөөдөн улам, чү дегенде эле чогулган акчадан баштаганыбыз да ошол. Болбосо, учурда мамлекетибиз аш-тойлор менен мааракелердин санын азайтып, экономикалык өсүшкө басым коюп атпайбы. Б.Миңжылкиев быйыл 71 жашка чыкмак. 70 жылдыгы өткөн жылга туш келген, бирок өлкөдөгү саясий кырдаалдан улам, аны эстегенге буяма келген эмес экен. Быйыл деле, бул демилге таланттуу инсандын жердештери тарабынан көтөрүлбөсө белгиленбей калмак беле ким билет.
Миңжылкиевдин 70 жылдык мааракесине Президенттин администрация башчысы Э.Каптагаев, Маалымат жана маданият министри Н.Шакеев, ЖКнын депутаты Максат Сабиров баштаган расмий бийлик өкүлдөрү, Миңжылкиевдин жубайы, эл артисти Рейна Чокоева, жана окумуштуулар катышып, кыргыз өңүн, жерин дүйнөгө тааныткан Б.Миңжылкиевдин кайталангыс талант экенин айтып түгөтө албай турушту.
Сөз алып сүйлөгөн
Э.Каптагаев:
- Бүтүндөй Европа өлкөлөрүнүн өнөр секисин багындырган айылдык кыргыз жигитинин талантын өз учурунда ардактай албай калдык. Тарыхта мындай кемчиликтер көп кездешет, эми мындан кийин убагында даңазалап, сыймыктансак, аларды өрнөк кылып, жаштарды тарбияласак. Бүгүн эстелигин ачып атабыз деп атабыз, ал Болот Миңжылкиев агабызга эмес, бизге, тарыхка, келечек муундарга керек. Элибизде тынчтык болсун, анын ичинен ушул куттуу Тору-Айгыр айылында ынтымак болсун. Былтыркыдай мамлекет башына түшкөн оор түйшүк болбосун, кан төгүү кайталанбасын, чогулсак ушундай жакшылык менен жолугушалы.
Ал эми облус губернатору Нурдин Абдылдаев - Тору-Айгыр айылы И.Ахунбаев баштаган академик, доктордун жана таланттуулардын ордосу экенин белгилеп, мындай деди:
- Б.Миңжылкиев арабызда жок болсо да анын экинчи өмүрү башталган. Анткени анын ырларын шакирттери улап, өмүр жолун улам жазып, тартып, биз тирүүлөр өз парзыбызды аткарып атабыз. Бул мааракеге облустан жалпы 600 миң сом бердик. Азырынча Б.Миңжылкиевдин элеси түшүрүлгөн чакан айкели (бюсту) тургузулду. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз, Ал кишинин эмгегин, искусствого жумшаган мээнетин сөзсүз сыймык менен таанытабыз. Алдыда арбын иштер турат.
Ал эми Автожолтехникумунун жетекчиси, "Тору-Айгыр" коомдук бирикмесинин башчысы Наматбек Орунтаев, Б.Миңжылкиевдин ысымын Улуттук консерваторияга ыйгаруу сунушун айтты эле, коомдук ишмер Бейшебек Акунов бул маселени парламент, өкмөт туура чечип берет,- деген үмүтүн кошумчалады.
Миңжылкиевдин жубайы Рейна Чокоева: "адеп жаңы келин болуп келгенде жүгүнгөндөй жүгүнүп коеюн",- деп , сөзүн эл алдына жүгүнүү менен баштады. Ал өз сөзүндө:
- Болот үчүн Ысык-Көл түгөнгүс тема эле, а мен үчүн ыйык жер. Анткени жолдошумдун киндик каны тамган касиеттүү айыл. Мен силерден Болот үчүн ушундай урматтоону күткөн эмесмин. Миң мертебе ыраазымын.Толкунданып атам.
Баястан Батырбаев аттуу скульптордун колунан жасалган Б.Миңжылкиевдин айкели И.Ахунбаевдин айкелине бет маңдай жайгашты. Ахунбаевдики 2 жыл мурда коюлган эле. Айылдын маданият үйүнүн алдында эми эки улуу инсан турат.
Чогулгандар - Б.Миңжылкиевдин шакирти, опера балет театрынын солисти Бактыбек Ыбыкеев баштаган таланттардын концертин көрүп, Миңжылкиевге арналган документалдуу тасманы көрүштү. Биз аягында Б.Миңжылкиевдин жакындарын сөзгө тартканыбызда, Сонун Бугубаева аттуу эне жеңеси болуп чыкты, ал Болот агайды мындайча эскерди:
- Болот ачык жигит эле. Өтө боорукер болчу. Бардык нерсени жүрөгүнө жакын кабыл алаар эле. Бир күнү эле сакал коюп келсе тааныбай атпайбызбы, көз айнек кийип алып, сыр бербейт тим эле. Күлдүрүп, баарыбыздын көңүлүбүздү алчу. Өмүрү кыска экен, канттик, жакшы адамдар үлгү болуп узак жашаса гана, атаганат!
Учурда Б.Миңжылкиевдин туулган үйүндө, анын жээндери жашап турганын айылдаштары кеп кылышты. Ошондой эле бул улуу инсандан азыр бир эле кызы калыптыр, уулу да каза болуп калган экен.Тулпардан туяк калбаганына өкүнгөн эле эл.
Миңжылкиев опера балет театрында иштеп жүргөндө таарынып чет өлкөгө кетип калган экен-деген имишти, анын шакирти Б. Ыбыкеев четке какты.
- Болот агайдын үнү, таланты Италиянын Ла-Скала сыяктуу дүйнөлүк сахнада, театрга ылайыктуу болсо, эмне үчүн ал жакка кетпеши керек эле. Ал кишинин деңгээли ошондой эле да. Өз элине, мекенине эч ким таарынбайт, ал жөн гана ушак болуш керек. Союз убагында Кыргызстанда опера жанры жаңы өсүп келаткан болчу, а агай болсо ал кезде таланты оргуштап тургандыктан, аны бүтүндөй Европага жеткирип, өзү чоң тажрыйба топтогону жакшы эле болду да.
Ал эми ЖКнын депутаты Максат Сабиров "Курманжан датка фондусу", б.а. Жылдыз Жолдошева куруп жаткан 20 гектарлык аянтты ээлеген комплексе кыргыз үчүн күйүп-бышкан улуу инсаныбыз Курманжан датка менен кошо көлдүк атактуу мекенчил уул-кыздарыбыз Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Иса Ахунбаев, Болот Миңжылкиевдердин да эстеликтери тургузулушу керек экендигин белгиледи. Жөнөкөй эл көл жээгинен бөлүнгөн 20 гектар жер аянты боюнча жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрыла тургандыктарын бир ооздон белгилешти.
Рита Борбукеева, Ысык-Көл облусу.





ЖОЛУ ТҮЗДҮН КЕЛЕЧЕГИ КЕҢ
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Алмаз АТАМБАЕВГЕ
кайрылуу

Сарамжалдуу, келечегиндеги жакшы нерселерди көрө билген адамдар керектүү ишти эч качан ананкыга же эртеңкиге калтырбайт, баса калып бүтүрөт. Анткени, кечиккен иштин зыяны тоодой. Мыкты мамлекеттерде биз эскерген сарамжал адамдар сындуу аракет кылат.
Ал эми биз окшоп "бүгүн болбосо, эртең бүтөр, иш деген буюрган күнү бүтөт" деп ток пейил жата берсе кантип ийгилик болсун?!
Түп-Кеген жолунун курулушу жөнүндө ойлогондо жогорудагы маанай келип жатпайбы.
Эксперттер гана эмес, жөнөкөй адамдардын баары эле айтып жатат: бул жол облуска гана эмес, бүтүндөй мамлекетибизге пайда алып келчү жол.
Биринчиден, казактар үчүн көлгө каттоо Бишкек аркылуу келгенге караганда 300 чакырымдай кыска жол, демек, кыска жол менен туристтердин келиши көп болот, экинчиден, жолдун жээгиндеги кыргыз айылдарында ар кандай соода тармактары, кызмат көрсөтүү кызматтары, айталы, дөңгөлөк чаптоо, машина оңдоо ж.б. пайда болот. Ал мамлекет үчүн да, карапайым эл үчүн да опсуз пайда. Жөнөкөй эле бир мисал: туристтер көп каттаган жол жээгинде эл сүтүн, айранын, курутун, быштагын, алмасын, өрүгүн, картошкасын, жер-жемиштерин сатат. Жанагы бааны каалагандай коюп алып сүт алып жаткандарга, жана башка алып-сатарларга чоң сокку, элге пайда болот эле.
Билебиз да, туризм жакшы өнүккөн Турция, Египет, Испания, Италия, Греция, Швейцария, Израиль, Таиланд, Кытай ж.б. ондогон өлкөлөрдүн бюджетине ал тармак оңбогондой киреше киргизип турат. Албетте, ал ишти мыкты жолго койсо, бардык инфраструктуралар пайдаланылса.
Өткөндө президент Роза Отунбаева Бостеридеги туристтик сезонго карата уюштурулган көргөзмөгө келип, туризмдин маанисин, анын ичинде бизге болгон маанисин жакшы айтты. Облустун губернатору Нурдин Абдылдаев да бул туризм сезону жакшы жыйынтыктарды алып келиши үчүн толгон иштер жасалып жатканын ынанымдуу баян кылды. Айтор, ушул туристтик сезонубуз бюджетибизге сезилерлик кошумча кошоруна ишенсе болот экен.
Мына ушундай кырдаалда Түп-Кеген жолу ишин уланта албай турганы кызык, кызык эмес, эң жаман көрүнүш болуп турат.
Түп-Кеген жолунун аралыгы 76 чакырым. Азыр анын 30 чакырымына асфальт-бетон катмары төшөлгөн, 14 чакырымына экинчи катмары төшөлгөн. Баары дүйнөлүк стандарт деңгээлинде жасалды.
Анан ошол боюнча иш токтоп турат. Анткени, бул жолго бюджеттен мыйзамдуу түрдө бөлүнгөн акча мыйзамына карабай ушул күнгө чейин берилбей жатат. Буга ким күнөөлүү белгисиз.
Азыркы учурда жолду куруп жаткан "Терра Эмплоймент групп" ОсООсунун техникалары жанан асфальтобетон заводу толугу менен ишке даяр абалда турат. Жумушчулардын баары - 150дөй адам эпкиндүү иштемекке жумуш качан башталат деп чыдамсыздана күтүп турган кези.
Урматтуу Алмаз Шаршенович, бул жолдун кыргыз эли үчүн маанисин Сиз өкмөт башчысы жана да абройлуу саясатчы катары бизден мыкты билесиз, андыктан тез арада бөлүнгөн акчанын изин таап бизге жөнөтөт деген ишенимибиз чоң.

Сизди терең урматтоо менен жол куруучулардын атынан:
Ж.Шамырканов, А.Абдиев, Т.Шабданбаев, Р.Асаналиев, М.Акыбаев, Э.Кызылбеков, М. Табышев, О.Кожомжаров, С.Молоев, Ч.Тыналиев жана "Фабуланын" саясий баяндамачысы Баратбай Аракеев.







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??