presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Кубаныч Сатаев
альбом чыгарат…
Атасынын жолун улап, анын эл арасында жашап калган эски ырларына кайра өмүр берип, элдин алкышына татып жүргөн Кубаныч Сатаев жакында өзүнүн ырларын чогултуп, альбом чыгарууну максат кылууда. Альбомун эски, жаңы ырлар толуктап, акыркы кездерде өзү чыгарган обондуу ырлар да камтылмакчы. Анда күтө туралы. Кубанычтын кубанычына ортоктош болуу алыс эмес.


Зари сынак тапшырат…
Бир топ убакыттан бери белгилүү продюсер Динара Эсенгулованын жетекчилиги алдында чыгармачылыгын өркүндөтүп жаткан белгилүү ырчы Зари учурда бешинчи курсту аяктоонун алдында турат. Белгилей кете турган жагдай Зари Москвада жогорку окуу жайлардын биринде билим алат. "Учурда мамлекеттик сынактарды берүүгө катуу даярдык көрүп жаткан Зари чыгармачылыгына көңүл бурганга жетише албай жатат. Кудай буйруп, ийгилик коштоп турса, мамлекеттик сынактардан кийин чыгармачылык менен кызуу алектенет"- дейт продюсери Динара Эсенгулова.


Максат Бегалиев бий долбоорунда…
Өзүнүн таланты, талыкпас эмгегинин арты менен чыгармачыл чөйрөдөн өз ордун таап, кыргыз шоу-бизнесинде аты таанымал болгон жаш ырчы Максат Бегалиев учурда "Жан дүйнөм дайым бий менен" аттуу жалпы байге фонду 200 миң сомду түзгөн бий долбооруна катышууда. Аталган бий долбоорунун финалы 12-майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда элдин сынагына коюлмакчы. "Сынакка катышып жаткан талапкерлердин баары баш байгени алууга катуу аракет көрүшүүдө. Биз дагы өнөктөшүм экөөбүз кызуу даярдыктарды көрүүдөбүз. Калганын убакыт көрсөтөт. Буйруганы дегендей. Учурда ушул долбоор менен бошобой жатам"- дейт Максат Бегалиев.


Айпери Сыдыковадан жаңы клип…
Кыргыз сахнасында өз өнөрлөрүн элге тартуулап келе жаткан жаш ырчылардын катарын толуктаган жаштар арасында кеңири таанымал болгон жаш ырчы Айпери Сыдыкова кош бойлуу болгонуна байланыштуу бир топ убакыттан бери чыгармачылык тыныгуу жасап жатты эле. Эс алуу адамга жаңы идея, жаңы күч, жаңы дем берет дегендей, төрт-беш айдан бери эс алууда жаткан Айпери чыгармачылыгын колго алып, жакында "Эркем" аттуу ырына клип тарттырды. Аталган ырдын клиби Оштогу "S" студиясы тарабынан тартылган. Айперинин учурда кош бойлуу болгондугуна байланыштуу клиптин кээ бир кадрлары компьютердин жардамы менен жасалган. "Кош бойлуу аял - дүйнөдөгү эң сулуу жана бактылуу аял" - дейт эмеспи. Ырчы кызыбыз кош бойлуу экендигин техниканын жардамы менен жаап-жашырбай, тескерисинче, дүйнөдөгү эң бактылуу аялзаты экенин даңазалап клип тарттырса абдан мыкты, оргиналдуу клип чыкмак.


Орус драмтеатры спектаклге чакырат…
Борбор калаабыздагы Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драмтеатры искусствону баалаган театр сүйүүчүлөрүн кыргыз элдик жомокторунан алынган спектаклдерге чакырат. Жакында эле театрдын кичи залында кыргыз эл жомогунун негизинде коюлган "Нан менен ит" спектаклин көрүүчүлөргө сунушташты. Учурда актерлор "Карагул ботом" чыгармасынын негизинде жазылган "Карагул ботом" пьесасын даярдашып, элге сунуштоонун алдында турушат. Жан дүйнөсүнө гүлазык издеген театр көрөрмандарынын баарына эшик ачык. Анда чамдаңыздар…


Нурлан Насип сапарга чыгат…
"Унуталбайм" деген ыры менен коомчулукка таанылган, өзгөчө жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланган, кыздардын түн уйкусун бузуп жүрөктөрүнө чок салган таланттуу ырчы Нурлан Насип түштүк жергесиндеги гастролун аяктап келери менен, жөн жатпай жаңы ырларына клип тарттырып, жаңы ырларды жаздырып, репертуарын кампайтып алып, 8-9-майда кичи мекени Терек-Суу айылына барып, элинен бата алып кайтты. Андан кийинки чыгармачылык сапарын Токтогул жергесинде улантмакчы. Муну менен эле чектелип калбай, жакынкы күндөрү Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарын да кыдырып, күйөрмандарына ыр тартуулоону пландоодо.

Жаркынай Кадыркулова



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??