Warning: include(../../ggle_v_2.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 3

Warning: include(../../ggle_v_2.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 3

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v_2.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 3

Warning: include(../../shilteme.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 4

Warning: include(../../shilteme.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 4

Warning: include(): Failed opening '../../shilteme.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 4
mainkaptal
п»ї

Warning: include(../../izde.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 8

Warning: include(../../izde.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 8

Warning: include(): Failed opening '../../izde.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 8
ТЕҢИР - ТООНУН
ТЕМИР МҮНӨЗ АЙЫМЫ

9 -Май Улуу Жеңиш - "Көз жаш менен кубаныч аралашкан майрам" - деп орус ырында ("...Этот праздник со слезами на глазах...") айтылгандай, ушул Улуу күн жакындаган сайын жаркыраган Тынчтык күндү мындан 66 жыл мурда кан-жандары менен кийинки урпактар, биз үчүн камсыз кылган, көкүрөгү орден менен медалдарга жык толгон согуштун жана эмгектин ардагерлерин көрүп, алардын ар бирине таазим кылып, узун өмүр, бекем ден соолук, бакубат карылык тилегиң келет! Биз, кийинки муундар, алардын алдында Тынчтык күндө жашап жүргөнүбүз үчүн чоң карыздарбыз! Өкүнүчтүүсү, алардын катарлары улам барган сайын суюлуп бара жатканы... Чоңдорду да, балдарды да аябаган таш боор, мерез, катаал, жексур согуш жылдарында тылда каарман эмгек өтөгөн миллиондогон советтик эмгекчилердин сабында азап-тозокту башынан кечиргендердин бири - атпай кыргыз журтуна аттын кашкасындай таанымал, чарбалык жана коомдук ишмер, персоналдык пенсионер, 87 жаштын чайын ичип, арабызда алтын шилекейлерин чачыратып, жаштарга өмүрү өрнөк болуп, нуска кептерин айтып жүргөн Кутман энебиз - эки доордун күбөсү болгон - Күмүш Суранова жөнүндө азыноолак сөз кылайын дедим.
Ушу тапта, коом алмашканы, элибиз эгемендикке ээ болгону советтик түзүлүштү керексиз, пайдасыз нерсе катары карап, ал доорду тарыхтын таштандысына айландыргысы келгендер да бар. "Тулпар - тушунда, күлүк - күнүндө", ал заман кайткыс болуп кетпедиби?-деп ойлошот. Мен аларга кошулбас элем. "Тарыхты мылтык менен атсаң, келечек сени замбирек менен тосуп алат" - деген сөздөргө маани бере жүргөнүбүз абзелдир. Союз кезинин да биздин өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кошкон үлкөн салымдарын тарых тандырбайт! Эми сөз бүгүнкү каарманыбыз, Кутман энебиз Күмүш Суранова жөнүндө болсун. Ал 1924-жылы Нарын районунун Өрнөк айлында төрөлгөн. Атасы Суран жылкы багып, кызын ат жалын тартып мингенге эртелеп үйрөтүп, тоо койнунда тың, эр мүнөз кылып тарбиялаптыр. Мектепти аяктап жаткан маалда Батыштан кан күйгөн согуш башталып, колуна курал алганга жарактуу эр-бүлөлөр:

"Алтымыш вагон бир чиркеп, алып бир учат паровоз,
Айлымдан узап баратам, агайын-тууган кайыр кош!"- деп, "Эр-жигит эл четинде, жоо бетинде!" -демекчи, улуу державаны, Мекенди Гитлердик фашизмдин кандуу чеңгээлинен, душмандардан коргоого аттанышат. Айылда кары-картаңдар, аялдар, жаш балдар калып, бири канын төксө, бири жашын төгүп, түшкө кирбес азаптуу жашоо башталып, балалыктын баёо мүнөз эркелиги шамалга кеткендей, өспүрүмдөргө тез эле эс кирет. Күмүш апа эмгек жолун Эчки-Башы айлында окуу үйүнүн башчысы, табелчи, жылкы ферма башчысы болуп баштайт. Өзүнүн "Баскан изге кылчаюу" аттуу мемуардык (2006-ж.) китебинде согуш маалындагы тылдагы кайнаган эмгек, өмүрүнүн оор күндөрүн төмөнкүдөй эскерет: "Согуш залакасы жоого аттангандар менен тылда калгандар үчүн бирдей эле болду көрүнөт. Фронтто жоокерлер окоп казып, бөлөк элде, бөтөн жерге канын төксө, тылда карыялар, аялдар, жаш өспүрүм балдар керээли кечке кезерип талаада иштеп, эмгегине жарым тыйын албай орок оруп, чалгы чаап, боо боолоп, моло таш менен эгин бастырып, аны сапырып, үрөндүк эгин камдап, калганын мамлекеттин кампасына ат-өгүзгө жүктөп жөнөтүп турдук. Элден кап, аркан жыйнап тапшырып, жолдо оогон жүктү түзөтө албай, шолоктоп ыйлаган күндөр ушул бүгүн дале эстен чыга элек. Жээрибизге нан, ичерибизге жарма эле болсочу. Тээ алыс жайлоодон тарткан сүттөн уюткан айран өгүзгө жүктөлүп, ышталбаган чылгый чаначка куюлуп, качан келер экен деп жол карап, шилекей кургап, көз талыгат.
Талаадан үйгө кайтарда ар бир аял жаргактан жасалган баштыктарга толтура машак терип алып, аны кууруп, сокуга күйшөп, жаргылчакка тартып, казанга кара жарма жасап, кошуна-колоңдор менен чогуу ичип, жыргап жатып калышаар эле. Талаадан машак терүүчүлөр да кармалып, соттолгон. Көргөзбөй коюндарына каткандары да ошондон. Согуш майданда эле эмес, тылда дагы көз көрүп, кулак укпагандай шумдуктуу окуяларды пайда кылды. Керээли кечке талаада иштеп, күүгүмдө кайра үйгө келгенде түн ичинде үлбүрөгөн чырактын жарыгында жүн тытып, жип ийрип, тери ашатып кол кап, байпак түйүп, жоокерлерге посылка жиберип турчубуз"... Бул ошол күндөрдүн бир гана үзүмүдүр. Тамчыдан деңиз куралгандай советтик адамдардын майышпаган кайратынан, майдандагы жана тылдагы каармандыктардын натыйжасы - миллиондор көптөн күткөн, адамзатты фашисттик кулчулуктан куткарган Улуу Жеңишке жеткирди! Согуш аяктаган соң, Күмүш апабыз эмгек жолун андан ары улап, колхоздун башкармасынын төрайымы, айылдык советтин төрайымы, райондук аткаруу комитетинин төрайымы болуп, чарбалык жана мамлекеттик иште узак жылдар үзүрлүү эмгектенип, элдин алкышына, урмат-сыйына татыктуу болгон. Орто билим менен калып калбай, ордо калаабыздагы республикалык жогорку партиялык мектептен окуп, анан ветеринардык адистикке да ээ болгон. Эл-журту үчүн кылган талыкпаган эмгекте күндү күн дебей, түндү түн дебей, ысыкта чаңкап, 40 градус суукту тоготпой, өнөктүк түмөн түйшүк иштерин уюштуруп, "Коммунизм" колхозун областта алдыга чыгарган мээнети өкмөт тарабынан да баасын алып, Күмүш апабыз СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, "Эмгектеги артыкчылыгы", "Эмгектеги каармандык" медалдары, "Айыл чарбасынын отличниги" төш белгиси менен сыйланган. "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондусунан "Кутман эне" наамын алган. Нарын областынын ардактуу атуулу. 1995-жылы Москвада өткөн Жеңиштин 50 жылдыгына арналган параддын катышуучусу, 1995-жылы Пекинде өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конгрессине делегат болгон. Күмүш апабыз көркөм сөз баккан нускалуу чыгармачыл адам. Анын: "Бакыт берген партиям"(1967-ж.), "Баба дыйкан" (1971-ж.),"Айылдык кеңештин иштери жана камкордуктары" (1987-ж.), "Он-Арча" ырлар жыйнагы (1993-ж.), "Өмүр чыйыры" (2002-ж.), "Баскан изге кылчаюу" (2006-ж.), "Ыйыгым - элим, Мекеним" (2009-ж.), "Уялашыма" (2010-ж.) китептери жарык көргөн. Ушул ийгиликтер менен сыйлыктар жөн салды саналган, айтылган супсак сөздөр эмес, булардын артында кылымга тете жашалган өтөлгөлүү, ырыска шерик байсалдуу өмүр турат. Чоң чарбага башкарма болуп көп жылдар иштеген эмгек жолунда кээ бирөөлөрдөй "тойгончо жеп, өлгөнчө карганып", материалдык байлык топтогон эмес. Ыйман-ынсап, мекенчилдик, улуттук ар-намыс, адамдык ариетти туу тутуп, руханий байлыкка гана таазим кылып келген. Жакшы адамдардын шарапаты өмүр жолунда көп тийгенин Күмүш апа узун сабак сөз кылып айтып берип отурса, анын ушу жашындагы эске тутуу жөндөмүнө, акылынын тунуктугуна, сөзмөрдүгүнө таң берип, таңгалып, бир чети анын бийик адамдык сапатына, калыстыгына, "Хандан, бектен кайра тартпаган" өткүрлүгүнө баа бердим. Өз кезегинде советтик адеп-ахлак, мораль, жоопкерчилик азыркыдан кыйла эле бийик болгонун ким танат? Чарбалык иштерге байланыштуу райкомдун биринчи секретары Бөжөковду КПСС БКдан, Кыргызстан КП БКдан келген өкүлдөрдүн көзүнчө катуу сындаганын эстеп, күлүп отурду. Бир жакшы жери - сын айткан адамга кек сактоо деген жок эле. "Болору болду, ашыкча айттым го?"- деп, үйдү көздөй аттын башын буруп, орто жолго жеткенде артымдан чабармандар жете келишип, чоңдорго кошуп конок кылышканы эсимде" - дейт. Калыс сөздөн тайбай, "кошоматка кой сойбогон" эр мүнөзү бааланып, карапайым эмгекчи элдин мүдөө-талаптарын аткарууда, мансаптуулардын алдында курчтугу нечен жолу өз пайдасын берген экен. "Өзү үчүн эмес, эл камы үчүн жүгүрүп, малчылардын турмуш-шартын оңдоп, үйлөрдү курдуруп, айылга клуб, мончо, соода түйүндөрүн салдырууга жетишип, борбордон техника, жүк ташуучу авто унааларды чарбага алдыртып дегендей. Ошондой талыкпаган аракеттер өз жемишин берип, "Коммунизм" колхозунда малдын башы тез өсүп, айдоо аянттары кеңейтилип, каналдар ондолуп ирригациялык иштер өз деңгээлинде аткарылып, алыскы жайлоолорго, кыштоолорго жолдор салынган. "Жалгыз дарак токой болбойт" - демекчи, өмүр жолунда кыргыз элине кызмат кылган, жаңы тарыхыбызда өз орду бар мыкты, чыгаан эр-азаматтар, уул-кыздар: Исхак Раззаков, Болот Мамбетов, Төрөбай Кулатов, Турдакун Усубалиев, Акматбек Сүйүнбаев, Султан Ибраимов, ошондой эле Социалисттик Эмгектин Баатырлары; Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова, Телегей Сагынбаева, дагы С.Бегматова, К.Кондучалова, Ж.Ташыбекова, Роза Отунбаева, Роза Айтматова жана башка аттары аталбай калган элге төбөсү көрүнгөн эл жакшылары менен замандаш, үзөңгүлөш болгонун сыймыктануу менен айтып, ар биринин адамдык бийик сапаттарын, айткан убадаларын аткарган, терең билимге маданияттуулукту эриш-аркак алып жүргөн инсандардан экенин эстеп отурду... (анын баарын газетанын форматын эске алып, жазбадым). Ошончо мартабалуу чоң-чоң жыйындарга, съезд, сессия, партактивдерге катышып жүрүп, 1995- жылдын 3-сентябрында Кыргызстандан өкмөттүк делегат -15 аял Роза Отунбаеванын жетекчилигинде Кытайдын борбор шаары Пекинге барып, Бүткүл дүйнөлүк Аялдардын БУУга кирген 180 өлкөдөн 100000 делегат аял келген IV конгрессине катышканын, ошол үлкөн жыйында АКШнын ошол кездеги президентинин жубайы Хиллари Клинтон, Пакистандын премьер-министри Беназир Бхутто, Бельгиянын королевасы жана бизден Кыргызстандын тышкы иштер министри Роза Отунбаева баштаган жүзгө чукул аялдар: "Адам укугу-бул аял укугу деген сөз. Аял укуктуу болгон өлкөдө иш алга жүрөт"- деп, алгы сөздөрдү сүйлөгөндөрүн айтып берди. Роза Отунбаева өз сөзүндө "... Кыргыз аялдары башынан эле эркектер менен эриш-аркак, бирдей укукта, ат минсе ат минип, мал бакса кошо багып, камчы чапса кошо чаап жүргөнүн" айтканда, залда дүркүрөгөн кол чабуулар, ураалаган үндөр жаңырды" - дейт.
...Саяпкер күлүк таптап, чоң жарышка кошкон сымал өзүнүн өтөгөн татыктуу өмүрүндө Күмүш апа байы Борбодой уулу Даниярдын салымы зор болгонун айтты. Экөө 44 жыл бирге өмүр сүрүшүп, ачуу менен таттууну бирге татып, эки уул, эки кыздын сүйүктүү ата-энеси, неберелердин урматтуу чоң ата, чоң эне, таята, таенеси болушканын, өмүрлүк жары эзели өйдө карап, ага орой сүйлөп, көңүлүн оорутпаганын, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгонун, ал киши да чарбада башкарманын орун басары, кампачы, финагент, дүкөнчү болуп эмгек өтөгөнүн, чарбанын ишин жакшы билгендиктен, көп акыл-насаат, кеп-кеңештерин бергенин, ага аттын мыктысын тандап мингизгенин, саяпкердик өнөрдү аркалап, чапкан күлүктөрүнө байге алгандарын айтып берди. Данияр ата 1981-жылы, апрель айында 71 жаш курагында оорудан кайтыш болгон экен. Турмуштун нечен катаал сыноолорунда майышпаган, эрки күчтүү, адамгерчилиги менен элди алган өмүрү өрнөк, Теңир-Тоонун темир мүнөз аялзатына узун өмүр, бекем саламаттык, бакубат карылык каалап, бир тарыхый эпопея окуп чыккандай канааттануу менен Күмүш апанын: "Калемиң курчуп, жазганың элге жаксын!" -деген батасын алып чыктым. "Карысы бардын, ырысы бар"- дейт элибиз. Кутман курак, нускалуу карыяларыбыз балдарынын, эл-журтубуздун багына ар дайым бар болушсун!!!

Сапарбаева Айканыш
Керим кызы



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 36

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 36

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/fabula/11/0510_14.htm on line 36
а ­е¦Є.НҐй«