Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Күч атасын тааныбайт…

А. Федосеев чемпиондугун сактап калды
Оруcиянын Орлов шаарында профессионалдар арасында өткөн кикбоксинг боюнча Евразия чемпионаты жыйынтыкталды. А. Федосеев биринчи таймашта армениялык кикбоксер менен таймашка түшүп, аны жеңип, финалга чыккан. Финалда кыргызстандык Алексей Федосеев орусиялык Эдуард Троянскийди утуп, былтыркы чемпиондук наамын сактап калды.


Кылычбек дүйнө чемпиондугуна талапкер
30-апрелден 3-майга чейин Түштүк Кореянын борбору Сеулда эрежесиз эр уруш боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү. Аталган турнирде Кыргызстандын намысын Кылычбек Саркарбаев менен Алина Карасартова коргоду.
"Жоокердик өнөр" бирикмесинин жетекчиси Алмаз Касеновдун билдирүүсүнө таянсак, Кылычбек кореялык атаандашы Жон Кимди 30 секундда жеңип, күзүндө өтө турган финалдык беттешүүгө жолун ачты.


Кайыкчылар ат салышат…
27-майда Германиянын Дуйсбург шаарында кайык жарышы боюнча дүйнө кубогунун мелдештери болот. Аталган мелдешке кыргызстандык 4 кайыкчы: Александр Пароль, Игорь Дорофеев, Максим Бондарь жана Илья Альгин дүйнөлүк таймашууга даярдык көрүп жатышат. Эмне дейбиз, кыргыз элинин намысын талашууга камданып жаткан жигиттерибизге ийгилик!


Кыргыз уландарынын жеңиши…
Казакстандын спортуна эмгек сиңирген чебер, дүйнө чемпиону Галиб Жафаровдун байгесине арналган турнирде Кыргызстандын намысын коргоп жаткан Эрлан Ысыраилбеков менен Алмамбет Кылычбек уулу финалга чейин жетип, экинчи орунду ээлешти. Казакстандын Актөбө шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык уландар 2 күмүш, 3 коло байге утуп алышты. Коло байгени Нурсултан Мойдунов, Тамерлан Раимбеков жана Тилектеш Муканбетов багындырды.


Ваккер жеңишке ээ боло албады…
Велоспортчу Евгений Ваккер Италиянын Ровиго шаарында өткөн турнирде ийгиликке жетише албады. Ал 143 км. аралыктагы жарышта марага 9-болуп келип, байгеге ээ боло алган жок. Эми Ваккер Иран жана Индонезияда өтө турган ири мелдештерге катышмакчы. Евгений Ваккер алдыдагы турнирлерде арбын упай топтоп, мөрөй алса 2012-жылы өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алып калышы ыктымал.


Кыргыз жигиттери Швецияга аттанышат…
Кыргызстандык кылыччы жигиттер Германиянын Хайденхайме шаарында фехтованиядан дүйнө кубогу үчүн таймашууларга катышып, кыргызстандык 3 жигит шпага менен өнөрлөрүн көрсөтүштү. Тилекке каршы, таймашка катышкан Михаил Иванов, Сергей Качурин жана Александр Черных байгелүү орунга жете алышпады. Аталган таймашка 27 өлкө ат салышып, Кыргызстан 22-орунга араң илинди.
Эми фехтования боюнча өлкөнүн командасы 15-майда Швециянын Стокгольм шаарында өтө турган дүйнө кубогунун кезектеги таймашуусуна катышууга камынышууда.