Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Согушту жеңгендер
чиновниктерди жеңе албайт
Айбандарды кой, бири-бирибизге сынтакканыбызды кантесиң! Билимибиз ашып турат, анын жыйынтыгы Айга барып кондурду, Марска эртеңдерден жеткени турабыз. Анан эле согуш деген жаман экенин саймедиреп жатып кылымдар согушуп келебиз. Согуш жаман экендигине мээ жетет да пейил жетпейт…
Чынгызхандын заманынан бери эмне деген гана согуштар өтпөдү, миллиондогон адам өмүрлөрү кыйылды. Эмне үчүн? Буга баш катыруунун деле кереги жок экен, баары-баары ач көздүктүн айынан келип чыгат экен, ач көздүк байлыкка, бийликке умтултат… Ой-о-ой, бул маанини чубап олтурсаң жан-дилиң жараланар, андыктан аны тарыхка таштайлы.
Ошентип, кечээ Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн эскердик. Азырынча тирүү ардагерлерибизди сыйлаган болдук, бир күнгө болсо да көңүлүн алдык… Бирок, калган күндөрү ошол Жеңишти алып келген ардагерлерибиздин түйшүктөрүнө кош көңүлбүз, алардын өлчөөгө болбой турган эрдигин ойлогонубуз аз. Эптеп эле эбин таап чөнтөгүн толтурчу кээ бир чоңдорубуз ошол ветерандар кайсы бир иш менен кайрылса, куру жообун берет, болбосо, шылдың кыла да узатып таштайт. Андай жексурлар Улуу Жеңиштин баасын кайдан туйду, алардын туйганы башка…
Жыл сайын Жеңиш күнүн белгилегенде ардагерлерибизди түгөлдөп алабыз, алар кемигенден кемип барат, адам өмүрүнүн мыйзамын кайдан буза алмакпыз. Азыр Кыргызстанда 1979 согуш ардагери бар экен. Дагы да жылдар өтсө ардагерлерибиз түгөнүп бүтөт. Бу да кайгылуу чындык. Ал аңгыча аларды сыйлап тургандар башка жолубуз жок болушу керек!
Баса, беш-алты күн мурун Биринчи дүйнөлүк согуштун акыркы катышуучусу Австралияда каза болду деп кабарлашты. Жаман угулса да айтылат: Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы катышуучусун узаткан күн да келет. Ошону унутпайлы, ардагерлерибиз бир күнү эмес, бүт күнү ардакталып турсун.

Рахмат силерге, урматтуу ардагерлер!
КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ ЭМИ НАКТА ИШТЕСИН
Ошол Жеңиш күнү жакындап калган учурда Бишкектеги №20 мектептин короосунан колго жасалган жардыргыч зат табылды, бир килограмм тротиль эквивалентинде экен. Ал жарылса далай өмүрдү алып тынмак. Оңдой берди болуп мектеп кароолчусу таап алган тура. Жазып жатабыз, бүгүнкү күндө биздин өлкөдө ар кайсы багыттагы террористтик уюмдар тамырын алып, күн санап көбөйүп, коркунучун күчөтүп жаткан учуру.
Аз мурун "Кыргызстандын ислам кыймылы" аттуу террористтик топ уюшулганын, анын катарында дээрлик көпчүлүгү өзүбектер экендигин жана алар Пакистан менен Афганистандагы террористтерди даярдоочу базаларда машыгып жаткандыгын Кеңешбек Дүйшөбаев мырза кабарлаган. Демек, биздин эртеңки күнүбүз коркунучта.
Мурунку бийликтер тушунда, кези менен азыр деле өзүбүздүн эле атуулдардын үстүнөн аңдуу жүргүзүп, алардын баскан-тургандарын аңдып, бийликтин тескери баскан учурларын азга сындай сүйлөгөндөрдү "мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирип жатасың, коркунуч келтирип жатасың, Конституциялык түзүлүштү бузганы жатасың" деп куугунтуктап, кай бирде баңгизат менен шугулдангандарды кармаган болуп, өздөрүн "баатыр" сезе жүрчү коопсуздук кызматына мына эми даана иш келди. Мамлекеттин коопсуздугун эми сакташ керек, мурун бизге эч бир тиешеси жок өңдөнгөн терроризм чакыртпай келип турат, андыктан бардык чараларды көрүп алдын албаса трагедия алып келип азапты көрсөтөрү бар.
Баарыбызга маалым болгондой, "Аль-Каиданын" анабашы, номер биринчи террорист аталган Усама Бен Ладенди америкалыктардын деңиз пехотасынын азаматтары атып өлтүрүштү. Эми анын жан-жөкөрлөрү америкалыктардан өч алуу үчүн террорун күчөтөт жана жалаң эле америкалыктарга каршы күрөшпөстөн башка жерлерде да өздөрүнүн күчтүү кыймыл экендигин көрсөткүсү келген террористтик актыларды жүргүзөрүн күтсө болот.
Терроризм биздин өлкөгө жыла басып кирди. Аларга каршы аёосуз күрөш жүргүзүүнү эртеңкиге калтырбай, мына, бүгүндөн баштап жүргүзүш керек жана да терроризмге байланышы бардын бардыгын катуу жазалаш керек. Ушул жерден айта кеткенибиз жөндүү болуп турат: биздин өлкөгө өлүм жазасын киргизүү зарылдыгы бар. Парламент кылмыш жөнүндөгү мыйзамдарды тезинен карап, террористтерди, адам өлтүргөн мыкаачыларды ж.б. өлүм жазасын кайра киргизиши зарыл. Ошондо бери жакта калган кылмышкерлерге жана кылмышка барчуларга сабак болот. Азыр кээ бир мыкаачылар айтат тура, "түрмөгө кесе бергиле, баары бир тирүү калам, өлүм жазасы жок" деп. Ал эми өлүм жазасы болгон күндө кандай кылмышкер, мейли арстан жүрөк болсун, коен кейпинде жүрөгү түшүп турмак, кылмышын чектемек дегендей…
Биздин кенедей мамлекетти терроризмдин карааны аралап жүргөнү жалаң гана тиешелүү органдарды эмес, бүтүндөй элди бутуна тургузуш керек, бейпилдиктин жанында ар кандай коркунучтар бар экендигин көз ирмем унутпашыбыз керек!
Тигине, терроризмди алдын алуу үчүн Израиль мамлекети бүтүндөй журту менен чогуу-чаран күрөш жүргүзөт. Бизде да укук коргоо орган адамдары менен берки адамдар жуурулуша терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы турушубуз керек, бирөө үчүн эмес, өзүбүз үчүн!

ПАРЛАМЕНТ ЖООШУДУБУ?
Ишин баштагандан азоо тартып келаткан парламент азыр бир аз жоошуп, "жүгөн салдырып" калгандай болуп турат. Жакшы дейли.
"Ар-Намыстын" он депутаты коалицияга кошулганга чейин Ташиев баштаган "Ата-Журт" фракциясы ошол Ташиевдин көңүлү менен бирде коалицияда болом десе, көбүнчө "коалициядан чыгам" деп өздөрүн парламенттеги алмаштырылгыс маанилүү "тетиги" катары көрсөтүүгө аракеттенип келишти. Анан оңдой берди болуп, "Ар-Намыстын" он депутаты коалицияга келип кошулду эле. Ташиевдин да, беркилеринин да жели "быш" эткендей болду. "Калам, кетем" деген "катын оюну" кыкка татыбай да калды… Көпкөн немелерге катуу сокку болду. А балким, оңолгус соккудур деп биз турабыз кубанып.
Кийинки маалыматтарга караганда, он депутаты баш бербей кеткенде катуу ачууланган Кулов "бир колун экинчи колу менен" кармап, ачуусун айласыз азайтып, "Ар-Намысын" толугу менен коалицияга киргизгени турат. Анан дагы бир жакшы кабар: коалицияга толугу менен кошулабыз деген бул партия эч кандай шарт койбойт да экен, үчкө бөлүнүп калган кызмат орундарын сурабайт да экен. Бу дагы дурус.
Азыр майрамдын үстүнө майрам болуп, саясий чыңалуу бир аз бошоңдоп турган кези. Аз өтсө, президенттик ат салышуунун арбын азаптуу иши да башталат. Анан көрүп ал, бирин бири жамандоо, ушактоо, бирине бири кол салуу, элдин башын айландыруу, акча таратуу, алды жылкы, арты кой союп ар түрдүү деңгээлдеги баталарды алуу, жер-жерлерге бөлүнүү ж.б. будуң-чаң түшүрчү окуя-көрүнүштөр башталат. Алардын баары өлчөлүү болсун, мамлекетибиздин жалпы коопсуздугуна зыяны тийбесин деп тилек гана кылбастан, ак дил адамдардын баары негативдүү көрүнүштөргө каршы аракет кылышы керек. Аны менен бирге акчага азгырылбай, эли үчүн эмгек кылып берчү накта атуулдарыбыздан президентти тандоодон жаңылбагандай бололу.
Баратбай АРАКЕЕВ