Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ким жооп берет, же Кимону ким сотко берет?
Былтыркы жылы Ош, Жалал-Абад облустарында орун алган кандуу окуяларды изилдеген эл аралык комиссиянын жыйынтыгы бир жактуу болуп калганын, ал жөнүндө маалыматы барлардын баары эле айтышты. Туурасын айталы, "туура" деген "туугандарыбыз" деле чыкты. Эл аралык комиссиянын жыйынтыгы кандай болгонун "Азаттык" үналгысы сурамжылоо аркылуу анализдеп көрүптүр. Ага катышкандардын арбыны же 64 пайызы "бир жактуу жооп берүү кыйын" деген пикирге кошулса, 21 пайызы "макул эмесмин" деген жоопко өз добуштарын беришкен. Демек, эл аралык комиссиянын жыйынтыгына элибиздин көпчүлүгүнүн көңүлү тойгон эмес. Орду толгус жоготууларга алып келген Ош окуялары боюнча ушуну менен эки комиссия өз жыйынтыктарын чыгарды. Кезекте кыргыз парламенти тарабынан түптөлгөн комиссия изилдеп, иликтеп жатат. Алардын корутундусу кандай болот, ошого жараша саясий оюндар болот. Абдыганы Эркебаев жетектеген комиссиянын жыйынтыгын жердеши генерал-депутат Исмаил Исаков сотко берсе, эл аралык комиссиянын жыйынтыгын эл аралык сотко беребиз дегендер четтен чыгып жатат. Айтайын дегеним, Киммо Кильюненди деле Исмакең өзү сотко берсе болот. Анткени генерал-депутат ал окуялар убагында ажобуздун түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү болуп турган.


Акылбек "айныганда"…
"Ар-Намыстын" депутаты, мурдараак биринчи вице-премьер министр болуп иштеген Акылбек Жапаров эски шефи Данияр Үсөновду көптөн бери көрбөгөнгө кусага батып, катуу сагынып жүргөнбү же Ак үйдөгү эски күндөрүн эстеп кеттиби ким билсин, айтор, өткөндө, 22-апрель күнү мурунку өкмөт, азыркы парламенттин жыйындар залынан премьер-министрдин ЖКдагы өкүлү Данияр Нарымбаевге кайрылып жатып, "Данияр Токтогулович, Ой кечиресиз Данияр Ильич. Мейли эми айырмасы кайсы, баары бир Даниярсыңар да"-деп көпчүлүктүн көзүнчө байкабай "балп" этип алды. Элдин жонунан кайыш тилген эски санаалаштарын сагынган го кейпи…


Айжигитов айласын таппай калды
Баткен облусунун мурдагы губернатору Айжигитовдун убагында Таш-Тумшук айылынын бир тургунунун үйүн айылдык милиция бөлүмү кылабыз деп сатып алышкан экен. Жакында Роза Отунбаева Баткенге иш сапары менен барганда жергиликтүү бийлик жасап жаткан укмуш иштеринин арасынан ошол ПОМдун да имаратын көрсөтүп, жакшы иш кылдык деп мактанып алышкан. Бирок ал үйдүн чатагы көп экен. Үйдүн ээси бүгүнкү күнгө чейин акчасын ала албай, кайгы басып көзү көрбөй калыптыр. Президент эл менен жолугушуп аткан учурда, ал киши бугун айтып, ортого чыгып жашып ыйлап жиберди. Президентти этектеп жүргөндөрдүн арасындагы экс-губернатор Айжигитов азыркы губернатор Бурхановго шылтап кутулуп кетиптир. Акчадан, же үйдөн жок ортодо калган ал байкуштун маселесин Отунбаева тез арада чечип берүүгө убада кылыптыр.


Конституцияны өзгөртөбүз дейт
Ырыстуу өлкөлөр, айталы, Америка, Англия сыяктуулар Конституциясын жүз, эки жүз жылда бир өзгөртсө өзгөртөт экен. А бизде болсо… кечирип коюңуздар, малакай алмаштыргандай эле болуп келет.
Кечээ жакында Өмүрбек Текебаев бир топ жылдан бери иштеп келген Конституциясын элүү адамдан турган комиссияга шашпай каратып, талкуулатып туруп кабыл алдырган. Эми ошол жалпы эл кабыл алды деген Конституциябыз толугу менен жарабай турат. Кээ бир кемтиктерин толтуруш керек деп чыккандар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Биздин оюбузча, келечекте президент болгусу келгендер активдүү аракет кылып жатат көрүнөт. Анткени, азыркы Конституциябызда президенттин укуктары аябай эле аз болуп калган, ошону көбөйтүш керек окшойт. Эмнеси болсо да жакында Конституциябыз кезектеги "бычып-тигүүлөргө" туш болот.

Техникалык кароо жоюлат
Кыргыз Өкмөтү жакында темир тулпарлуу мекендештерибизди кубанткан жакшынакай бир токтом токуганы турат. Автосүйүүчүлөрдүн жыл сайын жүрөк өйүгөн маселесине айланган автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү деген "балакет" жакын арада түп орду менен жоюлганы калды. Бул тууралуу Өкмөттүн өкүлү Толкунбек Абдыгулов: "Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү жойгон токтомдун долбоору даяр болуп калды. Жакынкы күндөрү бул маселе Өкмөттүн жыйынында каралмакчы. Кудай буйруса, техникалык кароо жоюлат"-деп сүйүнчүлөдү. Эскерте кетсек, айдоочулардын акчасын кагып алуу үчүн ойлонулган мындай техникалык кароолор дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө колдонулбайт.


Эй, үчүнчү күч, эми үмүтүңдү үз!
Жүрөктүн үшүн алган "үчүнчү революция" жөнүндө үгүт жүргүзгөндөрдүн үмүтү үзүлдү десек, анча-мынча калдыктары калган экен. Коркпой эле койгула, асыресе алар бизде эмес, алыста экен. Батыш Институтунда изилдегич болуп иштеген Дмитрий Фурман азыркы учурда кыргыз бийлиги кыйын абалда турганын, андыктан "үчүнчү революция" алыс эмес турганын айтыптыр. Тилине тибиртке, тизесине сакал чыккырдын айтымында, азыркы бийлик башындагыларыбыз ар кайсы топторго бөлүнүп, абалды курчутуп жиберген имиш. Анын сөзүн уга турган болсок, биринчи вицеликти азыркы тапта Феликс Куловго беришибиз керек экен. Айлантып ошого такаптыр, айткан сөзүнө саресеп салсак, МГУнун маалымат-аналитикалык борборунун башчысы Алексей Власов дагы ага кошулуп, абалыбыз абдан курч экенин эскертимиш болуптур. Азыркыдай маалыматтарга анализ жасай алган адам, айттырбай түшүндү окшойт, ушундай ушактар кимге керек болуп жатканын. Эртеңибизде эмне болорун эл башындагылар эмес, эң ириде элибиз чечет эмеспи. Үргөндөргө үңүлгөндө не, кербен кете берсин да.


"Ата-Журттан" ажолукка аттанчу Нариманбы?
Ошентип, күркүрөгөн күздө өтүүчү быйылкы президенттик так үчүн күрөшчүлөрдүн ысымдары аз-аздан белгилүү боло баштады. "Бүтүн Кыргызстандын" чоңу Адахам Мадумаров менен "Ар-Намыстын" катарындагы "ЭрК" партиясынын кожоюну Турсунбай Бакир уулу ажолук амбициялары бар экендигин ачык айткандай болушту. Ал эми чуулгандуу "Ата-Журт" партиясынын ишенген кожосу Камчыбек Ташиевдин өз муштуму өзүнө муш болуп, "бейбаштык" беренеси менен иш козголгондон бери партиянын атынан жаңы талапкер тапталып аткан экен.
"Ата-Журт" партиясынын жакында өтүүчү партиялык чогулушунда кадимки Нариман Түлеевдин талапкерлиги жамы журтка айтылат экен. Президенттик тактыны ээлесем дегенде ак эткенден так этип аткан Нарикең да жөн жатпай даярдыкты катуу көрүп баштаптыр. Максимдин каалоосу менен пайда болгон Түлеевдин шаардык Кеңештеги бир катар депутат жан жөкөрлөрү да "иштеп беребиз" деп убадасын бек беришкен экен.


Бир жылда 5-6 согуш ардагери көз жумат
Кечээ улуу Жеңиштин 66-жазын белгиледик. Өкүнүчтүүсү, бизге бакубат жашоо алып берген баатырларыбыздын саны жыл сайын эмес, ай сайын кыскарып аткандыгы болууда. Улуттук госпиталдын башкы врачы Мирбек Нуралиевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда ар ай сайын Улуу Ата Мекендик согуштун 5-6 ветераны ар кандай оорулардын жана карылыктын кесепетинен бул жарык дүйнө менен кош айтышат экен.


Турусбековдун жүрүм-туруму начар дейт го…
Өткөндө президент Роза Отунбаева күч структурасында бир катар ротациялар, башкача айтканда, кадрдык орун алмаштыруулар жүргүзүлөрүн ачыктады. Ал гана эмес, жылдыз тагынган генерал жетекчилердин бири кызматтан айдалаары белгилүү болду. Ошондой эле УКМКга караштуу чек ара кызматынын начальнигинин орун басары Чолпонбек Турусбеков да кызматынан шыпырылат дегендей божомолдор айтылууда. Айтмакчы, өткөндөгү спикер Акматбек Келдибеков айтып аткан Чолпонбек Турусбековдун "аморалдык жүрүм-туруму" бизге белгилүү болду. Укканыбызга караганда, Чек ара кызматынын беш офицер айымынан түшкөн ошол жашыруун катта Чолпонбек мырзанын кыз-келиндер менен "кыйшаңдаганы" баяндалган экен. Мунун чын же калп экенин эл өкүлдөрүбүз эл-журтка качан ачыкташаар экен?