presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Самсаалы Четинбаев,
"Кыргызнефтегаз" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы:
"Бектур Асановдун революцияга жамынып
сүйлөгөнү туура эмес болуп калат го"
- "Кыргызнефтегаз" ишканасында көптөн бери эле талаш-тартыштар токтобой келет. Себеби эмнеде болуп атат, кыскача түшүндүрүп өтсөңүз?
- "Кыргызнефтегаз" ААК - бул Кыргызстандагы газ жана нефть өндүрүүчү жападан жалгыз ишкана болуп эсептелет. 2011-жылдын 26-апрелинде "Кыргызнефтегаз" ишканасынын акционерлеринин 91 пайыздан ашыгы катышкан кезектеги жыйыны болуп өттү жана бул иш-чараны мыйзамдуу экенин тастыктаган бардык иш кагаздар (протоколдор) бар. Анда жалпы акционерлердин добушуна салынып, "Кыргызнефтегаздын" жаңы директорлор кеңеши шайланды. Директорлор кеңеши өзүнүн биринчи отурумунда директорлор кеңешинин төрагасын, акционердик коомдун катчысын жана башкармалыктын төрагасын шайлоо жолу менен бекиттик. Директорлор кеңешинин төрагалыгына мени, коомдун катчылыгына Нышаналиева Берметти жана башкармалыктын төрагасына Масиров Кеңешбек шайланды. Бирок маселенин баары эски башкармалыктын төрагасы Каныбек Масировдун өз кызматтарын өткөрүп бергиси келбегендигинде болуп атат. Бардык иш-чаралар мыйзам чегинде өткөндүгүнө карабастан, башкармалыктын мурунку төрагасы Масиров Каныбек ачык эле догурунуу менен кызматын өткөрүүдөн баш тартууда (жаңы төрага Кеңешбек Масиров менен мурунку төрага Каныбек Масировдордун эч кандай туугандык байланышы жок).
- Эски бийликтин айткан негизги жүйөөсү кандай болуп атат?
- Эми жүйөөсү деле жок. Негизги эле бетке кармап аткан шылтоосу бул 2011-жылдын 26-апрелиндеги акционерлердин жалпы чогулушу мыйзамсыз деп атышат. Бирок ага чейин, тагыраагы, 26-апрелде акционерлер жыйналыш өткөрөрдө "жок, биздин тагдырыбызды премьер-министр чечет экен. Ал азыр Түркияда экен, ал келип буйрук чыгарсын, ошондо мен кетем"-дегенди айтып атышкан. Бирок кийинчерээк кайра жанагыдай жүйөөсүн айтып киришти. Негизи ачык акционердик коом жөнүндөгү мыйзамдын 36-беренесинде Акционердик коомдогу эң бийик башкаруучу орган - бул акционерлердин жалпы жыйыны деп жазылып турат. Мыйзам боюнча Премьер-министр, Президент, губернатор дагы акционердик коомдун ишине кийлигишпейт. Акционердик коомдогу бардык иш аракеттер Акционердик коом жөнүндөгү мыйзамга ылайык иш алып барат.
- Губернатор демекчи, Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановдун "Кыргызнефтегаз" ишканасынын атынан ар кандай маалымат жыйындарына катышып, билдирүү таркатып, эки революцияны эмне үчүн кылдык эле дегендей сөз айтты эле?
- Жогоруда айтпадымбы, акционердик коомдун эң жогорку бийлик органы бул акционерлердин жалпы жыйыны деп. Акционерлер өздөрүнүн жалпы жыйынында маселени өздөрү чечиш керек. Бирок Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асановдун өткөн жылдын аягында "Кыргызнефтегаз" ишканасынын эмгек жамааты менен бирдикте пресс-конференция берип жүргөнүн мен да көргөм. Бул жакшы көрүнүш эмес. Экинчиден, Бектур Асанов экинчи революцияга эч кандай тиешеси жок. Бул адамды биз башынан тааныйбыз, ага-ини болуп сыйлашып жүрөбүз. Бирок чындыкты айтышыбыз керек. Асанов биринчи революцияда алдыңкы катарда жүргөн, уюштуруучулардын бири десек да болот. Бирок экинчисинде ал Пакистанда Бакиевдин элчиси болуп отурган. Экинчи революцияны кылмак түгүл, 2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда жок болчу. Бакиев бийликке келгени беш жыл бою ага бир дагы каршы сөз айтканын уккан эмесмин. Бул системага, "Кыргызнефтегазга", эски бийликти кайтарабыз дегендер келгени жатат дегени да күлкүнү келтирүүдө. Эски бийлик ким болушу мүмкүн? Мен болушум мүмкүнбү? Мен акаевчи же бакиевчи болгонмунбу? Эски бийликтин этегине ким намаз окуганын Бектур Асанов өзү жакшы билсе керек. Ошондуктан Бектур Асановдун революцияга жамынып сүйлөгөнү туура эмес болуп калат го…
- "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Асылбек Текебаев да бул ишканага кандайдыр бир деңгээлде таасир этүүдө дегендей кептер жүрүп келет.
- Ооба, тилекке каршы, ошондой сөздөр айтылууда. Ошол эле Бектур Асанов, Асылбек Текебаевдердин мурунку жетекчиликтин, Каныбек Масировдун артында турат деп айтышууда. Мүмкүн - чындыр, мүмкүн - калптыр. Өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин, расмий түрдө ушулар турат деп айта албайм. "Кыргызнефтегаз" ишканасынын эмгек жамаатында да, ошол эле Кочкор-Ата шаар тургундарынын арасында да ушундай кептер айтылууда.
Маектешкен
Тиленбек Азык




Премьер билдирет: "Бабанов кайтып келет"
Айрым басылмалар: "Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев менен биринчи-вице-премьер Өмүрбек Бабановдун ортосун "кара мышык" аралады. Атамбаев Бабановдун ордуна башка талапкер караштырып атыптыр" - деген "сенсациялуу" маалымат таратышкан эле. Ал эми Алмазбек Шаршенович майрам алдында коомдук каналга курган маегинде "мунун баары жөө жомок экенин, депутаттык комиссиянын жыйынтыгынан кийин Өмүрбек Токтогулович өз ордуна кайтып келерин жар салды. "Чү" дегенде эле журналист: "...Акыркы мезгилде Бабановго байланыштуу көптөгөн сөздөр айтылды. Сиз депутаттык комиссиянын корутундусун күтөсүзбү, же анын ордуна бөлөк бирөө караштырылып жатабы?" - деп башбаканды жарга такаган суроо узатыптыр. Ага премьер "Чубактын кунундай чубалган" "МегаКом" темасын мисал келтирүү аркылуу жооп берген. Анда ал азырынча Өмүрбек мырзанын тегерегиндеги ызы-чууга байланышкан бир маселе чечилгенин, бир жалган жалаа толугу менен жокко чыгарылганын ишенимдүү билдирет: "МегаКомдун" айланасында көп талаш-тартыш болгон. Буга карата экс-башкы прокурор Кубатбек Байболов көп нерсени айткан. Бирок жашоо эмнени көрсөттү? Бүгүнкү күндө "МегаКомдон" эки жылдан бери төлөнбөй келаткан каражаттар дивидент иретинде түштү. Бул 860 млн. сом. Эмне ал ашыкчабы?" -дейт А.Атамбаев. Сөздү андан ары улаган өкмөт башчысы "1-вице-премьер парламенттик комиссиянын эркин иштеши үчүн өз милдетин убактылуу өткөрүп берип аябай туура, чыныгы жигитче чечкиндүү кадам таштады. Ошондой эле Бабановго жабышкан башка маселелерди да комиссия тыкыр изилдеп, объективдүү чечим кабыл аларына ишенем. Алардын баары тең "МегаКом" окуясындай жалган жалаа, ушак экени далилденет. Мен ойлойм, аз калды, комиссиянын жыйынтыгын күтөбүз. Менимче, анан Бабанов өз ордуна кайтып келип, бизге жардам берет".-деди. Айтмакчы, азыркы Баш мыйзам боюнча президенттик шайлоого алты ай калганда өкмөттө эч кандай кадрдык алмашуулар болбош керек. Эгерде эле Бабановду ишмердүүлүгүн иликтеп аткан парламенттик комиссия артынан эч кандай илинчек таба албаса, Өмүрбек мырза өз ордуна кайтып келип, кайрадан ишин улантмакчы.




Эксперттер эсептеп чыгышты
Кыргызстандагы саны бар сапаты жок жер жайнаган министрликтердин баарын жоюп, эл алдында түздөн-түз жоопкер болгондой механизми бар беш гана министрлик түзүш керектигин Борбордук Азиялык эркин базар институтунун эксперттери айтып чыгышты. Канчалаган мыйзамдар кагаз жүзүндө калгандыгын, кайсы бир маселе боюнча түзүлгөн жайнаган комиссиялар жарандардын көңүлүн башка жакка буруш үчүн гана түзүлүп аткандыгын белгилеген серепчилер, ички коопсуздук үчүн жоопкер Коопсуздук министрлиги, Мыйзамдуулук министрлиги, Экономикалык өнүктүрүү министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына да жооп берген Социалдык министрлиги, Каржы министрлиги болуп беш гана министрлик иш алып барса тез арада өнүкмөкпүз дешет.


Мектепти жардырууга кимдер даярданган?
Бишкектеги №20 мектептин короосунан жардыргыч зат табылды. Мектептин кароолчусу таап алган жалтырак баштыктагы сырдын банкасында жардыргыч зат экенин Коопсуздук комитетинин "Альфа" тобунун сапёрлору аныкташты.
"Бул жерде же тигил жерде жардыргыч зат табылды" деген кабарларга Кыргызстанда көнүп калгандай эле болушту. Мындай окуялар бир айда эки-үч кайталанган учурлар болуп жатат.
28-апрелде парламент депутаты Марат Султановдун үйүнөн граната жарылып, бирок эч ким жабыркаган эмес. Коопсуздук органдары депутаттын үйүндөгү жардырууну жасагандарды кармай элек. Мына эми андан бир жума өтүп-өтпөй мектептин короосунан жардыргыч зат табылып отурат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Нурлан Токталиев №20 мектептин короосунан табылган баштыктагы сырдын банкасы жардыргыч зат экенин сапёрлор аныктаганын билдирди.
- Баштыкчаны текшере келгенде анын ичинен колдон жасалган жарылуучу түзүмү бар красканын банкасы табылган. Бул жарылуучу зат алюминий пудрасынан, аммиактын селитрасынан жана чачыроочу майда темир-тезектерден куралган. Адистердин алдын ала берген бүтүмүнө караганда, жарылуучу заттын күчү 1 кг тротилалык көрсөткүчкө барабар.
Мектептин короосунан жардыргыч заттын табылган фактысы боюнча "кол салуу" жана "терроризм" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет буга чейинки жардыруулар жана киши өлтүрүүлөр боюнча "Жайшул Махди" террордук уюмун айыптап, 15-апрелде ишти сотко өткөргөн болчу.
Кубат Чекиров,
"Азаттык" үналгысы







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??