Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Кызылдар" менен "каралардын"
согушу! Жыйынтыгы кандай?
Сот эмне мынча создуктурат ыя? Же...
Коомчулукка кеңири белгилүү болгондой, кыргыз бийлиги жыл башынан бери криминалга аёосуз күрөш баштап, абдан жакшы деп айтпасак да, жакшы жыйынтыктарга жетишип жаткан кези. Себеп дегенде, мындай жыйынтык эгемендүүлүккө ээ болгон 20 жылдык тарыхыбызда эзели болгон эместигин элибиз жакшы билет. Жыйынтык демекчи, ал кандай жыйынтык? Кандай натыйжа? Төмөндө ИИМ менен УКМКнын бийлик башына чейин терең тамырлап кеткен криминалды тазалоого болгон аракетине жана биздин гумандуу, "таза" соттордун да иттей сонун "ишмердүүлүгүнө" да көз чаптырып көрөлү?
Туура, ММКларда байма-бай жарыяланып жаткандай жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтун 150 мүчөсү колго түшүп, учурда анын 8и гана соттолуп, эң азы 4 жыл, эң көбү 25 жыл мөөнөткө кесилгени расмий булактарда айтылып келет. Эмне үчүн ошончо көп кылмышкерлерден ошончо убакыттан бери араң эле 8и соттолду? Эми соттолгон 8 адамга көз чаптырып көрөлү:

1. Сапарбеков Д.Т. 170-берене менен Октябрь райондук сотунан 3 жылга шарттуу түрдө кесилген.
2. Мусабеков А.О. 246-берене менен Биринчи май райондук соту тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылган.
3. Теңизбаев А.Т. 246-берене менен Биринчи май району тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылган.
4. Уруков М.П. 112-берене менен Ысык-Көл райондук соту тарабынан 3 жылга колония поселениеге айдалган.
5. Рысалиев Р.Ж. 246-берене менен Сокулук району тарабынан 3 жылга колония поселениеге айдалган.
6. Рысбеков А.Р. 234-берене менен Токмок шаардык соту тарабынан 3 жылга колония поселениеге айдалган.
7. Мамытов С. М. 104-берене менен Ысык-Көл райондук соту тарабынан 4 жылга шарттуу түрдө кесилген.
8. Таскарев Д. Ж. 104-берене менен Аламүдүн соту тарабынан 3 жылга шарттуу түрдө кесилген.

Мына, урматтуу окурман, кыргыз сотторунун гумандуулугу. Кызылдар каралардын 150сүн колго түшүрүп жатышса, соттор 4 айдан бери болгону ал 150нүн 8ин гана минтип өтө жумшак, чекесинен сылап-сыйпап соттоп коюшкандай. Ошончо убакыттан бери сот эмне мынча ишти создуктуруп жатат? Чындап эле алардын ак-карасын териштирүү процесси ушунчалык көп убакытты талап кылып жатабы? Балким, бул жерде жең ичиндеги оюндардын ишке ашуусуна жол берилип жүрбөсүн? Же парламентте мандатына манчыркап мактанып олтурган "опгшник" депутаттар ж.б. бийлик бутактарындагы чиновниктер колго түшкөн өнөктөштөрүн коргоо үчүн сотторго кысым жасап, сотторду коркутуп, же аларга пара берип "оптому" менен сатып алышуудабы? Чынында, мындай эмес, андай эмес, "баары талапка ылайык"-деп да айтуу өтө эле кыйын? Себеп дегенде, биздин сот системабыз эчак бузулуп бүткөн. Бузулмак тургай, "сасып, курттап" жедеп жарактан чыгып баратат десек да анчалык жаңылышпайбыз. Ушундан улам, сотторго элдин ишеними өтө ченелүү экенин жокко чыгара албаспыз… "Сот системасы реформага муктаж. Жасаш керек?" -деп канча какшап, тамак кургаганча айтканыбыз менен, аныбыз көп жылдардан бери кагаз бетинде гана "калкып" келет. Качан ишке ашары, бир кудайдын гана өзүнө белгилүү болбосо, андан башка эч кимге белгисиз…
Маалыматтарда айтылгандай, колго түшкөн ОПГнын 150 мүчөсүнүн ичинде 25 жылга кесилген кылмышкер деги бар беле? Бар болсо, анын аты-жөнү неге көрсөтүлбөйт? Же ал жалган маалымат беле? Албетте, бул суроо биринчи кезекте сотторго багышталат. Бул маселе адилеттүүлүккө жатабы, жатпайбы? Өзүңүз талдап, багыңыз...

"Киттер" кайырмакты да, торду да тоготпойт, бирок…
Албетте, төрт айдын ичинде 150 кылмышкерди колго түшүрүү оңой эмес. Сан жагынан алып караганда да, биздин кичинекей өлкө үчүн көп. Бирок алар коомчулукта айтылып жаткандай, каралар дүйнөсүнүн "киттери" эмес, тактап айтканда "чабактары" болуп эсептелет. Муну криминал менен күрөшүп жатышкан кызылдардын кыйыны да да танбас.
Чалгындоо учурунда кызылдар жайган торго каралардын "чабактары" түшүп, чоңдору торду жыртып качып кеткен учурлар да көп эле болуп келген. Демек, торду тоготпогон "киттер" илмийген кайырмакка балээни түшөбү? Кайырмак алардын "мурдун жырта албайт", жыртса да, аны тигилериң чымын конгончо көрбөс… Ошентсе да, кармалгандардын ичинде коомго белгилүү болгон коркунучтуулары да жок эмес. Каралардын тили менен тактап айтканда, андай "мен" деген "смотрящий", "положенецтердин" саны 30га (булардын айрымдарынын сүрөттөрү жогоруда берилди) жакыны колго түшкөн. Ал эми "каралар дүйнөсүнүн" атасы болгон Камчы Көлбаев жана мындайча айтканда, анын орун басары болгон Алмамбет Анапияевдер болсо, биздин кызылдардын көздөрүн кызартып, куйруктарын карматпай Дубайда качып жүрүшөт. Бирок "качып" деп айтканга да ооз брабайт, чындап айтканда, алар ал жакта чартаңбай тээп, эс алып жүрүшөт. Биздикилер болсо, азырынча Бириккен Эмираты менен Кыргызстандын ортосунда бул маселеге тиешелүү мыйзам жоктугуна байланыштуу кол жайып тим болушууда. Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатывалдиевдин айтымына караганда, "каралар дүйнөсүнүн" бул эки "китин" ж. б. кармоо үчүн Интерпол менен атайы иш жүрүп жаткан экен. Бирок Интерпол дегенибиз менен, Интерпол бизге кандай жардам берерин да көрө жатарбыз. Башкалары кармалса да, Көлбаев менен Анапияевдин кармалышы азырынча кыялдагы иштей болуп тургансыйт. Ошентсе да, алгылыктуу аракеттерди көрө берүү зарыл. Бирде болбосо, бирде кылтакка илинип калгысы бардыр…
Уюшкан кылмыштуу топтун 150 мүчөсүнүн жанына чыккан алардын "ардактуу буюмдарына" көз чаптырыңыз: Ф-1 гранатасынан 4 даана. РГД (ручной граната Драгунова) - 18 даана, кулак тундуруучу граната - 1 даана, АК-74 автоматынан 2 даана, АКМ автоматынан 1 даана, кыска саптуу (ИЖ-17, 16 кал.) куралдан 8 даана, тапанча "Вальтер" 1 даана, Макаров тапанчасынан 3 даана, чет мамлекеттик үлгүдөгү тапанчадан 1 даана, ар кайсы үлгүдөгү куралдардын 404 даана ок-дарысы, магазинден 5,45мм- 4 даана, 7,62мм- 2 даана, 9мм- 3 даана, бычактан - 3 даана, кош миздүү кылычтан - 2 даана, кылычтан - 1 даана тартылып алынган.
Ошондой эле маң заттын ар кайсы түрүнөн жалпысы болуп 62 кг. 367 гр. табылган. Жогоруда тизмектелип жазылгандар, чынында кылмышкерлердин жандай жакшы көргөн асыл баа буюмдарынын чети гана болушу толук мүмкүн. Мындайча айтканда, кызылдар азырынча алардын топтогон мындай буюмдарынын мизирдик бөлүгүн гана олжолошту… Бул да толук тизме эместигин эсиңиздерге сала кетели…
Мындан тышкары Камчы Көлбаевдин 7 ок өтпөс автоунаасы кармалганын өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 25-апрелде билдирген эле.
Камчы менен Анапияев да оңой куу эмес да. Алар көп өлкөлөрдөн Дубайды бекеринен тандашкан эмес…

(Уландысы бар)
Айбек Шамшыкеев