presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ак ийилет бирок сынбайт...

МЕГАКОМдо бийлик өзгөрүүдө…
Кудай буйруса, чуулгандуу "МегаКом" иши соңуна чыкканы калды окшойт. КРнын Адилет министрлиги уюлдук оператордун жаңы директорлугуна Serpeus Inc. компаниясынын өкүлү А. Ж. Маджиковду бекитти. Ушуну менен Адилет министрлиги Бишкек шаардык соту ООО "БиМоКоМ Лтд" компаниясынын 100% акциясын Serpeus компаниясын ак ниет сатып алуучу катары тааныган чечимин жактады.

Уюлдук оператор үчүн көзөмөл жүргүзүүгө Serpeus 2008-жылы 195 миллион долларга сатып алып, Кыргызстандын бюджетине 851 миллион сом салык түрүндө төлөгөнүн эсиңиздерге салмакчыбыз. Бирок андан көп өтпөй Максим Бакиевдин тобу рынокто MegaСom соода маркасы менен иштеп жаткан ООО "БиМоКоМ Лтд" ишканасын банкрот кылуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. "Ысык-Көл банкынан" 80 миллион долларлык кредит алышып, БиМоКоМдогу бакиевдик топ-менеджмент карызды кайтарып берүүдөн баш тарткан. Банк карызкордун төлөп берүүгө чамасы жетпегенин билип, сотко доо арызы менен кайрылганда, Фемида өкүлдөрү доогердин арызын канааттандырган. "МегаКомдун" жабдуулары жана жыштыгы сатыкка коюлуп, кайра сатуунун аркасында уюлдук оператор Бакиевдин кол алдындагы "Альфа Телеком" жабык тибиндеги акционердик коомдун балансына өтөт. Бирок бакиевдик режим кулагандан кийин инвесторлор көпкө чейин мыйзамдуу укукка ээ боло алган эмес. Революциялык мезгилден кийинки башаламандыктан пайдаланган Penwell компаниясынын кожоюндары болгон петербургдук ишкер Глеб Огнянников жана олигарх Леонид Рейман уюлдук операторду экинчи жолу басып алууга жан үрөштү. Жыйынтыгында, драмалык карама-каршылык өөрчүп, кызыкдар тараптардан башка "МегаКом" ишине Финансы полициясы, Башкы прокуратура, Президенттин администрациясы, Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргызстандын жана Россиянын парламент мүчөлөрү кийлигише башташты.
Чырмалышкан абалды иликтеш үчүн Жогорку Кеңештин алдында Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал апрель айынын башынан бери ЖАК "Альфа Телеком" Кыргызстандын экс-президентинин уулу Максим Бакиев тарабынын бүгүнкү күнгө чейин оффшордук байланыштар аркылуу көзөмөлдөп жатканын билдирген.
Жумушчу топ миң азапты башынан кечирген "МегаКомдун" мүлкүнө жана жыштыгына эки талапкер бар экенин таанышкан. Ал уюлдук оператордун түзүлүшүнө башынан катышкан, бирок кошумча макулдашуу бузулгандан кийин укугунан ажыраган Penwell компаниясы жана кыргыз сатуучусунан БиМоКомду 195 миллион долларга сатып алып, Serpeus компаниясы акциянын наркынын өсүшүнө жараша салыгын төлөп берген.
Ошону менен парламент мүчөлөрү ЖАК "Альфа Телекомдун" 100% акциясынын бардыгын мамлекетке тартып алып, чыныгы менчик ээсин соттук тартипте аныктоо керектигин сунуштаган. Бирок жарым айдан кийин жумушчу топ күтүүсүздөн пикирин өзгөртүшүп, өзүлөрү мурда кабыл алган резолюциянын духуна карама-каршы келген, дээрлик Penwellдин позициясына тилектеш чечимди кабыл алышты.
2008-жылдын аягында БиМоКоМдун акциясынын ээлери алмашканда жана ошону менен бирге өнөктөштөрдүн ортосундагы кошумча макулдашуу бузулгандан кийин, орустар мобилдик операторго болгон өзүнүн укугунан ажыраган далилдүү факты турса да, ага карабастан резолюцияга кол койгон депутаттардын бети чымырабады.
Кыргыз жана орус ММКларынын версиясы боюнча бул чырлуу чечим Рейман жана Огнянников менен экинчи тараптан Максим Бакиевдин жан жөкөрлөрү тымызын макулдашуунун жыйынтыгы болду дешүүдө. Макулдашуунун маңызы, Максим Бакиев МегаКомго болгон өзүнүн кызыкчылыгын сакташ үчүн Кыргызстандагы "таасирин" пайдаланып, Penwell компаниясын колдошу керек эле. Уюлдук оператордун мүлкүн жүз пайыз мамлекеттин пайдасына тартып алуу Бакиев үчүн деги эле жагымсыз көрүнүш эле, анткени мындай шартта уюлдук операторду көзөмөлдөөдөн толук кол жууп каларын түшүнүү кыйын эмес.
Адилет министрлигинин чечими боюнча тыянакка келсек, Реймандын MegaСomду үчүнчү ирет тартып алууга болгон далалаты жана ак ниет инвестор Serpeus компаниясын басынтуу аракети кыйрады. Бул баары бир эң акыркысы болду окшойт. Албетте, мындай көрүнүш болуп көрбөгөндөй психологиялык басымга карабастан, мыйзамдуу адилет чечимдин кабыл алынышы жаш кыргыз демократиясынын эл аралык аброюн арттырары талашсыз.




  Көңүл чордонунда:

БиМоКоМдун жаңы директорунан жаңылык
"МегаКом" уюлдук байланыш операторунун техникалык инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу жакынкы үч жылдын аралыгында 250 миллион долларды түзөт. 2008-жылы "Серпеус" инвестициялык компаниясы тарабынан уюлдук оператордун акциясын 195 миллион долларга сатып алган "МегаКомдун" мурунку жаңы ээсинин планы ушундай.
Жаңыдан, же болбосо, 2009-жылдын 9-апрелине чейин "МегаКомдун" активинин ээси болуп эсептелген "БиМоКоМ" компаниясынын директору мына ушундай билдирүү жасады.
Бул инвестиция Кыргызстандын калктуу аймактарын жана жолдорун толугу менен камтууну камсыз кылып, байланыштын сапатын арттырууга шарт түзөт экен. Ошондой эле абоненттер үчүн жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүнүн тизмеси олуттуу кеңеет. Ошону менен бирге оператордун кызматынын наркынын азайышы туруктуу тенденцияга ээ болот.
Белгиленген инвестицияны жүзөгө ашыруу "МегаКомдун" салык төлөмдөрүн чегерүүнү бир эсе көбөйтөт.
Маалымат үчүн: "БиМоКоМ" компаниясы 1999-жылы түзүлгөн. 2005-жылдан баштап Л.Рейман менен М.Бакиев аны "МегаКом" мобилдик байланыш операторунун негизинде түзүшкөн.
2008-жылы "БиМоКоМ" "Серпеус" фирмасына 195 миллион долларга сатылган, бирок жетекчилик алмашканга чейин уюлдук оператордун мүлкү "БиМоКомдон" чыгарылып, М. Бакиевге тийиштүү "Альфа Телеком" фирмасына берилген. Бишкек шаардык сотунун 2011-жылдын чечими боюнча "Альфа Телекомдун" активи кайра "БиМоКоМго" берилди.
Бир катар ММКлар "Серпеус" менен "БиМоКомдун" кожоюндарын А.А.Машкевич менен байланыштырат.
Толкунбек Токторбаев




Ысык-Көлдө дем алуучулардын коопсуздугу коргоого алынат
Жайдын аптаптуу мезгили босогодо турат. Адаттагыдай эле бул мезгилде ден соолугун чыңдоого, жашообуздагы кыйынчылыктардан пайда болгон депрессиядан арылууга кыргыз бермети болгон Ысык-Көл курорттук зонасына дем алууга каалагандар үчүн эшик ачылды. Ошону менен катар, 2011-жылдын 6-майында 13-эл аралык туристтик жарманке өткөрүлдү. Жарманкенин жүрүшүндө ар кыл мүнөздөгү дем алуу учурунда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана туристтик зоналарда тартиптин сакталышына бекем көзөмөл жүргүзүү маселелери талкууга алынып, бул багытта укук коргоо уюмдарынын милдеттери такталгандыгын Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармасынын начальниги Жалил Илиппаев массалык маалымат каражатарына билдирүү жасады.
Туристтик сезон башталгандан тартып, курорттук аймакта укук коргоо уюмдарынын 500дөн ашык кызматкерлери тартипке көзөмөл жасаса, аны жетектеген штабдагы кызматкерлердин саны 60 пайызга көбөйтүлмөкчү. Мурдагыдай группадагылар жалаң курсанттардан түзүлбөстөн, укук коргоо кызматында тажрыйбага ээ болгон укук коргоочулар да тартылары, мындан тышкары кылмыш иштеринин бетин ачууга жана оперативдүү аракет жасоого кылмыш иштерин иликтөөчү тергөөчүлөр да киргизилгендиги маалымдалган.
Мындай иш-чараларды кабыл алууга учур өзү талап коюуда. Эгерде Ысык-Көл ИИМинин маалыматына таянсак, 2010-жылы курорттук жана дем алуу зоналарында 58 кылмыш жасалган. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштын 60 пайызы ачылган. Ички иштер кызматкерлери тарабынан келип-кеткен туристтер жана дем алуучулар тийиштүү текшерүүлөрдөн өтүшпөгөндүгү, тартип сакчыларынын зарыл болгон иликтөө иштери талаптагыдай жүргүзүлбөгөндүгү буга себепкер болгондугун жашыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан өткөн жылдын сабагын эске алып, кылмыштын алдын алууга жана жасалган кылмышты оперативдүү мүнөздө ачууга Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы күзөт кызматынан тышкары кылмыш иштерин иликтөө топторун түзүп отурат.
Мындан тышкары Ысык-Көл ИИБ тарабынан туристтердин жол жүрүүдөгү коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын узатуучу группаларды түзүшкөн. Мисалга алсак, Казакстандын чек арасынан пансионатка же дем алуу үйүнө чейин атайын автоинспекциянын кызматкерлерин узатуу ишине жалдоого шарт түзүлүп, бул кызматтын 1 километр акысы 36 сом, же саатына 790 сом төлөнөрүн белгилей кетсек болот. Бул үчүн Ысык-Көл ГУБДДыга алдын ала билдирүү берилиши зарыл.
Ал эми экономиканы жөнгө салуу министрлигинин министри Учкунбек Ташбаевдин маалыматына караганда, быйылкы жылда Ысык-Көл туристтик аймагына 2 миллион туристтердин келиши күтүлөт. Эгер бул божомол ишке ашса, бул багытта кирешебиз 500 миллион сомду түзмөкчү.
Эске сала кетели, эгерде өлкөбүздүн дүң продукциясынын (ВВП) 2010-жылдагы үлүшү 3,8 пайызды түзсө, 2011-жылда бул көрсөткүч алдын ала эсептөөдө 4,6 пайызга көтөрүлөт. Туризм тармагында ВВПыны быйыл 10 пайызга чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, тейлөө тармагын көтөрүү зарылдыгы коюлганын гана унутпасак.





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??