presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сыйна Жумакаирова,
7-апрелде курман болгон Таалайбек Сарыбаевдин апасы:
"Уулум башка аял менен
жашаган эмес..."
Каргашалуу 7-апрелде курман болгон баатырлардын бири Таалайбек Сарыбаевдин апасы Сыйна Жумакаирова менен келини Нуржан Асаналиеванын ортосундагы үй талаш маселесине жакынкы күндөрү чекит коюлчудай эмес. Иликтеп, угуп көрсөк, талаштын тамыры тереңде экен. Чындык ким тарапта экенин мезгил да, мыйзам да тактаары бар. Биз болсо, өз милдетибизди аткарып, талаш маселенин тарыхын элдин таразасына койдук. Ар ким өз алдынча чындыкты издеп көрөр…

- Сыйна эже, алгач уулуңуздун адамгерчилик сапаты туурасында айтып берсеңиз…
- Каралдым Таалайбегим, бирөөгө кара санабаган, беш маал намаз окуп, кудайга сыйынган, жан дүйнөсү таза жигиттердин бири болчу. Кудай мындай жакшы адамдын өмүрүн чектеп коёт турбайбы. Кырчындай курагында бизди азапка салып кете берди. Уулубуздан ажыраганы абышкам экөөбүз тең оорукчан болуп калдык. Абышкам эшикке араң чыгып, үйгө араң кирет. Мен болсо, ооруганыма карабай жашоонун айынан кыбырап басып жүрөм. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, уулум каза болгондон кийин эзели тааныбаган капкаяктагы Асаналиева Нуржан деген аял уулумдун арбагын тебелеп, абышкам экөөбүздү кол жоолук кылып кууратып бүтүрмөй болду. Маркумдардын жакындарына деп берилген үйдү дагы: "Мен Таалайбектин аялы болчумун деп, ошол жүзү кара Нуржан алды. "Мекен Шейиттери" коомдук кыймылынын төрагасы Осунбек Жамансариев, чуркап жүрүп үйдү Нуржанга алперип койду. Экөөнүн кандай жакындыгы бар экендигин түшүнбөйм.
- Уулуңуз Нуржан менен жашачу беле?
- Нуржан: "Таалайбек мени менен жашаган, ортобузда эки кызым бар" - деп жөн эле догурунуп жатат. Айзада деген маңдайы жарык келиним бар. Ал азыр биз менен катташып турат. Уулумдан калган жалгыз туяк, 21 жаштагы Элдияр деген неберем учурда абышкам экөөбүздү багып жатат. Мен билгенден уулум Айзада менен эле жашаган. Андан башка аял менен жашаган эмес. Мен Нуржанга: "Эгер уулум менен жашаганың чын болсо, чогуу жашады деген документтериңди көрсөт" - десем, ал мага эч кандай документтерин көрсөтө алган жок. Нуржан азыр Дүйшеев Нурлан деген күйөөсү менен жашайт экен. 7-апрель күнү президентибиз Роза Отунбаева үйдүн ачкычын тапшырганда оокатыбызды алып үйгө көчүп барганбыз. Бир күнү эле кечкурун Осунбек Жамансариев үч баланы ээрчитип келип эшикти илип алсам, жулуп алчудай такылдатып турду, биз ачпай койгондо, кетип калды. Ошентип, 3-май күнү үйүбүздү бекитип, Көлгө айылыбызга кеткенбиз. Келсек, Нуржан үйдүн каалгасын талкалап, үйгө кирип жашап алыптыр. Азыр бизди үйүбүзгө карыш жолотпой жатат. өткөндө барсак, "Мекен шейиттерине" мүчө болгон 5-6 аял үйгө киргизбей, туш-туштан талап абийирибизди айрандай төктү. Кайда барып, кимге кайрыларымды билбей аргам кеткенде "жогору жактагы чиновниктер окуса, балким жардам болуп калар" деген илгери үмүт менен силердин гезитке кайрылып отурам.
- Таалайбектен башка дагы уул-кыздарыңыз барбы?
- Улуу балам, мындан бир топ жыл мурун каза болуп калган. Бир кызым бар. Азыр ошол кызыма каниет кылып, жашап жатабыз. Биз көргөн күндү башкалар көрбөсүн, биз тарткан азапты башкалар тартпасын. Таалайбегим болгондо биз ушинтип кор болмок эмеспиз.
- Уулуңуз каргашалуу 7-апрель окуясына кантип аралашып калыптыр?
- Ал башынан эле Бакиевдин бийлигине каршы болуп, ар кандай нааразычылык акциялардан калчу эмес. Жалпы эл сыяктуу эле акыркы убактардагы электр жарыгына болгон баанын кескин кымбатташына жаны кейип жүрчү. 7-апрель күнү уулум Бишкекте болчу. Атайын эле "Медиа Форум" имаратынын алдына келип, милиция кызматкерлери менен салгылашып отуруп, Ала-Тоо аянтына барган кезде, ажал издеген ок башына тийиптир. Үч күн ооруканада жатып каза болду. Убагында Урмат Барктабасовдун жансакчысы болуп иштеген. А. Атамбаев, Ө. Текебаевдер менен жакшы мамиледе болчу. Ө. Текебаев 6-апрель күнү камалганда уулум менен байланышып: "Таалай, келип кетпесең болбойт"- деп чакырыптыр.

Нуржан Асаналиева,
маркумдун жубайы:
"Азыр кайненем телефон чалып, өлтүрүп кетем"- деп коркутуп жатат…
- Кайын энем Сыйна Жумакаированын айтып жаткан сөздөрү карандай калп. Жолдошум экөөбүз бактылуу жубайлардын катарында 9 жыл бирге түтүн булатып жашаганбыз. Учурда 2 кызым бар. Кайын энем мени тааныбайм деп жатат. Жолдошумдун көзү тирүүсүндө кайын ата, кайын энемдер менен уул-келин болуп, жакшынакай эле катышып жүрчүбүз. Буга бүтүндөй Чоң-Өрүктү айылынын эли күбө. Кайын энем үйдү алыштын амалы кылып эле, мени ушинтип каралап жатышат.
- 3-май күнү кайын энеңиз жокто үйдү талкалап кирип алганыңыз чынбы?
- Кайын энем анда эч кандай Көлгө кеткен эмес. Үйдүн ичинде бекинип отурган. Осунбек Жамансариев баштаган комиссия өкүлдөрү барып эшикти ача албай убара болушту. Айлабыз кеткенде эшиктин турумун алмаштырып киргенбиз. Ошол күнү кечинде кайын энем 5-6 баланы ээрчитип келип, ур-токмокко алууга аракет кылды. Түндүн бир оокумунда эки кызым менен үйдөн качып кутулдум. "Азыр телефон чалып, өлтүрүп кетем"- деп коркутуп жатат. Ал мага жалаа жаап: "Үй оокатымдын баарын алып алды"-деп кайрадан эле калпты ышкыртууда. Чынында, үй оокатынын баарын, комиссиянын көзүнчө өткөрүп бергем.
- Баш кошкондугуңуз туурасында нике күбөлүгүңүз барбы?
- Жолдошумдан ажырап каларымды ким билиптир. Тилекке каршы, баш кошкондо каттоодон өткөн эмеспиз. Ошого таянып, кайын энем, "баш кошкондугу туурасында күбөлүгү жок, уулумдун аялы эмес"- деп жатат. Таалайбектин канынан жаралган мончоктой кыздарым турат го күбө болуп, керек болсо кыздарымдын канын текшертсин. Жолдошум каза болгондо, "баламдын мурунку аялы мобул аял болчу" - деп, кайын энем бир аялды жетелеп келиптир. Чынында, мен 9 жыл бирге жашап, жолдошумдун аялы бар экендигин билген эмесмин. Азыр кайним Элдиярды "жолдошумдун баласы болчу" - деп жүрөт. Мен билгенден Элдияр кайын энемдин эле кичүү баласы. Кайын энем пайгамбар жашынан өтүп, байбиче болуп турганда ушундай жаман ишке барбай эле койсо болмок. Азыр мени сотко берип жатат. Мен болсо, азырынча теңелген жерим жок.

Осунбек Жамансариев,
"Мекен Шейиттери" коомдук кыймылынын төрагасы:
- Үй талашып, ызы-чуу болгон үй-бүлөлөрдүн 7-8и бар. Бардыгын комиссиянын негизинде карап чыксакпы деп жатабыз. Ал эми Таалайбек Сарыбаев жубайы менен жашагандыгын иликтеп чыктык. Ошол иликтөөнүн негизинде, маркумдун жакындарына берилген үйдүн 2 бөлүгүн жубайына 1 бөлүгүн ата-энесине тапшырдык. Анткени миллион сомду дагы маркумдун ата-энеси алган.
Маектешкен
Мирлан АлЫмбаев






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??