Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Токон Мамытов,
"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты, ЖКнын Ош окуясын иликтөө боюнча комиссиясынын төрагасы:
"Биз жол ачып бердик,
калганын өздөрү чечиши керек!"
Токон Мамытов "Ар-Намыс" фракциясынын белдүү депутаттарынын бири. Башка чиновниктерге окшоп эле Акаевдин да, Бакиевдин да доорунда үлкөн кызматтарды аркалап келген инсан. Тактап айтканда, көп жылдар бою УКМКнын жетекчилик кызматтарында, мындан тышкары Чек ара кызматын да жетектеген адам. Учурда ЖКнын Ош окуясынын иликтөө (25 депутаттан турган топ) комиссиясынын төрагасы. Аталган комиссия 4 айдан бери иликтөө ишин жүргүзүп келет. Жакында жыйынтыгын жарыялаганы турушат. Биз Токон мырза менен дал ушул чуулгандуу Ош окуясын иликтөө маселеси, элдин бүйүрүн кызыткан "Ар-Намыс" партиясынын коалицияга кошулушу жана УКМК менен Чек ара кызматынын чабалдыгы тууралуу кеңири маектештик.

"КУЛОВ КОАЛИЦИЯ ТУУРАЛУУ ЭЧ НЕРСЕ БИЛБЕГЕН КИШИДЕЙ БОЛУП, А ЧЫНЫНДА…"
- Токон байке, алгач маегибизди "Ар-Намыс" партиясынын 10 депутатынын коалицияга кошулуу маселесинен баштасак. Сиз да ошол 10 депутаттын арасында эмессизби…
- Эми бул маселенин жаралышы мындай болду. Элге түшүнүктүү болуш үчүн бир аз кененирээк айта кетейин. Бир жолу фракциянын жыйынында (жаңы жылдан кийин) Анвар Артыков Феликс Шаршенбаевичке кайрылып: "Акмат Келдибеков менен сүйлөштүм. Анын да коалицияны сактап, өлкөдө тынчтыкты сактап, өнүгө турган коалицияны кеңейтүү боюнча жакшы ойлору бар экен. Барып сүйлөшөйүн "- деп калды. Кулов Артыковдун бул сөзүн колдоп: "Ооба, өлкөдө кырдаал оор. Кырдаалды турукташтырышыбыз зарыл. Барып сүйлөшүш керек" - деди. Дагы бир ирет мен дагы: "Парламент солкулдап жатса, өкмөт солкулдап, коомчулук солкулдап жатса, албетте, өлкө солкулдабай койчу беле. Коалицияны соодага айлантып жатышат" - деп айтсам, "Да, есть симптомы, давайте работать"-деп Кулов туура кабыл алды. Артыков ушул маселенин үстүндө иштеп, жыйынтыгында резиденциядан 8 депутат Атамбаев менен жолугуштук. Атамбаев ал жерден: "Акыркы убактарда баары эле бизнеске айланып баратат. Үч партия коалицияга бириккен болбойт экен. Улам эле 10дон, бештен болуп оюн кылып жатышат. Мындайды токтотпосок болбойт. Жалпылап бир чара көрбөйлүбү?" - деди. Биз: "Бизден кандай жардам керек? - деп сурасак, - Силерден колдоо керек" - деп ж. б. жүрөгүндө жүргөн маселелердин баарын ачык айтты. Биз: "Бул маселени Куловго айталы, дагы жолугалы"-деп тарап кеттик.
Ошол жолугушуудан кийин мен Петербургда 5-6 күн жүрүп келип, Артыковдон: "Баягы маселе боюнча Куловго кирдиңерби" - деп сурасам, ал: "12 депутат болуп кирип, ачык айтсак: "кереги жок, тигил, бул" деп жактырбай койду" - деди. Андан кийин фракциянын жыйынында да бул маселе козголуп, кайчы пикирлер айтылды. Артыков баягы маселени жакшы түшүндүрүп дагы айтты. Артыковдон кийин мен да сөз алып: "Феликс Шаршенбаевич, оюндарды токтотуп, өлкө тууралуу ойлонбосок болбойт. Алардын пикирин мен да уктум. Максаттары жакшы экен. Биз менен булардын талабы окшошуп жатат, бирге иштесек болот экен. Кире берелик" - деп айттым. Анда да: "Жок алар менен сүйлөшүш керек" - деп моюн сунбай койду. Биз айттык: "Анда сүйлөш, биз күтүп туралы. Биз сүйлөшчүсүн сүйлөшүп бүттүк"-дедик.
Кийин биз Атамбаев, Келдибеков менен жолукканда: "Биз кызмат талап кылбайбыз, эл талап кылып жатат, өлкөдө стабилдүүлүк болсун. Өлкө үчүн, коалициянын ар бир маселеси үчүн добушубузду берип иштешелик" - дедик. Алар да бизге кызмат сунушташкан жок. Ошону менен макулдашып, иштешип кеттик. Бул тууралуу Куловго да айттык.
Бирок Кулов коалицияга кирүү маселесин созуп жүргөндүктөн улам, 10 депутаттын билдирүүсү чыгып кетти. Анан эле Кулов бул маселе тууралуу эч нерсе билбеген кишидей болуп: "Алар моралдык жактан туруксуз депутаттар" -деп интервью берип жатып калды. Биз ал интервьюсун окугандан кийин Куловго чогуу кирип: "Бул эмне деген оюн? Коалиция тууралуу баарын билесиң да. Эмне деп интервью бергенсиң?" - десек, "мен антип интервью берген эмесмин, азыр сайттагы интервьюну алдырып салам" - деп айтты. Бул тууралуу жамаатка түшүндүрүп айтканча болбой, ушундай мааниде эле дагы бир интервью жарыяланды. Мына ушундан кийин биз баарыбыз ММКларга интервью бердик.
Эми учурда деле коалиция маселеси тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат. Биз жол ачып бердик, калганын өздөрү чечиши керек!
- "Силерди (10 депутатты) Бабанов сатып алды, коалицияны сактап калыш үчүн" - деген пикирлер байма-бай айтылбадыбы. Ушул кептин чын-төгүнүн өзүңүздөн уксак…
- Биринчиден, Бабанов бизди сатып алгандай ким? Бабанов башкаларды сатып алуудан мурда, өз тагдырын өзү чечип алсын. Эгер биз "МегаКомдун" чыр-чатагына аралашып, ошол маселе менен иштеп жүрсөк бир жөн. "МегаКомго" байланыштуу маселелерди ары чуркап, бери чуркап көтөрүп жүрсөк, ошондо эл айтса болот эле. Коалицияга кирген 10 депутаттын бирөө да "МегаКом" тууралуу маселе көтөргөн жок да. Тескерисинче, депутаттар эки жаат болуп талашып-тартышып жатканда: "эмне болуп кетишет болду экен" деп кызыгып карап олтурдук, оозубузду ачып. Чынында, биз Бабанов менен коалиция маселеси боюнча жолуккан жокпуз. Биз болгону Атамбаев, Келдибеков менен жолуктук. Сатып алуу тууралуу кептердин баары калп. Муну мен мына куттуу иш бөлмөңөрдө айта алам.
- Сиз бул сөзүңүз менен партиялашыңыз Жапаровго кыйыр түрдө чалма ыргыткандай болдуңуз да. Силерден Жапаров "МегаКом" боюнча бирде оң, бирде сол кептерди айтып жүрөт го… Ушундан улам, аны сатылып кетти деп айтсак туурабы?
- Мен Жапаровдун анысын билбейт экенмин. Анын "МегаКом" боюнча комиссиясынын мүчөсү эмесмин. Муну өзүнөн сурап көргүлө. Айтор, ал бирде чыгып: " Бабановдун иши таза эмес, кетсин" - десе, бирде "Бабановдун "МегоКом" иши боюнча абийири таза экен, иштей берсин"-деп атса, албетте, ар ким ар кандай ой жоруйт да. Ал эмне үчүн мындай жыйынтыкка келгенин бүгүн да билбейм.
"Эл аралык комиссиянын жыйынтыгы бир багыттуу болуп калган…"
- Токон байке, эми коалиция маселесин токтотуп, дагы бир чоң маселелердин бири болгон Ош окуясын иликтөө боюнча комиссиялары жөнүндө кебибизди улайлы. Сиз ЖКнын бул маселени иликтөө боюнча комиссиясынын төрагасысыз. Иликтөө иши аягына чыгып калыптыр. Сиз жетектеген комиссиянын ишмердүүлүгү, жыйынтыгы жана силерден башка комиссиялардын жыйынтыгы боюнча пикириңизди уксак…
- Мен расмий түрдө Ош коогалаңын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссияларды эсептеп көрсөм, биздики 8-комиссия экен. Биз расмий түрдө иликтөө иштерин 15-январга жакын баштадык. Ишти үч чоң топ түзүүдөн баштап, биринчи топ Ош облусу, Ош шаары, экинчи топ Жалал-Абад облусу, үчүнчүсү борбордук аппараттар, министрликтер боюнча түзүлдү. Түштүктүн ар кайсы жерлеринен атайы кеңселерди ачтык. Талапка ылайык, эксперттерди да алдык. Айта кетчү нерсе, комиссиябыздын курамына Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү да, күч структурасында министр же жетекчилик кызматтарда иштегендер кирип кетти. Кыскасы, кызыкдар тараптар комиссиянын курамын түздү да. Ар бир фракция кайсы депутатты берет, аны биз чечкен жокпуз. Биз кандай болсо да комиссиянын курамы менен менен иштештик. Тигини бер, муну бер деп айтууга укугубуз жок эле. Депутаттардын алды иликтөө бүткөнчө Түштүккө 15-20 жолу барып, 10 күндөп иштеген учурлары болду. Мен өзүм 10дон ашуун барып келдим. Жыйынтыгыбыз калыс болсун деп, окуя болгон жерлердин өзүнө, тактап айтканда, Он-Адыр, Фурхатка, Нариманга ж.б. жерлерге бардык. Базар-Коргондо, ал жактагы Таш-Булакта да катуу болбодубу, мына ошол жерлерге калыс бололу деп, губернатор, акимдерди ээрчитпестен, комиссиянын мүчөлөрү менен бирдикте айыл өкмөттөрү менен гана бардык. Болгон материалдарды чогулттук. Ачык айтайын, эл көп келди. Кинофотодокументтерди көп беришти. Окуяга тиешелүү да, тиешеси да жок материлдар да түшүп жатты. Бизге тиешеси жокторун, тиешелүү жерлерге жөнөтүп жаттык. Негизинен, өкмөт менен тыгыз иштештик. Алар да бизге болгон жардамын беришти. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Мындан эки жума мурун өкмөт Ош окуясында курман болгондорго, дайынсыз жоголгондорго компенсация катары 1 миллиард сомго жакын каражатты бөлүп берди.
- Жалал-Абадда канча адам дайынсыз? Экинчи суроо: жалпы курман болгондордун да санын тактай кетсеңиз, себеби бул маалымат да ар кандай айтылып жүрөт го…
- Баарынан жаманы, дайынсыз жоголгондордун тагдыры экен. Бүгүнкү күнү Ош шаарында дайынсыз жоголгондордун саны 23 адамга жетип олтурат. Жалал-Абадда 5 адам дайынсыз болсо, бирөө таптакыр таанылгыс болуп күйүп кеткен. Жакында эле Сампа заводунун жанынан бир адамдын баш сөөгү чыкты. Ошону менен жалпысы 7 адам. Ал эми курман болгондордун санын эл аралык комиссия 470 деп чыгарып коюптур. Биздин расмий маалыматка таяндык, тактап айтканда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйынтыгында 427 адам деп көрсөтүлгөн. Мунун 356сы Ош шаарында, 71и Жалал-Абадда кайтыш болгон.
Азыр биздин комиссия иликтөө иштерин дээрлик бүттүк. Бирок ачык айтайын, документтин баары орус тилинде топтолгондугунан улам, азыр кайра кыргызча котортуп жатабыз.
- Башында эле иш кагаздардын баарын эне тилде жазып, кыргызча иш жүргүзсөңөр болбойт беле? Токон байке, деги качанкыга чейин, эне тилибизди тебелеп жүрө беребиз…
- Чынын айтканда, айрым терминдердин кыргызча котормосу жок, айрыкча саясий терминдердики жок. Биз мына ушуга токтолдук.
- Терминдерди түз киргизип койсо болбойбу, ансыз деле эне тилибизге түздөн-түз кирген терминдер көп эмеспи…
- Кантип түз киргизебиз? Мисалы, мен билбейм. Кээ бир адамдар кыйын болуп эле: протон, ион, электроника, синхрофазатронду которобуз деп жүрөт. Эр болсо которуп көрсүн, көрөлү. Эми ЖКнын котормочулары тажрыйбасы мол деп ойлойм. Буйруса, котормосун мыкты которуп беришсе, эч талаш-тартыш болбойт.
- Эл аралык комиссиянын жыйынтыгына көз карашыңыз кандай?
- Ал комиссияга чынында көп сын пикирлер айтылып жатат. Бирок мен алардын иштеп чыккан иштерин, иликтөөлөрүн, жыйынтыктарын карап чыктым. Аларды чынында чала иштеди дегенге болбойт. Абдан көп материал топтошкон экен. Абдан көп элди суракка алышыптыр. Кадыржан Батыров менен, И. Абдыросулов менен жолугушуп сүйлөшүшүптүр. Окуядан кийин качып кеткен күнөөкөрлөрдү таап, аларды суракка алышкан экен. Бирок ошого карабастан, коомчулук тараптан көп сынга туш болушту. Себеп дегенде, эл аралык комиссиянын - иликтөө иштери бир багыттуу болуп калган…
(Уландысы бар...)
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев