presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Бексултан Жакиев,
Кыргыз эл жазуучусу,
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комиссиянын төрагасы:
"Жогору жактан киши
салып, сыйлык алууга
аракет кылгандар
арбын…"
...Тууну алмаштырганды коюп, ошол депутаттар кымбатчылыкты кантип ооздукташ керек, элдин курсагын кантип тойгузуш керек, ошону ойлошпойбу. Кийин деле өзгөртсө жетишет. "Көсөнүн акылы түштөн кийин" болбой, тээ башында эле көк асаба кылып кабыл алыш керек болчу...

- Бексултан агай, драматургияны поэзиядан же көркөм сөз өнөрүнөн жогору коюп кароого болобу? Эмнегедир акыркы жылдары мыкты драмалардын жаралбай жатышынын себеби эмнеде?
- Байыркы доордон бери эле көркөм сөз өнөрү поэзия, драматургия кара сөз болуп үч түргө бөлүнүп келатат. Адабияттын бул үч түрүн бирдей караш керек. Бирин өйдө же ылдый караган болбойт. Адабият, маданият деги эле руханий байлыгыбыздын баарын өлкөбүз эгемендик алгандан кийин жоготуп алдык. Себеби капиталисттик система болуп, элдин баары акчага азгырылып, руханий жан дүйнөбүз жакырланып кетти. Союз убагында руханий маданиятты баарынан жогору коюшчу. Азыр маданиятты ойлогон чиновниктердин саны аз. Баары эле бийликке келип, байлык топтоонун амалын ойлошот. Байлык үчүн жанталашып жатып, Асерия мамлекети эмне болду? Акыры өз улутун жоготуп тынды. Ал эми драма жазган адам сахна менен жакындан тааныш болмоюн эч качан драма жаза албайт. Качан гана театр кызматкерлеринин айлык акысы жогорулап, театр өнөрү өнүккөндө гана драматургия өнүгөт. Азыр биз күндүзү чырак менен издеп таппай келаткан драмалар дагы ошондо жазылат. Ошондой эле, азыр китептин да баркы кетти. Мааниси жок көчө сөзү менен жазылган китептер көп чыгып жатат. Маселе китептин көп чыккандыгында эмес, анын сапатында. Жазуучусу, жазуучу эмеси деле жакын туугандарын баатыр көрсөтүп, чыгармачылык трайбализм күч алды. Алар болгондо да тарыхый роман дешип, мааниси жок китептерин чыгарып жатышат.
- Бир канча жылдан бери Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык боюнча комиссияны жетектеп келатасыз? Сиз жетектеп келаткандан бери канча адам бул жогорку сыйлыктын ээси болду?
- Канча адам ээ болгондугунун так саны эсимде жок. Бул комиссияны жетектеп келатканыма дээрлик 15-16-жыл болду. Акаев жетекчиликти сунуштаардан мурун Маданият министрин, КТРКнын башкы директору ж.б. үлкөн кызматтарды сунуштаган. Баарынан баш тартып ушул кызматты тандап алгам. Себеби жогорку кызматка барганда аны бутунан тургузуп кетүү кыйын болмок. Анткен менен, башында бул жумуш деле мен үчүн оор болду. Төш белгилерди, сыйлыкка керектүү документтерди даярдоонун өзү эле чоң түйшүктү жаратты. Төш белгини Москвадан жасатайын десем, ошол кездеги бийлик башында турган айрым чиновниктер: "Кыргызстандан эле жасатабыз" - дешти. Акыры Кыргызстанда жасатууга мүмкүн болбогондуктан, Москвага заказ берип, жасатып келгенбиз.
- Акча сунуштап, сыйлык алганга аракет жасагандар болобу?
- Акча сунуштагандар болгон жок. Себеби көпчүлүк менин акчага сатылбасымды жакшы билишет. Бирок жогору жактан киши салып, сыйлык алууга аракет кылгандар арбын. Канчалаган депутаттарды ортого салышты. Айлалары кеткенде үстүмөн арыз жазып да жүрүшөт. Азыр жазган арыздардын баары сакталуу. Бизде атайын бекитилген жобо бар. Ошол жобонун негизинде иш алпарабыз. Сыйлыкка ээ болчу адамдын көп жылдык эмгеги эске алынбайт. Акыркы үч жылдын ичинде мыкты чыгарма жараткан автор сыйлыкка ээ боло алат. Мындан 30 жыл илгери болгону бир чыгарма жаратып коюп, "мен сыйлык алышым керек" дегендер да жок эмес. Кыскасы, сыйлыктын башында мен турсам, менден кийин 24 адам комиссияга мүчө. Сыйлык алчу адамды таразага салып, салмагын өлчөп туруп анан ыйгарабыз. Эгер өң-тааныштыгына карап ыйгара бере турган болсок, бул сыйлыктын баркы эбак эле жоголмок.
- Ош окуясын 7-апрелдеги революцияга каршы чыгарышты деп айтып жүргөндүгүңүздүн себеби эмнеде?
- 7-апрелден кийин өлкөнүн тынчтыгын каалабаган ар кандай ички-тышкы душмандар, Маявка окуясын чыгарышты. Андан майнап чыкпаганда Ош окуясын уюштуруп, кыргыз-өзбек улутунун ортосуна от жакты. Тактап айтканда, эки улутту кагыштырып кыргын кылды. Ошондуктан мен муну 7-апрелдеги революцияга каршы атайын уюшулган кыргын катары эсептейм. Керек болсо, Ош окуясында мамлекетибиз кыйрап калуу коркунучу бар болчу. Мен ошол кыргындан аман-эсен кутулуп алганыбызга аябай сүйүнөм. Эми окуя мындан ары кайталанбашы үчүн кыргынды уюштурган душмандардын бетин ачып, аларды жазага тартышыбыз керек. Ошондо гана эки улуттун эли ынтымакташат.
- Депутаттар мамлекеттик туунун өңүн өзгөртөбүз деп жатышпайбы, буга кандай карайсыз?
- Туунун өңүн өзгөртөбүз деген бул өкмөттүн ишине бут тоскусу келген айрым депутаттардын жасап жаткан иши катары эсептейм. Азырынча туунун өңүн өзгөртүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок.Тууну алмаштырганды коюп, ошол депутаттар кымбатчылыкты кантип ооздукташ керек, элдин курсагын кантип тойгузуш керек, ошону ойлошпойбу. Кийин деле өзгөртсө жетишет. "Көсөнүн акылы түштөн кийин" болбой, тээ башында эле көк асаба кылып кабыл алыш керек болчу. Азыр биз көк асаба кылып алсак, казактарды туураган болуп калабыз. Эртең эле казактар айтып чыгат. "Кыргыздар бизди туурап көк асаба кылып алышты"- деп. Мен ошого намыстанып жатам. Ал эми Гимндин айрым сөздөрүн өзгөртсө болот, бул боюнча Гимндин авторлору Шабданбек Кулуев, Насыр Давлесовдор деле макул болду. Негизи депутаттар буга окшогон маанилүү иштерди эл менен, эл арасында жүргөн бизге окшогон интеллигенция өкүлдөрү менен кеңешип туруп чечишсе жакшы болор эле. Бизди дүжүр чалдар дешип, саясатчылар биздин сөзүбүздү уккулары келишпейт. Башкы мыйзам кабыл алынып жатканда биздин деле ой-пикирибизди угуп коюшса болмок. Өз сунушубузду айтмакпыз. Президентибиз Роза Отунбаева белгилегендей, башкы мыйзамда кемчиликтер бар.
- Азыркы курултай деп өткөрүп жаткан жыйындарды курултай деп атоого болобу?
- Кызматка жетпей калган адамдар эл көзүнө көрүнүп турайын деп эле курултай деген аталыш менен ар кандай жыйындарды уюштуруп жатышат. Өткөндө Шамшыбек Медетбековдун Филармонияда уюштурган жыйынына барып катыштым. Айрым курултайчылар, өкмөттү таркатып, керек болсо президентти кызматтан алып, парламентти таркатып ийгенге укугубуз бар" - деп айтышат. Мен аларга: "Курултай деген бул бийлик башында турган адамдарга кеңеш берчү уюм болуп түзүлүшү керек" - деп өз оюмду айттым. Анысы аз келгенсип, Манаста мындай болгон дешип, "Манас" эпосун мисал кылышат. "Манас" эпосунда эч кандай курултай деген ат болгон эмес. Жөн гана эл чогулуп, Манасты хан көтөрүп алышкан.
- Сөз нугун жеке турмушуңузга бурсак. Үй-бүлөңүз туурасында айтып берсеңиз?
- Кемпирим экөөбүздүн тең жашыбыз 70тен ашты. Эки кызыбыз бар, улуу кызым Искусство институтунда мугалим. Кийинки кызым дагы тарых мугалими. Өкүнүчтүүсү, улуу балам 3 жашында чарчап калган. Кийинки балам дагы мындан беш жыл мурун 48 жашында каза болуп калды. Башка түшкөн тагдырды көтөрбөскө арга жок экен. Неберелериме каниет кылып, эл көргөн жашоону көрүп, жашап жатабыз.
- "Аккан арыктан суу агат" - деп коёт эмеспи, неберелериңиздин арасында сиздин жолду жолдоп, чыгармачылыкка багыт алгандары барбы?
- Бир неберем мектеп жашынан тартып ыр жазып жүрөт. Азыр Кытайда окуп жатат. Ошол неберем келечекте менин жолумду жолдойбу деп ойлойм.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??