Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Азаттык деген акчага сатылат экен
Камактагы Урмат Барыктабасовго болгон соттун өкүмү калыссыз болуп калганы, Ак үйдүн аттуу-баштуу эки адамы Барыктабасов менен сүйлөшүүгө барганы, андан аябай мол акча алганы тууралуу аңыздар Ак үй тараптан угула баштады. Кимдердин арам акчага азгырылганы тууралуу ушакты кийинкиге калтыралы да, андан аркысына шашылалы. Болгону төрт жылга эркинен ажыратылган Барыктабасов жакын арада эркиндик алышы мүмкүн экен. Анткени анын СИЗОдо отурган ар бир күнү эки күндөн эсептелип, калганы эгемендиктин 20 жылдыгына арнала турган амнистия аркылуу кыскарып, абактан азаттыкка аттаганы калыптыр. Барыктабасовдун башкы максаты эмне болгонун аны менен сүйлөшкөн ал кездеги ажобуздун кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жакшы билет эмеспи, "адилет соттор" ал адамды сураганга дагы жарабаптыр. Барыктабасовчулардын балыкчылык милицияларды ур-токмокко алышканын, куралдарын тартып алышканын соттор билгени менен, этегинде эстеринен чыгарып койгону эмнеси?! Балыкчыны басып алганга аракет жасады деген айып менен Атамбаевдин тарапкерлерин ал кездеги соттор аябай эле узак жылдарга соттошту эле, азыркы сотторубуздун ак көңүлдүгү айраң таң калтырат. Эркин Булекбаевдин эмнеге 8 жылга кесилгенин эстесеңер, өкүртө сөгө тургандар өздөрү эле аталып кетет.


Тандемдешкен талапкер талпына баштады
Өткөн саныбызда айттык эле, "Ата-Журттан" ажолукка Түлеев аттанат экен деп. Айтканыбыз акырындап ачыкка чыгып баратат. Мурдагы күнү "Кырк чоро" деп аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, Султанов менен Түлеевди алдыдагы президенттик шайлоого ат салышуусун аябай суранышкан экен. Ошентип, бригадачыларга бешинчи болуп кирген Нариман Түлеев Марат Султанов менен тандемдешип, ажолукка аттанышмай болуптур. Буга далил катары Султановдун орус тилдүү бир маалымат булагына берген маегин мисалга тартсак болот. Анда Марат Абдразакович одонороок айтканда, өлүмүш болуп, "чоролорнун" мындай демилгесин биринчи жолу угуп атканын айтып, бирок Түлеев менен президенттик кресло тууралуу ойлору, пландары болгондугун жашырбаптыр. Ал гана эмес, ажолук аламан байгеде экөө кантип жеңишке жетишкени жатканын да саймедиреп бериптир. "Биринчиден, мыкты командабыз бар, экинчиден, Түлеев экөөбүздүн өзүбүздүн ашып-ташыган акчабыздан тышкары жардам беребиз дегендер жайнайт, каржы жагынан таптакыр кыйналбайбыз. Үчүнчүдөн, ишкерлик сапатыбыз экөөбүздүкү тең укмуш"-дейт. Экөөнүн канчалык мыкты экенин элибиз өзү таразалап алат деңизчи, бирок экөө ашып-ташыган байлыгын кимдин эсебинен чогултканы кө-ө-өптөгөн күмөн ойлорду туудуруп келет.
Айтмакчы, президенттик шайлоого катышаарын кечээ жакында ачыктаган Мирослав Ниязов Адахан Мадумаров менен тандемдешип, экс-катчылар ажолук ат салышка жетелешип чыгышмай болду. Ал эми Аликбек Жекшенкулов менен Жусупжан Жээнбековдун, Кубатбек Байболов менен Өмүрбек Текебаевдин болочок тандеми учурда катуу талкууланып жатканы тар чөйрөдө айтыла баштады.


"Басмачыларга" басмачылык кайрадан башталды
"Кыргызстанда журналисттерге кол салуу мурункуга караганда болбой калды"-деп президент Роза Отунбаева айтып оозун жыйганча чынга чычалаган айрым чоң муштумдар кыргыз журналисттерине кайрадан "чоң казатты" баштап ийишти. Мурдагы күнү Жогорку Кеңештин ишин чагылдырып жүргөн 5-каналдын журналисти Самат Асиповду Кыргыз техникалык университетинин жанынан үч адам көгала койдой сабап кетишти. Саматтын кесиптештеринин айтымында, бул чабуул анын профессионалдык ишмердүүлүгү менен байланыштуу болушу мүмкүн. Себеби журналисттин жанындагы буюм-тайымдарына, акчасына кол салгандар тийген эмес.
Эскерте кетсек, мындан мурдараак да "Тazar" маалымат сайтынын редактору Эльмира Токтогулованы, "Интерфакс" маалымат агенттигинин Оштогу аймактык кабарчысы Жылдыз Бекбаеваны да эки жашар кызы менен кошо сабап кетишкен.
Президент сөз эркиндигин муштуму менен муунткусу келгендерге катуу чара көрүлөөрүн, бул жүзү каралык иштердин тергелишин жеке көзөмөлүнө алаарын билдирген.

Жаңы туунун баасы 250 миллион сом
Тууну алмаштыруу менен Кыргызстан канча акчага чыгым болоорун депутат Равшан Жээнбеков эсептеп чыгыптыр. "Мамлекеттик символикаларды алмаштыруу үчүн болжолдуу түрдө 36 миллион сом коройт. Ал эми Кыргызстандагы коррупцияны эске алганда бул сумма 50 миллион сомго чыгат. А эгер географиялык карталарды, жарандардын паспортторун өзгөртүү үчүн дагы 200 миллион сом керектелет. Бул эң минималдуу суммасы"-дейт эл өкүлү. Чын эле Кыргызстан ансыз деле кыйналып атканда, мындай машакаттын канчалык кереги бар эле дегендер четтен чыгып атат.


Түүй ата, "түрмөгө түшөм"-деди
Кечээ парламент жыйынында ажобуздун ал жердеги өкүлү Азимбек Анаркулович агынан жарылып, өкмөт башчыбыз Алмазбек Шаршеновичке асылып алды, адатынча. Айтымында, Алмаз мырза баягы эле банктардагы акча тууралуу ал менен Сариевди азыркыга чейин айтып жатыптыр. "Алмаз сөзүнө жооп берсин, болбосо биз Сариев экөөбүз түрмөгө түшөлү" дейт. Биринчисин биле албайт экенбиз, экинчисине эч ким деле каршы чыкпаса керек. Анан да, "эмне азыр шайлоо башталдыбы? Мен түшүнбөй жатам. Премьер-министр кайрадан айтып жатат, мындайларды ооздукташ силердин милдетиңер" деп, депутаттар менен өкмөт башчыны кайраштырганга аракет жасады эй. Дегеле, Азике кайсы жерге барбасын асылмай, актанмай адаттарын ала барчу болду. Ушундайда, "ит коруган жерин булгайт" деген лакапты, айтпайын десең дагы айтылып кетет экен.


"Ар-Намыс" ары же бери болот
Ара жолдо турган "Ар-Намыс" партиясынын тагдыры бүгүн чечилмей болду. "Биздин партия 70 пайызга парламенттик көпчүлүккө кирүүгө даяр болуп калды"-деген Кулов Атамбаевге Өкмөттүн курамын өзгөртүү, чечүүчү министрликтергфе "Ар-Намыстын" адамдарын алып келүү сыяктуу бир топ талаптарды айткандыгын, эгер премьер-министр макул болбосо тескери басып кетерээн айтты. Премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов "ар намысчылардын коалицяга кошулуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр күн сайын жүрүүдө жана жылыштар бар, бүгүн жыйынтыгы белгилүү болот"-деди.


Бектур Асанов кызматтан алынабы?
Дечүсүн деп алып, кайра эле журналисттерден сөзүн артка кайтартканды адат кылып алган Жалал-Абаддын башчысы Бектур Асановдун кызматтан кетишин талап кылган июнь окуясында жабыр тарткан-митингчилер кечээ Ак үйдөн акыйкат издеп кетишти. "Кадыржан Батыровду кайдан болсо дагы таап, жоопко тартууну, жоголгон тууган-уруктарын таап берүүнү"-талап кылышкан митингчилер Президент менен спикердин чыгышын талап кылышты. Деги эле Бектур Асановго нааразы болгондордун саны күн сайын арбып, өлкө башчылары облус губернаторун кызматтан алуу маселесин талкуулап атканын Ак үйдөгү ишенимдүү булактарыбыз шыбырады.


Фабула-пресс