Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Карганбек Самаков,
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
"Догдурга мен эмес,
Текебаев көрүнсүн!"
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Карганбек Самаков тууну өзгөртүү туурасында көптөн бери маселе көтөрүп келе жатат. Мындай жагдайды коомчулук, депутаттар ар түрдүү кабылдашып, ар кандай пикирлер айтылууда. Учурда бул маселе боюнча комиссия түзүлүп, иш жүргүзүп жаткан кези. Мына ушул туунун айланасында "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында чыр чыгып, аталган фракциянын жетекчиси Өмүрбек Текебаев баш болгон бир топ депутаттар Карганбек мырзаны жемеге алышты. Карганбек мырза да катылгандарга катыра жооп берип, өйдө-төмөн ачуу пикирлер айтылып, дароо эле коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Буга байланыштуу тууну өзгөртүү маселесин көтөрүп жаткан Карганбек мырза менен маек курдук.

- Карганбек мырза, сиз тууну өзгөртүү тууралуу маселе көтөрүп келе жатасыз. Бирок мындай пикир коомчулукта, депутаттардын арасында ар түрдүү пикир жаратууда. Эмне себептен тууну өзгөртүү керек деп жатасыз?
- Бул деген популизм эмес. Кыргыз мамлекети 20 жылдан бери телчигүү абалынан көтөрүлө албай жатат. Ошол эле учурда эгемендүүлүктү алган жылдары төрөлгөн бала жыйырмага чыгып, күч-кубатка толуп турган чагы. Ал эми мамлекетибиз болсо ушунча жылдан бери ким менен иш кылабыз, кайсы багытта саясат жүргүзөөрүбүздү толук аңдап биле албай, убара тартып келе жатабыз.
Менин көтөрүп жаткан маселем эч кандай популизм эмес. Бул менин жекече пикирим. Манас атабыздын көк асабасын кайрып келсек, жаштарга, келечек муунга руханий дем, маңыздуу тарбия берген улуттук концепциянын башталышы болгон нускалуу иш болуп калса деген ниет.
Мына, менин колумда "Флаги мира" деген китеп турат. Бул жерде Тунис, Вьетнам, Турция, Кытай ж.б. жети мамлекеттин гана туусу кызыл. Калган дээрлик 200дөн ашык мамлекеттин туулары көк түс менен коштолгон. Биздин ата-бабалар мекенинде тынч турган учурда көк асман менен айкалышкан көк туусу болгон экен. Кызыл туу болсо согуш учурунда көтөрүлгөн. Ал кезде кат, телеграмма, телефон деген болбогондуктан, чабармандар кызыл тууну көтөрүп кабар беришкен. Демек, кызыл туу согуштун, жүрүштүн белгиси болгон.
Мынакей, биз өз алдыбызча мамлекет болгондон бери революциядан башыбыз чыкпай, Ак үй эки жолу өрттөндү.
- Ошондо сиздин пикириңизче, туу кызыл болгондуктан революциялар чыгып жатабы?
- Андай айтканым жок. Бул болгону сунуш. Албетте, коомчулукта ар түрдүү пикирлер көп. Бири көктү, бири кызыл түстү жактырат. Ошондуктан мен бул сунушту элдин талкуусуна коюп жатам. Баарын эл чечиши керек. Бул боюнча учурда парламенттик комиссия түзүлүп карап жатышат. Жакын арада элге талкууга алып чыгабыз. Эгер көпчүлүк эл тууну өзгөртүүнүн кажети жок, ошол бойдон кылсын дешсе, ошол бойдон калат. Өзгөртүү зарыл деген пикирлер арбын болсо аны дагы эл чечет. Биз 6 ай элдин талкуусуна алып чыгалы деп жатабыз. Ошондо ар түркүн варианттар чыгат. Тандоо жүрөт. Анан талкууланып, бышып жетилген акыркы вариантын комиссия парламентке алып чыгат. Биз мыкты тарыхчыларды, сүрөтчүлөрдү, мен-мен деген чыгармачыл инсандарды чогуу иштешкенге чакырып жатабыз. Негизи эле көпчүлүк Манас атабыздын көк асабасын алып келүүнү жактырып, чындап эле ушул туу ынтымактын белгиси болуп жүрбөсүн деп жатышат. Манас атабызга ким каршы чыгат?..
- Дал ушул маселе боюнча фракциялаштарыңыз менен пикириңиз келишпей, ачуу сөздөр айтылды го…
- Эми фракциядагы депутаттардын ар кимисинин өзүнүн пикири бар. Албетте, фракцияда ар түрдүү сөздөр болду. Мага өйдө-төмөн сөздөрдү айтышты.
- Өмүрбек Текебаев "тууну өзгөртүш үчүн саясий бурулуш керек" деп жатканына кандай карайсыз?
- Өмүрбек Чиркешович "саясий бурулуш керек" деп айтканда, мен ошол жерден: "силерди алтысында камап салганда, силерди чыгарабыз. Америкада качып жүргөндөрдү мекенине алып келебиз дешип 89 бала кайтыш болду. Бир жарым миңден ашык киши жаракат алды. Бул эмне саясий бурулуш эмеспи. Саясий бурулуш болуш үчүн дагы канча киши өлүш керек?" - деп айттым.
- Өмүрбек Чиркешовичтин: "кызыл түс көзүңө кан көрүнүп эле калганбы, догдурга кайрыл" - деген пикирин кандай кабылдадыңыз?
- Бул Текебаевдин ойлоп чыккан сөзү. Текебаевдин: "кызыл түс көзүңө кан көрүнүп эле калганбы, догдурга көрүн" - дегенине мен деле абдан таң калдым. Догдурга мен эмес Текебаев көрүнсүн. Шайлоонун астында 10 миң метр кызыл чүпөрөктү көчөнүн баарына илдирген. Манас атабыздын көк асабасы тууралуу сөз болуп жатса, каяктагыны айтышат. Америкага ыктаган 5-6 депутат Американы айтып эле мисалга тарта беришет. Америкада туу 26 жолу өзгөргөн, 250 миң киши өлгөн. Мына, Кыргызстандын туусу тууралуу "Флаги мира" деген энциклопедияда "Кыргыз" деген сөздүн өзү эң алгач кызыл дегенди түшүндүргөн" деп жазылган. Бул деген жомок сөз да. Ушул эле китепте "Кызыл туу легендарлуу Айкөл Манаска тиешелүү" делет. Манастыкы көк асаба да. Бүткүл дүйнөгө тараган китепте кандай сөздөр жазылып жатат. Ушулардын баарын мага айттырган жок да. Сен сүйлө кылып, беш-алты кишини даярдап коюшуптур. Добушка коюп, күн тартибине киргизиштин деле кажети жок болчу.
- "Өмүрбек Абдрахманов Манас атабызды бандитке теңеди" - деп айтып чыктыңыз…
- Бул деген жеткен акмакчылык. Түрктөрдүн түрк атасын бандит деп айтып көрсүнчү, түрктөр башын кесип салбайбы. Манас атабыз - бул биздин идеологиябыз. Баарысы Манас атабыз менен байланышкан. Американец болгондор, боло беришсин. Бирок Манас атабызга тийишпей, оокаттарын кылышсын. Мына ушул сөздөн кийин Таласта эл чогулуп, "Манасты бандит дегендерге эми көрсөтөбүз" дешип жиндеп жатышат.
- Тууну өзгөртүүгө оңбогондой каражат кетет деп жатышат. Бул жагдай сизди ойлондурдубу?
- Эч кандай каражат кетпейт. Жанагы 30 миллион сом кетет экен дегенди каяктан эсептеп чыгышканын билбейм... Курулай эле айтып жатышат. Мына 120 депутат, өкмөт мүчөлөрү, 400дөн ашык айыл өкмөттөрү бар экен, алар тууну 500-600 сомдон өздөрү эле сатып алып, коюп алышат. Башка эч нерсеге каражат кетпейт. Буга бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын кереги жок. Акча эле десек, мына банктагы кутучалардагы 20 миллион долларды кабагым-кашым дешпей эле жеп коюшпадыбы… Жөн эле "дутый" сандарды айтып жатышпайбы…
- Тууну өзгөртүү боюнча анын авторлору эмне деп жатышат?
- Комиссияда туунун авторлору Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыковдор иштеп жатышат. Тууну кабыл алгандан бери эч бири сыйлык же наам алышпаптыр. Бул авторлордун өздөрү "биз адегенде көк тууну алып келгенбиз"- деп айтышууда. Мен ошол кездеги бир топ депутаттар менен сүйлөштүм. Эртең талкуу болот деген күнү эле коммунисттер Төлөгөн Касымбековду сүйлөтүп, кызыл тууну кабыл алышыбыз керек деп өзгөрүп калышкан. Ошондо көк туу кабыл алынбай калганда казактар "кыргыздын ырыскысы бизге ооду" дешип, эки-үч күн майрамдашыптыр. Казактардын кабыл алган туусун карасаң кандай сонун... Мамлекетинде кандай гана өсүштөр болуп жатат?..
- Сиз Манас эпосун ЮНЕСКОго киргизүү боюнча маселе көтөрүп жүрдүңүз эле. Жыйынтыгы кандай болгонуна кыскача токтолуп кетсеңиз?
- Бул иш жеңиштүү чечилди. Эки жыл мурун Манас Кытай Эл Республикасы тарабынан ЮНЕСКОго катталып калып, кыргыздарды катуу арданткан. ЮНЕСКОго барып келдим. Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алып, саясий иш-чаралардын баары жасалды. Натыйжада Кытай Эл Республикасы ЮНЕСКОнун каттаган чечимин кайра артка кайтарып алды. Бул кыргыз элинин чоң жеңиши болду деп эсептейм.
Учурда Манас, Семетей, Сейтек үч илтигин ЮНЕСКОго каттатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Мен бул боюнча комитетте жактадым. Депутаттар колдошту. Бул сунуш Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилсе, президенттин алдындагы улуттук комиссияга жиберилет. Тышкы иштер министрлиги карайт. Бул жаңы номинацияны 2012-жылдын март айына чейин жиберишибиз керек. Алар 2013-жылы карашат…
Маектешкен
Алмаз Темирбек уулу