Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Марафон" деген - культурный кудай суроо
Эгемендүүлүк алганыбызга 20 жыл болот, буйруса, дүңгүрөтүп өткөрөбүз.
Артисттер жаагын жанып ырдашат, көк бөрү тартып, ат чаптырабыз деп эле жатабыз. Деги 20 жыл ичинде эмнеге жетишип, эмнени жасап таштадык? -деген суроо ар бир кыргызстандыкты түйшөлтөт экен. "Өткөнгө өкүнбө, кеткенге кейибе" дегендей, көбүн чукубайлы. Эмнелерди заңгыратып куруп салдык, сырттан келгендер ооздорун ачып эки саат аңырайып карап калгандай. Экономика эгемен алганда канча эле, азыр канча %га өстү, же артка кеттикпи? Менин оюмча, кыргыздын оозунан түшпөй келе жаткан үч нерсесин аябай өздөштүрдүк окшойт. Каныбызга сиңип кудайдан кийин ошолорду эле айтып калдык. Биринчи "Марафон". Эгемен алганы эмне деген марафондорду өткөргөн жокпуз, кагылайын кыргыз эли - "Манастан аянба", "Ысык-Көлдү сактайлы, Балыкчы, Кочкор, Кара-Кече марафон концертине өзүм дагы катышып, Усубалиевге 1 жарым миллион түштү деп рапорт бердик эле. "Ысык-Көлдү сактайлы" дегенге дагы катыштык эле, Ысык-Көлдү күзгүдөй таза кылып, тегерете троллейбус жүргүзөбүз деп хор менен ырдадык эле, аягы эмне менен бүттү? Же мен нес болуп унутуп калдымбы. Күндүз эмес, түн ичинде көл жаркырап күйүп турат деп айкырбадык беле?
Манас атабызга байланышкан марафондор өттү. "Ордолуу Ошум", "Жалал-Абад - менин шаарым", "Нарын дайра", Таттыбүбү эженин эстелигине деген марафондор. Облус, райондук, айылдык уруу-урууга бөлүнгөн марафондор Нарын шаарына байланышкан марафондо Нарын шаарын үч сыйра ремонттогонго каражат топтолду дешти эле, эмне болду? Ким билет? Эми араң камчыланып жолдору оңдолуп жатат. Экинчиси - гум. жардам. 20 жыл тынбай гум. жардам алып келдик, деги тешигибизге тыгын болдубу?
Ырыбыз дагы, чырыбыз дагы гум. жардамдын айланасында болуп келе жатат го. Бизге келген гум. жардамдар шылуундарыбыздын аркасы менен бизди аттап бөлөк мамлекеттерге кетип жатканын көрүп дагы угуп дагы жатабыз го. Гум. жардам калыстык менен таратылбай канчабыз кырылдык, соттодук, жок болдук. Үчүнчүсү - секонд хенд кийимдери. Азыр айылдын 80 жаштагы карысы менен 8 жашар баласы шаарга каттагандардан "Секонд хенддин кийимдеринен ала кел" деп заказ беришет. Ал кийимдерди чет мамлекеттердин колунда барлары балдарынын кийимдерин жууп тазалап, жамап-жаскап бизге окшогон бечараларга жиберет тура, а биз өөп, сылап-сыйпап кийип жүрөбүз. Жалпы Кыргыз элим, өйдө жактагылар 20 жылдыкты өткөрөлү жанагы калкыбызга, лексиконубузга сиңген марафон, гум. жардам, секонд хенд деген түшүнүктөрдү 20 жылдыкка таштап, жетишкендиктер, кубанычтар менен 21 жылга кадам таштайлы.
"21-жылдан баштап марафон өткөрсөк, бутубуз сынсын. Гум. жардамдын тамагын жеген оозубуз жарылсын, секонд хенддин кийимин киймек түгүл, баштан айлантып ыргыталы. Эгемен жыл келгенде төрөлгөн бала 20га чыкты, 50дөгү 70ке качанкыга чейин жок "Жетишпейбиз" дей бербейбиз, алдыңкы өнүккөн мамлекеттерге кошулганга жаркыраган жол ачалы. Келе жаткан эгемен майрамыңар менен, элим!

Келдибек Ниязов,
сатирик.




Жалилден
жаңы эмгектер
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыздын белгилүү обончусу Жалил Сыдыковдун жакында эле эки китеби жарык көрдү. Биринчи эмгеги дагы бир таланттуу акын Өмүрбек Дөлөев менен биргеликте чыгарган ыр жандуу, музыка сүйүүчүлөрүнүн кеңири чөйрөсүнө арналган "Кош кайрык" деп аталат. Ал эми "Мен-кыргызмын" деп аталган китебине Ата Мекен, эл-жер, арноо жана лирикалуу ырлары, мекенибиз тууралуу асыл ойлору камтылган публицистикалык чыгармалары камтылган.
Эске сала кетсек, обончу жана композитор катары коомчулукка аты белгилүү Жалил Сыдыковдун мындан тышкары "Сезим ыргагы", "Чабыт", "Ырым гана ырдаар атымды", "Жүрөгүм толкуйт Нарындай" аттуу китептери бар.






  Тамчы поэзия

Мактанып
Коңуз дайым мактанып,
Менин ишим мыкты дейт.
Бирок кылган жумушу,
Кечке тынбай, кыкты жейт.

Короз
Корозубуз кыйкырып,
Ойготот бүт айылды.
Көйрөңдүгү болбосо,
Мүнөзү жумшак, сабырдуу.

Койколоңдоп жүргөнү,
Корообузга жарашат.
Ошол короз кыйкырса,
Ошондон кийин таң атат.

Алты эле мүнөт
Саат канча күн батып
Уясына отурду?
Десем эшек алты ирет,
Ай-талааны жаңыртып,
Айкырыкка толтурду.

Эшектин үнү жаңырып,
Бүткөндөн кийин жабылып,
Саатты көрсөк туптуура,
Алты эле мүнөт жаңылып.

Ачыгын айтсак эшектей,
Асыл жан жок жандууда.
Чыдамдуу десең чыдамдуу,
Алдуу десең алдуу да.

Бир гана анын айыбы,
Эшек болуп калганы.
Алты эле мүнөт узартып,
Айкырып туруп алганы.

Эмне десек талашы
Айыгышып сүзүшүп,
Аркан-жипти үзүшүп,
Эки теке соксоңдойт.
Чоң бүлүккө түшүшүп.

Карса-күрсө кагышкан,
Катуулашып алышкан.
Эмне укмуш бул дейсиң,
Экөөн көрүп алыстан.

Типтик тура калышып,
Анан кирет салышып,
Коё бербейт бир-бирин,
Намыстанып алышып.

Эмне десек талашы,
Эрмен чөптү көрүшүп,
Кетишиптир сүзүшүп,
Жей алышпай бөлүшүп.

Мышык
- Арстан жакын таякем,
Жолборс болсо бөлөм, - дейт.
- Туугандаша келгенде,
Илбирс үчүн өлөм, -дейт.
- Ал эми окуу билимим,
Алардан өтө терең, - дейт.
- Ошон үчүн кулагым,
Чычканды көрө электе
Антеннадай серектейт.
- Отурсаң эмне эле
Аңдып кечке ийинди?
- Десек мышык кубанат:
- Белгилеп койсом деп жатам,
Эртең туулган күнүмдү.

Шашпай эле
Мышык айтат, иштебей,
Кантип чыдап турамын.
Чычкандарды кайтарып,
Иштей турган убагым.
Пенсияга буюрса,
Шашпай эле чыгамын...

Ошол мышык той берди,
Белгилеп жаңы конушун.
Белек-бечкек көп келди.
Камдаса бирөө "союшун"

Чакырыктын ичинде
Чычкан досум бар эле.
Деди мышык таарынып:
Келбей калды ал эмне?

Жөргөмүш
Кандай жакшы мүнөзүм:
Кара мүртөз, тоңдоосмун.
Кичи пейил боорукер,
Кумурскалар оңбосун.
Уруш-талаш көбөйүп,
Ураа! Достук болбосун!

Көрүнгөнгө тийишкен
Көгөндүн көп чатагы.
Чыр тентектик жагынан
Чыкса экен анын атагы!

Корообузда көбөйсүн
Коңуз жалкоо дүйнөлүк!
Окуудан, иштен ким качса,
Ошолорду сүйөлүк!

Жөргөмүштүн бул сөзүн
Угуп туруп кумурска,
- Бабырлар сүйлөй берет деп,
Басып кетти жумушка.

Каныбек Жунушев,
Тоголок Молдо атындагы мамлекеттик
сыйлыктын ээси, Кочкор району.