Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Президент Р. Отунбаева кетирилген кемчиликтерди жоюу зарылчылыгы боюнча ЖКга расмий кат жөнөттү
"Президент Роза Отунбаева КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Акматбек Келдибековго расмий кат жөнөтүп, анда шайлоо процессинин алдында кетирилген кемчиликтерди жоюу зарылчылыгын белгиледи" - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

"Жогорку Кеңеш Боршайкомго тиешелүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого тийиш. Бүгүнкү күндө шайлоо өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын айланасында пайда болгон юридикалык коллизиялар жана карама-каршылыктар айрым депутаттардын мыйзамдын талаптарын ээн-эркин чечмелегендигинен улам келип чыккандыгы айдан ачык болду, акырында алар бүтпөгөн соттук процесстерге чейин өсүп кетүү коркунучун пайда кылууда, мунун жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларына шек туудурууга алып келет. Буга жол берүүгө болбойт. Мен мамлекет башчысын шайлоо сыяктуу маанилүү иште майда-барат нерселер болбоого тийиш деп эсептейм. Мыйзам менен белгиленген бардык жол-жоболор так сакталууга тийиш", - деп белгилейт Р.Отунбаева.
Мамлекет башчысы олуттуу тынчсызданууну жараткан үч нерсеге көңүл бурган. Биринчиси - 1997-жылдын 14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамга ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө Төраганын жана БШКнын чечүүчү добуш укугу бар 12 мүчөсүнүн курамында" (Мыйзамдын 2-беренесинин 3-бөлүгү), б.а. 13 кишинин курамында түзүлөт. Муну менен бирге БШКнын мүчөлөрүнүн жарымы Президент тарабынан дайындалып, экинчи бөлүгү Жогорку Кеңеш тарабынан шайланып, ал эми БШКнын төрагасы өзүнчө жол-жобо менен дайындалууга жатат. БШК жөнүндө жаңы мыйзам 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ал БШКны Президенттен, парламенттик көпчүлүктөн жана парламенттик оппозициядан талапкерлердин так теңдештигинин негизинде түзүүнү талап кылат.
"Шайлоо комиссиясынын курамынын бир бөлүгү 1997-жылдагы мыйзамдын негизинде, башка бөлүгү жаңы мыйзамга ылайык шайлангандыгы БШКнын бүткүл курамынын ишинин мыйзамдуулугуна тиешелүү талаш-тартыштын предмети болгондугун жана боло бере тургандыгын айтууга аргасыз болуп жатам", - деп белгилейт Р.Отунбаева.
Экинчи маселе - мамлекет башчысы тарабынан Жогорку Кеңешке 4 талапкер киргизилген, алар "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзам күчүнө киргенден кийин ушул жылдын 30-июнундагы парламенттин пленардык жыйналышында каралган. "Бирок президенттин квотасы боюнча талапкерлер үчүн добуш берүү жол-жобосу Жогорку Кеңештен көрсөтүлгөн талапкерлер үчүн колдонулган добуш берүү жол-жобосунан олуттуу айырмаланды. Добуш берүү жол-жобосунда мындай мамиле жол берилгис деп эсептейм", - деп баса белгилейт Р.Отунбаева.
Үчүнчү маселе - "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамдын 5-беренесинин ченемине да көңүл буруу керек. Аталган берененин 5-бөлүгүнө ылайык, БШКнын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары БШКнын жаңы курамынын ыйгарым укуктуу биринчи жыйналышынан кийин токтотулат. Жогорку Кеңеш 24-июнда жана 30-июнда шайлаган БШКнын бир бөлүгү өзүнүн биринчи жыйналышына ушул жылдын 4-июлунда, б.а. шайлоо өнөктүгүнүн төртүнчү күнү гана чогулган. Муну менен бирге ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык, эгерде БШКнын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде аяктай турган болсо, анда анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоо өнөктүгү аяктаганга чейин узартылат, б.а. мыйзамдын маңызы боюнча алганда БШКнын мурдагы курамы иштеп жаткан болуп саналат. Анын үстүнө "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 11-пунктунда "...шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия Конституцияга ылайык жаңы курам түзүлгөнгө чейин иштей берет" деп айтылган. БШКда тараптардын биринин толук эмес курамда өкүлдүк кылышы Конституциянын маңызына карама-каршы келет.
"Шайлоочулардын, болочок президенттикке талапкерлердин алдында орун алган карама-каршылыктарды жоюу жана шайлоо процессин Конституцияга жана жаңы мыйзамдарга ылайык келтирүү үчүн бардыгын жасоо керек", - деп белгилейт Р.Отунбаева.
"Barakelde.org"




Күч бирдикте
"Күч бирдикте!" Мына ушундай чакырык "Замандаш-Современник" саясий партиясынын Бишкек шаардык конференциясында жаңырды.
Аталган партия аймактык жыйын өткөрүп жатып, өлкөнүн бүгүнкү саясий абалын ортого салды.

"Ушу таптагы бардык партиялардын тарыхый миссиясы - Кыргызстандын биримдигин, ынтымагын сактап калуу. Тилекке каршы, айрым саясий күчтөр бийлик кумарына батып, чайкоочулук кылышууда. Акыркы бир жылда эле кыргыз эли эки чайпалды, аз жерден мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирип ала жаздадык. Кыргызстандагы бардык улуттардын башын бириктирсек, өлкө оңолот" - деди саясий кеңештин мүчөсү Эмиль Өмүракунов.
Ал эми тең төрага Таалай Сагыновдун айтымында, ушу тапта партияда маркум Мухтарбек Өмүракунов баштап кеткен реформаларды улантуу иштери жүрүүдө. Кесипкөй жаш кадрларга жана креативдүү ой жүгүртө билген, билимдүү жаш лидерлерге партиянын эшиги ачык. "Күзүндө реформа аяктаган соң, жаш лидерлердин катышуусунда республикалык масштабдагы форум өтөт. Анда партиянын мындан аркы реалдуу приоритеттери аныкталмакчы"- дейт.
Дагы бир тең төрага Станислав Епифанцев Кыргызстандын келечеги үчүн бардык саясий күчтөрдү консолидацияга чакырды.
Замандашчылар былтыркы шайлоодон чоң сабак алып, кеткен мүчүлүштүктөрдү оңдоо максатында партиянын реалдуу программасынын үстүндө иш жүргүзүшүүдө. Программа курулай сөздөр, чакырыктар менен чектелбей, 3 багыттагы - айыл чарба, отун-энергетика жана билим жаатындагы иш жүзүнө аша турган реалдуу кадамдар менен чыңдалган.
Замандашчылардын дагы бир саамалыгы - микрокредиттөө борборун ачууну пландаштырышууда.
Сагын Бердибаев