![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Эмил Өмүракунов, маркум Мухтарбек Өмүракуновдун агасы: "Биз партияны сактап кала алдык" - Эмил Сүйүналиевич, иниңиз Мухтар тирүү болгондо бүгүн туура 46га чыкмак. Туулган күнүн кандай тосчу эле? - Туулган күнүн эл катары бир туугандары, партиялаштары, кесиптештери менен өткөрчү. Карым-катышы чоң эмес беле. Кээде туулган күндүн шылтоосу 2-3 күнгө узарып кетчү. - Мухтарсыз 2,5 ай сиз үчүн чоң сыноолордун мезгили болсо керек? - Ооба, 2,5ай мен үчүн кылымга тете өттү. "Жигит өлбөс болсочу" - делет. Мухтардын жанында жүрүп, кандай жүк көтөрүп жүргөнүн билбептирмин да, байкабаптырмын да. Азыр иштерине сүңгүп кирип атып таң калам, кантип ушунча иштин башын чаташтырбай, тизгинин бирдей кармады экен деп. Ишин бардык багытта жүргүзүптүр. Саясаты, бизнеси, коомдук иштери, спорту, чыгармачылыгы, руханий иштери, деги койчу, баарына чыйыр салыптыр. Албетте, Мухтар келбес сапарга кеткенин акылым менен түшүнүп турам. Бирок жүрөгүм дале ишенбейт. Ал алыс сапарга кеткендей, бир күнү жаркырап кирип келчүдөй боло берет экен. - Бардык багыттагы иштерин өзүңүз колго алдыңыз да, жетишип жатасызбы? - Саясий, коомдук, руханий иштерин агасы катары колго алдым. Бизнестеринен инилериме да бөлүп бергем. Саясатка кирбейм дечүмүн. Бирок, "башка түшсө байтал жорго болуп", саясатка аралашууга туура келип жатат. Улуу кызы быйыл 18ге чыкты. 1-2 жылдан кийин жок дегенде бир компаниясын башкарып калганга жарап калат. Андан кийин уулу Аскар турат. Ага да бир тармагын өткөрүп берем. Мухтар бизнес жаатында эки чоң долбоордун үстүндө иштеп жаткан. Ал долбоорлор жалпы кыргыз элине кызмат кыла турган иштер эле. Ошол иштерин аягына чыгарып, анан балдарына өткөрүп берсем, жүрөгүм тынч алат эле. - Көзгө көрүнүп калган партиянын лидери өтүп кеткенден кийин "Замандаштын иши бүттү" деген сыяктуу коомчулукта ар кандай сөздөр жүрүп кетти эле… - Чындыгында Мухтардын өлүмү баарыбыз үчүн күтүүсүз болду. Айрыкча, бизге - бир туугандарына чоң сокку болду. Чырактай бир туугандан айрылыш оңой жоготуу эмес экен. Өзүбүздү колго алып, чымырканганга, кайраттанганга туура келди. Башкы максат - партияны сактап калыш болду. Анткени партиянын табиятында лидерге карап адамдар топтолушат экен. Биз партияны ыдыратпай сактап кала алдык. Тескерисинче, чыйралып, бир күчкө, бир муштумга бириккендей болдук. Жоготуу деген адамды чыйралтат тура. Анан калса Мухтардай лидерди жоготуу бир туугандары үчүн гана эмес, партиялаштары, кесиптештери, достору үчүн да Кудайдын эң чоң сыноосу болду окшойт. Билек түрүнө иштеп, команда калды жаңы адамдар менен толукталууда. - Партия лидердин жоготусуунан кийин чөгүп калбай, кайра саясий жактан активдеше баштагандай... Президенттик шайлоого даярданып жатасыңарбы? - Президенттик шайлоого бизден эч ким ат салышпайт. Бирок татыктуу талапкерди колдоп чыгабыз. Көздөгөнүбүз - кийинки парламенттик шайлоо. Негизи "Замандаш" партиясы Мухтардын тирүүсүндө эле жакшы түптөлгөн. Апрель айында Мухтар өзү приоритеттүү багыттарды аныктап кеткен. Азыр ошол стратегия боюнча иштеп жатабыз. Жалпы республика боюнча партиянын 26 уюмун түздүк. Жер-жердеги бул уюмдар күн-түн дебей аракетте болуп, ар дайым иштеп турушат. Эл менен тыгыз иштешүү - биздин багыттарыбыздын башкысы. Биздеги партиялардын оорусу - шайлоо астында пайда болот да, шайлоо бүткөндүн эртеси көздөн кайым болушат. Биз бул оорудан арылалы, партиянын пайдубалын бекем түптөйлү, элдик бололу деп чечтик. - Талапкерди кандай критерийлер менен колдойсуңар? Ал ким болушу мүмкүн? - Эң башкысы - эл үчүн иштеген, таза талапкерди колдойбуз. Анын ысымы партиянын сентябрда өтө турган форумунда аныкталат. - "Мухтардын өлүмү табышмак бойдон калды, киши колдуу болду окшойт" деп айрым маалымат каражаттары жазып жатышат. Буга кандай карайсыз? - Гезит беттерине чыга калып жүргөн "Мухтар киши колдуу болду" деген маалыматтар бүтүп калган жараны кайра козгоп турат экен. Биз, бир туугандары, ата-энеси, бала-бакырасы, жакындары - Мухтардын өлүмү капыстан болгон кырсык экенине баарыбыздын көзүбүз жетти. Жүрөгүбүздө кичине да шекшинүү жок. Улам-улам гезит бетине чыгарып, Мухтар киши колдуу болду дей бергендерге айтаар элем: инимдин өлүмү - кырсык. Кантип эле чырактай инибизден айрылып жатып, чын-бышыгына жетпей карап турмак элек. Биз баарын изилдегенбиз. Эгер кымындай эле күмөн саноо болсо, эмдигиче Кубада жүрмөкпүз. Мухтардын табыты Кубадан келгенде Ат-Башыдан ачылды. Ошондо бир туугандары өзүбүз менен кошо мен деген бейтарап эксперттерди ала кеткенбиз. Мухтар суу жутуп алгандан көз жумганын аныкташкан. Кубанын расмий өкмөтүнөн да атайын тастыктаган кагаз келген. Мухтар менен баргандардын бирөөсү менин көп жылдан берки досум. Мухтар аларга эч качан душман болгон эмес. Мухтарды бөтөн өлкөгө таштап койбой, 3 күндүн ичинде мекенине жеткиргендерине бир туугандардын атынан аларга чоң ыраазычылык билдиргем. Болбосо, Куба социалисттик өлкө, ал жактан сөөк кеминде 1 айда келмек, бербей да коюулары мүмкүн эле. - Мухтардын ордун баскан лидер качан чыгат? - Лидери жок партия болбойт, сөзсүз болот. Бирок партиянын лидерин эл өзү тандасын дедик. Буйруса, жарым жылдын ичинде партиянын лидери, мүмкүн лидерлери пайда болот. Ушу тапта Мухтардын бардык иши жүрүп атат, бири да токтогон жок. Токтотууга акыбыз да жок. Кайра күчтөнтөлү деп атабыз. Айрыкча партиясын. Анткени партиясына өз баласындай мамиле кылып, асырап турчу эле. Мухтардын акыркы керээзи да "Замандаш" лидерлердин партиясы болсо деген тилеги болду. Тың чыккан мекенчил, билимдүү жаштарды издеп жатабыз. Биз аларга саясий аянтча куруп, шарт түзүп беребиз. Эң негизгиси - өлкөнүн тагдырына кайдыгер карабай, таза иштеп беришсе болду. - Мигранттардын "атасы" болгон "Замандаш" ассоциациясында кандай саамалыктар бар? - "Замандаш" мигранттарды колдоочу бирден-бир уюм катары 8 жылдан бери өз вазийпасын жакшы аткарды жана аткарып жатат. Россия, Казакстандагы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспора лидерлери кайсы шаарда болбосун, жамандык-жакшылыктарына катышып турушат. Мухтардын акыркы сапарына 30 чакты шаардан келишти. Көбү билет жок келе албай калышты. Алар сөөктү койгондун эртеси эле күнү чогулушуп, мындан да катуу иштейли деп чечишкен. Анын үстүнө мурда баарыбыз эле Мухтарга таянып алып жүрө берчүбүз да. Азыр эми Мухтарды жоктотпой жан үрөп иштейли деп чуркап жүрүшөт. 22-июлда ассоциациянын ар жылы болуучу чоң конференциясы өтөт. Россия, Казакстандан тышкары алыскы чет өлкөлөрдөн келишет. Жакында болсо Москвадагы бардык кыргыз диаспоралары бир күчкө биригишти. Алардын максаты - Россиянын саясатына аралашуу. Думада бир кыргыз депутат болсо, кыргыздардын маселеси башкача чечилмек. Армяндардын, еврейлердин саясий пирамидасы сыяктуу кыргыздардын да өзүнүн саясий лоббиси болуш керек. Сырттагы бул өңдүү кыргыз диаспораларынын саясий жаңы кадамдарын "Замандаш" ассоциациясы толугу менен колдойт. Маектешкен Тиленбек Азык
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||