![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
БОCТЕРИ ОКУЯСЫ БУЗУКУЛАРДЫН КУРАЛЫНА АЙЛАНДЫБЫ? Ак-карасын айырмалабай туруп эле, "Сайдан саман учса, Самарканды суу алды" деген сыяктуу маалыматтар өлкөдөгү стабилдүүлүккө да кедергисин тийгизип келаткандыгын аңдабагандары өкүнүчтүү. Туристтик сезон башталары менен Бостеридеги жүз берген инцидент иликтенип, аягына чыга электе айрым бир материалдар коомчулукка катуу резонанс жаратып, жазыла баштады. Ага 15-июлда жарык көргөн "Фабула" гезитиндеги "Бостеридеги баш аламандыкка ким күнөөлүү?" деген макалада Бостери окуясына милиция кызматкерлери күнөөлүү деп, жергиликтүү тургундардын, жаракат алган жарандардын айткандарын бир жактуу берилип калган экен. Биз ал маселени тактоо үчүн төмөнкү жоопторду даярдадык. Эгер, бийлик тарап бул инцидентти жашырууга аракет кылса, жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзөт беле? Эс алуу жайында атылган ок боюнча милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүргүзөт беле? Ысык-Көл өрөөнү акыркы жылдары уюшкан кылмыштуу топтун уюгуна айланып бараткандыгын жашырганда эмне? Жайкы мезгилде эс алуучулардан түшкөн эң көп суммадагы каражаттар мына ушул жерден түшөт. Ошондуктан уюшкан кылмыштуу топтор да өз "шыбагаларын" бөлүп алуу үчүн канча жылдан бери кара өзгөйлүк иштерди жасап келатканы коомчулукка жаңылык эмес. Буга далил катары башка жылдарды тек коюп, быйылкы 2011-жылдын май айынан берки эле мисалдарды келтирсек болот. 30-май күнү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгына "Ала-Тоо" пансионатынын кызматкерлеринен арыз түшкөн. Анда пансионаттын директору түшкөн киреше акчадан кримавторитет К.Көлбаевдин кылмыштуу тобуна көп суммадагы акчаларды которгондугу маалымдалган. Муну текшерген учурда директор Н.Казыйбеков кылмыштуу топко пансионаттын бюджетинен 265 160 сом которгондугу аныкталып, кылмыш иши козголгон. Кызыгы, Н.Казыйбековдун ал жерге директор болуп К.Көлбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен дайындалгандыгы, анын КАСИнин жасалма дипломун алып жүргөндүгү ачыкка чыгып отурат. Азыр анын башка кылмыштарга да катыштыгы текшерилүүдө. Ошол эле мезгилде "Кыргызское взморье" эс алуу жайынын директору К.Асеинов деген неме өткөн жылдагы 7-апрель окуясынан кийин аталган жайдын директорлук ордун рейдерлик менен басып алгандыгы тууралуу маалымат алынган. Текшерүүдө жогорку билимдүү, такшалган адис иштей турган орунга келген К.Асеинов, КМУнун дипломун жасатып алгандыгы, эс алуу жайынан түшкөн чоң суммадагы акчаларды ичип-жегендиги тастыкталды. Учурда бул боюнча да кылмыш иши тергелүүдө. 2011-жылдын 21-июнунда "Жети-Жылдыз" акционердик коомунун жетекчилиги ИИМге арыз менен кайрылып, Бостери айылындагы "Жетиген" эс алуу жайынын жер участогун жергиликтүү тургундары рейдерлик жол менен басып алып жатышкандыгы билдиришкен. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Жетиген" эс алуу жайына жакын жайгашкан "Асыл-Таш" пансионатынын жумушчулары да, жергиликтүү жаштар ал жерге дайыма келишип, ал жерде иштегендерден акча талап кылышаарын, пансионаттын жетекчилигин коркутуп, эс алуу жайын алардын карамагына өткөрүүсүн талап кылгандыктарын айтышкан. Ушул себептен, көл жээгине жайгашкан эс алуу жайларында, соода борборлорунда жайкы сезон учурунда талаптагыдай тартипти сактоо үчүн атайын иш-чаранын негизинде ИИМ тарабынан тиешелүү кызматкерлер бөлүнгөн. Алар көл жээгиндеги эс алуу жайларында оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатышкан. 4-июль күнү саат 16.30 чамаларында Чолпон-Ата шаарынын Бостери айылындагы "Асыл-Таш" пансионатында жергиликтүү "рэкеттер" пансионаттын кафесинен эс алуучуларга "салык" салып, жээктеги скутерлердин ээлеринен акча чогултуп жатышкандыгы боюнча маалымат түшкөн. Бул маалыматты текшерүү үчүн ага жакын жердеги "Кыргызской взморье" санаториясында оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатышкан ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерине маалымдалган. Кабарды угаары менен аталган башкармалыктын эки кызматкери 102ге кабарлашып, өздөрү окуя болуп жаткан жерге келишет. Ал жерде 7-8дей жаш жигиттер спирт ичимдигин ичип жатышкан. Ээликкен жигиттер эки милиция кызматкерине каршылык көрсөтүп уруш башталат. Кызуу кандуу балдар кызматкерлерди көл жээгине кыса башташат. Алардын саны бул маалда мурдагыдан да көбөйө түшкөн эле. Пляжда эс алып жаткандардын ичинен эки адам милицияларга жардамга келишкен. Бирок алар ээн баштар тарабынан тепкиде калышкан. Эки кызматкер да катуу жаракат алышат. Акыры милиция кызматкерлери табелдик куралдарынан асманга бир нече жолу ок чыгарышып, коргонууга өтүшөт. Ошол маалда денесинен катуу жаракат алып, кансырап жаткан милиционердин бири жанындагы коргонуп жаткан шеригин темир арматура менен чапкан адамга карата ок чыгарган. Атылган октон Бостери айылынын тургуну 32 жаштагы Нурбек Ибраев менен 29 жаштагы Талант Акбашев денесинен жаракат алышкан. Аңгыча окуя болгон жерге жергиликтүү милициянын опертобу, райондун акими баш болуп келишет. Бул учурда элдин саны мурдагыдан да көбөйүп, жергиликтүү жаштар эч күнөөсүз адамдарды да уруп-сабап жиберишкен. Жол тоскондорду жоошутуп, сүйлөшүү үчүн келишкен райондун акимин, райондун милициясынын начальнигин да топтошкондор талоонго алып, тепкилеп жибергенге үлгүрүшкөн. Алар менен бирге келген участкалык инспектор да токмоктолгон. Бул окуянын азырынча чыныгы күнөөкөрлөрү кимдер экендиги толук тактала элек. Күбөлөрдүн бири күнөө милицияда десе, көпчүлүгү жергиликтүү жаштардан чыкты дешет. Бирок официалдуу маалыматтар боюнча, "Асыл-Таш" пансионатындагы чырдын чыгышына себепкер болгон, кийин бутуна ок тийип жабырланган Ибраев Нурбек (каймана аты "Ося") 2007-жылдан бери кылмыш чөйрөсүнүн лидери К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын каттоосунда тургандыгы көп нерсени каңкуулап тургандай. Ал буга чейин Чолпон-Ата шаарынын мурдагы "смотрящийи" болуп келген Т.Жылкыбаевдин (каймана аты "Толи") эң ишенимдүү адамы катары белгилүү. 2006-жылы ноябрь айында Н.Ибраев кылмыштуу топтун мүчөлөрү Т.Жылкыбаев, А.Орозбаев, К.Камбаров, К.Адамалиев жана М.Алымкуловдор менен биргеликте алдын ала сүйлөшүп алышып, Ысык-Көл районундагы №54 асыл тукум жылкы заводунун директору Таалай Бурганаковду Бакты-Долоноту айылына алып келишип, коркутушуп, андан ар бири 97 486 сом турган асыл тукумдуу 4 атты тартып алышкан. Жабырлануучунун айтуусунда, Т.Жылкыбаев тапанча, ал эми Н.Ибраев автоматчан болгондугун көрсөткөн. Ушул эле кылмышкерлердин тобу 2007-жылдын 11-январында Т.Бурганаковду уурдап кетишип, Бишкек шаарына алып келишкен. Жал кичирайонундагы квартиралардын бирине камашып, аны коркутуп, кызмат ордунан өз каалоосу менен кетишин талап кылышып, арыз жаздырышкан. Ошол учурда жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн. Бул боюнча жабырлануучунун арызы менен кылмыш иши козголуп, жогорудагы адамдарга эл аралык издөө жарыяланган. 2007-жылдын 21 майында Н.Ибраев колго түшүрүлүп, ал жана бардык шериктери Чолпон-Ата шаарынын сотунун чечими менен 5 жылга шарттуу соттолуп, бир жылга сыноо мөөнөтү берилген. Ошондой эле Н.Ибраев 2006-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери алардын кылмыштуу ишмердүүлүктөрү менен тыгыз байланышта иштешкендиги көпчүлүккө белгилүү. Анын жасаган иштеринен кылмыш дүйнөсүндө "смотрящий" статусун алууга жасаган аракеттери ачык көрүнүп келген. Буга анын көл жээгиндеги эс алуу жайларынын парктарын, пляждарын сезон учурунда тартып алууга жасаган аракеттери ачык далил болуп турат. Ал эми Талант Акбашевдин (каймана аты "Муту") Н.Ибраев менен эң жакын санаалаштардан экендигинин өзү эле анын кылмыш чөйрөсүндө белгисиз фигура деп айтууга жол бербейт. 2008-жылдын 12-августунда Т.Жылкыбаевдин тобу менен ошол эле К.Көлбаевдин тобунун ортосунда көл жээгиндеги абалга криминалдык таасир берүүнүн айынан өз ара чыр чыккан. Натыйжада Т.Акбашев, А.Бийбосунов ж.б. бир катар адамдар А.Сарбагышевди уурдап кетишип, мыкаачылык менен сабашкан. Эртеси күнү 13-августта Чолпон-Ата шаарында жогорудагы топтордун ортосундагы "разборкада" автоматтан ок атылган. Бирок ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин ыкчам аракетинен улам, бул жолку кагылышуу кан төгүүсүз токтотулуп, Н.Ибраевге карата жасала турган куралдуу каракчылык өтөөсүнө чыкпай калган да, кылмышкерлер качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бүгүнкү күнү Бостеридеги инцидент боюнча ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын эки кызматкеринин үстүнөн Ысык-Көл райондук прокуратурасы кылмыш кодексинин 301-статьясынын 2-бөлүмүнүн 3,4,5-пункттары, 234-статьянын 2-б. 3-п. 3-б. 2-п. менен кылмыш ишин козгошуп, тергөө башталды. Бирок прокуратура кызматкерлери баштаганда эле ишти бир жактуу иликтеп, милиция кызматкерлерин каралоого басым коюшууда. Күбөлөр, окуянын катышуучулары бир тараптыкы эле суралып, ал окуяны өз көздөрү менен көргөн ондогон эс алуучулардын аты-жөндөрү такталып, прокуратурага берилсе да, алардын бири да күбө катары өткөн эмес. Ошондой эле прокуратуранын тергөөчүсү тарабынан милиция кызматкерлеринин денесинен алган жаракаттарынын оордугун аныкташ үчүн убагында соттук-медициналык экспертизадан өтүү чаралары өз учурунда жүргүзүлгөн эмес. Бул да бир нерсенин чекесин кылтыйтып тургандай. Ошондой эле жергиликтүү прокуратура тараптан тергөөнүн жүрүшү объективдүү жүргүзүлбөй жаткандыктан улам, адвокат Т.Абдыев тарабынан сунуш жазылып, кылмыш иши Башкы прокуратурага алынып келинип, учурда тергөө амалдары улантылууда. Эми ак-карасы аныкталаар күн да келет. Жогорудагы гезиттер жазгандай, бул жерде бийлик тарабынан ишти жаап-жашыруу үчүн эч кандай аракеттер көрүлгөн жок. Окуя жүз бергенден кийин ал жерде болушкан ИИМдин жетекчилиги тарабынан жергиликтүү элге кайрылуу жасалып, эгер алар эч кимге ишеним көрсөтпөсө, бул ишти териштирүү үчүн жергиликтүү тургундардан турган комиссия түзүү сунушталган. Натыйжада, жергиликтүү депутаттардан, жаштар уюмунан, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү кирген 22 адамдан турган комиссия учурда териштирип жатат. Алардын негизги милдети, окуянын эмне себептен чыгышын так аныктоо. Ошондой эле, жогорудагы гезиттердин туристтик сезонду милиция талкалады деп эл ичин дүрбөтүп жатышы да жөнсүз. Бүгүнкү күндө официалдуу маалыматтарга таяна турган болсок, Көл кылаасына келип жаткан коңшу мамлекеттердин жарандарынын, туристтердин саны мурдагыдан 3-4 эсе көп экендигин белгилей кетмекчибиз. Андыктан туристтик сезон токтоп калат деген кепти, өлкөдөгү стабилдүүлүктү солгундатуу үчүн кайсы бир терс маанайдагы күчтөрдүн көкүтүүсү десек болот. Буга далил катары окуя болгон учурда жергиликтүү тургундар өткөргөн митингге катышкан адамдардын 70%ы өздөрүнүн айылдаштарынын абалын билүү максатында келген карапайым тургундар болсо, 30%ы кызуу абалда жүрүшкөн "провокаторлор" экендиги ачык байкалган. Алардын катарын К.Көлбаевдин бир тууган иниси уюштуруп алып келген жаштар түзгөндүгүн да кошумчалай кетели. Учурда бул иш кайра күчөп кетет деп кооптонууга негиз жок. Азыр жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине ыраазычылык айтышууда. Себеби быйыл алар көл жээгинде кенен-кесир басышып, соода иштерин эч тоскоолдуксуз жасап, эч кимден коркпой-үркпөй калышканын жашырышкан жок. Ал эми иликтөө иштеринен кийин күнөөлүүлөр (кайсыл тарап болбосун) сөзсүз өз жазасын алаары турган иш. Н.Жамангулов, ИИМдин басма сөз кызматы.
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||