Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Наримандын 25 миллион доллары бар, бирок…
Бакиевдин "бакма баласы" статусуна ээ болгон экс-мэр Нариман Түлеев жөнүндө мындан бир аз убакыт мурун "Нарындын аттуу-баштууларын чогултуп алып, мени колдосоңор президенттикке талапкер болоюн, колдобосоңор башка нарындык жарактуу талапкерлерге акчалай жардам берип, ошону колдоюн дептир" - деген маалымат тараган эле. Чынында, ал жерде Нариман нарындык жердештерине: "Мени колдогула, менде 25 миллион доллар бар, эгер ошончо акчам бар экенине ишенбесеңер, столдун үстүнө жайнатып коёюн" - деп айткандыгы тар чөйрөдө айтылууда. Кыскасы, 25 миллион нак акчасына ишенген Нарикеңди намыстуу нарындыктар анча жактырбай койгондон кийин, айласы кетип: "менден башка да жарактууңарды караштырып көргүлө, мен акчалай жардам көрсөтөм"-деген дешет. Бирок нарындыктардан колдоо таба албай калган Нариман партиялашы Марат Султановду колдоору да айтылып келет. Неси болсо да, акылына, деңгээлине эмес, арам акчасына ишенген ушундай чиновниктер элди ушинтип эмитен сатып алууга далбастап жаткандыктары байкалат. Деги сак болгула, андай "сасыктардан…"

Аялдар дагы эки күйөөгө тийсин...
Ырчы, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов Коомдук каналдын "Балдардын сынагынан сынбайсыңбы" теле берүүсүнө келип, ар түркүн суроолорго жооп берди. Башкасын айтпаганда дагы Ибрагим мырзанын эки аял алуу туурасындагы суроого берген жообу, теле көрсөтүүнү көрүп отургандардын оозун ачырды. Тактап айтканда, ырчы-министр: "Эркектер эки аял алса, аялдар дагы эки күйөө менен жашасын" -деп, эсти оодарган оюн билдирди. Мынакей, вице-премьер-министрдин ой-жүгүртүү деңгээли! Кичине кудайды караса боло… Бир аялдын эки эркек менен жашаганы кайсы салтта бар эле?! Керек болсо демократия дегенге жамынып, адам укугу, гендердик теңчилик деп ач-кыйкырык, куу сүрөөн салып, майда улуттун каада-салтын тымызын жок кылуу саясатын жүрүгүзүп келаткан Батыш Европанын, ал түгүл демократиянын атасы болуп саналган Американын өзүндө бир аялдын эки эркек менен жашаганын кезедештирүү мүмкүн эмес. Анан эле Кожоназардын уулу ашкере гумандуу болуп, кыргыз салтында жок нерсени даражасына карабай, "ириген ооздон чириген сөз чыгат" кылып, "оттоп" жатса, жакаңды кармаганга аргасыз болот экенсиң… Бир аз болсо дагы акыл калчасаңыз боло, жарыктык…

Коркмазовду эмнеге кордошту?
Хаджимурат Коркмазов бүгүнкү күндө депутаттык мандат менен төш белгисин алган менен ант бере албай убара тартып келет. Анын себеби жөнөкөй. Депутат эмес, же жөнөкөй жаран эмес, жарым депутат абалында жүргөн Коркмазовго "ата-журтчулар" ант бердиртпей жаткан имиш. Такталбаган маалыматтарга караганда ошонун айынан Коркмазов "чоң муштум" Ташиев менен бир сыйра мушташа кеткен жайы бар экен. Акыры "ата-журтчулардын" оюнунан тажаган Коркмазов Атамбаевге ыктап, жолугушууга жол издеп жатыптыр.

Байболов да тескери бастыбы?
Илгери "Ак шумкар" партиясын түптөшүп, 2007-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин "Ата Мекен" партиясынын короосунда биротоло калып калган экс-башпрокурор Кубатбек Байболов лидери Өмүрбек Текебаев менен кер-мур айтыша кетип, көп жылдык достук мамилелерине чекит коюлуптур. Байболов жаз алды коалицияны оодарып түшүп, жаңы өкмөттү курайбыз деп эдиреңдеп жүрүшкөн ата мекенчилердин айдагы менен жел компроматтарга толгон бош папкесин ЖК трибунасынан ары-бери көтөрүп чаап, бийликке катуу акаарат айткандай болгон. Анысынан майнап чыкпай, Кукең орто жолдо калганда "Ата-Мекен" башчысы далысын салып, салкын мамиле жасап койгон экен. Өмүкеңден көңүлү калган Кубатбек мырза кечээ-жакында Атамбаевге жолугуп, көп маселени масилеттешип чыкты дейт. Көргөн-билгендердин айтымында, өкмөт башчысынан маанайы салкын чыгыптыр. Кейпи кыйын кырдаалдарда ойт берип кетмейи бар Байболовду Алмаз мырза "бара гой"-деп келген жагына салган окшойт…


"Кыргыздар арбадардан айырмаланып, тез арада тыңып алды"
Кыргызстанга атайын жумушчу иш сапары менен келген Аялдардын Социалисттик Интернационалы Уюмунун башкы катчысы Марлен Хаас өлкөбүздөгү былтыркы коогалаңдардан кийинки өзгөрүүлөргө жогорку баасын берди. "Кыргызстан ушундай кайгылуу, оор күндөрдөн кийин тез арада бутуна туруп, өлкөнү стабилдүүлүккө алып келип, бир катар чечкиндүү реформаларды жасаган аракетине жогорку баамды берем. Учурда араб өлкөлөрүндө быйылкы революциялардан кийин алигиче баш аламандык өкүм сүрүп, Конституцияны кайра жазып, реформаларды жасоого аракеттер болгону менен, жыйынтыгы көрүнбөй атат. А силердин өлкө бул милдеттерди татыктуу ишке ашыруудасыңар"-деген Марлен Хаас Кыргызстан демокартиялык өнүгүү багытында мындан да зор ийгиликтерди жаратаарына ишенээрин билдирди. Эсиңерге сала кетсек, Аялдардын Социалисттик Интернационалы Уюму дүйнөнүн 126 өлкөсүнүн социалисттик жана социал-демократиялык көз караштагы 156 партиясы мүчө болгон атактуу "Социнтерндин" башкы бутагы болуп эсептелет.

Барктабасовдун кымбат баалуу темир тулпарларын Текебаев тартып алганбы?
Бакиевдин доорунда вице-спикерлик кызматта чалкалап жүрүп, бүгүн "үй күчүккө" айланган Кубанычбек Исабеков деген бар. Акыркы күндөрү омоктуу ойлорун ортого салып, ар кайсы ММК беттеринен бат-баттан көрүнө баштады. Ошолордун биринде балыкчылык Барктабасов жердешине жаны ачып атканын айтып, коргоп-колдоп чыгыптыр. Кубанычбек Исабеков барктабасовчулар менен болгон Киргшелктогу кармашта ошол жерде жүргөнүн айтып келип "Барктабасовдун сооттолгон Жиптери, Мерседестери бар болчу. Мендеги маалымат боюнча, Текебаев парламенттик шайлоонун алдында ошондой унааларда жүргөн. Балким, алар Урматтын ошол унаалары болуп жүрбөсүн?"-деп ийинин куушуруптур. "Күлгөндүн билгени бар" демекчи, саясаттын сасык оюндарында көп жыл жүрүп, куулук-шумдукту мыкты өздөштүргөн Кукең бир нерсени билгени үчүн айтып жатса керек.

Камчы Көлбаевдин жактоочсун Ахмат Бакиев жок кылгысы келеби?
Кыргызстандагы чуулгандуу сот иштеринде жактоочу болуп жүргөн Икрамидин Айткуловдун автоунаасын Башпрокуратуранын алдынан өрттөп кетишти. Айткулов белгилүү "вор в законе" Камчы Көлбаевдин жактоочусу жана ошол эле убакта Ахмат Бакиевдин жогорку жазага тартылышын талап кылган жеке ишкер Касым Исмановдун жактоочусу катары сот иштеринде катышып жүрөт. Чуулгандуу бул адвокат унаасын өрттөгөндөр кимдер болушу мүмкүн деген суроого "Азырынча бул же тигил деп так айта албайм. Бирок менин таасирдүү каршылаштарым көп. Мисалы, мен башпрокурордун орун басары Рыскул Бактыбаевден Акмат Бакиевдин жогорку жазага тартылышын талап кылып келем. Мындан тышкары бир нече прокурор, сотторго кылмыш ишин козголушун талап кылуудамын. Бирок мени коркутуп-үркүтүүгө Ахмат Бакиев жана Рыскул Бактыбаев көбүрөөк кызыкдар деп ойлойм"-деген жообун берген. Белгилей кетсек, Икрамидин Айткулов А.Бакиевдин сот ишинде соттор жана айрым прокурорлор ачык эле айыпталуучу тарапка тартып жаткандыгын айтып келет.


Кулов куткаргыч болуп кеткенби?
"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов акыркы күндөрү депутаттык мандаты менен мансабына таянып, эски тандемдеши Курманбек Бакиевдин жан-жөкөрлөрүн абактан арачалап калууга болгон аракетин көрүп аткандай. Мисалы, Бакиевдин коргоо министри, апрелдеги кан төгүүнүн бирден-бир себепкери Бактыбек Калыевди үй камагына чыгаруу боюнча сотко өтүнүч келтириптир. Ал гана эмес, былтыр август айында бийликти басып алмакчы болгон Урмат Барктабасовду да бошотуп алуунун айла-амалын көрүүдө. Мындан тышкары Феликс Кулов УКМКнын мурдагы орун басары Данияр Дунгановду да абактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч жиберген. Бирок апрель окуясында каза болгондордун тууган-уруктарынын катуу нааразычылыгынан улам, бул оюнан арга жок баш тартты. Бирок бул кадамын "жардамчыларым мага шартты туура эмес түшүндүрүп коюшуптур, ошол себептен Дунгановду үй камагына чыгаруу боюнча келтирген өтүнүчүмдү артка алдым"-деп түшүндүрүп, кол алдындагыларына шылтап кутулуп кетти. "Ар-Намыстын" атасынын абактагыларды эркиндикке чыгара албай убара болуп жатканынын сыры эмнеде болду экен? Муну кийинки саныбызда иликтеп көрмөкчүбүз…







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Форум"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования