Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

УЛУУЛУГУН
ЧЕЧМЕЛЕЙ АЛБАЙМ
Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында мен Бөкөнбай Боркеев деген ошол кезде жанына жөн адам баралгыс журналист менен таанышкам. Аз өтпөй ал иштеген "Мектеп" басмасында чогуу иштеп калдык. Бат эле көңүлдөрүбүз төп келип достошуп тындык. Достугубуз ошондон бери жер силкингенине карабай, бороон-чапкынга карабай, куйкалап турчу аптапка карабай, алты бөтөлкө ичилгендин эртесине карабай, бир эмес эки революция болгонуна карабай, Бакиевдин качып кеткенине карабай…уланып келет. Бөкөм менден үч жаш улуу, андыктан, буюрса, ошончо жыл мурун тыякка кетсе, мени чыдамсыз күтүп турарына ишенем!

Ошентип, Бөкөм менен дос болгондон аз өтпөй эле бир күнү: "Баратбай, Рыспай аке келиптир, "Кыргызстан" мейманканасында экен, кеттик" - деди.
Рыспай акенин атагы жанды койбой турган кез болчу ошондо, жүрөк алеп-жалеп болуп кетип баратам. Ага кантип саламдашарды, ал кандай кабыл аларын элестетип жан өзүмдүкү эмес. Бөкөм болсо, эч кандай демиккени билинбей эле сүйлөп коюп кетип баратат. Билчүмүн экөө аябагандай дос экенин. Ал кезде Бөкөнбай Боркеев дегенде обончу-ырчылардын баары жантагынан жата калчу, анткени катыра жазчу да. Жакшысын жакшы деп, жаманын жаман деп түзүнөн качырчу да… ырдын, обондун маани-мазмунун жиликтеп-жиликтеп туруп окурман менен обончу алдына таштап койчу… Эми деле күүсүндө.
Ошентип, Рыспай аке жаткан бөлмөнүн эшигин кагып, "киргиле" деген жоопту күтпөй эле ичкери кирдик. Сонун тамактардын жыты бур эле деди, беркинин жыты алардан озо чабат… Рыспай аке керебетте жаткан экен, бизди көрө сала ордунан туруп "Бөкөм" деп тигини кучактап эле бышактап жиберди. Бөкөсү кучактап алып соорото албай убара. Бир топто барып кучактарын жазышты. "Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши" демекчи, Рыспай аке жөнөкөй эле, арык эле бир киши экен. Ошол жөнөкөйлүгү сыртында экен.
- Бул Баратбай деген болот, басмада чогуу иштейбиз,- деди Бөкөнбай.
- А дурус экен, кел үкө, - деп туруп Рыспай аке мени да кучактап өөп туруп, кайра бышактаган болду. Айламдын кеткенин айтпа.
- Өзүңүздү кармаңыз, Рыспай аке.
- Макул, макул, ыйлабайын, болду. Кана Бөкөнбай, куйчу алдагыдан.
Бөкөнбай даяр турган да куюп жиберди, тос-посу жок эле алып жибердик. Чакчелекейи чыккан стол үстүндө тамактын түрү: тоңкойгон тоок, койдун кабыргалары, кесилген эт, помидор, бадыраң, алма, сыр, колбаса, сок…албетте, агынан жетишерлик. Столду тазалаган болуп, тигилерден жедик. "Жегиле" деп коюп, өзү бир кесим эт жебеди. "Аман бололук" дегенден айтып олтурдук. Аз өтпөй эле Рыспай аке "Баратбайлап" калды, өбөт, наркы-беркиден айтат. Ал киши мага дароо эле жаккан. Ошол абал ал өлгөнгө чейин уланды… Рыспай аке Аракеев дегенди кээде эле айтпаса, дайыма "Винокеев" деп койчу. Анан да "мен деген чоң арбак, сен кичинекей арбаксың" дечү. Мен андан да арык элем да.
Бир ирет Рыспай аке Оштон учуп келди. Аны аэропорттон Асылбек досу тосуп алып Бөкөнбай экөөбүздүн колубузга тапшырган. Ошонун эртеси мединститутта Рыспай акенин студенттер менен жолугушуусу болмок. Менин бир таанышымдыкында аны бөпөлөй багып жатабыз, ушуну менен болду деп, аздап ичирип эптеп жатып күндү эртеси кылдык. Эртеси Рыспай аке туруп эле менден талап кылды: "Бирдеме бер, болбосо, жолугушууңа барбайм" деп. Мен анын сырын ошол кезде Бөкөмбайчалык билбейт элем, кой кокуй дедим да, сураганын бердим, кайталанды… жана бир кайта алынды. Бир кезде карасам Рыспай аке болорунча болуп калыптыр. Жүрөк шуу… анткени, кеч түндө Бөкөнбай какшап кеткен: "Ичире көрбө, эртең жооптуу жолугушуусу бар, эмне десе да бир грамм бербе" деп. "Жолугушууңа барбайм" десе коркуп кетип берип ийип жатпаймынбы.
Бат эле Бөкөнбай келип, Рыспай акенин кебетесин көрдү да экөөбүздү тең жемелеп кирди. Рыспай аке аны аябай жакшы көрүп, тилин угат эмеспи, тим эле менин артымда корголойт… Эптеп жатып ага эки кашык сорпо ууртатып, көчөдөн жөө бастырып олтуруп кезигишчү жерге алып келдик. Рыспай акенин "күүсү" такыр эле жанбай турду.
Анан жолугушуу башталды. Суроолор берилип жатат, Рыспай аке жооп берет, ырдайт. Бир маалда ал кайсы бир ырын ырдап жатып эле бүтүрбөй олтуруп алды. Жүрөк түшкөнүн айтпа! Сөздү Бөкөнбай улайт, кезигишүүгө келген акын Эгемберди Эрматов ырын окуп улайт. Ал деле, башкасы деле бул жерге Рыспай акеге "гарнир" болуп келишкен эмеспи, залдагылар алардын окуган ыры менен кооз кебин уккан түрү жок.
Мен биринчи катарга олтуруп залдан келип жаткан каттар менен таанышып анан Рыспай акеге берип жаткам, ылайыктууларынан. Тантаган каттар да болот эмеспи, аларды кармап калып жаткам. Бир маалда "Рыспай аке, жолугушууга ичпей эле келбейт белеңиз" деген кат келди. Мен дароо эле Рыспай акеге карматтым: "Мына, өлдүк!" дедим. Окуса эсине келиши мүмкүн дедим.
Рыспай аке катты дароо окуп эле көз ачып-жумганча башкача боло түштү. Аздап кызарган өңү бат эле купкуу тартты. Анан ошондон кийин ырдады дейсиң, залды жымжырт кылды го. Адамзаттын бүтүндөй арзуусу, арманы, күйүтү ушул залга чогулуп, бир жарылып муңу чыккандай болду! Уккандардын жүрөгү чыдап-чыдабай турду го… Не кетиришсин, кайра-кайра ырдатып, жанын берүүгө даяр болуп турбадыбы бүтүндө зал толо эл, көбү кыз, ичинде биз…
Кайсы бир жылы мен Ноокаттын Бел-Өрүк деген айылында бир окуу жылы мугалим болуп иштеп калдым. Бүлөм менен турган жерим ал айылдан нары он беш чакырымдай Найман деген айылдан күндө барып келем. Кээде автобус, же башка унаа чыкпай калып мугалимдердикине конуп да калам. Мыкты жер, мыкты эл ошол ноокаттыктар. Бел-өрүктүктөрдүн баары кары-жашына карабай "агай" деп турушат. Кичипейилин, сыйын көрүп жерге кирип кете таштайсың, ушундай ыйманы куюлган эл да. Мына андан бери жыйырма жылдай өтсө да ошол айылдыктардын ыйманын, мага болгон сыйын унутпайм, эстеген сайын аман болушсун деген тилегимди айтам.
Ошондо мектепке Рыспай акени чакырдым окуучулар, мугалимдер менен кездешүүгө. Мугалимдер менен окуучулардан башка айылдыктар да аябай күтүштү. Күтпөгөндө кантмек, бүтүндөй кыргыз таазим кылып турган булбул келатса.
Рыспай акени мен бир машина айдатып барып алып келдим. Зыңкыя, таптаза кийинип жүрчү Рыспай аке, ошол кебетесинде келди. Жолугушуу эң сонун өттү, элдин кумары канбай калды. Ар дайым эле ошол, мындай таланттар келгенде канча убакыт болсо да тажабай угуп, кумары канбай калат эмеспи.
Ошентип, кездешүү бүтүп, мугалимдер даярдаган тамак мектептин ашканасында берилди. Ошондо Рыспай аке бир мугалим кыздан сурап жатпайбы: "Кызым, тегирменге бардың беле?" деп. Тиги кыз чочугандай селт этти: "Жок агай, тегирменге атам эле барат эшек менен". Күлбөгөн адам жок. Боорубуз эзилди. Тиги кызыбыз суроону түз мааниде түшүнгөн турбайбы. "Күйөөгө чыктың беле деп жатам" деди Рыспай аке. Кыз кызарып-татарганы менен, а да күлүп жүрөт боору эзиле. Кези менен тиги кыздан сурап калабыз: "Атаң тегирменге барып жатабы, эшеги менен" деп. Рыспай аке катышкан жерде күлкү тыйылчу эмес…
Ал жолугушууну мен мектептен биротоло кеткенче айтып түгөтө албай жүрүштү. Мыкты талант, аны менен бирге мыкты адам гана ошондой сагындырган маанайды тартуулап кетет.
Баса, дагы бир ирет мектепке менин чакыруум менен Түгөлбай Казаков да келип кеткен, Ош тарапта гастролдо жүргөн экен. Ал кездешүү да мугалимдер менен окуучулардын эсинде көпкө сакталды. Түкөм да ошол кезде болуп-толуп турган кези болчу. Таланттар ошондой маанайды алып келет тура, жолугушуп кетип анан толгон адамдарды, анын ичинен кыз-келиндерди аябай сагындырат экен…
Атам Шарше жигиттиги тышында, аябагандай кайраттуу, аны менен бирге өтө айкөл жан эле. Мектепте деректир болуп көп жыл иштеди, комплекстүү бригаданын бригадири болуп да иштеди. Үч айылды башкарчу, бригадирдин алдында эсепчиси, кой фермасы, уй фермасы, трактир бригадири, анын эсепчиси, бригадага караштуу толгон трактирлер, башка айыл чарба шаймандары, машиналары бар болор эле. Эгер атам башкармадан же райкомдон туура эмес эле жерден кемсинте тилдеген сөздү укса, "тарт тилиңди!" деп айткандан айбыкчу эмес. Атам жөнүндө узун кепти кийин бир чыгарма менен айтам деген тилегим улам нары жылдырылып келет…
1987-жыл болуу керек. Атам 60 жылдык юбилейимди берем деп, мен Жети-Өгүз жергесиндеги Жон-Булак айылымды көздөй жөнөгөнү жатканымда Рыспай аке менен Давлет жеңе болуп Оштон учуп келип калышты. Анан Бөкөнбайдын үйүндө тамак ичип олтуруп, менин атамдын тоюна бара турганымды угушуп, Рыспай акеби же Бөкөнбай баштадыбы, айтор, биз деле барабыз болуп калышты. Давлет жеңе да, Бөкөнбайдын байбичеси Аккүл да макул болуп, түнкү автобус менен жөнөп калдык. Таң эртең айылга жетип, үйдөгүлөрүм менен баарлашып олтуруп тамак-аш ичкенден кийин тигилер аздап эс алышып дегендей…
Анан кечинде атамдын килейген алты бөлмө үйү, анын үч бөлмөлүү кичи үйү мейманга, тууган-туушканга толуп турду. Жакшы тамак, ичкиликтин түрү, анан Рыспайдын үнү бул тойдун шаңын, шаанисин дагы да бийик көтөрүп таштады. Улам бир бөлмөдө олургандардан мага келип улуусу да, кичүүсү да "акелеп, жакелеп "Рыспайды ушул жерге алып келип бир ырдатып берчи дешип жан койбой, кезегин күтүп тыбырчылап турушту го. Кээси "эртеси Рыспайга арнап козу союп жиберерине" чейин айтышып…
Оо, ошондогу Рыспай акенин ырдаганы, аны мемирей уккан соосу менен кызуусу, ага ыраазы болгон, жанын берүүгө даяр турган үндөр, түптүз эле менин айлымдан чыккан анын фанатиктеринин сагынуусу, кусалыгы асманга атылып чыккандай, уккандардын баарын делөөрүтүп делбе кылып салгандай… Ошол тойдогу Рыспай акеге байланышкан көрүнүштөрдүн баары-баары ушул бүгүнкү күнгө чейин элесимде турат, көздөрүнөн өрт чачкан келиндердин, жеңелердин көздөрүчү…
Биз түнү менен барып, анан эртең менен короодо турсак бир агалар жанындагысын айтып атат, "эй, тетиги Рыспай Абдыкадыров деген баягы атактуу ырчы, түндө эле Бишкектин радиосунан ырдап жаткан, бул жерге кайдан келип калганына башым жетпейт, кудая тобо" деп. Алардын "запись-мапись" менен иши кайдан болмок...
Мен калып Рыспай акелерди узаттык. Ошондо "ооздугун кое берип" койгон Рыспай аке атамды кучактап алып, боздоп берди эле, атамдын да, энемдин да, карап турган башкалардын да зээни кейип, бу эмнеге ыйлады деп биле албай турушту… Рыспай аке болсо ушул дүйнөгө кыргыз болуп келгени үчүн эле ыйлай берчү… жакшылык куугандай ыйлачу эле.
(Уландысы бар)
Баратбай Аракеев