presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Намазбек Уралиев, комузчу:
"Ырчылардын көбү менден алышкан..."
- Намазбек мырза, алгач өзүңүздү тааныштырып, анан канча жылдан бери комуз чабуу менен алектенип келе жаткандыгыңыз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
- Көлдөн болом. Бала кезимден, тагыраак айтканда 13 жашымдан бери комуз чабуу менен алектенип келе атам. Эң алгачкы комузумду 13 жашымда чапкам. Кийин 9-класста окуп атканда экинчи комузумду чаптым. Ошентип, музыкалык окуу жайга тапшырып, дирижёрлук кесипке ээ болгом. Бала кезимден комузга жакын болуп чоңойгондуктан, тилекке каршы, тандап алган кесибимдин өтөөсүнө чыга алган жокмун. 1986-жылга чейин маданият тармагында иштеп, кийин комуз чабууга өтүп кеттим. Жалпысынан алганда, бүгүнкү күнгө чейин 1000ден ашык комуз чааптырмын. Сахнада жүргөн ырчы акындардын көпчүлүгү менин колумдан чыккан комуз менен ырдап жүрүшөт. Мисалы, комузчулардан Самара Токтакунова, Замирбек Үсөнбаев, Саламат Садыкова, Роза Аманова, Сыймык Бейшекеев, акындардан Элмирбек, Амантай, Жеңишбек, Аалы, Азамат, айтор, бардыгы эле менден алышкан.
- Бир комузду канча сомго сатасыз?
- Ар кандай өрүк комуздарды 250 доллардан, 300 долларга чейин сатам. 300 доллар деген бул абдан арзан. Мисалы, казактарда домбранын баасы 1000 доллардан жогору турат. Улуттук аспап деп, казактар домбраны абдан баалашат. Бизде болсо комузга көп маани беришпейт. Эгер элибиз илгеркидей комузга маани берип, барктап-баалаганда комуздун баасы бир топ эле жогору болмок.
- Бир комузду канча убакытта чаап бүтөсүз?
- Чапкан бат эле, ашып кетсе бир айдын ичинде чаап бүтөм. Баарынан жыгачты даярдоо чоң түйшүктү талап кылат. Жыгачты кыйып келгенден кийин аны күнгө коюп, кургатуу зарыл, эгер кургатпаса, ал чабылбайт. Жакшылап кургатыш үчүн жок дегенде бир жылга жакын убакыт керек. Мурун Көлдө жашап жүргөндө күн салкын болгондуктан, кеминде 2 жылга жакын күнгө коюп кургатчумун. Бишкекте жакшылап караса, бир жыл эмес, жарым жылда эле кургайт экен. Карагайды тандоонун да өзүнүн жолдору бар. Жыгач деп эле көрүнгөн өрүк бакты кыйып келип эле чаба берген болбойт. Сортуна карап, чабуу керек. Көбүнчө мен жыгачты Көлдөн алам, биринчиден, Көлдө өрүк карагайы көп, экинчиден, сорту жакшы.




Боотай МУСТАЕВ, сүрөтчү:
"Мага окшогон сүрөтчүлөр толтура, бирок..."
- Боотай мырза, герб менен туунун эскизин чийип, сүрөтүн тарткан экенсиз. Сынакка коюп көрдүңүзбү?
- Сынакка койгон жерим жок, силердин гезит аркылуу коомчулукка көргөзөйүн деп атайын алып келдим. Муну тартканыма бир топ жыл болду. Башында бир-эки саясатчыга көрсөтсөм, "абдан жакшы тартыптырсыз, ушул боюнча мамлекеттин туусу менен гербин алмаштырсак болчудай экен"- деп колдоого алышкан. Андан бери көп жыл өттү. Быйыл герб менен тууну алмаштырабыз деп ЖКда маселе көтөрүлгөндө кайрадан алып чыгууга туура келди. Мага окшогон сүрөтчүлөр толтура, бирок алар сыянын учу менен эмес, компьютердин жардамы менен тарткан сүрөтчүлөр. Ар кимибиз эле эмгегибизди көтөрө чуркап жанталашып атабыз. Эл - тараза, кимибиздин эмгегибиз баага арзыйт, аны эл чечет.
- Канча жылдан бери сүрөтчүлүк өнөр менен алектенип келе жатасыз?
- Бала кезимден, тактап айтканда, мектепте окуп жүргөндөн бери алектенип келе жатам. "Ар кимдин сүйгөн кесиби бар" дегендей, канчалык көп иштесең, ишке берилип, таштай албай байланып калат экенсиң. Сүрөтчүлүк кесиптен жыргаган деле жерим жок, башка жумушка иштеп оокат кылайын деп бир топ эле аракет кылдым. Болбой эле сүрөт чүлүккө кайрылууга туура келет. Учурда 500гө жакын кол эмгегим бар. Буга чейин көп эле жолу көргөзмөгө койдум. Буюрса, жакында дагы көргөзмөгө койсомбу деп турам.
Суроо салган
Мирлан Алымбаев




Паранойя
Кайсы бир конокто белгилүү психиатр менен бир столдо чогуу отуруп калдык. Сөздөн-сөз чыгып отуруп, бара-бара элдин баарын толкунданткан президенттик шайлоо жөнүндө сөз чыгып кетти. Сөз күтүүсүздөн мен мурун билбеген ракурста жүрүп кетип, менин табакташым мындай деди:
- Учурунда мен өлкөнүн эң жогорку бийликтеги адамдарына жакшы эле какшап, жазып, тажаттым. Ушул президенттикке талапкер болгондорго тил сынагы жана кол топтоо деген талаптарды өткөрүп койбой эле, медициналык кароодон же жок дегенде психиатриялык экспертизадан өткөрүп койсо, талапкерлердин 90 пайызы топ деп тоголонуп түшөт эле. Азыркы бардык сыноодон өткөн 20 чакты талапкердин теңинен көбү психикалык түйшүктөрү бар, ачыгын айтсак, мен аларда паранойалык синдром бар экенин далилдеп бере алам.
- Андай болушу мүмкүн эмес да, бирин-экин чабалдарды эске албаганда, баары тең ден соолуктары чың, зыңгыраган кыргыз жигиттери го, ал гана эмес, алар сүйлөгөндө эл муюп, аларга добуш беребиз деп жатышпайбы?
- Мына, кептин баары ошолордун сүйлөгөнүндө болуп жатпайбы. Паранойя деген бул психикалык оору, аны менен ооруган кишинин мээсинде илешчээк ойлор пайда болуп, алардын таасиринен чыга албай калат. Мисалы, талапкерлердин арасында эң чоң коррупционер, жегич катары элге белгилүү болгон адамдар коррупцияны жоготуш керек, коррупциянын өпкө-боорун үзүш керек деп кыйкырат. Бул элдин оозунда айтылган: "Ууру, ууруну карма!" - деп кыйкырат деген макал менен сүрөттөлөт. Дагы бир талапкер, Алай зилзаласында бир топ акча жасап алып, азыр элге тынччылык, бейкутчулук камсыздайм деп өзүн Кудайга теңеп атат. Үчүнчү талапкер бир топ мезгил күч органдарынын башында туруп, ошондогу коррупцияны ооздукташ үчүн эч нерсе кылбайт да, эми түшүп калганда өлкөдөгү коррупцияны талкалайм деп ызырынат. Бирок бул оорунун башталышы гана. Эки-үч талапкерде оору өөрчүп кеткени даана байкалат.
- Эмне дейсиз? Чын эле өлкөнүн башына жинди келип калышы мүмкүнбү?
- Бир параноик өлкөнү башкарып, Кудай жалгап эл өз учурунда аны кубалап кутулду, азыр болсо кеп башка, оорулуулар жөнүндө болуп жатат. Талапкерлердин бирөө учурунда кыргыздын ата-бабадан бери мурасталып келе жаткан жерлерин кошуна өлкөлөргө кармата бергенге активдүү катышып, чөнтөгүн да бир топ ырастап алган. Бирок убакыт өткөн сайын анын ичинде өкүнүч пайда болуп, бара-бара параноидалык синдромго айланган. Уктап жатканда ага күндө жаман түш кирет. Түшүндө Кыргызстан ага чоң токочтой болуп кирип, анан эле кара чоң келемиш ошол чоң токочтун четинен сындырып жей баштайт. Ал түшүнөн чочуп ойгонуп: - Бүтүн Кыргызстанды бөлдүрбөйм! - деп кыйкырат. Шайлоочулардын алдында да ошону кыйкырат, бирок ага кошуп биринчи эки президентти кайра алып келем дейт. Анын оорулуу сезиминде аларды алып келсе баягы ошолор сатып ийген жерлер өлкөгө өзүнөн-өзү эле кайта кошулуп калат деп ойлойт, бирок бул болгону оорунун синдрому. Коркунучтуусу, ал жакшы оратор болгондуктан, элди ишендириши мүмкүн, ары жагында эмне болуп кетерин бир Кудай билбесе, эч ким билбейт.
- Анда эмне кылыш керек? Менин билишимче, бул кишинин рейтинги элдин арасында бир топ жогору.
- Ал оңой эле! Ар бир шайлоочу ойлоп, акылы, жүрөгү тандаган талапкерге добуш берсе, бир да параноик бийликке келе албайт.
Баяман Омар





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??