Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Ханституция

Кезектеги президенттик шайлоо ызы-чуу менен бүттү. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей, шайлоо күнү негизги деп эсептелген талапкерлердин ишенимдүү адамдары, шайлоочуларга акча таратып жаткан жеринен кармалып, бир-бирине материал түзүп, БШКга арыз жолдоп, тизеге чапмай оюнун башташты. Натыйжада шайлоо күнү өткөндөн кийин, БШК мыйзамга ылайык, түшкөн арыздардын негизинде, талапкерлерди президенттик чабыштан четтетип отуруп, аягында карашса, добуш соодасына бир гана Кедейкан деген талапкер катышпаптыр. Болгондо да ал талапкер 1%га жетпеген добуш алыптыр, бирок конституцияга ылайык, президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп табылып, президент болуп калыптыр.
Эми кызыктын баары Кедейкан президент болгондон кийин башталыптыр. Инаугурациядагы сөзүндө эле ал киши кыргызга президенттик да, парламенттик да башкаруу жарашпайт, биз хандык башкарууга өтөбүз - деп чыгыптыр. Айткандай эле бир айдын ичинде канституциянын ордуна ханституция чампалай коюп, референдум өткөрө коюп, Кедейкан хан болуп отуруп калыптыр.
Ал го ал, президент болобу, парламент болобу, хан болобу башкаруусу адилеттүү болсо, карапайым элге кайрымдуу болсо болду да. А бирок Кедейкан "жылкы теппей, жылан чакпай" эле бир күнү өлкөнүн борборун Суусамырга көчүрөм деп чыгат.
- Таксыр! Суусамырда кышында суук -50 градуска жетчү эле, тоңуп каласыңар, - десе да болбой коюптур.
Ошентип, май айында Суусамырга, кырк ак өргө тигилип, хан ордо ошол жакка көчүрүлүптүр. Анын артынан дагы боз үйлөр тигилип, министрликтер, комитеттер... айтор, болгон өлкөнү башкарган, мекемелер бүт көчүрүлүптүр. Эми Суусамырда свет жок болгонуна байланыштуу буйрук кагаздар жазылбай, эл каалагандай иштеп, ички дүңпродукт эбегейсиз өсүп, Кытайдын көрсөткүчтөрүнө жакындай баштайт, Хан ордосунда болсо ар бир боз үйдүн жанында бээлер байланып, койлор союлуп, бешбармак желип, кымыз ичилип, айтор, жыргализм болуп эле жатып калышыптыр.
Ошентип, жыргалчылык болуп жатканда, тээтиги Ооганстандан АКШнын аскерлеринен тоону көздөй качып, он чакты моджахед адашып отуруп Суусамырдын тоолоруна келип калышат. Ач-жылаңач өлгөнү калган моджахеддер караса, Суусамырдагы эл жыргап жатат. Ошондо моджахеддердин бирөө жини келип, автоматтан бир боз үйдү татыратып салыптыр. Анан ызы-чууну көрүп, ал хан жан-жөкөрлөрү менен Жумгалдын тоолоруна дыр коюп ошол бойдон дайын-оту менен жоголуп кетиптир.
Андан кийин баягы эле кыргыздын тың чыкмалары кайра Бишкекте чогулуп:
- Кой, бизге бул ханституция да жарашпайт экен, учурунда Сингапур деген өлкө бизге окшоп шүмшүйүп отуруп, он жылдын ичинде дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн ичине кирип кетиптир, эми биз экинчи Сингапур болобуз деп жаңы конституция жаза баштаптыр.
Баяман Омар




Кара бука
(Аңгеме)
(Башы өткөн санда)
Аман, Чокой, Кыйшык, Бердике молдонун баласы төртөө айылдын жалгыз кара букасын союп жеп алышкандан кийин айылдын жесир калган уйлары байып сүт бербей бири-бирине бука болуп секирип, жин ургандай кутурушуп эч себепсиз эле чаламандын чак түшүндө сайгакташып, айылды аралап, айылдын катындарынын жууп жайып койгон кермедеги кийимдерин чайнап, айылга ызы-чуу салышып, эмчектерин далак-дулак эттирип оңго-солго чайпашып, ээн баш болуп эч кимге баш беришпей уйчуну убара кылышып, күүлөрү жанбай күүлөгөндөн күүлөп, күүлөрү күчөп эле баратты. Жараткан ургаачы кылып жараткандан кийин, ургаачы уйлардын акыбалын ургаачы катындар терең түшүнүп, уйларга тагдырлаш болуп, жандары кейип, азапка батышты. Биздин айылдын эркектери ургаачылардын мындай акыбалына көңүл да буруп коюшкан жок.
Аман, Чокой, Кыйшык, Бердике молдонун баласы төртөө кара буканын калдайып катып калган терисин кызыл кулактарга сатып жиберип, көңүлдөрү ток айылдын турмушу менен иштери жок, өз кызыкчылыктары менен убара. Мал болсо да айылыбызда темирдей бекем тартипти кармаган кара бука биздин айылдын чыныгы жалгыз эркеги, чыныгы жалгыз кожоюну, чыныгы аксакалы, чыныгы жалгыз атасы болгон тура. Бүгүн таңда өңдүү-түстүү, сымбаттуу мүчөсү келишкен кара көз Айымкандын таргыл ую өңгүрөп мөөрөп, боздоп, арманын айтып кара буканы жоктоп, жалгыздык жанына баткан жесирге окшоп, жаагын баспай, күйүттүү күүсү күчөп, мал болсо да жаныбардын алайган көздөрүнөн жаш агып, мөөрөп да, ыйлап да жатты. Таргыл уйдун мындай акыбалын көргөн кара көз Фариданын жаны кейип карагаттай капкара көздөрүнөн буурчактап жаш агып.
"Аман, Чокой, Кыйшык, Бердике молдонун баласы, төртөөнө жетсин сенин убалың! Таргыл уйга окшоп өңгүрөп калгыла! Кара буканын арбагы урсун силерди" - деп кара көз Айымкан тагдырлашы таргыл уйга кошулуп, өңгүрөп да, ыйлап да, Аман, Чокой, Кыйшык, Бердике молдонун баласы төртөөнү каргап-шилеп да жатты. Тагдырлашы таргыл уйга боору ооруган кара көз Айымкан таргыл уюн таң ата таргыл уйдун тагдырлаштары жүзгө чамал жесир калган уйлардын курамынан турган биздин айылдын бадасына же тагыраак айтканда, эсил кайран кара буканын мурунку гаремине кошуп коюу үчүн айдап жөнөдү. Тагдырына таарынган таргыл уй тагдырлаштары жесир калган уйларга кошулгусу келбей, кара көз Айымканга баш бербей, ай-талаага бет алып, эмчегин далак-дулак эттирип, оңго-солго чайпап, өңгүрөп, мөөрөп сайгактап жөнөдү. Таргыл уйдун күтүүсүз мындай жоругуна таң калган кара көз Айымкан көкүрөгүндөгү эки алмасын далак-дулак эттирип, оңго-солго чайпап, таргыл уйдун артынан чуркап жөнөдү. Таргыл уй кара көз Айымкан эки ургаачы эки тагдыр ээрчишип, бири-бирин түшүнбөй, кайдадыр белгисиз тарапка тумандуу келечегине бет алып, кубалашып баратышты. Жин ургандай сайгактап чарчап-чаалыгып койбой, кандайдыр бир эбегейсиз күчкө ээ болгон таргыл уйдун карааны алыстагандан алыстап баратты. Арадан бир далай убакыт өтүп, беш чакырым жол басып, чарчап-чаалыккан кара көз Айымкан таргыл уй беттеп кеткен ээн-талаада жалгыз жайгашкан мал сарайга келип туш болду. Тагдырлашы таргыл уй дубалы бийик мал сарайды айланып, адатынча өңгүрөп мөөрөп чуркап жүргөн экен. Эгерде канаты болсо, таргыл уй бийик дубалдан учуп өтмөк. Таргыл уйдун мындай таң калычтуу жоругунун табышмагын жандыра албай кара көзүн алайтып карап турган кара көз Айымканды "Таргыл уюңуз абдан күүлөп калыптыр - деп аркасынан чыккан бейтааныш эркектин үнү чочутуп жиберди.
- Аа… аа апа - деп күтүүсүздөн чочуп кеткен кара көз айымды тынчытып жанагы эркек:
- Чочубаңыз, мен бул мал сарайдын ээси болом, - деди.
- Мен, мен.. ээ.. ээ…. уюм качып, - деп кара көз Айымкан мукактанып сүйлөй албай туруп калды. Бир чети күтүүсүз чочуганына, бир чети келбеттүү жигиттин сүрүнөн мукактанып, кара көз Айымкан карагаттай бакырайган көздөрүн жалдыратып туруп калды.
- Уюңуз качса, сарайдын ичинде кара бука байланып турат. Буканын жытын алыстан сезип, качып келген да - деди келбеттүү жигит.
Таргыл уйдун таң калычтуу жоругунун табышмагын эми гана жандырган кара көз Айымкан таргыл уйдун мындай уятсыз жоругуна келбеттүү жигиттин астында уялып, бети кызара түштү.
- Уялбаңыз! Мал болсо да булардын биз түшүнбөгөн махабат сүйүүсү бар. Бизден айырмасы булар уялбайт, кызганбайт, чыр-чатак чыгарышпайт, жылына бир гана жолу күүлөшөт - деп келбеттүү жигит кара көз Айымкандын сымбаттуу мүчөсүн кызыгып карап койду.
- Биздин айылдын жалгыз кара букасын Аман, Чокой, Кыйшык, Бердике молдонун баласы төртөө союп жеп алы….ыы…ш.. - деп айтып бараткан кара көз Айымкандын оозунан келбеттүү жигит сөзүн жулуп алып:
- Укканмын силердин айылда кандай окуялар болуп жатканын. Аман, Чокой, Кыйшык, Бердике молдонун баласы төртөөнүн тең тааныйм. Кара букаңарды да жакшы билчүмүн. Менин сарайымдагы кара бука силердин кара буканын тукуму - деди келбеттүү жигит. Кара көз Айымканга да, келбеттүү жигитке да көңүл буруп койбогон уятсыз таргыл уй өңгүрөп мөөрөп мал сарайдын дубалын айланып чуркап жүрдү.
- Таргыл уюңузду өңгүрөтпөй айылыңызга айдап кетиңиз - деди келбеттүү жигит.
- Эмнеге? - деген кара көз Айымкан экинчи ирет чочуп кетти.
- Чочубаңыз, себеби менин букам силердин кара буканын жалгыз тукуму. Калган тукумдары жок болуп кеткен. Асыл тукумдуу буканын уругу кымбат турат. Ошондуктан кара бука экөөбүзгө атаандаштыктын кереги жок. Сиздин таргыл уй менин букамдан качып, эмки жылы асыл тукумдуу эркек музоо тууп койсо, менин кара букамдын уругу арзандап кетет - деди келбеттүү жигит.
- Таргыл уйдун убалынан корксоңуз боло - деди чыйрала түшкөн кара көз Айымкан.
- Убалдан коркпойм. Менин убалымдан коркуп мени аяган эч ким жок. Ай-талаада мал сарайда жалгыз жашайм. Жалгыз досум, жалгыз тууганым, жалгыз ишенгеним кара бука - деди келбеттүү жигит.
Ушинтип маек башталды. Сөзгө-сөз уланды. Пикирлер алмашты. Жүрөктөгү жашынып жаткан сырлар ачылды. Көңүлгө көңүлдөр келишти. Табышмактуу тагдыр кошкон экиден төрт жуп кезигишти, эзилишти. Мал сарайдын дарбазасы ачылып таргыл уй кара букага жулунуп чуркап кирди. Кусалык, сагыныч, жалгыздык жанына баткан кара көз Айымкан үймөк чөптүн түбүндө келбеттүү жигиттин кучагында кумарга батты. Күн батарга жакындап, күүгүм кире айылдын жесир калган армандуу, күйүттүү азапка баткан уйлары жайыттан айылга кайтканда, таргыл уй менен кара көз Айымкан да айылга кайтып келе жатышты. Бул жолу таргыл уй майпаңдап жай басып, өңгүрөп мөөрөбөй, боздобой, ыйлабай, көңүлү жай, таргыл уйдун артында денесинин ысыгы тарабай жүрөгү дүкүлдөп бат-бат согуп, таргыл ую менен бир бүтүн болуп, көңүлү жай бактылуу кара көз Айымкан келе жатты. Айылдын турмушу акырындан өз калыбына келе баштады. Кара көз Айымкан эртеси таңда илимдүү-билимдүү Жаркынай мугалимди ую менен кубалашып, кара бука катылган мал сарайды көздөй чуркап баратканын көрдү. Кечинде күн батаарга жакын Жаркынай мугалим ую экөө көңүлдөрү жай айылга кайтып келе атканын көрдү. Анын эртеси Бердике молдонун келини Бермет ую менен кубалашып өтүп, кечинде ую экөө көңүлү жай кайтып келди. Мындай көрүнүш күндө кайталана берди. Биздин айылдын катындары таң эртең уйлары менен кубалашып, кечкисин уйлары менен ынтымактуу, көңүлдүү кайтып келе башташты.
Аман, Чокой, Кыйшык, Бердике молдонун баласы төртөө качантан бери айылыбызда калыптанып калган жаратылыштын, турмуштун, каада-салттын, тагдырдын тең салмактуулугун бузуп салгандарын сезишпей, өз кызыкчылыктары менен алек. Эсил кайран кара букадан кийин биздин айылыбызга чыныгы аксакал, чыныгы ата, чыныгы кожоюн, чыныгы эркек качан пайда болору али белгисиз.
(Уландысы бар)
Мелис Карыбеков