presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
Райымбектин ашында
(Окуянын башталышы өткөн санда)

2. Жез таңдайлар арасында

Эл кыраан-каткы. Кулуке ырчы ушинтип жиндене баштаганда, Токтогул экөөнү арачалап, бир чети зөөкүр ырчынын көңүлүн уламыш этип, Карамырза ырчы ырды баштапкы нугуна салып, ырдап кирди:

- О, Кулуке!
Колунан кокон өнбөгөн,
Кокуй чал мобу өлбөгөн.
Сасык айран, көк курут,
Саясатка көнбөгөн.
Садага кетсин сулуудан,
Салпаяк чал бул өлбөгөн!

Адырга бүткөн талдайсың,
Аякка куйган балдайсың.
Ак куу моюн Кашымкан,
Алжыган чалга кор кылбай,
Ала качсам кандайсың?
Беш көкүл өргөн саамайың.
Белестен тийген айдайым.
Бекене чалга кор болбой,
Бет келишке кандайсың?

Карамырза какылдап ырдап атканда эл жарыла берди. Каракашка жоргону теңселтип, кундуз тебетейин сеңселтип, күмүшкер курчанган, үзөңгүнү чалкалай теминген Куйручук кыраан жетип келди. Ал дароо топ ырчыны беттеди. Көзүнөн көгүлтүр нур тамды, сөзүнөн сөөлөттүү ыр тамды:

- Оо, жабыр-жабыр, жабырлар,
Жамгыр жааса дабыраар.
Жай албаган байкуштар,
Жалбыракты жамынар.
Жамыраган көп ырчы,
Ушул беле ырыңар?
Оо, дүбүр-дүбүр, дүбүрлөр,
Мөндүр жааса дүбүрөөр.
Чычаң байкуш чычаңдап,
Чырканакка жүгүрөр.
Чыйылдаган көп ырчы,
Ушул беле күүңөр?

Токтогул сага не болгон,
Токтоолук кайда жоголгон.
Торпогуңду алдыбы,
Осоке барып корооңдон?
Эй, Эшмамбет сага не болгон.
Эсиң кайда жоголгон.
Эшегиңди алдыбы,
Осоке барып корооңдон?
Ор текедей калжайып,
Оолугуп ырдап дардайып.
Ээрчитип мында келипсиң,
Ээлигип жолдош-жороңдон.
Карамызра, Курманды,
Карандай кудай урганбы?
Каптап баарың кордойсуң,
Карыган чакта тууганды.
Жолун бууймун Жолойду,
Коргоол да мына чоңойду.
Кадырлуу-барктуу ырчылар,
Карынын алдын торойбу?
Карыларын сыйламак,
Каадалуу адат, салтыбыз.
Ыркырашсак ырчылар,
Тоодо калат тарпыбыз!

Куйручуктун көзүнөн көгүлтүр нур тамды, сөзүнөн сөөлөттүү ыр тамды. "Оролмо тоонун ор теке!" деген сөзгө ызалана түшкөн Эшмамбет жооп бермекчи болуп, обдулуп калды. Бирок, Токтогул аны ырдатпай, токтотуп койду. Аңгыча, жанагы зөөкүр чалыш Кулуке ырчы дагы букасы менен элди жөөлөтүп капталдан чыга калып, Куйручукка катылды:

- Кара казан кырмычык,
Кырып жеген тырмышып.
Эсиңе келип токтогун,
Энеңди урайын, Куйручук!
Болушуп чалга келесиң,
Жоругум азыр көрөсүң.
Жумуру бузук Куйручук,
Жулунуп барып бир койсом,
Жумгалга жетпей өлөсүң!

Эл кыраан-каткы. Эми, Куйручук ошо дүмүрөңдөгөн Кулукени беттеп ырдады:

- Өгүз минип дардайган,
Өкүм сүйлөп маңдайдан.
Өчү бардай урушкан,
Өлөрман чалыш кандай жан?
Бука минип дардайган,
Бузуку сүйлөп маңдайдан.
Бууракандап, жинденип,
Буулугуп чыккан кандай жан?
Мингениң уйдун букасы,
Кийгениң таардын жукасы.
Өчөң-өчөң этесиң,
Азыр аштан кетесиң.
Кетпегенде нетесиң?
Тамтаңдаган бузуктун
Таанытсын кудай жетесин!

Куйручук ушинтип ырдап, Кулукени качырып сала берди. Камчысы менен буканы көчүккө сайып жиберди. Бука мөңкүп жөнөдү. Кулукенин мурунтукка алы жетпей, бука аны дыргаяктап ала качкан боюнча кетти... Эл-журтка күлкү чачылды. Айрыкча, жашыл дөңсөөдөгү атчан аялдар аябай шаңкылдашты. Куйручук ырчыларды ээрчитип, күлкүчү аялдарга бастырып келди. Көзүнөн нур тамды, сөзүнөн ыр тамды:

- Ай, каз элечек катындар,
Ача май куйрук каапырлар.
Кызыл түпөк найзага,
Кыйшайбаган баатырлар.
Айткан тилди алгыла,
Тамашага баргыла.
Кызык оюн башталат,
Кызыгына кангыла.
Кыргыек куштай кылтыйбай,
Бастыргыла алдыга!

Жоон топ аялдар аштын тамашасы өтүүчү тарапка бастырышты. Куйручук жаңкы ырчыларды аларга арналып көтөрүлгөн ак өргөөгө түшүрдү.




  Сандан-санга...

Асыкбек ОМОРОВ
OСМОН ИМПЕРИЯСЫ
"Адам ичпес арам суунун акканынан акпаганы,
Ат жебеген ачуу чөптүн өскөнүнөн өспөгөнү.
Ата баркын билбеген уулдун барынан жогу,
Эне эмгегин баалабаган баланын боюна бүткөндөн бүтпөгөнү жакшы".
Коркут ата


Чыр-чатак Эрзинжан жана Эрзурум шаарларынын эмираттарынан чыкты. Баязед бул эки эмиратка салык төлөгүлө деп коркутуп, чабарман жиберет. Баязед мурун Анатолия (Анадолу) аймактарынын көпчүлүк жерин басып алган менен, аларды көзөмөл кылбай көз жаздымда калтырган. Ошондуктан ал аймактардын эли Баязедден коркуп Темирландын бийлик астына келип жашай баштаган. Темирлан качкындарга Осмон империясы Сивас шаарын кыйраткыча тийген эмес. Эгер Баязед жакшы чеби бар Сивас шаарын алганда анда ал үчүн түштүккө да, чыгышка да жортуул жасаганга жакшы аскердик база болуп бермек. Бирок Баязед 1399-Коён жылында Сивас шаарын алгандын ордуна баласы Сулайманды аскер башчы кылып Ефраттын түндүк аймактарын, Кара Ордонун чек ара менен байланышкан жерлерин барып талкалаган. Баласы Сулайман Кара Ордонун (Кара Жусуп башкарып турган) чек арасына чейин кирип келгенде Баязед өзү Европа өлкөлөрүндө жортуулда жүргөн болот.
Улуу эмир Баязедге кат жазып: "Кара Ордонун чек арасын бузуп кишилеримди колго түшүрүп кеттиң, ошолордун бардыгын кайра мага өз колума кайтар,"- деп чабарман жиберет. Ошол кезде перс тарыхчысы Шараф ад-Диндин жазганы боюнча Баязед Темирланга жини келип: "сенин мага бой көтөрүүңдүн себебин мен түшүнбөйм, мен да сенин Анатолия (Анадолу) токоюндагы кармашууңду унутпайм. Убагында эсиңе кел, же болбосо, өз пилдериңе өзүңдү тебелеттирип өлтүрөм. Сенин аскериң көп экенин билем, бирок менин балталар менен жааларым эмне экенин сага түшүндүрүп койсом болот",- деп жооп кайтарган. "Эгер сенин курал-жарагыңан качсам, менин калп айткан сөзүмдөн аялдарым башка жерлерде качкын болуп жашасын, эгер мени согушуу талаасынан жеңсең сыртта жүргөн аялдарыңды кайра алып кел",- деп жазып чабарман жиберет.
Темирлан Баязедден жооп алгандан кийин өзүнүн аманатын экинчи жолу жиберип: "Тынчтык менен Кемах шаарын мага бересиң, ошондо Осмон империясы кыргындан аман калат", - деп талап кылат. Темирлан бир эле мезгилде Византия императору, Франция королу, Генуез менен Венециянын элчилерин кабыл алат. Константинополь императорунун жиберген элчиси монах Франсуа: "Эгер Баязедди жеңсеңер биз силерге сөзсүз баш ийебиз жана силердин бийлик алдындагы мамлекет болобуз", - деген сөздү кылтыйтат.
Темирлан Батышка ишенимдүү адамдарын жиберип, алар аркылуу Баязедди мусулман болуп туруп, христиан кызына үйлөнгөнүн айыптап сөз таркатат. Улуу эмир Сивас, Кайзер жана Малати шаарларына түркмөн элдеринин алдына Баязеддин ишин айыптаган кишилерин жиберип, алар шаар эмирлерине өз каалаган кишиңерди бийликке тандап коё аласыңар деп убада беришкен.
Баязед согушка даярдыкты жайбаракат жүргүзөт. Ал эми Темирлан жиберген элчилеринен жооп кечиккенде жөн отурбай, аскада жайгашкан Ефрат шаарын эң кыйынчылык менен жеңип алат. Небереси Мухаммед Султанды Кемах шаарына жиберип, өзү Эрзурумду баш ийдирет. Андан кийин Сивас шаарына жортуул жасаганда Баязеддин элчилери баалуу тартуу алып улуу эмирдин астынан чыгат.
Темирлан тартууларды алгандан баш тартып: "Мен буга чейин силердин бир нече шаарыңарды каратып алдым, мурун мен эки жолу элчи жиберсем оң жооп берген жоксуңар. Силер эми кечиктиңер, мындан аркысын согуш гана көрсөтөт", - деп жооп берет.
Баязеддин элчилери кеткенде Темирландын армиясы Константинополду курчап турган эле. Шаар мына жеңилет деп турган учурда улуу эмир армиясын күтүүсүздөн Бурса шаарын көздөй бурат.
Улуу эмир Константинополдон кайрылып келген армиясына кошумча кылып өзүнүн ээлигиндеги Анатолиядан, Румели, Карман, Галлиполиден, андан сырткары христиан, мусулман, татар, орустардан жана союздашы болгон Египеттин султаны Фараджадан кол чакыртат. Бирок Фараджа Темирландын Сирияны катуу чапкын менен басып алганын эстеп келбей коёт.
Темирландын армиясы Анкараны көздөй жылаарын билип, Баязед алдын ала күч топтой баштайт. Бирок Баязеддин чалгынчылары Темирлан Анкараны көздөй эмес, түндүктү көздөй жылаарын айтып келишет. Баязед ошого жараша согуш пландарын өзгөртө баштайт.

Китеп боюнча кызыккан суроолорго автор жооп берет. Тел: 0772 41-13-57






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??