presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Президенттердин балдары эмне менен алектенип, кайда жашашат?
Өзбек президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова кесиби боюнча котормочу. Англис тилинде мыкты сүйлөйт. АКШдагы Гарвард университетинен билим алган. Бир учурда саясатка аралашып, жөндөмү жок болгондуктан, саясатты таштап койгон. Учурда бизнес менен алектенет. Өзбекстандагы эң бай аялдардын катарында. Ташкенттеги алтын саткан дүкөндөрдүн дээрлик бардыгы Гүлнарага таандык. Убагында афган улутундагы Мансур Максиди деген бизнесменге турмушка чыгып, ажырашып кеткен. Бир уул, бир кыздын энеси.
15 союздук республиканы чилдей таратып, көпчүлүк элдин каарына калган М. Горбачёвдун жолун улаган балдары жок. Бул Горбачёв үчүн өтө өкүнүчтүү. Бир гана небереси Ксения Горбачёва шоу-бизнес менен алектенип, атасын ыраазы кылып жүрөт. "Балдарымдын арасынан атагы чыкканы ушунум эле болду" - деп Горбачёв кайда барбасын Ксенияны оозунан түшүрбөйт. Учурда Ксения Россияда жашайт.
Россиянын мурдагы президенти маркум Б. Ельциндин көзгө басар кызы Татьяна Дьяченко да бизнес менен алектенет. Атасы президент болуп турганда жаш экенине карабай өзүнө кеңешчи кылып алган. Өмүр бою оппозиционер болуп келаткан Жириновский: "Ельцин чыпалактай кызын мамлекеттик кеңешчи кылып алды"- деп сындаган.
Грузиянын мурдагы президенти Э. Шевернадзенин кызы Софико Шевернадзе кесиби боюнча журналист. Балалык кези жалаң эле жан сакчылардын коштоосунда өткөндүктөн, саясатка таптакыр аралашкысы келбейт. Кайда болбосун карапайым эл сыяктуу жашаганды жактырат. Саясатты сүйбөгөндүктөн, көптөгөн саясатчы бизнесмендерди чанып, карапайым адамга турмушка чыккан. Мекенимден алыс кетпейм деп учурда Тбилисиде жашайт.
Түркмөнстандын мурдагы президенти маркум Сапар Мурат Ниязовдун бир уул, бир кызы бар. Учурда экөө тең Түркмөнстандан тышкары жашашат. Тактап айтканда, кызы Ирина Ниязова Москада жашаса, уулу Мурат Ниязов Венада жашайт. Экөө тең саясаттан алыс болуп, бизнес менен алектенишет.
Мирлан Алымбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??