presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Асанов акыры токтолду
Ажолукка аттанам деп барып орто жолдо оюн өзгөрткөн Жалал-Абаддын мурдагы губернатору Бектур Асанов алгач Өмүрбек Текебаевди колдойм деп чыккан. Өмүкең да ажолук амбициясын жыйыштырып, артка кайткан соң, Кубатбек Байболовду кубаттайм деген эле. Бирок Бектур байкебиз аламан байгенин акырына аз калганда кимдин мүмкүнчүлүгү кандай экенин алдын-ала баам салып, байкаштырып көргөн окшойт, мурдагы Алматы көчөсүндөгү Атамбаевдин штабын айланчыктап эле калыптыр. Ачык айтпаганы менен, Бектур Асанов акыркы чечимин кабыл алган окшойт...


Алтыбаеванын акылына ашыккан эч ким жок
"Ар-Намыс" фракциясынын табиятынанбы же атайыбы, айтор, өтө эле "чыйылдак" үндүү айым депутат бар, Алтыбаева Айнура деген. Бул айым кай бир убактарда уйкудан чочугансып, коомчулук анча жактыра бербеген мыйзамдардын долбоорлорун догурунуп айтып калмай жайы бар. Айнура айым кечээ-жакында андай "саясий-шоулардын" кезектегисин келиштире иштеп чыккан имиш. Анысы оппозициялык фракциялардын лидерлерине мамлекеттик сакчы бериш керек экен. Айнура айымдын бул ай чапчыган акылына эч ким деле ашык болуп кеткен жери жок. Баракелде-е, мыйзам жазат десе эле бала бакчанын балдарындай болуп, ак кагазга жараксыз бир нерселерди жаза берүүнүн канчалык кажети бар?! Азыр кайсы оппозициялык фракциясынын лидеринин өмүрүнө коркунуч туулуп жатыптыр? Ал заман өткөн, урматтуу Айнура айым. Эгер ошончолук эле мыйзамчыл экенсиз, бул мыйзамдын долбоорун Бакиевдин кандуу доорунда жар салсаңыз куп гана жарашмак. Эми төө кыядан өткөн соң, эмне деп айтышты билсеңиз керек...


Баш салыкчыны банкир алмаштырабы?
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Бактыбек Ашыровдун жакын арада кызматтан шыпырылаары айтыла баштады. Кадрдык бир катар баш аламандыктары менен ысымы көбүрөөк айтыла баштаган Ашыровдун ордуна "Ата-Журт" партиясынын өкүлү, "Айыл банктын" башчысы Токтобек Акматовдун отураары кабарланууда.


Жунусовду өлтүргөн деген неме кармалды
Фергана өрөөнү боюнча эң чоң базар болуп эсептелген Кара-Суудагы "Туратали" базарынын деректири, вице - премьер - министр Ибрагим Жунусовдун бир тууган агасы Абдалим Жунусов 2005-жылы сентябрь айында киши колдуу болуп өз үйүндө өлтүрүлгөн.
Кечээ аны өлтүргөн деген шектүү адам катары 34 жаштагы Сапарали Аканов деген неме кармалганын Ички иштер министринин орун басары, генерал Мелис Турганбаев билдирди.


Түштүк ОПГлардан тазаланды
Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Уюшкан кылмыштуу топко жана коррупцияга каршы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад облустук бөлүмдөрү менен бирге өткөзгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө түштүктөгү кылмыштуу топтун бардыгы жоюлганын жар салды. Ошондой эле генерал Турганбаев учурда түштүк аймагында эч кандай кооптуу абал жок экенин, алдыдагы шайлоого карата жогоруда аталган башкармалыктын 100дөн ашуун кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалады. Эмне демекчибиз, өз ишин мыкты билген Мелис мырза жеке эле түштүк аймагын гана эмес, жалпы Кыргызстанды кылмыштуу топтордон тазалайт деген ишеничтебиз.


Таза таймашалычы...
Президенттик шайлоо күнү жакындаган сайын президент болом дегендердин аракеттери да күчөп жаткан учуру. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын айтымында, Ош тарапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү Камчыбек Ташиев үчүн иштеп жатышат, бул бийлик ресурстарын пайдалануу дегендикке жатат деп билдирди. Ушул эле депутат айым "жер-жерлердеги чиновниктер Атамбаевге жардам беребиз деп "артык кылам деп, тыртык кылып жатат, андайды токтотуш керек"-деди.
Ал эми депутат А. Жапаров: "Атамбаев гана бийлик ресурстарын пайдаланып жатат деген таптакыр туура эмес, анткени, өкмөт курамы ар кайсы фракциялардан түзүлгөн өкмөттө ар кайсы министрликтерди башкарып олтурат, президенттик ат салышта алардын талапкерлери да бар" - деди.


МАК акча "тууйбу"?
Өгүнү КТРКдагы телетаймашта Мадумаров Адахам Кимсанбаевичти (МАК) өзгөндүк үкасы: "Чоң кызматтарга чейин жөнөкөй эле жигули менен жүрчүсүз, азыр болсо 4-5 Жиптин коштоосунда көрдүм. Сиз мынча каражатты кайдан таптыңыз?" - деп акесин жер каратты. Буга Адахамың кызарбай туруп, "кудайдын кулагы сүйүнсүн" деп жооп берди. Күмөндүү каражатка тайраңдап, Кудайды оозана берсе болобу? Эч кандай бизнесим жок, мамлекеттин казынасына бир да жолу кол салбадым деген Мадумаров Беш-Күңгөй тарапка үч кабаттуу "хан сарай" салып баштаптыр. "Эл үчүн ат болуп иштеп берем" - деп касам ичкен "булбултайдын" карапайым калк нанга акча таппай жаткандагы өнөрү ушубу? Сүрөттөгү "особняк" эки жылга жакын жумушсуз жүргөн Адахам мырзанын жаңы салып жаткан үйү экен. Адамдар ондогон жылдар бою бир жер тилкесин ала албай жүрсө, бул "жигит" иштебей эле "жирный" жүргөнү күмөнүбүздү күчөтүп койду. Же Адахам акча "тууйбу"?


"Акыйкат" Атамбаев тарапта!
Акыйкат саясий партиясынын билдирүүсү
20 жылдык эгемендүүлүктө өлкөбүз эки президенттин алдында татаал күндөрдү башынан өткөрдү. Акыйкаттыкты көздөгөн элибиз алдыга умтулуу менен бирге жаңы, таза, ыймандуу, элдин камын ойлогон президентти тандап алууга үмүттөнүүдө.
2011-жылдын 30-октябрында ар бир жарандын адилеттүү шайлоо жолу менен акчага сатылбай, жердешчиликке алдырбай, жеке добушу менен Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошо алат.
Атамбаев Алмазбек Шаршеновичти өзүнүн ыймандуулугу, патриоттуулугу, тазалыгы, тажрыйбалуулугу жана чын дилинен өз элине кызмат кылуусу, басып өткөн жолу менен "Акыйкат" республикалык саясий партиясынын мүчөлөрүнүн тандоосуна себепкер болду. Ушуну менен бирге алдыга койгон саясий-экономикалык максаттары жана мамлекетти өнүктүрүү программасы менен кыргыз элинин кызыкчылыгын алдыга коёт деп ишенебиз.
"АКЫЙКАТ" Республикалык партиясы алдыдагы президенттик шайлоону таза, адилеттүү жана мыйзамдуу жол менен өткөрүүгө Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү чакырат. Кыргызстанда стабилдүүлүктү, биримдикти сактап, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылыш ар бир жарандын милдети!







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??