presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

АБАЙЛА, АЗ КАЛДЫ
Төрт күн калды. Ошол төрт күндөн кийин кубанычыбыз коюнга батпай турабызбы, же аттиң деп башты жерге салабызбы, өзүбүздүн колубузда экен. Андыктан аттиңге караганда кубаныч жакшы эмеспи деген бир караганда тантыгыраак ой келет. Бирок, ал тантык ой эмес, кыйын кырдаалда айтылып кетчү эле турмуш сөзү...

Ошентип, илгери үмүт менен айтканда, кубанарыбызга аз калды. Анткени Бакиев жыттанган талапкерлер жалпы элдин колдоосуна ээ боло албайт деп турабыз.
"Бакиев жыттанган талапкерлер" дегендерди атай турган болсок, анда алардын башында Адахам Мадумаров турат деген кептин кеткени качан. Ал ойго кошулбаска болбойт, анткени ошол кепти бышыктап турган кеби да кошо айтылып жатпайбы. Маселен, "Мадумаровду Бакиевдер каржылап жатат" деген. Бул кепке Мадумаров караманча каршы чыккан жери жок, "мени каржылагандар жаштар жана аялдар уюмдары, кагаздары бар" деген менен гана тим болду. Кээде Конституциябыз керекке жарабай калып жатса, кагаз-пагазды даярдай коюу кеп бекен деп биз турабыз.
Бакиев куулгандан кийин анын "Ак жол" партиясындагылар жана да башка желдеттери "кара кийип", анысы аз келгенсип кийинки келген бийлик кай жагыбыздан чыгып жайлап салар экен деп санааркай "ичкени ирим, жегени желим" болуп, алды Америка менен Англияга, арты береги Алайга чейин кире качкан эмеспи. Бирок кийинки келген бийлик бийлигине магдырадыбы же дагы башка себептери барбы, ал балким, "атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер", "таш менен урганды аш менен ур" деген былжырагыраак мааниге ишенип алышканбы, айтор, жанда жок гумандуу болуп чыга келишти. Анан бүттү да, бакиевчилер бардык бийликке аралашып сиңип кетти, а турсун парламентти толугу менен басып алышты, башка бийлик бутактарында толугу менен жүрөт. Мына ошолор Бакиевин эч качан унутпайт, биринчи эле мүмкүнчүлүгү болгондо аны кайра бул жакка алып келип, кайрадан эл башкартууга аракет кылат. Кудай анын бетин нары кылсын!
Мына ошол Бакиев жыттангандардын бири Мадумаров болуп жатпайбы. Бир жактуу болбойлу, ал жигитибиз да кыргызым деп жүргөндөрдүн бири, саясат жаатында бир топ эле тажрыйба топтоду. Бирок анын кийинки жылдардагы баскан жолу жогорудагы алгылыктуу сапаттарын азайтып коюп жатпайбы. Каркырадагы мыкты жерибиз казактарга өтүп, керекке начар жарап турчусу кыргызга берилген соода болуп, анан аны парламент бекиткенде Мадумаров спикер болчу. Демек, ошол маселеде башкы ролду ойногон деп айтса болот. Эми болсо эки мамлекеттин ортосундагы ошол келишим туптуура болгон дегенди айтып турат. Андай эмес дегендердин аргументтерин "...жуккан кыкча" көргөн жери жок.
Мадумаров теледебатка чыкканда бирөө суроо бербедиби: "Сиздин бизнес жок болсо, ишсиз олтурсаңыз, анан кайдагы төрт Жип менен жүрөсүз?" - деп. Ошондо Мадумаровдун жообу ушундай болду: "Буюрган болсо, кырк Жип менен жүрсө эмне экен". Ошондон улам, момундай ой тыянагы чыгып жатпайбы: "эгер Мадумаров президент болуп калса, элдин шорун кайнатып, алардын эсебинен кырк Жиптүү болот турбайбы..." деген. Ал жол Акаевдин жолу, ал жол Бакиевдин жолу. Көрдүңүзбү, маселе кай жерге барып тик сайылат.
Өткөндө ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Садыркуловдун өлүмү боюнча Адахам Мадумаров да убагы келгенде суралат. Анткени ал учурда Мадумаров коопсуздук кеңешинин катчысы болчу, ошол өлүм жөнүндө кийин, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин сөзсүз суралат деп айтканы бар. Бул маселе боюнча бирөө суроо бергенде Мадумаров дале болсо "таптаза" чыкты, сөзү менен... "Ак үйгө кол салгандар жырткычтар, алар баатыр эмес" деген анын сөзүн уккан миңдеген адамдар жерге түкүрүп турат... кийин ал сөзү үчүн жооп берет го.
Кандай болгон күндө да бүгүнкү күнү Мадумаров мырза кыргыз элине президент болуп беришин каалагандар ал өзү күткөндөн алда-канча аз болуп турат...
БИЛГЕНИҢДИ КЫЛА БЕР, ЖОЛ ТОСУП БОШОТУП АЛАБЫЗ...
Ушул бүгүнкү күнү мыйзам дегендериңди көрүнгөнү тебелеп жатып, керекке жаратпай да турушат. Андан улам, ким эмнени кааласа, мыйзам чеги менен эмес, көңүлүнүн чеги менен, каалоосунун буйругу менен жасап жатат. Демек, мындай маанайда мыйзам дегениң тебелендиде калбайбы.
Мыйзамдарда жазылып турат го, ошол мыйзамда жазылгандарды буздуңбу, ошол мыйзам алдында жооп бересиң деп. Бизде мыйзам бузуулар чоң-кичинеси менен алганда эсепсиз болуп кетти. Бири эл байлыгын ээлеп алат, экинчиси бирөөнү кордоп турат, үчүнчүсү ууру кылат, төртүнчүсү адам өлтүрүп жатат, бешинчиси мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетинде ж.б. Мына ушундай кылмыштарды жасагандар эч нерседен корккон жок, анткени ар түрдүү аракеттердин натыйжасында жооп берүүдөн бошонуп кетишет, сотторуңду каалаган баасы менен сатып алышат. Мыйзам бузуунун массалык түргө өтүп турушу да ошондон улам болуп олтурат...
Үкөсү Бакиев президент болуп турганда аябагандай көпкөн Үсөн Сыдыков ошол үкөсү куулгандан кийин мамлекеттик төңкөрүш жасайм деп аракет кылып анысы ишке ашпады. Бардык күнөөсү далилденип турса да, шарттуу деген "ойнокейлик" менен таптаза кутулуп кетти. Анын этегине эрмешкен Искак Масалиев да таптаза бошонду. Аларды бошоткула деп митингдер болду; жакында эле Садыркуловдун өлүмүнө кыйыр катышы бар деп чек ара кызматынын мурунку жетекчиси Замир Молдошев кармалды эле, аны бошоткула деп митингдер болду, жол тособуз, башка балээлерди жасайбыз деп турат; криминал менен камыр-жумур болуп кеткен деген шек менен камалган СИЗО-1дин мурунку начальниги Маматкозу Маматалиев кармалса, аны бошоткула деп да митингдер болуп жатат. Мындай мисалдар аябагандай көп. Баарыдан да эки-үч ай мурун адам өлтүрүп, жана башка оор кылмыштарды жасап түрмөдө жаткандардын жакындары аларды коргоп Ак үйдүн алдында митинг өткөзгөнүн карачы!
Кыз зордуктап күнөөлөрү аныкталып жаткан айбандарын ата-энелери, туугандары да митингдерди уюштуруп, маалымат каражаттарына уялбай эле чыгып, ошол айбан балдарын коргоп жатпайбы! Бул иштин өзү наадандык! Атаңдын көрү де, зордукчулар менен канкорлорду жакындары митинг өткөргөнчө эле атып таштаса кандай сонун болмок. Европа өлкөлөрүнө теңелебиз деп, өлүм жазасын алып салганыбызды кантейин. Айла жок да...
Кылмышкерлерди коргоп митинг, жүрүштөрдү уюштуруу, катуу чараларга барабыз деп бийликти коркутуп туруу массалык түргө айланып турат. Бул көрүнүш акыр-аягы келип мамлекетибиздин тамтыракайын чыгарып салышы жөн сөз эмес...
Кандай айтсак да, бүгүнкү күнү милийса кызматкерлери дурус иштеп жатат, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө жакшы жыйынтыктар бар. Анан ошол уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнөн кармап келип, күнөөсүн далилдеп туруп сотко тапшырса, алар кескен болуп, болбосо, таптаза бошотуп, же шарттуу түрдө кесип, айтор, кылмышкерлерди колдон келишинче колдоп жатат. Бул да айбандык көрүнүштүн бири болуп калды. Бийликтеги кээ бирөөлөрдүн болсо, баарын көзөмөлдөөгө дарамети жетпей турат. Анткени ал тарапка бакиевчилер толуп алган...алардан кутулуу оңойго турбайт, бирок гумандуу бололу деп былжырап-ылжырай бербесек ишке ашчу эле маселе...

Баратбай АРАКЕЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??