presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бактыбек КУНАЕВ, коомдук ишмер:
"Ким президент болору дааналанып турат"
- Бактыбек мырза, президенттик шайлоо кампаниясына баам салып тургандырсыз?
- Сөзсүз да. "Коомдо жашап туруп, андан сырт болууга мүмкүн эмес" дегенди Ленин атабыз айткан деп кулагабызга куйчу эмес беле. Ошондой болгону чын да, президенттик шайлоого көңүл бурбаган эч ким жок, жашынан карысына чейин ошол маселени талкуулап, ар ким өз президентин тандап жатышпайбы.
- Сиз да тандап койдуңуз беле?
- Небак эле тандап койгом.
- Атын атасаңыз?
- Дароо эле айта койбой, аргументтештирип туруп кебибиздин аяк жагында айтайынчы…
Президенттик шайлоо кампаниясы баштала электе, шайлоо күнү баланча убакта болот деп күнүн белгилегенде эле бир теңтушума айттым эле, оюн- чындан: "Эми кыргызымдын баары эле президент болом дебесе экен" - деп. Айтканымдай эле 80ден ашык талапкер чыкпадыбы. Дүйнөдө мынчалык талапкер чыккан факт болгон эмес го деп жүрсөм, илгери Америкада эки жүздөй талапкер катталган деп айтып жатышат го.
Ошентип, сексен талапкер "президентикке мен гана жарайм" деп чыгышпадыбы. Бул бир жагынан шылдыңдоочу көрүнүш болсо, экинчи жагынан жинди келтирип да коет экен. Өз жанын бага албай жүргөндөр эле президент болом дей берсе жин келбей коебу.
- Эмнеге ошончо адам президент болом деп жулунуп турушту?
- Анын баарын кылган мурунку эки президент болду окшойт. Сиздер деле жазып жатасыздар го. Акаев дагы, Бакиев дагы президенттик милдетин Конституциябызда жазылгандай аткарбай, "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" болуп, каалагандай иштеп кетишпедиби. Ошол каалаганы элге зыян алып келбесе го бир жөн эле, алардын иши элге каршы болду го. Маселен, экөө тең бийликти узурпациялап алды, экөө тең элдин байлыгын каалаганча алышты, бөтөнчө Бакиев бир туугандары жана балдары менен мамлекетибиздин бүтүндөй байлыгын басып алышпадыбы. Эки президент тең туугандарын, жакшы санаалаштарын кызматтарга койду, эл байлыгын кошо талатышты, эки президенттин айланасында укмуштуудай кошоматчылар пайда болду, алардын бир катары эми деле иштеп жүрөт, кийинки бийликти мактап. Эки президент тең илгерки хандардай каалаганын кылып жашашты. Мына ошол жыргал турмуш бир топ адамдарды суктандырып да турду. Анан жанагы президент болом дегендердин көбү президенттик ишти, жеңил-желпи эле түшүнүштү, анын укуктарына гана суктанып турушту, чолок акылы менен президент дегенди "жыргализм" экен деп чечмелешти, президент деген атты алып, бүтүндөй элдин байлыгын өзүнө каттатып алып жүрө берчү оңой эле иш экен, жыргап жүрө берчү иш экен, ага ашып-ташыган мээнин деле кереги жок экен дешти да.
- Эмне үчүн качкан эки президент өз милдеттерин мыйзам чегинде аткара алышкан жок?
- Эми ал маселе алардын жеке башына келип такалат го. Жердигинен акылы арткан адам болсо, адамгерчиликтин чеги кайсы жерден башталып, кайсы жерден бүтөрүн билсе, тобо келтирип жашаса, ач көздөнбөй топук кылып жашаса, ыйман деген ыйык сапатты ар дайым унутпай турса эле эли менен болмок, элинин сыйында болмок. Адамдардагы бардык терс сапаттар ошол эки президентте бар турбайбы, аны менен кошо кызмат да өзгөртүп жиберет эмеспи, туруксуздары, адамдыгы аздарды… Акаев да, Бакиев да кызматтын күчүнө туруштук бере алышкан жок. Президент болгондон кийин бат эле кечээки баскан жолун унутуп коюшту. Ага удаа эле дүнүйө азгырыгы келди, андан кийин иш бүттү да… эптеп элинен качып кутулушту.
- Аялдары да түртмөлөдү окшойт?
- Андай фактыларды танууга болбойт. Бөтөнчө Акаевдин аялы Майрам Акаева мамлекетти кошо башкарышып, а турсун, кээ бир учурда маселени өзү жалгыз чечип калбады беле. Бакиевдин аялы анчалыкка барган жок, бирок Россия тарапка бир топ байлыкты алып кетти деген да кеп чыккан. Экинчи аялы канча байлык топтогону белгисиз. Бакиевдин аялдары мамлекеттик ишке анчалык аралашпаганы менен, анын балдары, бир туугандары бүтүндөй ишке аралашып турушпадыбы. Керек болсо, Максим деген уулу мамлекеттин бүтүндөй байлыгын өзү жалгыз тескеп калбадыбы, кайдагы бир мекемени ачып алып.
- Сиз президент болсоңуз эмне кылат элеңиз?
- Президент кандай болуш керек экени, милдеттери менен укуктары Конституциябызда бадырайып жазылып турат. Ага кошумча адамгерчиликти унутпаш керек. Болду, ошол жолдон тайыбаган адам эле эң сонун президент болуп мамлекетин жакшы жолго баштайт. Ал эми өзүмө келе турган болсом, президент болсом деген оюм жок. А балким, жылдардын бир жылдарында тиги-буга бышып, саясатты терең өздөштүрүп алсак, "президент болсом" деген ой келсе, келеттир…
Мамлекетибиз небак калыптанып бүткөн, ал маселеде Американы ачып эч кереги жок. Баары практикаланып калган…
Кийинки Конституциябыз боюнча, мурункудай президенттин чексиз бийлиги жок, андыктан түйшүгү да бир топ азайды. Антсе да президент мамлекет башчысы катары эсептелет, эл аралык мамилелерде президенттин тажрыйбасы, аброю мамлекетибиз үчүн аябагандай керек. Маселен, азыркы президентибиз Роза Отунбаева көп жыл бою тышкы иштер министрлигине байланыштуу иштеди, министр да болду, элчи да болду, БУУда да иштеди, эл аралык дипломатияда салмагы бар саясатчылардан, мыкты тажрыйбасы бар. Дал ушул Роза Исаковнадай президентке ээ болсок сонун болбойт беле.
- Эми андай президент бизден чыкпайт деп ойлойсузбу?
- Жок, антип айтууга болбойт. Бүтүндөй бир элден президенттикке жарап берчү азаматтарыбыз бар. Жана маегибиздин аяк жагында айтайын дебедим беле, ушул жерден деле айта берейин, кыргыз элине президент болууга жарап берчү азаматтарыбыздын бири Алмазбек Атамбаев.
"Эл - тараза" - дейт, калети жок эмеспи. Мына ошол элибиз төбөсү көрүнгөн саясатчылардын баарына берген баасы болот экен, анан, эң кызыгы ошол баада кээде эле жаңылып-жазып калбаса, көбүнчө берген баасы менен сыны туптуура чыгат экен. Мына ошол элибиздин баасында азыр Алмазбек Атамбаевден өткөн президенттикке жарап берчү адам жок өңдөнүп турат. Маселен, он адамдын жети-сегизи Атамбаевди колдоп жатат.
Эмне үчүн элдин басымдуу бөлүгү Атамбаевди колдоп жатат? Биринчиден, саясаттын ысык-суугуна тотугуп бүткөн, тажрыйбасы мол, экинчиден, эл айткан сөзүнө турган жан, үчүнчүдөн, ал тайманбас адам, жөн жерден эле чочулап, болор-болбос жерден эле сактанып турбайт, болгонун болгондой айтып, ошондой аракет кылат. Анан ал дүнүйө топтойм деп жалаң гана ошол багытта аракет кылганын уккан эмесмин, ток пейил адам. Мына, өкмөттү башкарганына аз гана убакыт болсо да, сонун жакшылыктарды алып келип жатат. Куру сөз менен эмес, аткарган иши менен элине жагып турат. Айлык, пенсиялардын көбөйүшү Атамбаевге байланыштуу го. Ар элди бир бүтүнгө бириктирип, ынтымакта турмуш өтөөсүнө жан үрөп аракет кылып жүбөйбү, анын саясатчы катары мыктылыгы ошондо. "Атамбаев баланча тууганын тиги кызматка коюптур" деген кепти уга элекпиз, укпайбыз дагы.
Кай тараптан алсак да, бүгүнкү күнү президенттикке жарап берчү бирден- бир адамыбыз Алмазбек Атамбаев деп жоопкерчилик менен айта алам.
- Президенттик шайлоо боюнча прогноз айта аласызбы?
- Ал жөнүндө айтылды окшойт. Кийинки маалыматтарга караганда, кээ бир социологиялык изилдөөлөргө караганда, Алмазбек Атамбаев бир топ пайыз алдыда турат экен. Болсун дейли.
- Эгерде Алмазбек Атамбаев президент болуп шайланып калса, анда кайрадан президенттик башкаруунун алып келбейби, маселен, референдум өткөзүү менен?
- Мен андай-мындай деп көзү ачыктык кыла албайм. Бир билгеним, эгерде Атамбаев президент болуп калса, мыйзам чегинде милдетин аткарып, укугун пайдаланып, мамлекеттүүлүгүбүздүн баскан жолуна сөзсүз түрдө позитивдүү таасирин тийгизет…
Башкаруунун парламенттик системасы деле жаман эмес, эгерде парламентте терең билимдүү, мыйзамды ыйык туткан азаматтар чогулса. Ал эми азыркыдай парламент ошол башкаруунун баа-баркын төмөндөтүп да коет экен. Мунун баары Бакиев менен байланыштагы депутаттардын болумсуз аракеттеринин натыйжасы деп билишибиз керек.
Маектешкен
Баратбай АРАКЕЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??