presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Сөз эркиндиги
кимге коркунучтуу?
Бийлик демократиясынын тузагында
Башкаруу жана аткаруу бийликтеринин укуктарын теңдештирүү, президенттик бийликтин укугун чектөө жана парламенттик башкарууга өтүү менен мамлекетибиз алга бир кадам таштады. Ошондой болсо да аткаруу бийлигинин укуктары кеңейтилген менен президенттин жана парламенттин жоопкерчилиги тийиштүү деңгээлге көтөрүлгөн жок. Бул президенттик постко талапкерлердин көбөйүшүн шарттады жана кыска мөөнөттө парламент колуна чексиз бийликти топтоого умтула баштады. Бийлик үстөмдүгү үчүн күрөштүн курчушу ансыз да кээри кетип турган өлкөбүз үчүн эки кадам артка кетти. Демократиялык түзүлүштүн түбү бошоңдоп, диктатуралык башкаруунун жерпайы түптөлө баштады.
Белгилей кетели, бийлик демократиясы жана жалпы элдик демократия деген түшүнүк бар. Экөөндө тең бийлик төбөлдөрү эл тарабынан шайланат, бирок бийлик демократиясы күчтүү жерде алар коомчулуктун ой-пикирлери менен эсептешпейт. Эл тарабынан берилген ишенимди алар өздөрүнүн мансабын сактап туруучу каражат катары пайдаланышат. Бүтүндөй мамлекеттик машина (сот, прокуратура, бүтүндөй күч структуралары, армия ж.б.) аларга кызмат кылып калат. Мындай кырдаалда жыйырма жыл бою жашап келдик. Мына ушунун залалдары парламенттик башкарууга өткөндө деле сакталып, дагы деле ушул бийлик демократиясынын тузагынан чыга албай турабыз. Мурда буга президенттер себепкер болсо, азыр ал милдетти парламент аткарып жатат. Мурда "үй-бүлө" башкарса, азыр партияга жамынышкан 120 депутаттар бүтүндөй элдин эркиндигин өздөрүнө ыйгарып алышууда. Натыйжада демократиянын көмүскөсүндө "рейдерчиликти" ЖоКенин өзү баштап жаткан сыяктанат.
Демократиянын көмүскөсүндөгү "рейдерчилик"
Диктатордук режим эң алгач ММКларды ооздуктап, ар түрдүү репрессияларды андан кийин баштаганын тарых тастыктап келет. Акыркы жылдарда башкаруу системасына катуу сын айткан басылмалардын "жаагын басып коюуга" аракеттер бизде да күч алганы жашыруун эмес. Айрыкча, ЖоКенин босогосунда калкыбыздын "каймактарынын" копол жоруктары, талаш-тартыштарды сүйлөшүү жана мыйзам жолдору менен чечишип алуунун ордуна, бири-бирине күч колдонуу ыкмаларын пайдаланылганы жумурай-журтубузга белгилүү болуп калган. Мына ушул чындыкты ачыкка чыгарган ММКларга каршы бийлик мунарасындагылар кысым жасоого өткөнүн жашырбасак болот. Эл ишеним көргөзгөн айрым депутаттардын жосунсуз жоруктарын ачыкка чыгаргандыгы үчүн "5-каналды" парламент аккредитация жасабай тургандыгын белгилеген. Мына ушунун өзүн коомчулук ЖоКенин ММКларга каршы чабуулу катары кабыл алган.
Эске салып көрөлү. Учурунда бардык тармакта децентрализация жүргүзүлүү талабы коюлуп, эл чарбасы толугу менен менчиктештирилген. Ушул шартта "5-канал" өз киндигин өзү кесип, өлкөбүздө башка каналдардан кызыктуу жана ар тараптуу берүүлөрү менен элибизге тез эле таанылган. Анын өнүгүү этабында бийлик бутактарынын бири да материалдык жактан күчтүү колдоо жасабагандыгын белгилей кетели. Ал эми УТРК жана азыркы ЭлТР мамлекеттик канал болгондуктан, бийликтин камчысын чаап келди. Ошондон улам, "2006-жылдын ноябрь, 2007-жылдын апрель козголушунда мамлекеттик телеканалдарды коомдук телекөрсөтүү кылып кайра түзүүгө талаптар коюлуп келген. Албетте, бийлик ЭлТРди коомдук теле деп таанууга мажбур болгон, бирок УТРК бийликтин колунда кала берген.
Үй-бүлөлүк бийлик кулатылды. Парламенттик бийлик орногондо эми чыныгы сөз жана басма сөз эркиндигине ээ болдук деген үмүт пайда болгон, бирок эрте кубанган көрүнөбүз. ММКларды коомдоштурууну мындай коёлу, мыйзам чыгаруучулар өкүм-зордукка салып, "5-каналды" парламенттин "менчигине" өткөрүүгө токтомун токуп отурушат. Белгилей кетели, алардын мындай алгачкы кадамдарына мамлекет башчысы каршы пикирин айтып, буга макул эместигин билдирген. Мунун өзү парламенттин мыйзам гарантын тоготпогондук катары санасак, башка тарапка таандык каналды парламенттик канал деп жарыялашы "мыйзамдуу" рейдерлик эмеспи.
Жоопсуз калар суроолор
Партиялык тизме менен парламентке барышкан депутаттарга эл жана алардын талабы түккө турбай калары ачык көрүнүүдө. Мында аларга эл шайлоодо гана керек, бул саясий кампаниядан кийин парламентин мөөнөтү бүткөнчө партиянын "чечимдери" менен орун которуштура берет экен. Эгерде депутат-жепжутаттар кандай күнөө кылса да, аны чакыртып алуу укугунан элдин ажыратылып калышы демократиялык мүнөзгө ээ экенине акыл-эстүү адам ишенбейт. Тетирисинче, мында авторитардык-партократтык башкарууга жасалган алгачкы кадам катары эсептесек чындыкка жакын болмок. Эл алдында жоопкерчиликтен кутулган депутаттар анан кантип калкка кызмат кылмак? Натыйжада, аларды сынга алуу укуктарына чек коюлууда. Ал эми спикерибиздин айрым учурда депутаттарга жасаган мамилесине караганда, карапайым адамдардын маселесин чечкенди кой, кабыл алууга моюну жар бербесе керек. Мамлекетке жана элге жарым тыйынчылык пайда келтирбесе да, өпкөсүн калбыр кылган депутат-жепжутарларыбыз теледен мени аз көргөзүп жатат - деп жакалашуулар арбыбас бекен?
Айтылуу "5-каналды" тартып алууга амал жасап, аккредитация жасоодон баш тартышын, аз убакыт өтпөй аны ээлеп алууга умтулганын сынга алып койгон депутат Д.Тербишалиевге спикер А.Келдибековдун одоно мамилеси жана микрофонду өчүрүп коюшу, каналдын тагдыры боюнча А.Келдибековдун телеканалдын өкүлүнүн жолугушууга аракетин жактырбаганында, кабыл алууга "убакыты жок экендигин" билдирип, Ак үйгө кирип кетишинде эле канча сыр жатат? Канал парламенттик болгондо эле депутаттар маданияттуу, элге камкор, кара кылды как жарган калыс болуп калабы? Кабыл алган мыйзамдарды толугу менен чагылдыртышабы? Аны калкыбыз каалап көрөбү? Ойлонбой жасалган ушул кадамдын артында кандай сыр жана чыр бар? Көптөгөн суроолор жоопсуз калууда...
"Аппетити" ачылган парламент
"Укмуштуунун төөсү жорго" демекчи, ЖоКеде мамлекеттик бюджетти кабыл алууда пенсияны, айрым тармактарда эмгек акыны көбөйтүү тууралуу Өкмөттүн демилгесине бут тосуп, депутаттарыбыз буга каражатттын табылышына ишенбесин зар какшап, каражатты үнөмдөө чакырыгын ташташканын унутпасак керек. Мектептердин курулушуна каражат сурасаң, бюджет бекитилгендиктен кийинкиге калтырылат. Булар парламент үчүн экинчи даражадагы маселеге айланат. Ал эми "5-канал" маселесине келгенде жепжутарларыбыздын өкмөткө чукул арада каражат табууга көргөзмө бериши эле "өз көмөчүнө күл тартып", реалдуу мүнөздө чынында анчалык зарылдыгы жок бул маселенин биринчи даражадагы маселе катары көтөрүшү алардын нукура жүзүн ачып берип жатпасын?
Учурда курч мүнөзгө ээ болгон бул телеканалдын тагдыры жалпы журналисттерди түйшөлтүүгө тийиш. Себеби телеканалдын бийликке кызмат кылып калышы эртеңки күндө ММКлардын эркиндигине тескери таасирин тийгизери шексиз. Ансыз да бюджеттин негизги бөлүгүн депутаттар эңшерип жаткандыгын эске алсак, "5-каналды" өткөрүп алган соң парламенттин "аппетити" дагы аңырдын оозундай ачылары шексиз. Бюджеттик таңкыстык деп кыйкырышкан депутаттарыбыздын бул маселеге келгенде үнсүз балыкка айланышы алардын элдик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыктарын жогору коюп жатышкандыгынан кабар бергендей таасир калтырат.
ММКлардын өз алдынчалыгы сакталууга тийиш!
"Сөз жана басма сөз эркиндиги" Башкы мыйзамыбызда жылуу жана сулуу берилген, бирок акыркы мезгилдерде бийликке курч сын айткан ММКлардын моюнуна сыйыртмак салуу аракети күч алганын коркпой айтсак болот. "5-каналга" ЖоКенин "кызыгуусу" бекеринен чыккан жок. Мында башка бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыктары да бар сыяктанат. Эмне үчүн Жогорку Кеңеш өздөрүнүн каналын ачпастан, ушул телекөрсөтүүнү "басып алууга" умтулууда? ЖоКе өз максатын ишке ашырса, бул канал азыркыдай эл кызыгып көргөн деңгээлин сактай алабы? Токтомдорун токуган менен, ага али президент макулдугун бере электе жана Өкмөт али каражаттарын бөлүп бере электе парламенттин ага жетекчилик кылууга "өз адамын" жетекчиликке көргөзө коюшу эле биздин рейдердик аракет катары баалаганыбыздын туура экендигин тастыктап койду көрүнөт. Эл өкүлдөрү дүжүрлөрдүн пикирине эле таянбай, элдин жана коомчулуктун суроо-талаптары менен эсептешүүнү качан үйрөнөт? - деген суроо пайда болот.
Маселени башка жагынан караганда деле парламентке сын айтууга тыюу салуу аракети гана катары санасак болот. Азыркы күндө кыргыз тилиндеги ММКларга "бир беткей материалдарды жарыялап келгендиги" боюнча айыптоолор шайлоонун шайтан оюндарынын шылтоосу менен жүргүзүлүүдө. Ал эми мындай "бир беткей макалалардан" орус тилиндеги басылмалар арылгандыгын айыптоочулар кайсы критерийлер менен аныкташат болду экен? Чындыкты жашырбайлы, алар бийликтин камчысын чабар жерде чаап берип жаткандыгынан болбосун?
Акырында айтарыбыз, ар бир басылманын өзүнүн багыты бар. Материалдарды даярдоо маалыматтардын топтолушуна жараша болот. Ал эми эч ким сен буга сын айтпа, муну макта деп көргөзмө берүүгө мыйзам жок экендигин, адамдардын ой өрүшү, көз карашы, ишеними ар башка болорун, демек, ММКларда бир эле маселеде көз караштар карама-каршы мүнөзгө ээ болору далилдөөнү талап кылбайт. Ошондуктан "5-каналдын" өз алдынчалыгы сакталууга тийиш. Ансыз ооздукталбаган бийлик бутактары эркин ММКларды ушул жол менен муунтуп жок кылышына шарт түзүлөрүн белгилеп койсок артыкбаштык кылбас.

Эртабылды АТТОКУРОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??





??.??